«САБАЛГАН КЫЗЫМ УКПАЙ, КӨРБӨЙ КАЛДЫ»

№595 28-март-03-апрель, 2014-ж


НАРИСТЕНИ САБАГАН АЯЛ 17 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ
Гезитибиздин мурунку сандарында Гүлмира Дубанаева аттуу айым кайнисинин 1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кызын багып берем деп алып, катуу токмоктоп, уруп жүргөнү тууралуу макала жазган элек. Анда Гүлмира Дубанаева Мирананы токмоктоп, аны ноябрь айындагы суукта дагарадагы муздак сууга салып эшикке алып чыгып койгондугу ачыкталган. Кирдин суусун ичирип жүргөнү да айкын болуп, бул окуя элдин үрөйүн учурган эле.
Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту бул кылмышы үчүн Гүлмира Дубанаеваны 17 жылга эркинен ажыратты. Кыздын учурдагы абалы менен таанышалы деп Мирананын апасы БАКТЫГҮЛ ТАШТАНБЕКОВАга жолуктук. Учурда ал экинчи наристесин күтүп жатыптыр, ал эми Мирананын абалы болсо дагы деле көңүл жылытарлык эмес.
– Жеңемди сот 17 жылга эркинен ажыратты. Андан сырткары 229 миң сом өлчөмүндөгү компенсация төлөтүп берүүгө өкүм чыгарган. Учурда кызымдын ден соолугу кабатыр кылып жатат. Азыр 2ге чыкты, ооруга кабыла элегинде тили чыгып калган. Эми болсо сүйлөбөйт, баспайт, кулагы укпайт, көзү да көрбөй калды. Отура да албайт, аркасына жаздык коюп, коляскага жөлөп-таяп отургузам. Көр тириликтин айынан жеңеме таштап кетсем, жакшынакай чуркап жүргөн кызымды жарым жан кылып колума салып берип койбодубу.

«ӨЗҮМӨ ДА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛАТ»
– Мирананы кесарево жолу менен төрөгөм. Кызым чоңойгуча эле экинчиси боюмда болуп калды. Тиричилик оор болуп жатса, үй-бүлөнү туура пландаштыралы деп мөөнөтү азыраак кезинде алдырып салуу үчүн ооруканага бардым. Дарыгерлер «мурунку кызыңды кесарево менен төрөптүрсүң, сага алдырганга болбойт. 5 миң сом берсең, башка оңой жол менен алып салабыз» дешкен. Мен ошого бир аз акча чогултсамбы деп иштеп жүргөм. Аңгыча эле Мирана минтип кырсыктап, анан анын түйшүгүнө малындым. Кош бойлуу экениме 8 ай болуп калды. Доктурлар «муну да кесарево жолу менен төрөйсүң» деп жатышат. Өзүм операция болсом, мен айыкканча Мирананы ким карайт, билбейм. Себеби азыр анын абалы өтө оор. Колдору дайыма калтырап турат.
Врачтар «кызыңдын башында суу бар, нерв системине доо кетип, мээсине эт өсүп кеткен. Кийинки операция дагы 3 айдан кийин жасалат. Бул убакытта башындагы суусу бир аз азайса, анда операция жасабай эле дарылайбыз. Эгер жылыш болбосо операция жасап, анын жыйынтыгын дагы бир аз күтөбүз. Ага да болбосо, чет өлкөдө жасалуучу операцияларды сунуштайбыз» дешти. Эми чет мамлекетке темселетпесе экен деп күнү-түнү кызымдын ден соолугун тилеп жатам. Боюн кармап бутуна тура албай калганынан жүлүнүнө да доо кеткенби деп коркуп жатам. Себеби жеңем Мирананы дубал сүздүрүп токмоктоп, желкесинен кармап так көтөрүп туруп жамбашы менен жерге таштап салган экен. Ошондо чычаңы менен катуу тийип, жүлүнүнө доо кеттиби деп ойлойм. Бирок врачтар «жүлүнү жакшы эле экен» деп жубатышууда.
Ушундай жиндиликтин кимге кереги бар эле? Өзү деле минтип 17 жылга кесилип, түрмөнүн түбүнө түштү. Өзүнүн да 3 жана 1 жаштагы уулдары бар болчу. Аларды атасы убактылуу балдар үйүнө өткөрүп берип салды. Бейкүнөө менин кызым минтип чала жан болуп калганы аз келгенсип, анын да 2 баласы энесинин кылган ишинен улам тирүүлөй жетим болуп отурушат.

«МИРАНАГА ЖАРДАМ КЕРЕК»
– Доктурлар «убакыттын өтүшү менен кызың жакшы болуп кетет» деп үмүттөндүрүп жатышат. Колдорунун калтырагы азайса болот эле. Бул көрүнүш мени өзгөчө кабатыр кылат. Өзүмдүн колумда, көз алдымда кыйналып жаткан кызымды көргөн сайын заманам куурулуп, түбүң түшкөн дүйнөгө наалат айтып жиберем.
Ушундайда жардамга келип, кол сунган жакшы адамдар бар экен. Өзүбүз эптеген тиричилик менен күн көрүп жатканда кызымдын дары-дармегине 10 миңдеген акча каражаты сарпталууда. Кимдир бирөөлөр үчүн, балким, бул болбогон эле суммадыр. Бирок бизге оор эле. Эл арасынан кол сунуп жардамга келген боорукер адамдар акча чогултуп, 12 күндүк дарыланууга жеткидей каражат беришти. Дагы бирөөлөр «кош бойлуу экенсиң, баспаган балаңды көтөрө албайсың» деп коляска сатып беришти. Ооруканада да стационардык бейтап деп бекер дарылап жатышат. Учурдан пайдаланып баарына ыраазычылык айтат элем. «Жардам беребиз, банктан эсеп ачтырып, акча которуучу эсебиңди жарыяласаң болот эле» дешкенинен кечээ жакында эсеп ачтырып койдум. Кайдигер карабагандар болсо, колдорунан келген жардамдарын беришеби дейм.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



9 айлык баланы таманына ийне сайып кордогон

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(117)
01.04.2014. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alla spasyn bersin.jurogum oorup ketti okup alyp.
01.04.2014. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балаңызга кудай шыпаа берсин үмүтүңүздү үзбөңүз
02.04.2014. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балада эмне куноо.кандай акылсыз,мыкаачы аял.Алла шыпаасын берсин.баланыз жакшы болуп кетсин.
02.04.2014. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактай кооор. Аллах шыпаасын берсин!
02.04.2014. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bır ele baldarga emes kerek bolso bır kyrgyz olup kalsa bashka olkodo kyrgyzstandyn posolstvaga chalsan joop berıshpeit kyrgyzdar myncha shalaaky bolup jaraldy eken tlfongo joop berbegenden kıiın ailan ketıp barsan atasynyn toorundo oturgandai jaldyrashat osholordu korgondo ushunchalyk jek korup ketem
02.04.2014. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактай кор. Кыргыз элимде, жеримде эмне болуп жатат?. Европаны коруп, биз мындай абалга жакын арада тушпосок керекпиз деп ойлочумун. Эх чиркин Аллам ар бир адамга ыйман берсин.
02.04.2014. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абысынынын акылы жок ххх экендиги кебетесинде эле турбайбы, ххх
Модератор admin_media түзөттү 02.04.2014 14:34
02.04.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эскертүү баарыңарга! Кимдир-бирөөгө ат каюп, кемсинтүүгө тыюу салынат!
02.04.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кичинекей бала ойноп жатып жыгылып тушсо кандай журогубуз ооруйт. Муздак сууга отургузганычы. Алла шыпаасын берсин. Ушул окуя сабак болуп, озубуздун эле балдарды эмес коншулардын балдарына да коз сала журолу.
02.04.2014. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбан,азабын турмодогулор берсин,самын суу эмес мочаны ичирсин.
03.04.2014. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АЛЛАХтан умут кылалы!баары жакшы болот кичинекей!албетте баарыбыз сага жардамга келебиз буйруса!
SUPER.KG видео
03.04.2014. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
козум эртерээк айвгып кет!журогум коруп канап кетти,менин да ушундай кыздарым бар.Кудай шываасын берсин!
03.04.2014. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiabai okunuchtuu/
03.04.2014. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ушундай акмакты дарга асып олтурмокмун жана отко жакмакмын, коруп алып ыйлагым келди
03.04.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу сактасын...
03.04.2014. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mykachy ayal Eken kantip jurogu chydady biroonun balasyna kol tiygizgenge alga da Kudai bar..... Bul naristege shypaa bersin Kudaiym balbyldap suilop kalsyn !
04.04.2014. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланы бага албагандан кийин эмнеге торойсунор деймда,ойлонуп туруп уй було куруш керекко дейм,баланы ар кимге таштап кор кылбай.
04.04.2014. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмактын колуга берген ене озу акмак бирин багалбай жатып еле кайра кош бойлуу!
Менин оюм ене куноолу тородунбу кара бак 18ге толгончо.
04.04.2014. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал аял кандай аял болду экен? Озунун деле балдары бар экенго.
04.04.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур, көзүмөн жаш тегеренип кетти. 17 жылга кесилгенине абдан сүйүнүп жатам. Эми жетет болуш керек, жете турган жерине.
04.04.2014. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздын апсына тушунбодум кызды бергенден кийин кабар алып турбадыбы экен бир эле кундо мындай абалга келбесе к-к наристе байкуш абысынын мурун таанычубу экен же психушка абысынын билип туруп ошонун колуна карматып бердиби экен
05.04.2014. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай номерге чалып жардам берсе болгудай мен корбодум окшойт жазып койбойсунарбы
07.04.2014. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3661390,
Саламатсызбы! 0771 30 09 83 номерине чалып байланышсаңыз болот.
Модератор admin_media түзөттү 07.04.2014 13:43
05.04.2014. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudaaiym aai ozun sakta,aiygyp ketsin.
06.04.2014. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым оз шыпаасын берсин айыгып кетсин.Кудайым буйруса баары жакшы болот.
06.04.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекейге кудай ден соолук берсин! Кыз экенде бары жакшы жаман катын кайдан чыгат деген ушул да. Гүлмира кичинекейинде серейген татынакай эле кыз эле.Чоң атасы менен чоң атасы кандай жакшы адамдар эле.Адамды ата-энеден да турмуш көбүрөөк тарбиялайт окшойт.Тагдырына таарынган көйгөйлөрү болсо керек. Бары бир ошол көйгөйлөрүн алсыз наристеден чыгаруу бул айбандык!
06.04.2014. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун баары сериалдын айынан болсо керек бая куудулдар айтмакчы сериал башталды дегенде женелерибиз баланын уйкусу келдиби келбедиби баари бир бешикке салатта катуу тербетип байкуш баланын башы бешиктен бир биякка чыгып бир тиякка чыгып башы айланганынан уктап калат
06.04.2014. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирана жакшы болуп кетсин! Колдон келишинче жардамыбызды аябайбыз. Аллахым шыпаасын берсин! Банктагы эсебинин номерин жазып коюнуздарчы, сураныч!
07.07.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай нерсе эч качан кечирилбейт, жузу кара.
07.08.2014. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurjana83 - 3 күнгө БАН!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөдү калтырууга тыюй салынат.
Медиа-портал
20.04.2017. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии кудайым ай, кызды айыкты деп ойлоп жатса...майып болуп калган турбайбы. Аллахым шыфаасын берип айыгып кетсин...коруп алып зээним кейип кетти((
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: