КАМИЛАНЫ АЯЛ КИШИ ӨЛТҮРГӨНБҮ?

№596 04-апрель-10-апрель, 2014-ж


Алгач дайынсыз жоголуп, кийинчерээк сөөгү табылган кыздардын өлүмдөрү коомдун кызуу талкуусунда. Атүгүл «маньяк түрмөдөн азаттыкка чыгыптыр, жаш кыздарды өлтүрүп жатат» деген каңырыш кеп тарап, милиция кызматкерлери «Бишкекте маньяк жок» деп билдирүү таратууга аргасыз болушту. Милиция кызматкерлеринин тынчытуу аракетине карабай, эл улам бир коркунучтуу кабар менен таанышып жаткан учур. Бирок укук коргоочулар азыркыга чейин кыздардын өлүмү тууралуу канааттандырарлык жыйынтык бере элек.

КЫЗДАРДЫН ӨЛҮМҮНӨ КҮНӨӨЛҮҮЛӨР ТАБЫЛА ЭЛЕК
13-марттан 14-мартка караган түнү Бишкек шаарынын Раззаков көчөсүнөн 20-25 жаштардагы белгисиз кыздын денеси табылганын Бишкек ШИИББинен кабарлашкан. Маркумдун башына полиэтилен баштык кийгизилип, эки колу көк түстөгү чүпүрөк менен байланган абалда табылган.
Кыздын өлүмү тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы «Раззаков көчөсүнөн табылган кыз бир нече мезгилден бери сойкулук кызмат көрсөтүп жүргөн» деген маалымат таратты. «Акыркы жолу анын «кызматынан» пайдаланган адамдар аныкталып, шектүүлөр такталып жатат. Жакын арада толук маалымат беребиз» дешүүдө.
10-мартта жоголуп, 16-мартта Байтик айылындагы мүрзөдөн табылган Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча шектүүлөр кармала элек. Социалдык түйүндөрдө башка да бир нече жаш кыздардын жоголуусу жөнүндө чын-төгүн, уу-дуу маалыматтар тарап, коомчулук дагы деле тынчыбай, милиция кызматкерлеринин шаштысын алып жаткан учур.

ИИМ ЭМНЕ ДЕЙТ?
27-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат жыйын өткөрдү. «14-16-мартта табылган 2 кыздын өлүмүнө шектүү адамдардын болжолдуу тобу аныкталды. Убагы келгенде бул тууралуу кененирээк маалымат беребиз»,- деген жооп алдык.
«Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан 2014-жылдын январь, февраль айларында 123 жашы жете элек өспүрүмдөргө издөө салынган. Анын 84ү табылып, издөө салуу токтотулган. Үйүнө кайтып келген жаш балдардын көпчүлүгү үй-бүлөдөгү маселелерден чыккан чыр-чатактан улам айтпай-дебей үйүнөн чыгып кеткендер. 12ден 18 жашка чейинки өткөөл курактагы балдар үй-бүлөдөгү өйдө-ылдый маселелерди оор кабыл алышып, аны чечүүнүн оңой жолу – үйдөн чыгып кетүү же убактылуу бир жакка бара туруу деп эсептешет. Ал эми жалаң кыздардын жоголуусу боюнча 2013-жылы жалпысынан 641 арыз түшкөн. Алардын жаш курактары 1978-жылы төрөлгөн жарандардан тартып, аягы 2000-жылы төрөлгөндөргө чейин бар. Жөн эле ата-энеси менен урушуп чыгып кеткендер, чет өлкөлөргө чыгып иштеп, кайра кайтып келгендери да бар»,- дейт ИИМдин басма сөз кызматы.
Айланып-тегеренип жүрүп, айтор, кыздардын өлүмү тууралуу так жооп ала албай, каза тапкан кыздардын бири 18 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын атасы Эшмамбет Дүйшөбаевге жолугуп, бир нече суроолорго жооп алдык.

«2 КҮН АЭРОПОРТТО ТҮНӨДҮМ»
-Маалымат булактарында кызымды талкуулоо абдан көп болуп жатыптыр. Ар ким ар кайсыны айтып, өйдө-ылдый кептер болуп жатканы мени капа кылат. Бул жакта мен көкүрөк күчүгүмөн айрылып отурам.
10-март дүйшөмбү күн болчу. Кызым Кыргыз-орус билим берүү академиясынын акыркы курсунда окуп жаткан. Дипломун алам деп камылга көрүп, тиешелүү документтерин топтоп жүргөн. Ошол күнү «дипломго акча чогултуп жаттык эле, мен бүгүн бере келейин» деп менден акча алып кеткен. Болжол менен күндүзгү саат 11:50 чамасында чыгып кетти. Келер маалы болгондо дайыны жок болуп калды. Ага чейин эле телефонуна байланышка чыксак өчүрүлгөн деп жаткан. Саат кечки 17:30 болду, дагы эле кабар жок. Акыры 19:00 чамасында Биринчи Май РИИБине байланышып, Камиланын дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу билдирдик. Кечки 9дар чамасында милиция кызматкерлери келип, суракка алып, тааныш-билиштерибиз жөнүндө сурай башташты.
Биринчи Май РИИБине барсак, «арыз жазганыңар менен жашы жеткен жарандарга 3 күндөн кийин гана издөө сала баштайбыз» деп коюшту. Жаман нерселерди ойлогондон чочулап, балким, ала качып кеткендир, кандай болсо да кулдук уруп кудалар кирип келсе деле мейли деп калдык. Бирок анчалык көп убакыт дайынын билгизбей коюшпайт эле, чет өлкөгө алып чыгып сатып жиберишпесин деп мен аэропортто эки күн түнөдүм. Кирген-чыккан рейстин баарын карап отурдум. Үчүнчү күн дегенде милиция кызматкерлери издөө сала башташты. Камила акыркы жолу сүйлөшкөн жигити жана курбу кыздары менен телефон аркылуу сүйлөшүптүр. Бирок 4 күн бою такыр дайыны чыкпай койду.

«БИР НЕЧЕ КҮН ЖАКШЫ ЭЛЕ КАРМАШКАН ОКШОЙТ»
-Кызым жоголгонуна 6-күн дегенде анын жансыз денеси Байтик айылындагы мүрзөнүн жанынан табылганын милициядан билдиришти. Сөөктү тааныганга киргизет экен. Барсам шаардык өлүкканада суналып кызым жатыптыр. Андагы абалымды сөз менен жеткире албайм. Карасам бети-башында, кашынын үстүндө урулган жана эки каруусунда катуу кармаган колдун издеринен калган тактар бар экен. Чамасы, айткандарына көнбөгөндө ары-бери сүйрөп, жулкуса керек. Оң колунда болсо ийне сайылгандан калган тактар бар экенин сөөк коюп жатканда жууп чыккан аялдар айтышты. Аны болсо өлүкканадан ичине дары жүгүртүү үчүн сайылган ийнелерден болсо керек деп калдым.
Ошентип, сөөктү текшерүүгө алып, союуга уруксат сурашты. Кызым жансыз табылгандан кийин баарына кайыл болуп, макул деп койдум. Айтымдарында, кызды 3-4 күн жакшы эле шартта кармап отурушкан. Акыркы жолу жеген тамактары лагман, күрүч экен дейт, ашказанынан ошондой чыккан го. Өзүм көргөндө деле бети-башындагы боёктору орду менен, сөйкө-шакектери чыгарылган эмес, кийимдери да чечилбептир. Анан эң башкысы, эксперттер «зордукталган эмес» деп чыгарышты. Ишти алып барып жаткан кызматкерлер «бул жерде эркектин колунан келе турган ишти көргөн жокпуз, кыздар же аял кишинин эле кылган кылмышындай болуп турат» дегендей кылышууда. Эми ким билет, бул дагы толгон божомолдун бири болуп жатат.

«КЫЗЫМА ЖИГИТИ АПРЕЛДЕ СӨЙКӨ САЛМАК ЭКЕН»
-Адам жаны чыгып жатканда акыркы ирет бутун тартат турбайбы. Камиланы өлтүрүп жатышканда кыйналган окшойт, бут кийими согончогуна чейин чечилип калыптыр. Эксперттер денесиндеги тактарды тирүү кезинде алганбы же андан кийинби, тактайбыз дешти. Айтор, азыр мага баары бир болуп калды. Азыр башка кыздарымдын атын айтам деп Камила деп алып жатам, 5 кызымдын эң кичүүсү болчу.
Апрелде сүйлөшкөн жигитинин туугандары сөйкө салабыз деп даярданып жүрүшүптүр. Быйыл июнь-июль айларында турмушка узатмакпыз. Камиланын колундагы сумкасы, анын ичинде паспорт, 1000 сомдун тегерегиндеги акча бар болчу. Алары да табылбай калды. Тоноо максатында кылганбы дейин десең же жанында көп акча болсочу. Апасы экөөбүз тең мамлекеттик иште, айлык менен эле кыздарды чоңойтуп, эч нерседен кем кылган жокпуз. Эмне максатта мындай айбандыкка барып, он гүлүнүн бири ачыла элек жаркылдаган кызымды соолутушту билбейм. Кыскасы, кылмышты жасаган адамдар колго түшүп, өз жазасын алса көксөөбүз сууйт эле.

Укук коргоо кызматкерлери качан «эл арасында маньяк жүрөт» деген дуу кептердин аягына чекит коюшат деп коомчулук жооп күтүп турат. Акыркы маалыматтарга таянсак, Камила Дүйшөбаевага таандык уюлдук телефонду Бишкек шаардык «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкери шаардык ат майдандын жанынан көчө шыпырып жатып таап алганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле алардын берген маалыматтарына караганда, Камила Дүйшөбаева бир нече күн достору менен эле жүргөн. Сөөгү табылган жерде болсо 1 күндөн ашыгыраак жатып калган. Учурда табылган телефонуна келген чалуулар текшерилип, иликтөө иштери уланууда.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Камила тирүү болгондо үлпөт тою болмок..." 04-04-2014

Автор: Кутмырза Жакыбалиев
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -5 
Комментарийлер(89)
07.04.2014. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун жакындарына терен кайгыруу менен конул айтам кайрат кылыныздар куноолулор табылып жазасын алсын!
08.04.2014. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым.Кудай сактасын мындайдан.
08.04.2014. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кызда эмне куноо. Жаткан жери жайлуу болсун
08.04.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бейиштен орун берсин бирок сойбош керек еле себеби жараткан озу кубо кантседа буттун бойдон жерге берсе жакшыго
08.04.2014. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kulgeldi1 бардыгы кудайдан деп эле тим коюшкерекпи? анда укук корго органдарын нужно распустить, ну а 4ё Бог же есть
08.04.2014. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай татынакай кыз экен. Жакындарына конул айтабыз.Шейит кетти бейишке кирсин. Чын эле "курбулары менен жолукканы кетти" , дегенинде эле шекший турган маселе жаткан.Ошол курбулары деген ойдо жакта айткан сулуу кыз экен жигитин кызганган бир келесоо акмак адамдын колунан келди бул. Кудай жазалап, жакшылык корбой калсын.
08.04.2014. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял киши деген адбан туурага окшоп турат. Ошол "курбуларынын" колунан келди.
09.04.2014. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш кызды ошол жакта да тынч жаткырбай жатабыз го э? кудайга тапшыралыча акмактарды бул дуйнодо болбосо наркы дуйнодо жазасын берет
09.04.2014. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Balaluu bolush oto kyiyn Eken bizdi bagyp osturgon Ata-enebizge Kudaiym omur bersin jookerchilik kylyptyr... Kamilanyn ata-enesine sabyr bersin , Kamilanyn jatkan jeri beyish toru bolsun!! Mykaachylar da ushundai korduk korsun, bizdin police jakwy iwtep alarga da ynsap berip kunookordu jazalasyn , myndai tuishuk alarga da kelip kalat tooboo
09.04.2014. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eh kyzganyp aial-kishi kylsa da tabyshsa Eken bizdin da konulubuz tynchyit ele basa kalsa sindi rjelerimdi da kochogo chyguusunan korkomun
09.04.2014. 06:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер себеби дайын болсо жарыялап койунуздарчы урматту Админ
09.04.2014. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Душманды алыстан издебе дейт((Досторунан жакшылап сурак алса айтат болуш керек ((мумкун достору билет чыгаар(
10.04.2014. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jeri jailuu bolsun! Kyz kaza bolup, tabylgandan kiyin jerge shart beryynyzdor abzel bolchu! Kyzdy medicinalyk teksheryygo bergen uchurda al abdan kyinaldy da, kaza bolgon deneni kop karmoogo bolboit da, kyzynyzga kaza bolgon son bul dyinodon emes tigil dyinosynon jakshylyk kaalashynyz kerek bolchu! Olgon adam kairylyp kelbeit, aga duba kylyp korgo batyraak bergenge shashylysh kerek! Sebebi, al jakta anyn ekinchi jashoosu kytyp turat. Sizge kairat aitam!
11.04.2014. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сулуу кыз экен элен бир кам дуйно деген ушуда жаткан жерин жайлу топурагын торко болсун ,жайын жаннаттан алсын
11.04.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар тынч болгула да
11.04.2014. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабырдуу болгула
11.04.2014. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты кайрылуу болсун, башка кыздары бактылуу болушсун
12.04.2014. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baike eje konul aitam Allah i4te ele jarala bawtaqanda ele tuular kunun olor kunun belqilep koiot eken any e4 kimibiz ozqorto albaibyz kaiqyrbanyzdar Allah kaitaryp alyp ketti berqenin baarybyz barabyz kaitarylabyz jazasyn beret sbyr kylynyzdar
12.04.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери дайлуу болсун. Эч бир ата энеге мындай ды каалабайм. Балдарынарды жакшы карагылачы ата энелер.
12.04.2014. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СНБ,ИИМ дегилер иштебей жатат не ужели куноолуу табылбаса шаардын шеф милициясы эмне кылып журот ушуга окшогон иштерди карабай тим эле биз шаар тургундарын коопсуздугун карашыбыз керек деп митинг куну суйлоп жатбайбы журналистерге
13.04.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла сиздерге сабыр берсин.Ким олтурсо ал адам Камиладан беттер кыйналып олсун. Камиланын жаткан жери жайлуу болсун.
13.04.2014. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тушунбойм милицияны эмнеге багышат.?Айткан создору,билген нерселери эле ошол да "жыйынтык чыгы элек" анан "билбейбиз".Жалан бекерчилер чогулуп алгандай да.Бизге кереги эмне проссецтин кандай журуп жатканы жыйынтыгы керек.Жыйынтыгы болсо "вечный" жок да.
18.04.2014. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата-энесине жаман болуптур.арты кайрылуу болсун бейишке чыксын.
SUPER.KG видео
22.04.2014. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай максат менен кочого чыккандыгы анык,кымдер менен жургондугу анык-деп эле элге ачыгын айтбай нелерди жашырышып баштары ооруп атат.
24.04.2014. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Глава Министерства внутренних дел Абдылда Суранчиев на заседании Жогорку Кенеша в среду заявил, что убитая Камила Дуйшебаева «вела легкий образ жизни».«Дело Камилы Дуйшебаевой сложное, ребята сейчас работают. Ее никто не убивал, она вела на квартире легкий образ жизни. Сейчас мы определяем более 40 лиц, с которыми она была в контакте», - сказал Суранчиев.
Байкуш ата-энеси кандай абалда отурат болду экен.
28.05.2014. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
snejinka, убитые девушки вели легкий образ жизни...им легче списать на это и морок нет...вот про их дочек такое сказать им же в лицо..хотелось бы
SUPER.KG видео
27.05.2014. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркуль пуародой тергочу болуш керек экен ким кылсада жазасын алсын
SUPER.KG видео
27.05.2014. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасы аябай эрки күчтүү,сабырдуу адам экен.Кудай сабыр берсин.Кыздын жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!
07.07.2014. 06:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо ушул иш аягына чыктыбы кылмыш кылгандар табылдыбы эмне болду кенениреек маалымат берип кетсениздер баштаган ишинизди аягына чыгарып
07.07.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nagi82,
Саламатсызбы! Бул тууралуу акыркы маалыматтар: http://www.super.kg/kabar/news/69815/
Соңку кабар бөлүмүнө баш багып туруңуз.
SUPER.KG видео
09.10.2014. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу кыздын олумуно кунолулор табылдыбы жазасыналдыбы? супер инфо ушу жонундо малымат жазынызчы. биздин милиция кызматкерлер кандай жооп беришеткен
31.08.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйлоно турган жигитти суйгон башка кыздыр текшериш коруу керек кантип эле табылбайт укук коргоо органдары катуу киришпей жатат
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: