АЯЛЫНА ЖИНИ КЕЛИП, МАИчини БЫЧАКТАП САЛГАН

№598 18-апрель-24-апрель, 2014-ж


Үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарынын Манас жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде өз милдетин аткарып жаткан МАИ кызматкерин белгисиз адам келип бычактап салган. Буга чейин көчөлөрдөгү жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн МАИ кызматкерлерин айдоочулар сабап, погонун жулуп, ал тургай машина менен сүзүп сүйрөтүп кеткен учурлар да болгон эле. Укук коргоо кызматкерлерине эмне үчүн мындай мамиле кылышат же алар өздөрү себепкер болобу?

БЫЧАК МЕНЕН МАИчини КУБАЛАП...
Бишкек шаарынын Манас көчөсү аркылуу резиденцияны көздөй өлкө жетекчилеринин кортежи өтөт. Мындай жагдайда МАИ инспекторлору кадам сайын жолдун жээктерине туруп, баш аламан токтогон унааларды иретке келтиришет. 9-апрель күнү да ушундай эле кызматтардын биринде көзөмөл кылып турган МАИ кызматкери белгисиз адамдын сайган бычагынан жаракат алган. Ошол күнү Манас көчөсү аркылуу кетип бара жаткан бирөө уюлдук телефонунун камерасына окуяны видеого тартып жетишип, аны интернет булактарына жарыялаган. Видеодо белгисиз адам жол көзөмөлдөө кызматкерине бычак менен тап берип жатат. Дагы бирөө ажыратууга аракет кылса, МАИ кызматкери колунда тапанча болгонуна карабай качып жүргөнү байкалат.
Ички иштер органдарынын мыйзамынын ок атуучу куралды колдонуу жана пайдалануу боюнча бөлүгүндө «жарандардын жана өзүнүн өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирилген кол салууда курал колдонулат» деп жазылган. Ал кызматкер бул мыйзамды билбейби же анын курал колдонбогонуна башка себеп болдубу, белгисиз.

«КУРАЛ КОЛДОНО АЛГАН ЖОКМУН, АНДАН КИЙИНКИСИ ЭСИМДЕ ЖОК»
Жабыр тарткан МАИ кызматкери, милициянын старшинасы Медетбек Алымкулов учурда Улуттук госпиталда дарыланып жатат. Дарыгерлер бычак бейтаптын сол капталына терең киргенин аныкташты. Медетбек Алымкуловго жолугуу үчүн Улуттук госпиталга барып, дарыгерлерине жолуксак, алар жетекчилик жоктугуна шылтап, бейтапка жолугууга уруксат беришкен жок. Ал эми Медетбек Алымкулов Жол кайгуул кызматынын маалымат кызматкеринин берген суроолоруна: «Мен унаасын туура эмес токтоткон жолдун жээгиндеги айдоочуга унаасын жолдон алуу керектигин түшүндүрүп жаткам. Аңгыча капталыман бирөө келип ургандай болду. Бурулуп карай калсам, колуна бычак кармаган белгисиз адам туруптур. Колумду урган жерге бассам эле кан кетип жатыптыр. Мен куралымды алып чыгып, «токто, атам!» дегениме карабай эле мени кубалап келе берди. Видеого тартылган учур менин жаракат алгандан кийинки абалым болчу. Курал колдоно алган жокмун, андан кийинкиси эсимде жок»,- деп жооп берген.

«АЯЛЫ МЕНЕН УРУШУП, КАПА БОЛУП КЕЛЕ ЖАТКАН»
Кылмышка шектүү көп узабай эле ошол аймакта кызматын аткарып жүргөн Ленин РИИБинин аймактык тескөөчүлөрү тарабынан колго түшүрүлгөн.

ДАНИЯР АЛКОЖОЕВ, Ленин РИИБинин аймактык тескөөчүсү:
– Кесиптешим Камиль Нургазиев экөөбүз өзүбүзгө бөлүнгөн аймакты көзөмөлдөп жүргөнбүз. Күндүзгү саат 11:30 чамасы болчу. Биз жол жээгинде айдоочу менен сүйлөшүп турган жол көзөмөлдөө кызматкерин көргөнбүз. Бир убакта белгисиз бирөө жөө адамдар басуучу жолдон тосмону ашып өтүп, чоң жолдогу кызматкерди урган экен. Эмне болгонун көргөн жокпуз, бирок МАИ кызматкери жерге жатып калды. Биз болсо качкан адамды кубалап жөнөдүк. Колго түшүргөн учурда колунда мергенчиликте колдонгон чоң бычагы бар экен. Аны менен бизге да тап берип, тоскоолдук туудурду. Кармадык да колун толгоп, өзүбүздүн бөлүмгө алып келдик.
Анын МАИ кызматкерине жини келгидей айланада токтоп турган унаасы болсо керек дегенбиз. Бирок жөө эле жүргөн адам экен. Эмнеге кол салганын сураганыбызда бир аз убакыт мурун аялы менен уруша кеткенин, ошого капаланып келе жатканын айтты. «Окуя тууралуу эч нерсе эсимде жок. Мурда мындайым деле жок болчу. Өзүмдү башкара албай калыптырмын. Ойгонсом, жерде колума кишен салынган боюнча жатыптырмын» деди.

«КЫЗМАТ УЧУРУНДА АР КАНДАЙ КЫРДААЛГА ДАЯР БОЛУШ КЕРЕК»
Бул кылмышка шектелип кармалган Нарын облусунун тургуну Талантбек Каналиевдин үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) жана 341-беренеси (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Бишкек ШИИББинин Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын ага инспектору ТИЛЕК ОТОРОВ бул тууралуу төмөнкүчө маалымат берди:
– Соттук-криминалдык экспертиза жүргүзүлдү. Учурда кылмышка шектүү 2 айлык мөөнөт менен убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө жүрүп жатат. Быйылкы жылдын эсебинен жол көзөмөлдөө кызматкерине жөнөкөй жарандар тарабынан куралдуу кол салып, жаракат келтирүү эки ирет катталды. Бири мындан бир нече ай мурда Боом капчыгайынан эки кызматкерибизге курал колдонуп атып кеткени болсо, экинчиси 9-апрелдеги окуя. Кылмышкердин кол салуусунан жаракат алган кызматкерибиз учурда Улуттук госпиталда дарылануу курсунан өтүп жатат.
Окуя болгон күнү жол көзөмөлдөө кызматкери куралын өзүн-өзү коргоо үчүн колдоно алган эмес. Себеби ал өз иши менен алек болуп, жол жээгиндеги айдоочуга унаасын жолдон алууну түшүндүрүп жатканда артынан келип бычак урган. Ал учурда кызматкер куралын алып чыгып, бычак сайган адамга эскертип, артына кетенчиктеп качкан. Ага карабай инспекторду көздөй келе жатканда ал алган жаракатынан куралды октоого чамасы келбей, башы айланып жыгылып калган. Куралдын жогорку бөлүгүн тартып, аны коопсуз абалдан октоого алуу бир топ эле күчтү талап кылат. Сыягы, кызматкердин ага алы келбей калса керек.
Окуянын үзүндүсүн жолдогу белгисиз жүргүнчү телефонуна тартып, интернет булактарына тараткан эле. Ушуга окшош окуя мындан бир нече жума мурда катталган. Эсиңиздерде болсо, интернет булактарында жол көзөмөлдөө кызматкери эреже бузган айдоочуну унаасынан алып түшүп, колун кайрып жерге жаткырып алып кишен салып жаткан учуру бар. Ошол жерден айдоочунун кичинекей баласы үнүнүн болушунча ыйлап, атасына болушуп, «атамды коё бергиле» деп кыйкырып жатканы тартылып, интернетке тараган. Коомчулукта бул тууралуу «жол көзөмөлдөө кызматкерлери көптү. Кенедей баланын көзүнчө атасына кол көтөрүп, баланын психикасына доо кетирди» деген нааразычылык тараган.
Ал эми 9-апрелдеги окуядан соң коомчулукта «колунда куралы туруп өзүн-өзү коргой албаптыр. Денесинин бир жерине өлбөгүдөй кылып атып, коргонсо болмок. Курал колдонгонду билбейт тура» деген кептер айтылып, бизге да ушундай суроолорду берип жатышат. Кызмат учурунда ар түрдүү кырдаалдар боло берет. Бирок ар бир эле кызматкер өзүн-өзү коргоого даяр турушу керек.

Жогоруда кеп болгондой, акыркы мезгилде жол көзөмөлдөө кызматкерлери ар кандай кырдаалдарга көп кабылчу болушту. Атып кетмей, сайып кетмей, токмоктоо, унаанын алдына кептеп алып бир нече метр сүйрөп бармай... Анан калса аял-эркек дебей алдынан чыккан эле инспекторго атырылып, погонун жулуп алмай да модага айланды. Мындай көрүнүшкө коомдогу тартип бузуучу адамдар күнөөлүүбү же айдоочулардан болбогон бир сумма үчүн жең ичинен акча алып баркын кетирип алган бурч-бурчтагы жол көзөмөлдөө кызматкерлери күнөөлүүбү? «Келининде да, керкисинде да бар» деген макал туура келчүдөй...

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Аялы менен урушуп, МАИчини бычактаган

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(86)
SUPER.KG видео
21.04.2014. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун жазасы алды дейт да 5-6 жылга камап жибергенсип
2 айга камашыптыр мындай болсо 2 айдан кийин чыгып дагын деле кыла берет мындайлар же бул баланын дагын Мелис байкеси барбы.
21.04.2014. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emne ele bolmok dep atasınar alı kelbey kaldı dep jatpaybı jogoruda chınında ele bıchak jegen adam bat ele esın jogotup kulayt tem bolee shok da bolup kaldı da jon jerden ele bıchaktap atsa urush talashsız artınan kelıp ele bıroo...
21.04.2014. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына ушундай достор ар кырсык каш кабактын ортосунда
Ошон учун баарыбыз ерктуу жана етият бололу
21.04.2014. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коомчулукта МАИ милиция тууралуу жаман пикир керек болсо турлуу анегтоттор толтура анан тигил акылынан айнып келеаткан эмеге формачан киши мокочо корунду да
21.04.2014. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Manap_kg, Аябай кулдум го. Мокочо корунгону жакшы экен
SUPER.KG видео
21.04.2014. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээ А дейсинер Б дейсинер ал озубузду сыйлабагандыктан да бул иштер мына эми мен ошол убакта байкабай калдым дейт бугу чара ким корот анда ал гайы корбой калса бычакты эн негизкиси биз озубузду сыйлабайбыз ошондон улам кылмыш коп болот бир соз барго Кыргыз кырылбайт деп бул соз чындыкта ушундай иштен кайталана берет биринчиден закон кучуно кирсе анан Призидентибизди ондосок ошондо бир аз онолор бел
21.04.2014. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак десе, аялы менен урушуп башка адамдын ден-соолугуна зыян келтирип. Чындап эле атса "аттын" деп байкуш МАИ кызматкерин суракка алышмак. Жакшы болуп кетсин.
21.04.2014. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бирок атканга укугу бар маинин кайра эле биздин калк маинини кунолошот.
21.04.2014. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бирде адам озун башкара албай калат,эмнеси болсо да аман калыптыр.
21.04.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда торолуп калганына шугур кылып жаша эми "ОПКО", америкада ушинткенинде коп'тор мээни чачыратып ичегини чубап салмак
22.04.2014. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маи кызматкери атканга укуктуу болчу , эмнеге качып журот куноо иш кылгандай .
22.04.2014. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эркек,намысы бар адам эч качан аркасынан чабуулга отбойт,жатып олгончо, атып ол дегендей так чекеге атып жыгылбаптырда
22.04.2014. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы бир байдын баласы чыгар
22.04.2014. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
коомдо ушундайлар кобойду..бир нерсе болсо эле атасын олтургонсуп барып МАИни баса калган. Кыйын экен аялын урсун тилин тарта албаган, же эркекпи озун бассын..ушунчалыкка барбаш керек эле. Эгер МАИчи атып салса анда да ызылдамакпыз кокуй МАИлер элге кол которо баштады ата баштады деп..бул жерде МАИнин атпай койгону туура болуптур .эми оз жазасын алат акмак десе...МАИ эмне ата турган эрежени билбей калыптырбы билет сонун эле курал колдонгусу келген жок да...балееге калбайын деп..сакайып кетсин
22.04.2014. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жайлаптыр маи кызматкерини менда маи кызматкерин сабагым бар
22.04.2014. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А башы эмнеге бинт менен танылган?
22.04.2014. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Элибизде жаман жоруктар конумуш болуп калды! МАИчилер дагы оздору Уставдын негизинде иш алып барганды билишпейт!Элибизде болсо улам бироонун МАИ кызмаркери менен болгон конфликтин коруп, биз деле ушундай кылсак болот турбайбы деген ой калыптанып бара жаткандай. Форма кийген адамды эч ким сыйлабай калды!
22.04.2014. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куралду неге которуп журот озунун жанын сактай албагандан кийин жамбашында салпактатып
22.04.2014. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазда жер копкондо,айрым адамдардын коодону да кобот.Ошон учун ушундай "акылынан озун сезбей" азган адамдан кудай сактасын.Кундон-кунго адам болуш ото кыйын....Бул окуя баарыбызга сабак. Ал эми жаракат алган Медетке, Аллахым шыпаасын бесин.
23.04.2014. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Андан коро аялыны уруп сабаса болмок бироого кол салбай.
23.04.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким билсин балким маи кызматкери кобуроок акча алып коюп жини келип жургондур, маилерда кээде жон эле тосо беретко жинге тийип
23.04.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азыр мода болуп калды го гаиге кол которгон айгеримдин иши эмне болду айып пул толодубу жок ошол ырчыбы ким азыр эч ким ушул кылыгы учун сыйлашпайт
23.04.2014. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздикилер сур коргозуш учун кана пистолет салып журсо керек,бир болсо пистолетинин огу жок болсо керек
24.04.2014. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aman80-11,oi rassa barda ok
24.04.2014. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аткан адам психикалык жактан бираз ооруулу болсо керек нервный срывдан озун билбей калган чон наказаниянын кереги жок бул дагы оору а тиги крассавчик эч нерсе болбогондой сакайып кетсин
24.04.2014. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул маи кызматкери өзунун укугун билбейт экен атып салышка акысы бар эле,пистолет атыштыда билбейт окшойт.атестациядан кантип отту экен
24.04.2014. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичине акылынан айныган неме болсо керек э
25.04.2014. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
майи кызматкерлерине 1эмес 3/4 жолу атака болду.айдоочулардын ашмалтайын чыгарып акчаларын алып атышса ушундай болот тешип чыгатда .
25.04.2014. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин коом кайда баратат,акыркы кундордо жаман окуялар коп болууда.
25.04.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жаман болуптур. Тезинен сакайып кетсин.
26.04.2014. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адашып бир какашканы тебелеп алыптырда :) эми про про бабушкасын көрсөтөт милициялар
SUPER.KG видео
23.11.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны атса прокуратурага нан табылбай турганы байкаган маи кызматкери ошош себептен курал колдонбогон
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: