«БАЛАҢАРДЫ ТИРҮҮ КӨРӨМ ДЕСЕҢЕР, 70 МИҢ СОМ БЕРГИЛЕ»

№599 25-апрель-01-май, 2014-ж


13-апрелде Октябрь РИИБине 20 жаштагы Нурлан (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу жаранды уурдап кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн. Окуяга күбө болгондордон аны белгисиз адамдар автоунаага салып кеткендиги билинген. Көп өтпөй Нурланды уурдап кетти деп шектелген 25-27 жаштардагы Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун 5 тургуну колго түшүрүлгөн. Бирок алар тез эле эркиндикке чыгып кетишкен. Жабырлануучу Нурлан редакциябызга келип, окуяны баяндап, алардын эркиндикте жүрүшүнүн себептерин айтып берди.

«БАШЫМА КУРТКА ОРОП, АВТОУНААГА САЛЫП КЕТИШТИ»
– 13-апрелде унаа базарына барып, айдап жүргөн машинамды саткам. Ошол күнү кечинде сүйлөшкөн кызым менен чогуу Донецк жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги сулуулук салонуна чачымды тегиздеткени бардым. Ал жакта отурсам Руслан аттуу кошуна жигит телефон чалып, «кайдасың, учурашайын дедим эле» деди. Салондун дарегин берсем, тез эле келип калды. Эшикке чыксам колумду кармаган боюнча «жүрү» деп бир машинага алып жөнөдү. Ичинде дагы 4 бала бар экен. «Сырттан эле айта берчи, жайчылыкпы?» десем, «жай эле, отурсаң» деп тартып машинага отургузуп, дароо эле башыма курткасын ороду да, басып алышты. Улам «дем алып жатасыңбы?» деп сурап коюшат.

«АКЧА КАРЫЗМЫН» ДЕП ТИЛ КАТ ЖАЗ...»
– Жарым сааттай жол жүргөн соң бир батирге алып барып, колумду байлап жерге жаткызышты. Бир убакта акча талап кылып сабап киришти. «Сенде акча бар, биз билебиз» деп кезектешип улам бири чарчаганда бири келип сабайт. Андан кийин бирөөлөр менен сүйлөшүштү дагы, башка батирге алып жөнөштү. Ал жакка алып барган соң «мен акча карызмын, кайтарып берем» деген тил кат жазып бер» дей башташты. Макул болбой койдум, анткени карыз эмес элем. Колумду байлап, көмкөрөмөн жаткырышып, баклажкага суу куюп алып ошону менен сабай башташты. 1 сааттай тепкилешти го, мен ал учурда эсимди жоготуп коюптурмун. Канча убакыттан кийин экенин билбейм, бетиме суу чачып эсиме келтиришти. Бир маалда бирөө электрошокер алып келип, ошону менен кыйнай баштады. Кайра эсимди жоготтум...
Ойлоруна укмуш нерселер келгенине таң калдым. Арасынан Бауржар дегени шприцти алып чыкты да мага көрсөтүп, «ушуга бензинди сордурабыз дагы, кан тамырыңа саябыз. Тымызын клеткаларыңды жей берсин» деди. Бирок бактыга жараша ал ойлорун ишке ашырышкан жок.
Бауржар акыры макул болбосума ынанды окшойт, бирөөгө чалып, «чуңкур казып даярдай бергиле, биз бара жатабыз» деди да, мени башка жерге алып жөнөштү. Аны укканда булардан тирүү кутулбасымды билдим. Түнкү саат 2 чамасында апама чалдым. Тигилер телефонду менден алышты дагы «балаңарды тирүү көрөм десеңер, 70 миң сом бергиле» дешти. Апам ыйлап-сыктап акча жок экенин айтып кала берди окшойт. Оюма таякем келди. Ага чалсам, менин жоголуп кеткенимди угушкандан бери эле милиция кызматкерлери менен бирге экен. Менин таякем болуп оперкызматкердин бирөө сүйлөштү. «Жарым саат убакыт бергиле. Ойлонуп, кайра чалабыз» дептир. Бир сааттан кийин чалды окшойт, баягы таякем болуп чалып жаткан оперкызматкер «жолугушчу жерди айткыла, барам» дептир.

«КОРКУТУП-ҮРКҮТҮҮДӨН УЛАМ ТОСМО АРЫЗ ЖАЗЫП БЕРГЕМ»
– Балдар жолугууга макул болбой коюшту. «Бир банкоматтык номер берем, ошого 70 миңди которгула» дешти. Таякем макул болбой койду окшойт, тигилер «которбосоңор жөн койгула, балаңарды тирүү көрбөйсүңөр» деп туруп өчүрүп салды. Бир сааттан кийин «Жибек Жолу көчөсү менен Тоголок Молдонун кесилишине келгиле» деп таякеме чалышты. Ал жерге таякем оперкызматкерлер менен чогуу келген экен.
Аларды кармап алып кеткендин эртеси балдардын туугандары, ата-энелери келип, «жакындарыңды бүт тааныйбыз. Эгер жазган арызыңды албасаң, бир тууганыңды да кармап кетип «ким көрдү» кылып коёбуз» деп коркутушту. Бир тууганымды ойлогондо тосмо арыз жазып берип салдым. Ошентип, мени уурдап кетип кордогондор эркиндикке чыгып кетишти.

«АЛАР МЕНИ АҢДЫП ЖҮРҮШКӨН»
– Эми азыр бошотулгандарына рахмат айтышпай, мени кемсинтип, «Сенин колуңан эмне келди? Биз акча менен эле бардык маселени чечип алабыз» деп текебердик кыла башташты. Мен эми кайра ойлонуп, Октябрь райондук сотунун төрагасына, Октябрь
РИИБине жана ушул эле райондун прокуратурасына кайрадан арыз жаздым. Күнөөлүүлөр өз жазасын алышат деген ишеничтемин.
Алар менен саламыбыз түз болгону эле болбосо, аласа-бересем жок болчу. Менин 3 жумадан бери базарга чыгып, машинамды сата албай жүргөнүмдү, ошол күнү машинам сатылып кеткенин аңдып жүрүшүптүр.
Учурда ден соолугум начар. Эки бөйрөгүм ылдый түшүп кетти. Доктурлар боор жабыркаганын айтып, «ооруканага жатып дарылан» деп жатышат. Азыр турган жеримен эле жыгылып калмай адат болуп калды.

«ТЕРГӨӨ УЛАНЫП ЖАТАТ»
«Окуя тууралуу ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү ЭРНИС ОСМОНБАЕВ:
– Бизге маалым болгондой, уурдалган адамды 10 сааттан ашык ар кайсы жакка алып барып кыйнап, денесине жаракат келтиришкен. Түзүлгөн план боюнча талап кылган 70 миң сомду алуу үчүн кылмышка шектүүлөр болжогон жерге келишмек да, опертоп аларды кармап алышмак. Иштелип чыккан план ишке ашып, шектүүлөр жабырлануучуну салып алып Хонда Торнео жана БМВ Х-5 үлгүсүндөгү 2 унаа менен келишкен. Ошол жерден кызматкерлер аларды колго түшүрүштү.
Кылмышка шектүү 5 жарандын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок кандайдыр бир себептерден улам алар боштондукка чыгып кетишкен. Ошентсе да учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүүлөргө тиешелүү унаалар Октябрь РИИБинин короосуна токтотулган.

Кылмышка шектүүлөргө тиешелүү унаалар учурда Октябрь РИИБинин короосунда.

ИИМдин жообунда кылмышка шектүү жарандардын эркиндикке коё берилиш себептери белгисиз экендиги айтылат. Ал эми жабырлануучу мунун себебин «коркутуп-үркүтүүдөн улам мен тараптан жазылган тосмо арыздын негизинде бошотулду» деп түшүндүрдү. Же окуянын түйүнү башка жактабы? Толук маалымат болгондо бул темага дагы кайрылмакчыбыз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"70 миң сом бер, болбосо өлтүрөбүз дешти"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(57)
SUPER.KG видео
24.04.2014. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizdin kirgiz akmak sottor aman ele boluwsun parlamenttik bawkarma dele kiyratkan jok oto okunuchtu bir gana Allah jazasin bersin akmaktardin,,,
28.04.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Какбаштар оз жазасын алсын,
28.04.2014. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"акчан болсо танкасын" деген ушул да! жазасын бериш керек ушундай иттердин
28.04.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул видео эле токтоп калып жатат эмнеге?
28.04.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asel86,
Саламатсызбы!
Кандай катачылыктар болуп жатат? Сиз кайсыл браузер аркылуу кирип жатасыз? Кеңири купуя аркылуу жазып берсеңиз.
Модератор admin_portal түзөттү 28.04.2014 10:51
28.04.2014. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ужас, акча менен чыгып кетебиз деген понятие синип калган да ошон учун кылмыштар кобойду.
28.04.2014. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыын алар ушундай жашоого уйронуп калышкан.ИИМДИН кызматкерлери жазасын бербеседа кудайым анын баарын коруп турат.Кандайдайдыр себептер менен боштондукта журошот дейт ИИМДИН кызматкери.Алар эмне себептен боштондукта?Себеби ИИМДИН кызматкери да ошол арамдардын арам акчасынан жеген ошол себептен боштондукта.Мындай окуялардын далайы эле алардын чонтокторун чонойтуп атпайбы.
28.04.2014. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чала жан кылып койсо деле кое беришеби,эмне деген шумдук,эч майнап чыкпаса,оздору колдонгон ыкма менен жазалаш керек-акмактарды
28.04.2014. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Закон катуу болбосо мындай иштердин мындан да жестокийлерин коробуз,анда эртен эле келет каратып туруп атып,кийин акча берип ачыкта эч нерсе болбогондой журуп.Бийлик озу криминал,коррупцияга батып турса анан кимден нени кутсо болот!!!(((
28.04.2014. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге койуп жиберишет? Кыргызстанда закон иштебейт, акча баарын чечип жатса, коррупцияга белчебизден батып журо беребиз да, кылмышкерлер оз жазасын алыш керек!!! Бул жашоо бумеранг, кимге эмне кылсан озундун башына келип тиет, Аллах баарына кубо, озу таразалап, озу жазасын берет.
28.04.2014. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай отморозокторду тарбиялаган ата-энеге данк.Погончулардын аларды кармаганы жакты,аягында далилдер туруп бул делодон кол жууп койгондору тууру эмесго.Минген машиналарына караганда Нурландын кайтып жазган арызынан пайнап чыкпашына козум жетип турат.Эл онолуп,онугуп.материально бай болсок мен аябай суйуномун кыргыз учун.Бирок таза жол менен болсо.Кудай бар,жараткан коруп турат дегенден башка,эч нерсе кыла албайсызго жабырлануучу(((
28.04.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол 70мин акчана автамат ок дарыларды алып уйуно койуп кой еми.адамдан адам коркпойт.
28.04.2014. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kurguz..., эн туура:),азыр биздин МВДга ишенип болбойт
28.04.2014. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз жазасын алсын!
28.04.2014. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кылмышка шектуу эмес кылмышкерлер деп атасанар туура болот!
29.04.2014. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arena2014, Саламатсызбы!
Соттун өкүмү чыкмайынча "кылмышкер" деп атоого эч кимдин укугу жок.
28.04.2014. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр эч кимге ишенич жок , адамдардын ниеттери аябай жаман болуп калышыптыр
SUPER.KG видео
28.04.2014. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizde zakon oiunchuk bolup kalgan kalasa koet kalasa alat
28.04.2014. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кулкулу болуп калды мен учун бул жагы тим эле.Кандай дыр бир себептерден алар боштондукта журот дейт,силер ал арамдардын арам акчасын жебесенер алар боштондукта журбойт болчу ИИМДИН кызматкерлери
28.04.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коррупцияга каршы курош деп оппозициянын артын андып жата бербестен, ушундай карапайым калкка деле конул бурушса болмок
28.04.2014. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайлар жаман кобойду, жазасын алсын, булар эркиндикте жургондун себеби да коррупция да, менимче крыша бар го
29.04.2014. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шумдук Кыргызстан да Америка киносунан уйронуптур да.Бирок кинодо го акыры жакшы бутот а бизде алар камакта да эмес боштондукта журот ме сага кыргыздын милициясы.
29.04.2014. 07:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа. ИИМге ишенич болбой калды. Ушундай акмактар,мите курттай элге залакасын тийгизип,жеп жатат. Буларды,элден эле активисттер топтолуп,жазалаш керек. Соттордун баары сатылган.
29.04.2014. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай окуяларды окусам журогум ооруйт. Акчанын кулу болуп баратабызго.
29.04.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу Нурлан чындыкты айтсаныз туура болмок.чындап карыз экенинизди неге жашырасыз???
качандыр бир кезде жаман иш кылганыныздын жазасын алгандырсыз мумкун...калпты азыраак айтып азыраак коркомдошунуз керек болчу!!!
30.04.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kaktus92 башынды иштетип суйлосончу. Ал какшап суйлоп жатса керек. Карзы болсо ага зарилби газетага чыгарып чындыкты айтып жатат ал бечара же сен да ошолдун шеригисинби ойлонуп суйлогун.
30.04.2014. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызга соттун кереги деле жок болуп калды,бизге озубуздун эле илгерки аксакалдар соту керек окшойт,илгери аксакалдар,жалпы элдин козунчо кылмышкерлерди, М:уурусу болобу,кескисиби,каракчысыбы,балакети болсо да ошол куноокорду элдин алдында уяткарып,маскарасын чыгарып жер баскыс кылышкан.Ошондой сот керек окшойт Кыргызга.Азыр эмне,кобуроок акча беришсе ишти жабышат да.Сотко элдин ишеними кетти.Азыр сот деген соз азезил дегендей эле болуп калды го...
30.04.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оной жол менен акча таап уйронуп калышкан д Аллах жазасын берсин.
30.04.2014. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай жазаласын шумшукторду, жакшылык корбой калышсын
SUPER.KG видео
30.04.2014. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок аллаха салгандан башка аргабыз жок аллахым озу жазаласын Ошол балдарды
02.05.2014. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне коп азыр курал жарак саткан адам коп.Трамватика ал да бироо жарымын майып кыла ат коз позго.Алсыз экенинди билип алды дооруп басым откоро беришет окмоттон жарытылуу эч нерсе чыкпаган сон.Оздоруно жараша бол ушундай болбой жатса нары же бери кылып сал бироо жарымын анан камалсан камалып кете бер кыз зордободун уурулук кылбадын сокподун башка кылбадын оздоруно жараша кылган болосун.
02.05.2014. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
al adam kachirgan adamdardi jana alardin kilmishin korboston kelip boshotkon İİMde ishtegenderdi jazalash kerek
Alar keche ani kachirsa ertege bursugunu seni meni kachirip biznes kilip alat,alar oshol menen kun korot,kanday adam bul kilmishterdi kormoston ukbastan kelet tushunboym!Mina saga korrupsiya!
03.05.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЭ кудай кандай заман болуп атат.Адамдарды коркутуп акча тапкандан коро оздор мээнет кылып тапса болмок акмактар.
06.07.2014. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emirlan81, провокацияга жол жок. Комментарийиңиз өчүрүлдү.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: