|
ЖЫЛДЫЗДАР «СУПЕРДИН» ИШЕМБИЛИГИНДЕ№599 25-апрель-01-май, 2014-ж Жаз менен кошо айлана-чөйрөнү таштандылардан тазалоо мезгили келди. Салтка айланып калгандай эле бул жылы да чыгармачыл адамдардын катышуусу менен «Ата-Түрк» сейил багында жайгашкан «Супер-Инфонун» «Достук» багында ишембилик өткөрдүк. Ишембиликке кол кабыш кылганы «Кеңеш» тобунун ырчысы Мүзүр Мамбетов, «Жебе» тобунун жигиттери, Айгерим Расул кызы, Гүлнур Асанова, Асел Кадырбекова, Бегимай Бекбоева, Нурлан Насип, Самат Эркинбек уулу, Жоодарбешим жана «Супер сулуу-2013» сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиевалар келишти. Ишембилик күлкү- шаң менен коштолуп, пайдалуу иштер менен бүттү. Ишембилик саат экиге белгиленип, күн ысык болгонгобу, жумуш учурунда көп ырчылар ысыкка чыдабай, көлөкөгө качып жатышты. Ырчылар тигилген бактардын түбүн жумшартып, чириген жалбырактарды тарап, таштандыларды чогултуп, айтор, шайы оогончо иштешти. Тыныгуу учурунда тамашалашып, чогуу сүрөткө түшүшүп, бири-бирин зериктиришкен жок. Учурдан пайдаланып кызуу иштеп жаткан Айгеримге төмөнкүдөй суроолорубузду узаттык. – Айгерим, үйүңдө деле ишембиликте жасаган жумуштарды кыласыңбы? – Ал эми «Супер-Инфо» уюштурган ишембилик эмнеси менен өзгөчөлөндү? – Ишембиликке келген ырчы кыздар баарыңар жасанып келгендей туюлду мага? «Ак кол дебегиле, биз айылда эле кара жумуш жасап чоңойгон балдарбыз» деген «Жебе» тобунун жигиттери бирден тырмоо алып жумуш кылууга жөнөштү.
Мүзүр менен Жоодарбешим бактардын түбүн жумшартып жатып эле кызуу бир нерсени талкуулап кетишти. Иштеп жатканын унутуп, талкууга берилип кеткенине караганда, сыягы чыгармачылык жөнүндө окшойт.
«Мырзалар биз үчүн бүтүрүп коёт» деген ишенимде Айгерим курбусу менен попкорн жеп, иштеп жаткандардын көзүн кызартты.
Гүлнур таштанды чогултуп жүргөндө конфет таап алып, жаш балача сүйүндү.
«Тазаланган эмес, таштанды төгүлбөгөн жер таза» деп Гүлнур менен Бегимай колдоруна пакет алып, таштандыларды терип баштаган чагы.
«Супер сулуу» Орункүл бүт жумуштарды кылганга жетишип жатты. Гүлнур экөө сейил бактагы кичинекей күчүктөрдү көрө калып, алардын да курсагын тойгузушту.
Ишембилик бүтөйүн деп калганда Нурлан Насип менен Самат Эркинбек уулу келип, «Кечиккенибиз үчүн кечирим
сурайбыз, эмкиде кеңсеңиздердин алдын шыпырып беребиз» деп тамашалап кутулушту.
Лунара Бекиева Жылдыздар "Супердин" ишембилигинде
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Орункул менен Гулнур молодец. Боенуштун деле кереги жок мындайда. Тердегенде зебра болосун болбосо
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, Айгерим Расул кызы тууралуу маалыматтарды окуй аласыз: http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=Айгерим+расул+кызы&x=0&y=0&media_search=1