200 МИҢ СОМ ҮЧҮН ӨЛТҮРҮП, СӨӨГҮН ӨРТТӨП ЖИБЕРИШКЕН

№601 09-май-15-май, 2014-ж


Акча үчүн адам өмүрүнө кол салгандар күн санап өсүүдө. Замандын кысымынан бир корксо, зөөкүрлүктөн эки корккон эл үчүн көчөдө жүрүү да кооптуудай. Жашообуз тасмадагы боевиктерден айырмаланбай деле калат го деген ойго келесиң. Төмөндөгү окуяда таксист өз тиричилигин кылып жүргөн адамдын акчасын алып, өзүн өлтүрүп, өрттөп салган.


ТАЛААДАН ТАБЫЛГАН ӨРТТӨЛГӨН ӨЛҮК
Үстүбүздөгү жылдын 18-мартында Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Тогуз-Булак айылына жакын жердеги Четинди капчыгайынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат укук коргоо органдарына жеткен. Сөөк табылган жерге барган милиция кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, сөөк атайын өрттөлгөнүн болжолдошкон. Себеби сөөктүн үстүнө дөңгөлөктөр ташталып өрттөлгөндөн калган калдыктар кошо табылган.
Бул факт боюнча Ысык-Ата РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзө баштайт. Көп өтпөй дайынсыз болуп жаткан дененин өздүгү билинип, ал Чүй облусуна караштуу Арчалы айылынын тургуну, 1971-жылы туулган Таалайбек Карымшаков экендиги аныкталган.

МАРКУМДУ ТУУГАНДАРЫ ИЗДЕП МИЛИЦИЯГА КАЙРЫЛЫШКАН
2013-жылдын 17-декабрында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине Аламүдүн районунун Кайырма айылынын тургуну Тынчтыкбек Карымшаков аттуу жаран Таалайбек Карымшаков аттуу агасынын жоголуп, дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Арызда анын агасы 2013-жылдын 15-декабрь күнү эртең мененки саат 04:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экендиги тууралуу билдирген. 3 айдан кийин гана Таалайбек Карымшаковдун жансыз денеси Четинди капчыгайынан табылып отурат.
Көп өтпөй кылмышка шектүү катары Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылынын тургуну, 1980-жылы туулган Нурлан Токтоноев аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Кылмышка шектүү өзүнүн Ауди-100 үлгүсүндөгү автоунаасы менен киши ташып иштеп, Аламүдүн айылында жашачу экен. Ал үй-бүлөлүү жана бир кыздын атасы. Ал эми каза болгон Таалайбек «Ош базарында» эт сатуучу соодагерлерге дүңүнөн эт таратып иштеп жүргөн. Таксист менен эт сатуучунун ортосунда эмне талаш болгону тууралуу кылмышка шектүү төмөнкүчө көрсөтмө берген.

«АКЧАСЫНА КЫЗЫККАМ»
– 2013-жылдын декабрь айынын ортолорунда күнүмдүк эле тиричилигимди кылып, такси айдап жүргөм. Ошол күнү Таалайбек Токмокко мал алганы барып келели деп мени жалдады. Андан мурда 3 жолу Токмоктогу мал базарга жеткизип, акчамды алып, ошондон кийин тааныш болуп калганбыз. Ал күнү да анын мал аларын билип, сүйлөшкөн боюнча Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен салып кеттим. Жаныма Эламан деген тааныш баланы кардар катары салып, Токмокко жөнөмөй болдук. Таалайбектин акчасы бар экенин Эламанга айтып, экөөбүздүн негизги максатыбыз анын акчасын алуу болду.
Шаардан чыга бериштеги МАИ постунан өткөндөн кийин Таалайбек «токтоп турчу, эшикке чыгып келейин» деди. Машинага келип отургандан кийин Эламан Таалайбектин мойнуна жипти салып муунтуп кирди. Мен каршылык көрсөтпөсүн деп Таалайдын колун кармап турдум. Эсин жоготуп койгондон кийин алдыңкы отургучту ылдыйлатып туруп арткы орундукка көмкөрөсүнөн жаткырып, Эламан үстүнө отуруп алды. Бир маалда карасак дем алып жатыптыр. Кайра муунтуп эсин оодардык да, артка, шаарды көздөй кайттык. Бишкекке келип, Некрасов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги дөңгөлөк желимдөөчү жайдан жараксыз дөңгөлөктөрдөн алып, Алма-Ата көчөсүндөгү айланма жолдо жайгашкан май куюучу жайдан 4 литр бензин сатып алдык.
Таалайдын денеси менин унаамдын арткы орундугунда жатты. Бул учурда ал өлүп калган болчу. Кийин кайра эле Ысык-Ата тарапты көздөй айдадым. Тоо тарапка барып өлүктү машинадан алып түшүп, жолдон алысыраак, жээк тарапты көздөй алып бардык. Суу агып өтүүчү жол астындагы кичи көпүрөнүн алдына алып түшүп, жерге жаткырдык. Анан унаанын багажындагы дөңгөлөк желимдөөчү жайдан ала келген дөңгөлөктөрдү өлүктүн үстүнө таштап, бензин чачып өрттөп жибердик.
Машинага келип, капчыгын карасак 200 миң сомдой акчасы бар экен. Эламан экөөбүз 100 миң сомдон бөлүп алдык. Сумкасын, айдоочулук күбөлүгүн, майда-чүйдө документтерин, анан бензин куюп келген канистраны Норус айылы тарапка бараткан жактагы агып жаткан сууга ыргытып жибердик. Акчалуу жүргөнүн билчүмүн, негизи акчасына кызыккам. Азыр кылган ишиме өкүнүп жатам.

«ШЕКТҮҮЛӨРДҮН ЭКИНЧИСИ КАЗАКСТАНДАН КОЛГО ТҮШҮРҮЛДҮ»
Таалайбек Карымшаковдун денеси 3 айдан соң өрттөлгөн абалда табылып, ал эми кылмышка шектүүлөрдүн бири сөөк табылгандан 1 айдан кийин, 17-апрелде колго түшкөн. Кылмышка шектүү катары айыпталып жаткан Эламан аттуу экинчи жаран Казакстандын Алматы шаарында кармалган. Бул кылмыш тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын жетекчиси НУРБЕК ТОКТОСУНОВ төмөнкүдөй маалымат берди:
– Кылмышка шектүүлөрдүн бири Нурлан Токтоноев «Ош базарынын» айланасында кардарларды ташып иштечү. Ал мурда уурулук кылмышы боюнча соттолуп, бирок сотко келбей койгондугу үчүн 2012-жылы ага издөө жарыялангандыгы тууралуу да фактылар бар. Тактап айтканда, Нурлан Токтоноев мурда да Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча соттолгон.
Ал эми кылмышка катышкан деп шектелген экинчи жаран Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылынын тургуну, 1995-жылы туулган Эламан Маматкадыр уулу экендиги аныкталды. Ал окуя болгондон кийин коңшу Казакстандын Алматы шаарына качып кеткени билинип, ага эл аралык издөө жарыяланган. Биздин 3 кызматкер Казакстанга барып, Алматы шаардык укук коргоо кызматкерлеринин жардамы менен Эламан Маматкадыр уулун колго түшүрүштү. Эми ал Кыргызстанга алынып келинет. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



200 миң сом үчүн өлтүрүп, сөөгүн өрттөшкөн

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(60)
SUPER.KG видео
12.05.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зоокурлорду Аллах жазаласын.
12.05.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой шорун шорподой каткырлар десе,200 мин сом учун соо адамды олтуруп.Андан коро карызга сурасанар бермек да.
12.05.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мындайларды бекер тамак берип бакканча, атып эле салган дурус...
SUPER.KG видео
12.05.2014. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай жазаланбайт.ким билет балким мелис байкенин таанышыдыр.сот улам улам созуп отуруп акыры бошотот.коросунорго.азыр сотко акча коргозсон сени туура кылган деп актап коёт.
SUPER.KG видео
12.05.2014. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жогоруда бир тасма кордум.тааныбаган эле баланы кармап ур токмоко салып 70 мин сом талап кылыптыр.урган балдар колго тушуптур но сот балдарды коё бериптир.эмнеге и эмне учун белгисиз.Ушундан улам Кыргызстанга баргандан да коркосун.туура эмес чечим чыгарган сотторду кылмышкердин ордуна соттоп жиберсе жакшы болмок эле
12.05.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балким олтурбой акчасын алса да болот беле байкуш байке жакшынакай ак эмгеги мн иштеп жатса азыр таксисттер деле кунуно 1000 ден кем эмес табат го не кереги бар
12.05.2014. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сага окшогон иттер ааламды булгап жптат
12.05.2014. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын ушундай ичи тар адамдардан.
12.05.2014. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх тааныш болуп,багып жүргөн экенда шордууну.Акчасын алса да,тирүү койсо эмне?Балдарынын убалына калбай.
13.05.2014. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кимге ишенбеш керек озу азыркы заманда бир козун бир козуно душман болуп турган заман
15.05.2014. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulperi.kg, Туура айтасын. Илгерки адамдар да ушул созду айтып келишетю
13.05.2014. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulperi.kg туптуура айтыптыр... Чындыгында эле бир козун бир козуно душман.
13.05.2014. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ... Ооо мен мырза-акеде жашайм 95 жылкы дейтго сураштырып көрөйүнчү
Модератор admin_portal түзөттү 13.05.2014 10:43
13.05.2014. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lampard8 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
13.05.2014. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги 95 жылкы балага эмне жок десең?Эми эле жашоонун даамын тарта баштаганда,өмүрүнүн жарымын түрмөгө тапшырыптырда байкуш.
13.05.2014. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
emı oshol tonogon akchandy alıp kel senı koiberebız deit emı
13.05.2014. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деген эле окуялар болуп жатат акыркы убактарда.
13.05.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окунуп жатам деп коет дагы, эми чирип турмодо жатасын!
13.05.2014. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыкаачылыктын туу чокусун кылган го бул айбандар((( ХХХ ХХХ ХХХ керек бул кылыктары учун(((
Модератор admin_portal түзөттү 14.05.2014 10:25
13.05.2014. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча учун буроонун омурун кыйган адамдарга мин наалат. Эки буттуу айбандар ит туугандар.
13.05.2014. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ ХХХ ХХХ... кайсы бетин менен чыдап жашап журосун? адам олтургон канчалык куноо экенин билесинби? Аллахтан ушунчалык озунду ойдо кордунбу? ФУ САГА ОКШОГОНДОР КУРУП КЕТСИН!!!!
Модератор admin_portal түзөттү 14.05.2014 10:22
13.05.2014. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай арам ой,неети бузук адамдан сакта кудай.200 мин акча учун ушундай нерсеге барган адам,ал адам эмес жырткыч.
14.05.2014. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда качан закон кучуно кирет ушундай ою жаман ниети бузук адамдардан кудайым озу сактасын буларды да озундой кылып ХХХ ХХХ керек антпесе токтобойт бул нерсе ХХХ ХХХ керек башкаларга да сабак болуш учун
Модератор admin_portal түзөттү 14.05.2014 10:26
14.05.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alibekova94, osusapar, arisbekov - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазуудан алыс болсоңор.
14.05.2014. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар емне болуп баратабыз...Тиги жаш балага жалко..Кичине ойлонсо болмок.Акча азгыртты да.
15.05.2014. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bossIslam - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
15.05.2014. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
adamga okwogon tusu ele bar turbaiby bul akmaktardyn.
16.05.2014. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бетиң менен куруп калган каңкорлор!200мин сом үчүн канча тагдырды талкалашты,түштөн кийин өкүнгөнүң бир тыйын.
17.05.2014. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башка бироонун менетин жеп, бала чакага кантип бересинер бет жок
17.05.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде жашоо аябай эле кыйын болуп жатат кундон кунго. капрлар дагы мындай кылбайт биз мусулманбыз го акыры таксиге чыгыштан дагы коркосун азыр
17.05.2014. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ылайым турмонун тубуно тушсун!!!Кудай сактасын мындай айбандардан!!!
19.05.2014. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Е уже турмодон чыгып жайлоодо ес алып жатат.200миндин 100минин берип чгп кеткен давнъм давно.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: