«АЯЛЫМДЫ БИРӨӨ МЕНЕН КАРМАП АЛЫП, ӨЛТҮРДҮМ»

№602 16-май-22-май, 2014-ж


Адатта адам өлтүрүп, кылмыш жообуна тартылган адамдар шылкыйып жер тиктеп, кылган ишине өкүнүп жатканын көрөбүз. Бул жолу айыпталуучу өз аялын бычак менен бир нече ирет сайып өлтүргөнүн, бирок кылган ишине өкүнбөстүгүн билдирди. Канынан жаралган 2 жарым жашар кызын тирүүлөй жетим калтырган адамдын аялын өлтүрүүсүнө эмне түрткү болгон?

ТИГҮҮ ЦЕХИНЕН АЯЛДЫН ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИ ТАБЫЛГАН
10-май күнү Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин биринен 28 жаштагы Айгерим аттуу аялдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери анын учтуу нерседен бир нече ирет көкүрөгүнөн жана моюнунан жаракат алып каза болгондугун аныкташкан.
Каза тапкан Айгерим аттуу аял ушул цехте иштеп жүргөн. Ал жолдошу Адис Сейталиев менен 4 жыл бирге түтүн булатып, акыркы 2 айдан бери үй-бүлөлүк маселелерден улам эки бөлөк жашап жүрүшкөн. Айгерим ошол 2 ай мөөнөттө 2 жарым жаштагы кызы менен Сокулук районуна караштуу Саз айылындагы ата-энесинин үйүндө жашап жаткан. Кызын ата-энесине таштап, Бишкектеги тигүү цехинде иштеп жүргөн учурунда жогорудагыдай окуя болуп отурат.

КЫЗГАНЫЧТЫН АЙЫНАН АЯЛЫН БЫЧАКТАП САЛГАН
Айгеримдин өмүрүн кыйган жолдошу Адис Сейталиев Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Туз айылынын тургуну. 10 жылдан ашык убакыттан бери Бишкектеги куруу объектилеринде иштеп келген. Окуя тууралуу кылмышка кызганыч себеп болгонун тергөөчүгө айтып жаткан анын өңүндө кылган иши үчүн өкүнүч билинбейт:

– Милицияга эмне болуп түштүң?
– Аялымды өлтүрдүм.

– Эмне кылып өлтүрдүң?
– Бычак менен...

– Канча жолу сайдың?
– Эки-үч жолу сайгам. Андан аркысы эмне болгонун билбейм.

– Аялыңды өлтүрүшүңө эмне себеп болду?
– Себеп, аялымды бирөө менен кармап алдым. Жумушуна барып үстүнөн чыгып калдым.

– Ким менен кармап алдың?
– Билбейм, тааныбайм, бир бала экен.

– Ал баланы эмне кылдың?
– Ал баланы кармайын деп жетишпей калдым. Мени түртүп качып чыгып кетти.

– Бычакты кайдан алдың?
– Экөө чогуу киргенде эле аркасынан кирдим. Өзүм менен кошо ала баргам бычакты, машинада бар болчу.

– Сен үйдүн сыртынан аңдып турдуң беле?
– Жок, үйүнө эмес, иштеген жерине аңдып баргам. Экөө чогуу кирип кеткенде эле бычакты ала баскам.

– Кылган ишиңе өкүнөсүңбү?
– Эми болору болду да...

– Балдарыңар бар беле?
– Бир балам бар.

– Канчада?
– Эки жарым жашта.

«Чоочун үй-бүлө – караңгы токой» демекчи, бул үй-бүлөнүн ичинде эмне маселе болуп, 2 айдан бери эки жакта жашап жүрүшкөнү белгисиз. Адам өмүрүн кыйганга алып барган кызганыч көптөн бери кылмышкердин ичинде топтолуп жүргөндөй. Ыкчам иликтөө тобу кылмышка шектүүнү колго түшүрүшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен.
Маркумдун денесине тиешелүү соттук экспертизалар жүргүзүлүп, учурда тергөө амалдары уланууда. Ал эми бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

«8 ЖЫЛДАН 15 ЖЫЛГА ЧЕЙИН ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛАТ»
Аялын өлтүрдү деп шектелген Адис Сейталиевге мыйзамдын негизинде кандай чара көрүлүшү мүмкүн экендигин юрист ТАЛАНТБЕК БАЙГАЗИЕВ төмөндөгүдөй түшүндүрдү:
– Кылмышка шектүүнүн үстүнөн 97-берененин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголуптур. Сот отурумуна чейин тергөөчү шектүүнү жана айланасындагы күбө, тууган-уругунан маалымат чогултуп, сурак иштерин жүргүзөт. Кылмышкерге адам өмүрүн атайылап кыюу деген айып тагылса, 8 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.
Жагдай өтө оор экен. Эгер тергөө учурунда аялы күйөөсүн мурда-кийин мазактап, анын укуктарын тебелеп, моралдык жактан шек келтирүүнүн натыйжасында психикасына доо кетиргени аныкталса, 98-берененин (ачууга өтө алдырган абалда киши өлтүрүү) 1-бөлүмү боюнча айып тагылат. Бул берене менен айыпталган адам 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок 97-беренеден 98-беренеге алмаштыруу үчүн конкреттүү, так далилдер жана күбөлөр болушу сөзсүз шарт.

 

«КЫЗГАНЫЧ – БУЛ ООРУ»
 НУРЗАДА МАЯМЕРОВА, психолог:
– Бул жерде адам өлтүрүүнүн эң башкы себеби кызганыч болуп жатат. Кызганыч адамдарга 3 учурда келет:
1. Адам өзүн башка бирөөлөр менен салыштырып, «түгөйүм менден артык башка бирөөнү таап алат» деп корккон учурда.
2. Адам өзүнөн башка эч кимдин кызыкчылыгын ойлобой, өзүмчүлдүк менен түгөйүн буюм катары менчиктеп алганда.
3. Өзүн жана башка бирөөнүн баалуулуктарын унутуп, өзүн жана түгөйүн сыйлабастыктан, баалабагандыктан, өзүнө ишенбестиктен улам келип чыгат.
Кызганычтын чегинен ашып кетүүсүн оору деп койсок да болот. Анын акыры жогорудагы окуя сыяктуу өкүнүчтүү аяктап калышы мүмкүн. Кызганычтын айынан экинчи бир адамдын жанын кыюу мыйзамга да туура келбеген нерсе. Эгерде адам өмүрлүк жарынын көзүнө чөп салып жүргөнүн билип калса, алгач өзүн психикалык жактан тарбиялап баштоосу керек.
Аялы менен жеке сүйлөшүүлөргө барып, кеңешип чече турган жагдайларды ойлонсо болмок экен. Эң алгач адам өзүн, анан ортодогу өзүнө байланган туугандарын же балдарын эстеп, алардын да тагдырын ойлошу керек. «Ачуу – душман, акыл – дос» деп бекеринен айтылган эмес да. Ачууга алдыруу – психологиядагы чукул ойлонулбаган кадамдарга алып баруучу татаал кубулуш. 

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Аялымды бирөө менен кармап алып, бычактап салдым"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(108)
22.05.2014. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
что посеешь то и пожнешь...
22.05.2014. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видео ролигиндеги басма соз кызматчысынын гозу чонураак ачылбайт но ээ.Булдуруктап аран эле суйлойт экен.
Модератор admin_portal түзөттү 22.05.2014 09:11
22.05.2014. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи аял киши болгондон кийин талагын алдыбы албадыбы антбеш керек болчу мумкун куйоосунун андышына да повод берип койгондур мурда кийин аны бир кудай билет бир оздору билет негизи аялзаты озунун абийирин сакташ керек менин оюмча куйоосуно эле жаман болуптур анткени эркек киши кызганганда аялдарчылап ыйлап ажылдап отурбайт бул нерсе табиятынан
22.05.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олтургон куйоосун да, олгон аялын да куноологонго жана окум бергенге биздин эч бирибиздин акыбыз жок, баарын Алла Таалам тараза, аларга кечирим берсин жана бизге бекем ыйман берсин.
22.05.2014. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызганган адамдардын жашоосу туболук болбойт, кызганычтын чеги болуш керек биздин да чойродо бар, сырттагы адамдарга озунчо эле серия кино болосунар.
22.05.2014. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oой кудай ) бул жашоодо эмнелер гана болбойт.
22.05.2014. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нурзада Маямеровага жооп.
Кантип эле аялын күйөөсү билип жүрүп анан айтсын эй эмнеге мени измена кылтасын деп.Эмне ошондо аялы мойнуна алат беле?Кечирип коой эми измена кылбайм деп. ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 23.05.2014 11:16
23.05.2014. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jooshbala - 5 күнгө БАН!
Адам өмүрүнө кол салуу кылмыш деп эсептелип, мыйзамга туура келбейт! Ал эми мыйзамга туура келбеген иш-аракетти колдоого, аны үгүттөөгө тыюу салынып, провокацияга жол берилбейт.
22.05.2014. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зынаа,адам олтуру экоо тен кечирилгиз куноо.
22.05.2014. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай нерсе бардык адамдын башына келиши мумкун бул жерде кызганычтын айынын ачууга алдырп жибергенда жон жайы жок эле олтурбодуга акыр
23.05.2014. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш эми турмодо чирийт дегилечи,ал жакта корсун да эми коргулуктТынччылык эле болсун да.Ачуу-душман ,акыл-дос!
23.05.2014. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эр жигит арданып кеткен да , туура эле !
баланы да кармап алса болмок экен !
02.06.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Multicam, жанында бала болгонбу жокбу анагын билбей нерв боло бербегилечи мырзалар!жакшы адамдын омуру кыска болот дешет!айгеримди жаратканым арабыздан алды анын барааар жери бейиш болот!куноолору кечирилет!бул озу каалабаган ажал менен кетти!
23.05.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кызда айып жок кызды уйбулосун жакшы билем булар эки жылдан бери ажырашып журушкон бала кызганып сабап ар дайым ощенткен кыз жашабайм десе уйбулон менен кошо олтуром дечи экен айгеримдин быйыл 10жылдыгы болмок анан жумуш убагында озуно кийим тиктирбейт да кечкисин калып тигип жаткан экен эч кандай бала жок эле болгону жашабайм деп айтып журуптур айгерим ото татыныкай мектепти кызыл менен буткон тарбиясы дагы жогору десем жанылышпайм
23.05.2014. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экондо тен куноо барда жакшы аял жаман эркекти жакшы кылып койот .
23.05.2014. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызганбаган эркектин колунан жакшылык келбейт!"Азирети Али!
24.05.2014. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылалы,кудай сактасын.Ар ким озубузду билели.Бул бала бирок олтурбой эле,ажырашып,озуно жаккандай кылып жаныдан жашоону баштаса болмок.Оз келечегине жана кызына балта чапты
..Ото окунучтуу.
SUPER.KG видео
24.05.2014. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Темирди кызыгында басыптыр. Уят олумдон кучтуу.
24.05.2014. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олтургонуно караганда аялын мурун эле уруп жургон да. Жакшы эркекти аял алдабайт эч качан. Олбой калганда озунон да угат элек. Эркек озун ак кылып атат.
25.05.2014. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кокурогундо эркектик намысы бар эркектер гана кыла алышы мумкун мындай несения. Суперинфо баарына эле банга тыга берген жакшы эмес го дейм. Анча-мынчасына коз жумуп эле койсонуздар жакшы болмок
25.05.2014. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да аялымды бироо менен кармап алып олтуройун деп 2кызым жетим калбасын деп жон эле ажырашып кеттик.бул окуя тээ 98-жылы болгон.
25.05.2014. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантсе да жаман иш болуптур.пенделерине ынсап бер жараткан эгем.
26.05.2014. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызганычтын айынан ушундай жолго барбагылачы...Байкуш баласына кыйын болот.Ээх татаал тагдырга баш ийбешке айла жок.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бычак менен эмес кайчы менен олтургон зоокур муну жаап, олгон кызга куноонуу илип жатышат азыраак жыл берилсин деп .Уятсыз арбактан коркпогон акмак эч ким менен кармаган эмес.
SUPER.KG видео
01.06.2014. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы жаштардын нерви ото эле жука да адамды кой сойгондой эле кылып кесип атышат.
02.06.2014. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ylia, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
SUPER.KG видео
04.06.2014. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барынарга салам Айгерим жумушунда туногон эмес эртен менен барган.кыз эмес 2,5 жашта эркек баласы калды.Адис Айгеримди жон жок жамандабасын,Айгеримди эч ким менен кармаган эмес.Маркум ыймандуу,тарбиясы абдан жакшы адам болчу.
14.06.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzz, биринчиден, курамы окшош сайттарды жарыялоого тыюу салынган!
Экинчиден, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
5 күн БАН!
13.08.2014. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркек экенсин так надо держать
24.08.2014. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах анын куноосун кечирсин! Бирок аял киши эркек кишиге аманат катары жаратылган! Аманатка кыянаттык кылбаш керек! Эркекте намыс бар деп олтуро берсе болбойт да, баласы ортодо жетим калды озу абакта .Баардык нерсеге сабыр керек. Жаратканым баардыгызга сабыр Берсин. Шайтандын азгыруусунан сактасын
19.10.2014. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура кылган.
07.04.2015. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарыбыз копту биздин.Орусча"найду другого" деп чоёндой беришет.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: