СИЗОдо 3 ЖЫЛ ОТУРГАН ШАХИДА БАСПАЙ, СҮЙЛӨЙ АЛБАЙ КАЛГАН

№604 30-май-05-июнь, 2014-ж


Капаска түшкөн чымчыктын эңсегени эркиндик эмеспи. Төмөндө сөз болчу Шахида Аманбаева аттуу 21 жаштагы кыз адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелип, 18 жашында СИЗОго камакка алынгандан бери 3 жылдан ашуун убакыт болду. Ал ортодо Шахида өз алдынча баса албай, кийинчерээк сүйлөй да албай калган.

СОТ САПАТСЫЗ ТЕРГӨӨНҮ КАЙРА-КАЙРА КАЙТАРУУДА
Окуянын учугу 3 жарым жыл мурунку мезгилге барып такалат. Тактап айтканда, 2010-жылдын апрель айынын башында 22 жаштагы Рабига Жумабаева аттуу кыздын жансыз денеси Токмок шаарынын 1-кичи районундагы өзү жашаган үйдүн жанынан табылган. Укук коргоо кызматкерлери бул кылмышты иликтеп, көп өтпөй адам өлтүрүү фактысына шектүү делинип Токмок шаарынын 3 тургуну кармалат. Алар: 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев жана 1992-жылы туулган Шахида Аманбаева эле.
Алардын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин (киши өлтүрүү) 2-бөлүмүнүн 3-6-пункттары (күнөөкөр үчүн алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды же жашы жетпеген өспүрүмдү жана өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери аяктаганда иш сотко өткөрүлөт. Бирок сот тергөөгө канааттанбай бир нече ирет ишти кайрадан тергөөгө жөнөтүп, андан бери 3 жылдан ашуун убакыт өтүп кеткен.

«КЕПТИН БААРЫ ТЕРГӨӨДӨ»
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн соттун чечимин күтүп убактылуу кармоочу жайда күн кечирип жаткан Шахида Аманбаеванын жактоочусу КҮМҮШБЕК ЫБЫКЕЕВГЕ кайрылдык:
– Учурда Шахида, Урмат Аскеев жана Алишер Жумашев убактылуу кармоочу жайда отурушат. Алар азыр эки ортодо, же абакта эмес, же эркиндикте эмес болуп чайналып жатышкан чактары. Мунун себебин соттор «тергөө чала жана сапатсыз жүргүзүлгөндүктөн кайрадан тергөөгө жөнөтүп жаттык» деп түшүндүрүп жатышат. Сот мындай чечими менен эч кандай мыйзам бузууларга барган жок. Кептин төркүнү тергөө амалдарын жүргүзгөн органдарда жана прокуратурада болуп жатат.
Логикалык жактан деле ойлонуп көрсөңүздөр, Шахида Аманбаева азыркыдай баса албай жана сүйлөй албай калган абалга кантип келген? Алгач ал берген көрсөтмөдө адам өлтүрүүгө катыштыгы жок экенин айтып, таптакыр күнөөнү өзүнө жууткан эмес. Ал тургай жанындагы шектүү деп кармалган берки экөөнү дагы өз көрсөтмөлөрүндө күнөөсүз деп көрсөткөн. Бирок бир нече убакыт жүргүзүлгөн тергөө амалдарынан соң ал кылмышка катыштыгы бар адам болуп, «Рабига Жумабаеваны менин көзүмчө Урмат Аскеев таш менен башка уруп өлтүрүп койду» деп көрсөтмө берген. Бирок бул көрсөтмөгө ынандыра турган буюмдар же күбөлөр жок болгондуктан сот отуруму улам кийинкиге жылдырылып, шектүүлөрдү же актай албай, же маркум Рабиганын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү таба албаган прокуратура кызматкерлеринин иликтөөсүнө ынана албай соттор да чайналып келишкен.
3 жылдан кийин Токмок шаардык соту Аманбаеваны «күнөөсү жок» деп актаган. Бирок жабырлануучу тараптан Рабига Жумабаеванын атасы соттун чечимине макул эмес экендигин билдирип Чүй облустук сотуна апелляциялык даттануу арызын жазган. 20-майда Чүй облустук соту ошол арызды карап, бирок мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү менен сот отуруму 2014-жылдын 27-майына жылдырылды.

«КЫЗЫМДЫН ӨЛҮМҮНӨ КҮНӨӨЛҮҮЛӨРДҮ ТААП БЕРГИЛЕ»
27-майда Рабига Жумабаеванын өлүмүнө шектелип кармалган жогорудагы 3 жарандын сотуна биз да барып катыштык. Сот отурумуна Шахида Аманбаеваны кызматкерлер көтөрүп келип отургузушту. Ал баса албай калган экен. Денесин кармай албагандыктан, башы оң тарапка бурулуп, токтоосуз калчылдап турат. Ал эми Рабига Жумабаеванын атасы СЫДЫК ЖУМАБАЕВ сот залында буларды айтты:
– Урматтуу соттун төрагасы жана мүчөлөрү. Сиздерден өтүнүчүм, менин кызымдын өлүмүнө күнөөлүү болгон 3 жаранга мыйзамдын негизинде жазасын бериңиздер. Коомчулук Шахида Аманбаеванын СИЗОдо отуруп оорукчан болуп калганын талкууга алса эле аны боштондукка чыгарып коюш керекпи? А менин кызымдын өлүмү үчүн ким жооп берет? Макул, түшүнүп турам, шектүү катары кармалышты, алардын бири минтип оорукчан болуп калды дейли. Бирок мен бир да тиешелүү тармактын же органдын «Аманбаева төмөнкүдөй оорунун негизинде оорукчан болуп калды, дарыланууга муктаж же башка» деген кагаз жүзүндөгү далилди көрө алган жокмун. Жактоочусу күнөөсүз экенин далилдей турган бир нече версияларды айтып жатат. Анда кызымдын өлүмү үчүн күнөөлүү адамдарды таап бергиле деп мен кимге кайрылам?
Ушул сыяктуу талаш-тартыш камтылган сот отуруму бир нече саатка уланса да чечим чыгарылбастан, кийинки отуруму 29-майга жылдырылды. Ал эми мамлекеттик айыптоочу кылмышка шектүү Шахида Аманбаева менен Алишер Жумашевди 13 жылга эркинен ажыратууга, ал эми Урмат Аскеевди 16 жылга эркинен ажыратууну сурады.

«КЫЗЫМ КҮНӨӨСҮЗ, БИРОК ДАЛИЛДЕРИБИЗГЕ ЭЧ КИМ ЫНАНБАЙ КЕЛЕТ»
Учурда Шахида Аманбаеванын жана башка шектелип жаткан 2 жарандын туугандары да соттун акыйкат чечимин күтүп жаткан учурлары. Окуя тууралуу өзүнүн версиясында Шахиданын апасы НУРГҮЛ АМАНБАЕВА мындай дейт:
– Кызымды көрдүңүздөрбү, өзүм да карап тура албайм. Аны темир тор артында алты саны аман болбой, ден соолугу начар абалда карап отуруш мен үчүн абдан оор. Аны СИЗОнун дарыгерлери тиешелүү деңгээлде караган да эмес. Кызымдын кылмышка эч кандай күнөөсү жок экенин билем, бирок биздин берген көрсөтмө, далилдерибиз эмнегедир укук коргоо органдарын такыр ынандырбай жатат.
Кызым СИЗОдо жатканда апама арнайм деп 2 дептер толтура күндөлүк жазган экен. Ал жакта ар бир күн так даталары менен жазылып, башынан өткөн окуялар баяндалган. Өзүңөр деле окусаңар болот. Шахиданын башына полиэтилен пакет кийгизип кыйнап, өздөрү түзгөн кылмыш ишинин сценарийин жаздырышканын баяндаган. Шахида жөн жерден ушундай жарым жан абалга келип калган жок. Анын сыз, муздак СИЗОнун камерасында 3 жылдан ашык отурганына кошул-ташыл тергөө амалдарынын жүрүшүндөгү зордук-зомбулук дагы ушундай оорукчан болуп калууга алып келди. Мен соттон туура чечим күтөм. Азыр үмүтүмдү актай турган адамдар чыгар бекен деген ой менен гана жашап калдым.
Сот отурумунда Шахида Аманбаева апасын үмүттүү көз караш менен тиктеп жатты. Мурдараак Шахиданын апасына арнап жазган күндөлүгүн окуган элем. Бул көз караштан: «Апа, айткан кебиңди укпай досторумду артык көрүп, сага каяша айтып тетири басып кеткен күндөрүм үчүн кечирим сурайм. Башыма түшкөн азаптуу күндөрдө мени кай тарапка которуп кетип жатышса да артыман калбай ашыңды көтөрүп жолугушууга келип жүргөн күндөрүңдүн бир күнүн актай алар бекенмин? Кечирчи мени, апаке! Балким, сени капа кылгандыгым үчүн ушундай күндөрдү көрүп жаткандырмын...» деген цитаталарды эстеп жаттым. Сот отуруму эки тараптын кайым айтышы менен аяктап, кароолдогу кызматчылар Шахида Аманбаеваны көтөрүп кайрадан
СИЗОго алып кетишти.
Кылмышка шектүү деп кармалгандарды ак же күнөөлүү дегенден азырынча алыспыз. Аны сот чечсин. Бирок алар күнөөлүү болгон күндө да укук коргоо кызматкерлери кызды ушундай акыбалга алып келгенге укугу бар беле?

3 жарым жыл соттун чечимин күтүп СИЗОдо отурган ШАХИДА АМАНБАЕВаны сот 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча айыптап, 4 жылга эркинен ажыратты. Тергөө абагында өткөргөн 1 күнүн 3 күн катары эсептеп, аны сот залынан бошотууга буюрду. Ал эми Урмат Аскеевди «адам өлтүрүү» беренеси боюнча 9 жылга, Алишер Жумашевди кылмыш уюштурууга катыштыгы бар деп таап, 4 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу маалымат гезит басууга берилерде маалым болду.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Соттун өкүмүн күтүп баса албай, сүйлөй албай калган Шахиданын абалы

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

Шахида Аманбаева эркиндикке чыкты

Автор: Бекжан Рыскулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(178)
03.06.2014. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апасына рахмат аябай кайраттуу эже экен, алла шыпаасын берсин сакайып кетсин Шахида.
03.06.2014. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт,илешкен бир нерсеси бар да.
03.06.2014. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Каза болгон кыздын атасы журогу ташпы дейм, тиешелуу жазасын бергиле деп соттон суранганын карасан. Капасдын ичинде 3 жылдан бери отурган кыздын да сага окшогон ата энеси бар. Андан коро откон кызына Аллахтан бейиш тиле. Аллахтын мыйзамынан башка мыйзамга жардам сурап кайрылганын учун, тиги кыздын 3 жыл абакта жатышына себеп болгонун учун Аллахымдын алдында жооп бересин!
08.06.2014. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arapbai, Ар бир олумду ыйманы бар адам Аллахтан деп билиш керек ,атасы акмак экен
29.10.2014. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zarifa_love, Айдай кызынан айрылган атаны эмес. Аны олтургонго катышы барларды аяган манкурттардын арасында жашап жургонумду тушундум.
Эми каалаганынарды жазгыла, бирок бул факт!
03.06.2014. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chto za sud'ya kotoriy ne mojet normal'no gotovyi tekst prochitat',a advokat menen sledovatel'derge voooobshe soz jok! Ailanaiyndar,kichine atynarga,kyzmatynarga tatyktuu bolgulachy? Ushintip turushsa kim ishenip kim tayanmak silerge
...ehhh jalko ee konechno trudno poverit' kto prav kto vinovat
03.06.2014. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
paNETka, куноосу барбы же жокпу 3 жыл турмодо отурганы жетишет го дейм. Озунуз элестетип корунузчу... Кыздын энесине чыдамдуулук.
03.06.2014. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Видеосун корбодумго бирок жазылгандарды окуп ушунчалык кызга боорум ачышты. Кудайым Шахидага шыпаасын берсин. Шахиданы ушундай акыбалга салгандарды Аллахым озу жазаласын.
03.06.2014. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы жаш жана шок кыздарга сабак болот деп ойлойм досторунарды эмес энелерди уккула кыздар
04.06.2014. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Господииииииииииииии ваше коркумуштуу
04.06.2014. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул оорулуу болуп калса чыгарып ийгени эмнеси .бул каза болгон кызды уйунон чакырып чыгып балдардын колуна салып берген да .мындайларды турмонун тубуно чиритиш керек болчу.
08.06.2014. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dream2013, сен да кылмышка катыштын беле ?коргондой кылып жазыпсын да .бир аз болсо да ойлонуп суйлосон болмок
SUPER.KG видео
04.06.2014. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи сот системасын КР де туп тамыры менен ондош керек,
сот иши 1чи, болбосо 2чи отурум менен бутуш керек.
Бул Шахиданын тагдыры биринчиси да акырксы да эмес,
соттун чечимин тушунуксуз созулуп кутуп жаткан мекендештерибиз миндеп саналат.Бул демократия эмес эле дермократия
04.06.2014. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ошол кундолугун алып туруп полиэтилен кийгизип кыйнагандардын устунон иш козготуш керек. алар да ушул кыз сыяктуу оз жазасын алышсында
04.06.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кана кыргызстандын мыкты юристи Жоомарт мырза мыкты болсо Тамашоудо каткырып журбой ушундайларды актабайбы
04.06.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аябай мыкаачылык турдо кыйнашканго.... Уурулук, алдамчылык же тоноочулук болсо анда башкача болмок, бирок адамдын жаны куноосуз кыйылып жаткандан кийин , кылмыш иш жон калбаш керек эле, балким Шахида озуно тиешелуу жазасын Аллахым берди болуш керек. Ал эми тиги экоону созсуз камаш керек! Андай мыкаачылардан жакшылык кутпош керек! Кошумчалай кетчу нерсе биздин Сот Системасында коррупция дагы деле башкы ролдо ойноп келе жатат аябай окунучтуу..... Капуста решает все дегендей...
04.06.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттуда соттой турган Аллах бар.
04.06.2014. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Батукаевди жакшы эле отурган жеринен чыгарып ийишти го!ЭМНЕ бул кызды уй камагына чыгарып соттосо болбой беле?! Бийликтегилерге соз жок! ишинер илгээри болсун! БАЛИ!
04.06.2014. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин милитция ошо сот кызматкерлери 3жылдан бери чече албаса анда ошол сот кызматкерлери адам эмес ххх
Модератор admin_superstan түзөттү 05.06.2014 09:50
05.06.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
malik.87kg, этика нормаларынан алыс билдирүүлөргө тыюу салынган.
Эрежелерден сырт билдирүүлөр өчүрүлөт же түзөтүлөт. Сунуш болсо, info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 05.06.2014 09:51
05.06.2014. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бизде тоок урдаса мыйзам бар чон кылмыш жасаса мыйзам жок
SUPER.KG видео
05.06.2014. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiko8908,
Сын-пикир жана суроолор info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
05.06.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адам олтургон кыз мындай болбосо керек.Ушунча азап тартса да мен оз укугумду коргойм деп адамдарды тике карап суйлоп атат.Адвокатына кайрылып атат.Куноолу коз тике карай албаса керек.Кутулганыма шугур деп корксо керек эле.
Э
05.06.2014. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
олгон олуп кетеберет качан болсо. былжырабай куноолуу озу экенин тез эле тактап жазасын бериш керек. адам жаны оюн болуп калган амалы барларга. жашпы каарыбы куноосу бар болсо жазасын алсын. же куноосу жок болсо чыгарып жибергиле сразу. качан оорукчан болсо анан коз ачпай. акча акча акча. кором гордо жооп беришинерге акчанар жардам беребикен.
06.06.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт.
06.06.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
иттер кыз баланы ошентип кордойбу ошондой кыйын болушса кылмышкерди табышпайбы
07.06.2014. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аман болсун соттор .алар чечпейт,Аллах чечет.
07.06.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мейли Шахида кунолуу болсун. Бирок аны кыйнап мындай абалга жеткиргени укук коргоо кызматкерлеринин укугу жок болчу. Ошол тергоочулорду баарын жазалаш керек.
07.06.2014. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Укук коргоочулар дегендерибиз кайда ушундай жарандардын укугун коргосо болот эле да же акчасы аз деп карашпайт.....
08.06.2014. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттун шалаакылыгынын айынан бир кыздын омуруно зыян келиптир.3 жарым жылдын ичинде чече албаса мындай нерселерди ,калган кылмыштырды качан чечип бутот бул сот?акчасы болгондо аманбаеванын .2 кундо актап чыгарып коймок
12.06.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олгон кыздын укугун ким колдойт же ал олду болдубу????
13.06.2014. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuba1985, kunoolunu tabyw kerek kyz jalgyz olturgon jok da al jerde dalil bolso sottow kerek bulardai bolup karmap jata berbei... kim bilet bul kyzdy da kantip kyinawty??? ukuk korgoo organdarynyn da sottow kerek e4 kim e4 kimdi kyinap kunoolu kyla albait bizdin sottordu jana sledaktardy almawtyryw kerek!!!!!!!!!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 14.06.2014 09:57
13.06.2014. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azyrky sottor ххх mentterdin da ххх dubinka tygyw kerek ubandar... Adam kunoolubu sottow kerek dalildew kerek jon ele karmaw sabap moinuna aldyrbai!!!!!!!!!!!!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 14.06.2014 09:58
14.06.2014. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzz, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган!
5 күн БАН!
25.07.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда чындык чыркырап 80%де кала берет.Крим автортеттер,депуттар же жеп ичкен чондор сизого тушкондо ушундай кыйнап сурашпайбы ооруп атат деп больницага жаткырып коюшпай.Жаш кызда бийлик,байлык жок болду да болбосо жугурот эле кантип чыгарыштын амалын издешип
27.07.2014. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шахида, ак ийилет, бирок сынбайт, озундун ден-соолугуна кара, менин врач катары айтаарым сага, кимдин куноосу канчалык, 3,5 жыл аз убакыт эмес, эми чыкканына суйунуп, озундун ден-соолугунду чындап ал. Сага чын ден-соолук каалайм, мамана рахмат, аябай кайраттуу адам экен, непадайте духом!!!
SUPER.KG видео
29.07.2014. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
malsirun, провокацияга жол жок.
Эскертүү!
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: