№4-ТӨРӨТКАНАДА ЭНЕЛЕРДИН КӨЗ ЖАШЫ КАЧАН ТЫЙЫЛАТ?

№605 06-июнь-12-июнь, 2014-ж


25-май күнү борбордогу №4-төрөт үйүндө дени сак төрөлгөн ымыркайдын белгисиз жагдайдагы өлүмү катталды. Төрөлгөнүнөн 5 күн өтпөй чарчап калган наристенин энеси 29 жаштагы НУРЗАДА САДЫРБАЕВАнын өзөгү өрттөнүп, көз жашы тыйыла элек.

«БАЛАМА МЕДАЙЫМ ЭЧ КАНДАЙ ЖАРДАМ КӨРСӨТӨ АЛГАН ЖОК»
«Дарыгерлер баламдын дени сак төрөлгөнүн айтышкан» деген эне окуяны төмөндөгүчө баяндап берди:
– Балам курсагы ток болсо тынч эле жата берчү. 4 күн болгондо уулумдун бетине майда темгилдер чыгып кетти. Аны дарыгерге көрсөтсөм, «супрастин берип кой» деди. Ошентип, дарыгердин дайындоосу менен ал дарыны бердим. Эртеси биз төрөт үйүнөн чыкмакпыз. Кийим-кечегибизди чогултуп, кетебиз деп даярданып алганбыз. Бирок ал күнү баламдын денеси саргарып кетти. Аны көргөн дарыгер «биротоло айыгып, анан кеткиле» деп чыгарган жок.
Нурзада айым баласын көргөн дарыгер «саргарганы өтүп кетет, ага кабатыр болбо» деп тынчтандырганын айтат:
– Баламдын башына тамчылатма аркылуу дары куюп, андан кийин фотолампага жаткырып жатышты. Кезектеги нөөмөткө чыккан Назира аттуу медайым палатага кирип, уктап жаткан уулумду төрөткананын күн тийген тарабына алып барып, тамчылатма дары куюп баштаган. Бирок ал 3 ирет ийнени сая алган жок. «Эгер сиз сая албасаңыз, башка дарыгерди чакырыңыз» дедим. Ал айтканыма көнбөй, 4-жолку аракетинде баланын баш сөөгүнө сайганда уулум чаңырып ыйлай баштады. Ал такыр сооронбой жатты, медайым мага «балаңды соорот» деп, анын ыйлап жатканына карабай сыртка жөнөдү. «Баламды карап бериңиз, эмне болуп жатат? Минтип ыйлачу эмес да?!» деп кайрылганымда, «бөтөлкө менен суюктук бер» деди. Мен балага эмчек сүтүн эмизеримди айттым. Медайым «баланын оозуна глюкоза тамчылатсаң сооронот» деди. Мен глюкозаны бир аз тамчылаттым, бирок балам аны жутканга да жетишпей тулкусу толугу менен көгөрө баштады. Анын өңү кара көк тартып, дем албай калды. Мен титиреп, кыйкырынып, эмне кыларымды билбей калдым. Медайым эч кандай жардам көрсөтө алган жок. Анын шалаакылыгынан уулумдан айрылып калдым,- дейт эне. Айтымында, ал коридорго чыгып кыйкырып дарыгер издегенге мажбур болгон. Бирок эч кимди тапкан эмес. 5 бөлүм боюнча ал күнү бир гана жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери жана медайым болгон.

ЧУУЛГАНДУУ ОКУЯЛАР
Перинаталдык борбор деп саналган бул төрөтканада буга чейин да чуулгандуу окуялар орун алып келген. Алсак, 2007-жылы төрөткананын акушер-гинекологу жаңы төрөлгөн ымыркайды 600 долларга сатканы жаткан учурда кармалса, 2009-жылы 2 ай ичинде 6 эне төрөттөн көз жумуп коомчулукта резонанс жараткан. Каза тапкан аялдардын өлүмүн иликтеген комиссия «3 аялдын өмүрүн сактап калууга мүмкүн эле» деген бүтүм чыгарган.
Ошондой эле 2013-жылы ноябрь айында жаңы төрөлгөн ымыркай уурдалып, ызы-чуулардан кийин ал кайра табылган. Ымыркайдын уурдалышына төрөткананын Шарапат Мамырканова аттуу медайымы аралашканы ачыкталып, наристе үчүн 1500 доллар талап кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин акысын 1000 долларга арзандатканы белгилүү болгон. Бишкек ШИИБинин иликтөө иштеринин натыйжасында жоголгон ымыркай 8 күндөн кийин Бишкектеги Асанбай кичи районунда сатып алган аял Нуржан Макенованын үйүнөн табылган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын март айында соо төрөлгөн уул бала чарчап калган ымыркай кызга алмаштырылганы белгилүү болуп, себебин төрөткананын кызматкерлери 1 вакуумга экиден ымыркай жаткырылып жатканы менен түшүндүрүп кутулушкан.

«ОКУЯЛАРДЫН БААРЫ ӨТТҮ...»
Окуянын бир тарабын гана чагылдырып койбостон, экинчи тараптын да пикирин билүү үчүн тиешелүү тараптарга кайрылып, жарытарлык жооп ала албадык. Алгач эле аталган төрөткананын башкы дарыгери Бурул Алмазбекованын сөзүн угуу үчүн кайрылганыбызда анын катчысынан «Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин уруксатысыз интервью бере албайбыз» деген жооп алдык. Аталган департаменттин уруксатын алып кайра кайрылганыбызда деле башкы дарыгер Б.Алмазбекова «Окуялардын баары өттү, кайрадан маалымат берүүнүн кереги жок деп эсептейм» деп комментарий берүүдөн баш тартты.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиевге байланышып «окуяга карата кандай чара кабыл алдыңыздар?» деп суроо узаттык. Бул окуяга байланыштуу тапшырма Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментине тапшырылганын айткан министрдин орун басары мындан башка пикир берүүдөн баш тартты. Ал эми Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин атынан башкы гинеколог Раиса Бейшеналиева жооп берип:
– Маалымат келип түшөрү менен эле чаралар кабыл алынып, жумушчу иликтөөчү топ түзүлгөн. Анын жыйынтыгы да чыгып, ошол күнү нөөмөттө турган Назира аттуу медайым кызматынан бошотулса, ошол эле нөөмөттөгү айрым кызматкерлерге сөгүш жарыяланды. Негизи бул төрөт үйүндөгү мындай окуялардын кайталанышынын себеби бар. Шаардагы жалгыз перинаталдык борбор болгондуктан, бардык эрте төрөгөн энелер, кыйналгандар ушул борборго келишет. Дасыккан кызматкерлер да жетишсиз,- деди.

БИЛЕРМАНДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Борбордогу №4-төрөт үйүндө бала сатылды, бала уурдалды, соо бала өлгөн ымыркайга алмаштырылды, соо бала кызматкерлердин шалаакылыгынан энесинин көз алдында каза тапты. Коомчулук аталган кылмыштар, шалаакылыктар боюнча кескин чара көрүлгөнүн угуп-билген жок. Саламаттыкты сактоо министрлиги, тиешелүү органдар кескин чара көрүп, бул жактагы баш аламандыкты иретке келтириши үчүн дагы канча эне боздоп-ыйлашы керек? Ушундай суроо менен өкмөткө, эл өкүлдөрүнө, юристке да кайрылдык.

Жогорку Кеңештин депутаты ЫРГАЛ КАДЫРАЛИЕВА:
– Биз кызматына шалаакылык кылган медицина кызматкерлерин жазалай албай жатабыз. Аталган төрөтканада мен да балалуу болгом. Бул жерде тааныш-билиш же акча аркылуу гана кардарларды көзөмөлгө алып, дарылап жаткандыгы ушундай өлүмдөргө алып келүүдө. Ушундай мамиленин айынан эртеңки күнү жаза тартып калам деген коркуу сезими эч кимде жок. Ушундай окуялар болгон учурда эч нерсеге карабай туруп, жетекчиликти биринчи кезекте жоопко тартуу, кескин түрдө жаза берүү, керек болсо сот жообуна тартуу керек. Айтайын дегеним, бул жерде деги эле систем туура эмес иштеп жатат,- деди эл өкүлү.

 


Социалдык блок боюнча вице-премьер ЭЛЬВИРА САРИЕВА сурообузга мындайча жооп узатты:
– №4-төрөткана жалгыз перинаталдык борбор. Бул жакка бир гана борбор шаар ичиндеги мамлекеттик жана жеке менчик төрөтканалардан эле эмес, аймактагы бейтапканалардан да абалы оор болочок энелер келип түшөт. Ошол үчүн да аталган төрөтканада кейиштүү окуялар көп болот. Бирок, албетте, мындай жагдай №4-төрөткана үчүн актануу болбошу керек.
1 жылдык пландар түзүлүп жатканда өзүнчө пункт менен Саламаттыкты сактоо министрлигине «ымыркайлардын өлүмүнүн саны азайтылсын» деген талап коюлган. Ошол эле учурда айтып койгум келет, Кыргызстанда дал ушул көрсөткүч жыл сайын жакшырып бара жатат.
Эң башкысы, болочок энелер өзүнүн ден соолугуна чоң кам көрүүсү шарт. Биздин башкы көйгөйлөр эне болом деп жаткандардын саламаттыгына жакшы көңүл бурбагандан келип чыгат. Буга кошумча, аймактарда, айыл-кыштактарда жайгашкан ооруканаларда техникалык жабдуулар жок же жетишсиз. Саламаттыкты сактоо министри Динара Зарлыковна менен соңку жолу сүйлөшкөнүмдө «№4-төрөтканада менеджментти оңдойлу» деп айтканмын. Ал бул ишти «жеке көзөмөлүмө алам» деп убада кылды.

Жогорку Кеңештин вице-спикери БӨДӨШ МАМЫРОВА аталган төрөткана бала сатуу менен иш алып барган мекемедей болуп калганын айтты:
– Таарынышпасын, бирок айтып коёюн, №4-төрөт үйү кадимкидей эле план түзүп алып, бала сатуу иши менен алектенген мекемедей болуп калды. Бул тууралуу канча жолу маселе көтөрүлбөсүн окуянын өзөгү айтылып, «күнөөлүүлөргө кылмыш иши козголду» деп келгени менен, кимге кандай жаза берилгени тууралуу эч кандай маалымат угузулбай келет. Кылмыштуу окуяларга катышкан кызматкерлерди кызматынан четтетүү менен гана кутулушат. Бирок алар айланып эле жүрүшөт, бир төрөтканадан бошотулган дарыгер экинчи төрөтканага кызматка орношуп алат экен. Мындай окуяларга негизинен башкы дарыгерлер күнөөлүү болгону менен, күнөөсүн медайымдарга шылтап коюп жатышат,- дейт.

 

Юрист ЖООМАРТ ЖОЛДОШЕВ дагы бул көрүнүштөргө карата:
– Бул жерде мыйзам алсыз болуп, чоң кылмышка барып, бала уурдап, бала сатып же өлтүрүп койгон кылмышкерлерге өз жазасы берилбей калып жатат. Дарыгерлер «мен ушул кылмышты кылсам, эртең мыйзам боюнча мага мындай же андай чара көрүлөт, мен сот жообуна тартылып калышым мүмкүн» деген жоопкерчиликти, коркунучту сезишпейт. Же коррупциянын айынан кээ бир айыптуулар «баары бир акча менен кутулуп кетем» деген ойдо жашашат. Медицинага тиешелүү мыйзамды кайрадан карап чыгып, тактап, тууралап, системдештирүү зарыл. Өнүккөн чет өлкөлөрдүкү сыяктуу эле айыптууларды кызматынан бошотуу менен бирге лицензияларын алып, финансылык жактан да айыптарды төлөтсөк дарыгерлерде жоопкерчилик пайда болот эле,- деген пикирин айтты.

Ширин Турдакунова
koom@super.kg



№4-төрөтканада наристелердин өлүмү качан токтойт?

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(69)
10.06.2014. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу тороткон врачтарыбызга Кудайым ынсап берсин, кыргызстандын бардык жеринде ушу корунуш акчаны коп берсен жакшы карашат екен
10.06.2014. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
министрлик жакшы иштебейт ойдодогусу жакшы иштесе,ылдыйдагыларда жакшы иштемек.
10.06.2014. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кай жакта башка торотканага барсан,ошол 4чу оорукана жакшы карайт,сенин акыбалын оор экен деп ой-бойуна карабай жонотуп салышат экен.Дегеле азыркы мээрбан айымдарыбыз,"мээрбан" -деген статуска ээ болбой эле калышты.Аларды корсон журогун титирейт качан окурот экен деп.
10.06.2014. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы №4 тороткага, эмне эле болуп жатат ал жакта, баардык таш боор медайымдар, врачтар топтолуп алышыптыр
10.06.2014. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр кылыныз,Кудайым берерин унутпасын сизге!Эн эле окунучтуусу 9 ай которуп,кыйналып журуп бул дуйного келген наристе,медайымдын шалакылыгынан чарчап калып жатат.
10.06.2014. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ыргал Кыдыралиева озу таныштарын ортого салып барып аман эсен коз жарып алгандан кийин на публику ушинтип суйлобой эле койбоптур да,ал жерге танышы жоктор деле барып торошот да негизи
SUPER.KG видео
10.06.2014. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боюнда бар курдашыма ушул 4чудо ушундай окуялар болуп жатыптыр го десем ал да коркуп жатам деген болчу.даарыгерлер 15мин сом сурашат экен козомолдоп жакшы караганы учун.ал да ошол жака карайт экен дареги боюнча.бул шумдук го,кытайда 2чи бала торогонун учун акча толочу деп угуп тан калгам,эми бизге да ушундай болуп калганына.
10.06.2014. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул торот канага качан чечкиндуу чара корулот. Баарын тазаласа болбойбу? Врач деген аттан айланып кеткирлер. Силерди АЛЛАХ жазаласын!!!!
10.06.2014. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызтандын баардык жеринде эле ошондой качан онолот экен ал жактан тороштон да коркосун
11.06.2014. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1. Баланынбетине чыккан будурду тим эле коет. Ал май бездеринен чыккан жаны торолгондорло болот. Кичине эле зудка супрастин берсе чыккандыр да желтуха боору кыйналып.
2. Желтуха дене саргайганы почти бардык эле ыиыркайларда болот торолгондо. Ал учун капелеица сайган дарыгер эмне кылганын билбейт го. Кунго жаткырат баланы анан сразу эле кетет.
3. Капельницаны башка сайардан мурун чачты кырат чачы кара болсо. Анан уч жолу сая албаган медсестра башка бироону чакырыш керек.
11.06.2014. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото серезно мамиле жасаш керек баштын венасына сайып атканда. Особенно ымыркайлардын башындагычон артериясы орчкгон эмес да кадимки венадай эле болуп турат ошондуктан экоон айырмалаш кыйын. Дени эле капельница желтухага эмне сайды экен дейм да. Энеси сабыр кылыныз журогум ооруп кетти. Частный клиникаларга баргыла мумкунчулук болсо. Анаг дагы озунор измлжеп уйронуп анатомияны анан чечим чыгаргыла медиктерге ишенич азайып кетти окшойт.
11.06.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы окууган студенттер ишке кире албай акчалуу адамдын балдары коридордон бутуп барып иштеп ошондой шалаакылык кылып жатышбайбы
11.06.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
9ай которуп аны коптогон кыйынчылык менен тороп 5кун болгон ымыркайынан ажырап калган кандай гана жаман нерсе,эже сабыр кылыныз ал шалаакы адамдар бул жашоодо болбосо да наркы жашоодо албетте жазааларын алышат
11.06.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин дагы областык ооруканабызда ушундай фактылар коп катталууда,менин бир тууган эжем баласы 4 кундо чарчап калды торолгондо 4кг жана кыйналбай эле торолгон экен.Врачтар кунолуу болгонун билип турсак да жазасын Аллах берет деп сотко бербедик,сотко бериш учун баланы экспертизага киргизет турбайбы.Баланы кыйнабайлы дедик.Аллах алдында жооп береттер....
11.06.2014. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде дарыгерлерибиз денгээли жогору, Орто Азияда, мисалы Иса Ахунбаев биринчи жолу журокко операция жасаган. Азыр деле хирургия кучтуу, медайымдарыбыз деле оз жумушуна так экен. Бирок!!! Озубуз акча сунуштап кондуруп алганбыз, акча бербесен силер айткандай эле конул кош карабайт, бул адаттагы эле корунуш, эмнегедир ар бири озунун кесибин сыйлабайт, мед.персоналдары Гиппократтын антын алгандар мисалы.
11.06.2014. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогоруда айтылган Аллах бешенесине ошондой жазган дейсинер анда бешенесине жазыптыр деп эле отуруп калыш керекпи, Кудай да сактанганды сактайт дегендей, озубуз да аракет кылышыбыз керек да, мындай ишине конул кош карагандарды жумуштан четтетсек трудовойуна статьясын жазыш керек эртен башка жакка албайт, шалаакылыгы учун. Адам омуру менен конул кош кароо бул адамкерчиликтин эн томон жеткен чеги, тем более периштелер учун. Акча барбы жокпу бирдей кызмат корсотуусу милдет!!!
11.06.2014. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин дос балам кыздуу болгондо мед.айымдардын шалаакылыгы учун торот учурунда буттарын чыгарып алышкан, азыркыга чейин кичине катуу эмгектесе эле буту чыгып кетет, ойнок болуп калган, больницага жок дегенде эле жумасына 2-3 жолу барат.
11.06.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MEN da Bishte nom 2 torotkanada torogom biz bilbeppiz adamdar aldyn ala akcha berip anan baryshat eken men kokusunan ele barsam torogonu men karagan emes ech kim 5 akusher ginekolog jurdu biri da karap koygon jok krovotechenie bolup balamdyn bashy kysylyp kalganda bir tatar kyz kelip karady kyrgyzdar karagan jok. EMNE deysin emi ayla jok balsyn jogotkon eje sizge sabyr tileym
11.06.2014. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу чачырап жатып каза болгон энелердин,периште наристелердин каны кое бербейт!!! Акыретти да ойлонгулачы биз жаныбызды ишенип жаткан ак халатчандар!
SUPER.KG видео
12.06.2014. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кылмышка катышкан медайымдарды жер да кабыл кылбасын кудай жазасын берсин
12.06.2014. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кылмышкерлерди кое берип, кылмышка жол ачкан ушул кыргызстандын медиктери-оздору кылмышкерлер, жазанарды ала турган болуп ,каргышка батып буттунор окшойт,акмактар
SUPER.KG видео
13.06.2014. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын мен россияда тородум акчасы жок эле аябай жакшы карашты бала торолгондон баштап жанымдан бир да алып чыгышкан жок кырг-да мындай жокпу
SUPER.KG видео
13.06.2014. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4ondorubuz jon ele suilop koyuwtu ele bilet, e4 kandai 4ara dele koruwpoit menim4e, antkeni baary biri-biri menen tygyz bailaywta da, okunu4tuu...a super infogo yraazymyn komuskodo bolup atkan koigoiluu maselelerdi koomgo alyp 4ygyp akyikatty taap kele jatywat, alga super-infi
SUPER.KG видео
13.06.2014. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кайын эжем тороорго жакын кыйналганынан Оштогу облроддомго алып барсак он мин берсенер энесин сактап калабыз он беш мин берсенер экоон тен сактап калабыз анткени экоо тен критический абалда экен дешкен акча учун ыйманын жегендер. Анан качырып алып кетип Ош горроддомго алып бардык эки жума кароодо жатып анан акчасыз эле жапжакшынакай эле кыздуу болду азыр бешке чыгат узун омур берсин, ыраазы болуп акча берсек албай коюшкан. Аллах ыраазы болсун жакшы адамдар да бар экен.
14.06.2014. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча акча жана акча болуп калган заманда. адамдар акча учун оз баласын сатып атышпайбы анан буларга соз жокда. супрастинди жаны торолгон балага берип болбосо керек эле.илгерки замандагыдай эле кемпирлерди издеп калат окшойбузда торош учун алар азыркы медайымдарга караганда билими жок болсо да жоопкерчиликти билишетго
14.06.2014. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин тун уулум да чарчап калган сегиз саат капельницада жаттым бала котону мн торолду врачтар кесарево кылбай коюшту да озун торойсун жакшы болот деп в итоге бала копко чыкпай калып кислородное голодание болду Анан чарчап калды дагы деле унуталбайм
14.06.2014. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы?мен азыр Москвадамын уч ай боюмда бар кете берейин десем жолдошум торорго жакын кетебиз дейт,сурайын дегеним аэропорттон торт айдан кийин откозбойт дейт.Сурайын дегеним ким ушундан кабары бар Жана не документ керек не кылышым керек.....
15.06.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dayana1991, алты айдан кийин откозбойт билишимче,тороп калсан ошол жерден балага док даярдап учасын
14.06.2014. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билими начар студент начар врач болот алар ептеп акча менен бутуп алып иштеп журушот Таныш аркалу барсан да акча сурап турушат ачык еле айтат менин келиним е 5ооо сом берип торотком Министир жакшы иштебейт
16.06.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчан болсо гана 4 торот канага барып торош керек экенда.
SUPER.KG видео
19.06.2014. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх окунучтуу. Кыргызстаныбыз кайда баратат? Эл шайлаган чондорубуз кайда карап атышат? мындай нерселерди карашпай. Ар бир кызматкер оз жумушун мыкты аткарса кыргызстаныбыздын онугушуно салыдарын кошкон болушат эле. Максат азамат! Ден соолукта бол!Ишине ийгилик!Рахмат!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: