ИЗДЕЙМ СЕНИ

№605 06-июнь-12-июнь, 2014-ж


«ШААРКАН, БАРСЫҢБЫ?»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезити? Мен сиздердин гезит аркылуу курбум Шааркан Молдобаеваны тапкым келет. Экөөбүз Бишкек шаарында 1982-1984-жылдары «СМУ-8» бригадасында, курулушта бирге иштегенбиз. Ал Ысык-Көл облусунун Отрадное айылынан болчу. Ал кезде Аламүдүн-1 кичи районундагы жатаканада бирге жашаганбыз. Шааркан, эгер окуп калсаң же аны тааныгандар болсо, байланышып коюшуңуздарды өтүнөм.

Нуржан, 0777 42-42-49

«АТАМДЫ ИЗДЕЙМ»
– Мен Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын тургуну, атам Медербек Карабаевди издейм. Ал 1971-жылы туулган. Атам Медербек менен апам Гүлназ мен төрөлгөндөн 2 айдан кийин ажырашып кетишкен экен. 3 жашымда атам таенемдикине издеп келгенде мени бербей коюшуптур. Азыр 17ге чыктым. Атамды көргүм келет. Ата, эгер менин жазганымды окуп калсаңыз, байланышып коюшуңузду суранам.

Кызыңыз Наргиза, 0702 49-19-71

«ЖЕЗДЕМДИ БАЛДАРЫ КӨРГҮЛӨРҮ КЕЛЕТ»
– Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Алмалуу айылынын тургуну, 1972-жылы туулган жездем Азим Сөлпүбашовду издейм. Эжем Чынаркүл Мамбеткулова жездем менен жашап жүргөндө, 1996-жылы 24 жашында эле каза болуп калган. Жездем балдарды бизге таштап, ушул кезге чейин кайрылып келген жок. Бир кыз, бир уулу бар. Аларга атасын көргөзөлү деп Алмалууга издеп барып, үйүндө эч ким жашабагандыктан таппай келгенбиз. Бир жолу Бишкектен өзүнө жолугуп калдым. «Балдарымды сагындым, көргүм келет. Буюрса, декабрда барам» деп ыйлап коштошкон. Ишенип келип балдарына айтсам, алар да келерин күтүп жүрүшөт. Жезде, эгер балдарды ойлосоңуз, бир келип жолугуп коюңуз. Тааныгандар болсо кабарлап коюңуздар.

Гүлзат, 0703 71-04-35, 0777 84-04-43.

 

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-30-37



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
09.06.2014. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АДМИНДЕР Издейм сени темасындагы мен ачкан теманы сyротy менен чыгарып койгулачыыы сyраныыыч((
10.06.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dasmond, байланышуу үчүн номериңизди жазып жибериңиз.
13.06.2014. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, 0778907922
10.06.2014. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ! Менда бир досумду издейм. Жардамдашып коюнуздарчы, издейм сени болумуно чыгаруу керек?
10.06.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ema_nookat, издеген адамыңыз тууралуу кененирээк маалыматты биздин кеңсеге келип айтып бериңиз же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Модератор admin_superstan түзөттү 10.06.2014 12:09
10.06.2014. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу админ мен дагы кошуна инимди издеп сиздерге е-майл аркылуу кат жолдодум эле андан бери гезит 4, 5 жолу чыкты мен суранган кат дале жарыка чыкпай келет же акча толошум керекпи?
11.06.2014. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jigit.paren, Саламатсызбы!
Бул рубрикага акча төлөнбөйт. Мындай каттар өтө көп болгондуктан, гезит бетине кезеги менен чыгып турат.
Модератор admin_superstan түзөттү 11.06.2014 12:23
13.06.2014. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ менин дагы издеген адамымды чыгарып койунуздарчы сураныч?
13.06.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Destro, Саламатсызбы!
Издеген адамыңыз тууралуу маалыматты Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына жөнөтсөңүз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-30-37
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: