«МЕНИ СОТТО ИШТЕГЕНДЕР ЗОРДУКТАП, ЖЕР ТӨЛӨГӨ ТАШТАП САЛЫШТЫ»

№606 13-июнь-19-июнь, 2014-ж


«Мени Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунун 3 сот аткаруучусу зордуктады» деген Калия Арабекова Бишкекке келип, көргөн кордугун баяндады. Жабырлануучунун берген маалыматы менен катар айыпталуучу жактын дагы оюн угуп, окуяны эки тараптуу чагылдырганга аракет жасадык.

«ЖОЛДОШУМДАН АЛИМЕНТ ӨНДҮРҮП БЕРИШМЕК»
– Жолдошум менен ажырашып кеткем. Балдарым чоңойгон сайын жеп-ичкени да көбөйүп, жалгыз менин иштегеним эч нерсеге жетпейт. Ошондуктан жардам берсин деп сотко арыз жазып, жолдошуман балдарыма алимент кестирип алгам. Алиментти өндүрүп беришсин деп сот аткаруу бөлүмүнүн кызматкерлерине жардам сурап кайрылып жүргөм.
25-декабрда Илгиз Карымбаев аттуу сот аткаруучу уюлдук телефонунан күйөөмө чалып, мени менен сүйлөштүргөн эле. Ошондо жолдошум «30-декабрда акчаны берем» деген болчу. Айтылган күнү саат 19:00 чамасында Илгиз мага телефон чалып, «жолдошуңуз акчаны берди. Алып барып берейин, сизге керек да» деди.

«АЛТЫНБЕКТИН ҮЙҮНӨ АЛЫП БАРЫП КОРДОШТУ»
– Мен ишенип алып сыртка чыктым. Барсам машинада Алтынбек Алыбаев, Мукаш Кененсариев, Илгиз Карымбаев үчөө бар экен. Алар мени Карл Маркс көчөсүндө жайгашкан Алтынбек Алыбаевдин үйүнө алып барышты. Ошол жерден мени үчөөлөп күч колдонуп, улам бири эрмектеп зордукташты. Өздөрү мас, эмне кылып жаткандарын деле билишпейт. Бир убакта бирөө чөнтөгүнөн ак порошок сыяктуу бир нерсе алып чыгып, аны кагаздын бетине салып жыттаган соң көздөрү кызарып эле отуруп калды. Эс-акылы ордунда эмес, атүгүл оозума заара ушатып салганын деле билбей калды. Анан мени дааратканага камап коюшту.
Акыры бир жер төлөгө алып барып таштап салышты. Ал жерден чыгып, кебетемди эч ким көрбөсө экен деп, айрык-тытык кийимим менен үйгө келдим. Эптеп кийимдеримди чечпей эле прокуратурага барып болгон окуяны түшүндүрүп, «экспертизадан өткөргүлө» деп сурандым. Акыры макул болгондо тиешелүү нерселерди экспертизалык иликтөөгө тапшырып бердим.

«КЫЙНАП ТОСМО АРЫЗ ЖАЗДЫРЫП АЛЫШТЫ»
– 2-январда мени зордуктагандар чалып алып, «эгер прокуратурага жазган арызыңа тосмо арыз жазып бербесең, сени өлтүрүп коюудан кайра тартпайбыз, балдарыңдын өмүрүн ойло» деп коркута башташты. Жумушумдун алдына келип, машинага коркутуп салып, милицияга алып келишти. Ал жактан бир бөлмөгө алып кирип, целлофан баштыкка оролгон акчаны сунушташты. Акчаны «бул сиздин моралдык жана материалдык чыгымдарыңыз» деп столдун үстүнө коюп жаткандарын бөлүп-бөлүп видеого тартып алышыптыр. Мен үчөө тең мыйзам алдында жооп беришерин айтып, акчаны алуудан баш тарттым. Тергөөчү мени мазактап «видеодон көрдүк, сиз булардан 90 миң сом алган турбайсызбы» деди. Баштыкка оролгон акчанын суммасын ошондо гана билдим. Тосмо арызды айла жок жазып бердим.
20-январда прокуратурага кайра бардым. Алар мага тосмо арыз жаздырып алышканын баяндап берсем, «сиз ошол
90 миң сомду ала берсеңиз болмок, иш баары бир жабылат
» дешти. Кийин билсем, ошол акчаны тергөөчүлөр менен прокурор бөлүп алышыптыр дагы, экспертизанын жыйынтыгын жокко чыгарып, ишти жаап коюшуптур. Мындан сырткары Рыскүл аттуу келинди табышып, ага акча бергенби билбейм, «30-декабрда мен да Калия менен бирге болчумун. Аны эч ким зордуктаган эмес» деген көрсөтмө алышыптыр.

Калия Арабекованын айтымында, ушундай окуядан кийин шаардык жана Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, акыйкаттык издей баштаган. Жабырлануучу жазып берген тосмо арыздын негизинде кылмышка шектүү делген 3 сот аткаруучу үй камагына чыгарылган.

«БУЛ ИШТИН АРТЫНДА КЫЗЫКДАР АДАМДАР ТУРУШАТ»
Экинчи тараптан да жооп алалы деп айыпталуучу тарапка байланыштык. «Акылга сыйбаган жалган жалаа жабылып, үстүбүздөн ыплас нерсе төгүлгөндөй жабыркап турабыз» деп зордуктоого шектүү 3 сот аткаруучунун ата-энеси кеңсебизге келишти. 3 шектүүнүн бири Илгиз Карымбаевдин апасы ЗЕЙНЕП КОКОМБАЕВА буларга токтолду:
– Үчөөбүздүн тең балдарыбыз 26 жашта. Кырчындай жаш, үй-бүлөлүү балдарга жалган жалаа жабылып, анысы аз келгенсип жумурай-журтка жаманатты болуп жатабыз. Ошол каргашалуу күнү Калия Арабекова менин балама «күйөөмдөн алименттин акчасын өндүрүп бер» деп жанын койбой чалыптыр. 25-декабрда балам Арабекованын жолдошуна чалып, экөөнү сүйлөштүргөндө ал «азыр акчам жок, жаңы жылдан кийин болот» дептир.
Калия деген келин Илгизге «мага майрамга 1000 сом берип тур, күйөөмдөн өндүрүп алган акчадан кармап каласың, балдарым ачка отурат» десе, макул деп койгон экен. Майрамдык корпоративден чыккан соң Арабекова кайра-кайра тынчын алып чалып, акча сураптыр. Бере кетели деп үчөө үйүнө барышат. Ал жерден Калия балдарга майрам алдында бир жерге отурбайлыбы деген сыяктуу сунуш киргизген экен. Ошентип, анын сунушу менен Рыскүл аттуу келиндин жумушуна барышып, нөөмөттө турган жеринен чакырып чыгышып, Алтынбек Алыбаевдин үйүнө барышат. Ошол жерден менин балам Илгиз менен Мукаш Кененсариев кетүүгө камынганда, Рыскүл деген курбусу да «12де бейтаптарга ийне саймакмын» деп кетип калат. Ал эми Арабекова өз каалоосу менен Алтынбектин үйүндө калып калыптыр, ал бойдок бала болчу. Ошол жерден Алтынбекке «1500 сом бер, мени бул жакка акча берем деп алып келгенсиңер» десе, тиги «көрдүң го, менде акча жок, коротуп салдым» деп, айтор, ортодо пикир келишпестик болгон экен.
Эртеси балдарга чалып, «силердин үстүңөрдөн арыз жаздым, эгер мен каалаган акчаны бербесеңер ата-эне, урук-туугандарыңарга чейин айтып абийириңерди кетирем» дептир. Балдар бизге угулбасын деп 90 миң сом берип, тосмо арыз жаздырып алып, ишти бас-бас кылышат. Тосмо арызды Арабекова өз колу менен «арызды мен Алтынбек Алыбаевге ачуум келип эле жазып салгам. Мени эч ким зордуктаган эмес. Мурунку арызым боюнча тергөө иштерин токтотууңуздарды сурайм» деп жазып бериптир.
Ошондон 20 күн өткөн соң даттануучу тараптан балдардын үстүнөн Талас шаардык прокуратурасына кайра арыз түшүп, суракка чакырыла башташат. Талас шаардык прокуратурасынын башчысынын орун басары Абдувахап уулу Жолдошко барганыбызда ал «100 миң сом бергиле, ошону менен даттануучу ыраазы болуп, жазган арызын алат» деди. Ата-энелер кеңешип, эми теңелбейли деп
100 миң сомго макул болуп, Жолдошко алып барып бердик. 10 күндөн кийин прокурор чакырып, «акчаңарды алгыла, Арабекова ар биринен 100 миңден өндүрүп бергиле деп талап кылып жатат» деди. Балдар муну укканда «биз акча бергидей кылмыш кылган эмеспиз. Албаса мейли, сотко чейин барабыз» деп каршы болуп коюшту.

«АРАБЕКОВАНЫ АЯЛ КАТАРЫ АЯП ТУРАМ»
– Менин оюмча, мынча пландалган иштин артында сөзсүз бирөөлөр бар жана анын бири акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү Арзыкан Момунтаева деп жатабыз. Арзыкан Момунтаева Калия Арабекованы курал катары колдонуп, анын бул окуяны көбүртүп-жабыртып айтып чыгуусуна түрткү болууда. Момунтаева менен жеке сүйлөшүүгө барсак, «ал 2 баласын жалгыз баккан бечара келин. Эгер силер ага үстүнө үй алып берсеңер, бул иштин баары дароо токтойт» деди. Биз бирөөгө үй алып бермек түгүл, өз балдарыбызга үй салып бере элекпиз. Калия Арабекованын үйүнө да сүйлөшөлү деп барып, жашоо шартын көрүп, абдан боорум ачыды. Мен ага ачуум келгендин ордуна ушундай шартта 2 баланы багып жатканына баа берип, бир чети аял катары аяп турдум.
Мынча этегибиз ачылып, эки тарап бүтүндөй журт алдында араздашып алган соң биз дагы жөн калбай өз оюбузду айтып чыгалы деп чечтик.

Окуядан кийин айыпталып жаткан 3 сот аткаруучуну жетекчилиги «өз каалооңор менен арыз жазып, жумуштан кете бергиле» деген сунушун киргизген. Алар 21-майда өз арыздарынын негизинде кызматынан кетип, тергөө амалдары аяктаганга чейин үй камагына чыгарылган. Окуяны иликтеген укук коргоо кызматкерлери акчанын учу чыккан тарапка ообой, акты ак, караны кара деп туура чечим чыгарса, мыйзамдын негизинде айыптуусу жазасын алат беле деген ойдобуз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Мени зордуктаган үч адам боштондукта жүрөт" дейт Калия Арабекова

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров

"Урматтуу президент, соттор өздөрүн өздөрү куткара беришеби?!" дейт Калия Арабекова

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(152)
19.06.2014. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн чон калп чындыка аралашылган калп!!!
кудай тараза !
19.06.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Салам супер инфо мен сиздерге жаны катталдым .. ...супер инфо Зейнеп коконбаевадан мага жооп алып бериниздерчи. Эгер озун Калия арапбековага окшотуп зордуктаганда эмне кылмак ..жалган жала дейт калп эле баласын куткарып калыш учун. Баласы оорукчан болсо эмнеге сот болуп иштейт. И оорукчандар аяал киши ни зордуктаганга кучу жетпейби
SUPER.KG видео
19.06.2014. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akyikatchy ayal tuurasyn aityp jatat, ish bilgen mykty akyikatchy korunot
SUPER.KG видео
19.06.2014. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деп айтарыныда билбейсин мен Калия эжеге айтарым бул кудайдын сыноосу тообо кылыныз кудайга жал барып намаз окунуз ушул тогул коз жаштарды алла учун журоктон чыгарыныз ошондо акыйкат озу калкып чыгат биз пендебиз колубуздан эч нерсе келбейт жада калса президенттинда, баары жараткан аллаадан сизге кудайым сабыр берсин.
SUPER.KG видео
20.06.2014. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жагжандап суйлогончо баланды баштап албайсынбы.Эмнеге жанындагылар суйлобойт,талкан салып алгансып.Кудай жазаласын.
20.06.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасынын айтып атканын карасан "ушшунчалык жаман аял дейт ал деп" озунун баласы суудан тунук учун жуз миндеп акча берип атабы Уялбай кантип келип суйлоп атат
SUPER.KG видео
20.06.2014. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ыйман берсин,кимге ишенееринида билбейсин. Бизде акыйкат таза иштеген чондор барбы озу?
SUPER.KG видео
20.06.2014. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындай болбосо Калия эл алдына чыгат беле?
20.06.2014. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кунолору жок болсо анда эмнеге 90мин акча беришкен ал аялга??
20.06.2014. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чон эле эже экен,26 жаштагылар кызык го!Куноолору жок болсо 90-100минди эмнеге берип журушот алар?
20.06.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
26 жаштагы жигиттер ушул кемпирди кантип зордукташмак эле. 90 мин, анан 100 мин сом берген жигиттер, кемпирди зордуктагандын ордуна, элитный сойкуларды оной эле сатып алышмак. Жалаа жабам акча бер дегенделе берип коюшкан балдар да келесоо эместир. Эгер берсе, куноолору учун берген. Жанагы катын, озуна балдар алигисин салса дагы, телевизорго чыгып айтпайт эле озума сийди деп бетин, уятын ойлосо. Булар бир нерсени болушалбай коюшкан. Ал нерсе жарыяланса эки жак тен зыянга учурайт.
20.06.2014. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар! Адам бололу. Ким, кандай болсон да, жанын сурулат дененден. Ошондо Кудайдын каарынан, кылган адамдык сапатын гана сактай алат.
22.06.2014. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таластыктар эл эмес нарындыктар койсунар деп бекеринен айткан эмес экен значить?
22.06.2014. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таластыктар эл эмес нарындыктар койсунар деп бекеринен айткан эмес экен значить?
22.06.2014. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таластыктар эл эмес нарындыктар койсунар деп бекеринен айткан эмес экен значить?
22.06.2014. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таластыктар эл эмес нарындыктар койсунар деп бекеринен айткан эмес экен значить?
22.06.2014. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисине ишеништи деле билбей калдым.
23.06.2014. 06:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр баарын акча менен чечсе болот деп акчалуулар озуно бардык нерсени жасай баштады аларды бироонун тагдыры да кызыктырбайт.
23.06.2014. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzman82 - 20 күнгө БАН!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
SUPER.KG видео
23.06.2014. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ кудай акыркы кезде зордуктоолор олтуруулор кобойду не болуп бара жатат
SUPER.KG видео
27.06.2014. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыйкат издеген адамдарга акыйкат таап бергилечи урматтуу укук коргоочулар! Аллах жардам берсин Калия эже
SUPER.KG видео
27.06.2014. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмыш кылып коюп оорулуу болуп чыга калышат, оорулуу адамдын мындай нерселерге алы жетмек беле. Соо туруп оорукчан болууну самабагылачы! Ооруп калсаңар эмне болот?
SUPER.KG видео
27.06.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агасы каза болуп атса кылганын кара... Адамзат ойгонолучу, ойлонолучу...
SUPER.KG видео
29.06.2014. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноолусунор унчукпай туруп уй алып берип сооп учун балдары менен анан кудай астында чын ниеттен кечирим сурагыла эл журттун астында
Модератор admin_superstan түзөттү 02.07.2014 12:55
SUPER.KG видео
30.06.2014. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят эле оздору ушундай жасап жатышса,баары иштегендер соо эмес экенда.
07.07.2014. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кагылайын Кыргызым кай заманга баратабыз ???
31.07.2014. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келиндин оозун жабыш учун 90мин берсе кийин дагы 100мин берсе демек бул чындык. ким эле сырттан бир аял келип эле сени сотко берем зордуктады дейм десе эле кокуй кой антпе деп эле 90 мин 100мин бере койсун бар билгенини кыл дейт да. булар мин тааныш болгон кундо деле ошо учообу аялга жагымсыз нерселерди кылганы учун сотко берип жаткандырда. эгер аял алардан акча ондургусу келген болсо алар суттон ак таза болсо анда аял деле ошол акчага ыраазы болмок да жок жерден ушунча акча ондуруп алдым деп.
31.07.2014. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал эми соттолуучулардын апаларына келсек. аларды да тушунсо болот кантсе да энеда. кайсы эне озунун баласын жаман ойлосун кайсы эне оз баласына жамандык кааласын. карга дагы баласын аппагым дейт. ошо кылмышты козу менен коргон болсо да оз баласын актап алышка далалат кылат. Билбейм Курманжандай эрктуу апалар чыгып калып эле марттык кылбаса. бирок андайлар азыр жок.ээх эмнеси болсо да куноолусу жаза тарса экен акыйкаттык болуп
06.08.2014. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба зейнеп коконбаеваны озун зордукташса эмне кылмак?
Медиа-портал
18.04.2015. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калияны сындаардан мурун озунорду анын ордуна коюуп элестеп коргулочу кайран элим.Сынчыга сынар таяк болуп калбагыла.Ал эми тигизоокур айбандарды коргогон сотторго мин наалат!Оздорунун башына келсин жаман нерсе.Абдан жииркеничтуу.Соттогулар ыплас акча менен жашашат,кудайдан коркушпайт.
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: