“КЫЗЫМДЫ ТЕБЕЛЕТИП ӨЛТҮРГӨН АДАМ ЖАЗАСЫН АЛБАЙ ЖАТАТ”

№609 04-июль-10-июль, 2014-ж


8-июнь Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Достук айылынын кичинекей тургуну, 6 жашар Милананын туулган күнү болчу. Ата-энеси кызынын өздүк майрамынын урматына келчү коноктордун камын көрүп жатканда, Милана бир туугандары менен дүкөнгө балмуздакка чуркаган. Ошол балмуздак көчөт кыздын өмүрүндөгү акыркы балмуздагы болот деп эч кимдин оюна келген эмес. Айдоочулук тажрыйбасы жок, 26 жаштагы Алмагүл аттуу айым башкарып бара жаткан унаасы менен 5 баланы тебелеп кетип, унаанын алдында калган 6 жаштагы Милана каза тапкан.

Жалынбек Каримов,
Милананын атасы:
“ОШОЛ КҮН КЫЗЫМДЫН ТУУЛГАН КҮНҮ БОЛЧУ”
– Мындан 6 жыл мурун Милана жарык дүйнөгө келип баарыбызды кубанткан. Кырсык болгон күнү үйгө коноктор келет деп камданып жатканбыз. Аӊгыча 12 жаштагы балдызым келип, “балдарды ээрчитип балмуздак алып келеличи” деп суранды. Балдызым, кичинекей кайним, анан Милана, дагы 1 кызым, уулум болуп бешөө дүкөнгө кетишкен. Окуя каш-кабактын ортосунда эле болуп кетти. Мен кырсыкты өз көзүм менен көргөн жокмун. Бирок окуя болгон жерде эшиктин алдында чай ичип отурган кошуналардын баары көрүшүптүр.
Бешөө келе жатышса күмүш түстүү жеӊил машина келип, түз эле балдарды көздөй айдаган экен. Кайним, балдызым, анан 5 жаштагы кызым бактыга жараша жаракат алышпаптыр. 2 жаш 9 айлык балам катуу жаракат алып, оор операцияны башынан өткөрдү. Ал эми ошол күнү 6 жашка жаӊы толгон кызым Милана ооруканадан каза тапты.
Бул ишти көзөмөлдөгөн бир да укук коргоо кызматкерин кезиктире албай келем. Милананы жерге берип, сөөк коюу каадасынан бошогуча күнөөлүүнү милиция кызматкерлери камап, тергөө жүргүзүп жатса керек деген ойдо жүргөнбүз. Бир күнү кошуналар “аныӊар эркиндикте эле басып жүрөт” деп калышты. Муну уккандан кийин прокуратурага арыз менен кайрылдым. Алар тергөөчүнү алмаштырып беришти. Кызымды тебелеп кеткенде ага илинип чыккан унаанын бамперинин сыныгын, балдардын окуя болгон жердеги калып калган бут кийимдерин таштандыга алып барып ыргытып жиберишиптир. Кийин аны да издеп таап келип тергөөчүгө тапшырдым. Эми кандай чара көрүлөт билбейм. Белгисиз бирөөлөр дарбазабыздын сыртына “колуӊардан эмне келет?” деген сыяктуу ыплас сөздөрдү жазып кетишиптир.

Назгүл Озконбаева,
окуянын күбөсү:

“МЕНИ “КАНЧА АКЧАГА ЖАЛДАНДЫҢ ЭЛЕ?” ДЕП КЕМСИНТТИ”
– Мен окуяга күбө болгондордун биримин. Ошол жерден баланын кыйналып жатканын, баласын жоготкон ата-эненин күйүтүн көрүп туруп унчукпай тура албайт экенсиӊ. Мен милиция бөлүмүнө суроолоруна жооп берейин деп барсам, күнөөлүү тараптын жактоочусу “Сага канча акча берди эле? Эмне калп айтып жатасыӊ?” деп кайра аброюма шек келтирип жатпайбы. Бул жерде адам, кенедей наристе өлүп жатат. Ал эмне, далил эмеспи?! Наристенин өлүмүн кайсы абийир менен жаап-жашырууну көздөп жатышат?
Ошол күнү биз эшиктин алдында чай ичип отурганбыз. Балдар жол чекеси менен келе жатышкан. Күмүш түстүү машинанын айдоочусу рулду башкара албай калдыбы, айтор, түз эле балдарды көздөй айдады. Биз отурган жерибизден чуркап бардык. 2 баланы дөӊгөлөктүн эки жагынан алып чыгышты. Ары жактан кошуна машинасы менен келе жатыптыр. Аны токтотуп, ичине жабыр тарткандарды сала баштадык. Тебелеп кеткен машинадан бир кыз чыгып эле ыйлап, ары-бери чуркап калды. Аӊгыча бир киши ошол унаадан түшүп келип кызды отургузду да, өзү рулга отуруп машинаны кайра айдап жөнөдү. Ошол маалда дөӊгөлөктүн алдынан бир кийим көрүнгөнүн байкап калдык. Көрсө, ал маркум кыз Милана экен. Биз кыйкыргыча эле дөӊгөлөк менен тебелетип туруп жолун улап кетти. Унаанын алдындагы бампердин сыныгына илинип артынан кыздын боз ала чаӊ болуп жерде жатканын көрдүк. Барсак кыз эсин жоготуп койгон экен. Аны да унаага салып, Чүй облустук ооруканасына алып жөнөдүк. Ал жактан эсине келип, атасына “папа, суусадым” деп сүйлөп жаткан дейт. 2 сааттан кийин үзүлүптүр.

Райхан Каримова,
Милананын апасы:

“ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫП БЕРГИЛЕ ДЕП ТУУГАНДАРЫ КЕЛИПТИР”
– Адамдар баарына кайдигер болуп эле баратабыз. Кызым каза болгону аз келгенсип, аз жерден кичүү уулуман да ажырап кала жаздадым. Дарыгерлер жалынып-жалбармайынча өз милдеттерин аткарбай калышканына мен да ынандым. Кичүү уулумду текшерүүдөн өткөрүп, “коркунуч жок, баары жайында” деп коюшкан. Бир маалда ал да эсин жоготуп, деми чыкпай калды. “Карап койгулачы” деп барсам, “балаӊ уктап жатат” деп коюшат. “Мен билем да балам уктап жатканда кандай болорун” деп жатып араӊ караттым. Көрсө, боору жарылып кетиптир. Операциядан соӊ комада көпкө жатты.
Уулум эми бир нече жылга чейин кенен басып, секирип ойной албайт. Бардык нерсеге режим кармап, балалык ойноок кези чектелип отурат. Кызымды жоготконум аз келгенсип, 2 жарым жаштагы баламдын ушунча кыйналып жатканын көрүп туруу эне үчүн эмне деген гана азап?! Бул ишке себепкерлер болсо жазасын албай эркиндикте жүрүшөт. Анан да туугандары “үй камагына чыгарып кетүүгө макулдугуӊарды бергиле” деп келишиптир.

Бул боюнча укук коргоо кызматкерлери эмне дейт, мыйзамдын негизинде кандай чаралар көрүлүп жатат? Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын кызматкери Айбек Арзиматовго кайрылдык.

“АЙЫПТАЛУУЧУ УЧУРДА ООРУКАНАДА”
– Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 281-беренесинин экинчи пункту (транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуунун негизинде жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү же анын саламаттыгына оор жаракат келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Учурда күнөөлүү делинип жаткан 26 жаштагы Алмагүл ооруканада дарыланууда. Анын ден соолугу тууралуу тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн ашыкча маалымат бере албайбыз. Качан ал суроолорго толук кандуу жооп бере турган абалга келгенде тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет. Бул окуянын айланасындагы башка адамдар суракка жооп берип жатышат.

Күнөөлүү делген тараптан жооп алууга аракет кылып, бирок байланышууга мүмкүн болгон жок. Эгер байланыш түзүлүп калса алардын да ою менен кабардар кылмакчыбыз.
Көчөт кыздын убалы менен эненин көз жашы күнөөлүүлөрдү тынч койбосо керек. Кандай болгон күндө да тиешелүү органдар күнөөлүүнү аныктап, жабырлануучулардын көксөөсү сууйт деп үмүт кылып туралы.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Кызымдын өлүмүнө себепкерлер жазасын албай жүрүшөт" дейт Р.Каримова

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(80)
07.07.2014. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Наристенин жаткан жери жайлуу болсун. Кунолуулор бул дуйнодон он эсе жазасын алсын
07.07.2014. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
окуя окунучтуу болгон экен ,бирок ар бир жакшылыкты Аллахтан ,жамандыкты Шайтандан деп коюшат ,кырсык каш кабактын ортосунда дегендей,олум айттырбай ,жана бироону себепкер кылып келет да баардык эле пенделерге .ал кыз деле атайын уруп кетпегендир ,башкара албай калды же мумкун жаш бала машинаны коздой чуркап кетти болушу мумкун .кыргызстанда жаш бала эмес .чон адамдар деле машинаны карап койбой жолго чуркамай адатыбыз бар ,эки жакты тен караш керек го форумчулар
07.07.2014. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Машинаны саттса жанагы чон курсактарга берсе чон курсактар жесе олгон адам олуп кете берет ушу нерсени карабаган чон курсактарга мин наалат
07.07.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ажал айттырбай келет деп коет... бир нерсеге бир нерсе себеп болот экен... Калган омурун бир туугандары, ата-энеси жашасын. Сабыр кылыныздар, бул ажал, куран окуп, дуа кылып турунуздар, ошондо Милананын жузу нурдуу болуп, жайы жаннатка чыгат...
08.07.2014. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rusana, аллаа ар бир адамга омур берген,бироонун омурун башкага тилоо каапырчылык болот!
08.07.2014. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан пара корчулардын мекени гулдой бер Кыргызстан емес гулдой бер корупция!!!
08.07.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйаты жоок адамдар екенго, ал емне кылганы, ооруканада жазаа алып жатат бекен емне!!
08.07.2014. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астагфируллах! Азыр баарын акча чечип калган турбайбы, УКУК КОРГООЧУЛАР кайда? ДЕН_СООЛУК САКЧЫЛАРЫ кайда? ынсап деген калбаптыр бул АКМАКТАРДА, озунорду олгон кыздын шордуу ата-эненин ордуна коюп коргулочу ИИМ жетекчилиги, качан адам болосунар!
08.07.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахтын ыйык кундорундо ушинтип айыбын мойнуна албай, колунардан эч нерсе келбейт деп больницага жатып алганы эмнеси??? Коросуноп эрте бул дагы психический жактан оору болуп чыгып, уялбай кызыл документин которуп чыгат(((((((
08.07.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай окунучтуу байкуш наристе,кудай жазасын берсин кунолуунун.
08.07.2014. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык нерсени таразалоочу, тазалоочу, жазалоочу жана сыйлоочу Аллах, Аллахым баарына кубо.
Милананы жайы жаннаттан болсун,бул жактан корбогонун ошол жактан берсин Аллахым оомин!
08.07.2014. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бети жоктор кудайдан да коркушпайт азыр болбосо бир гуну озу да балдарынан горот
08.07.2014. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Адмагулду тааныгандаймында...Соц сайттардан да корунбой калды.Куноолу жазасын алсын.Иши кылып мен ойлогон адам болбосунда.
09.07.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милананын ата энесине сабыр берсин.
09.07.2014. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарды сузуп кетип, больницага жатып алса болот экен да? Аттин, баарын акча чечет баары бир. Ата -эненин коз жашы Алмагулду тынч койбосо экен. Кудайым баары бир коргозот.Кандай оор жоготуу, наристенин жайы жаннаттан болсун!
09.07.2014. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колу менен кылганды, мойну менен тартсын. Жазасын алсын. Камалсын. Супер Инфо жыйынтыгын соссуз жазып чыгарыныздар.
09.07.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алмагул эгер оорукчан болсо неге машинени айдаганга уруксат берилген. Ушу кыргызстандын тергоочусубу башкасыбы бири да ишин так жана таза аткара билишбейт. Кудайдан коркушбайбы ушу акча жеген адамдар тобоо. Бироонун ырыскысы бироого эч убакта буйрубайт ал созсуз бир куну болбосо бир куну тешип атып чыгат. Айнанайын ушу аллаа жетерлик кылып берсе деле башкалардын ырыскысын жеп кантип жер басып журушот экен дейм да. Жер деле которо алгыс болду го силерди.
09.07.2014. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин соттор менен прокурорлорго рахмат, оз иштерин так аткара албай журушот.Мен ой ордодон коргом,бул тема боюнча дискуссия кызуу болгон.
09.07.2014. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Naristenin jatkan jeri jailuu bolsun.Ata enesine sabyr bersin.Kunooluulor jazasyn tartsyn
10.07.2014. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх..карачы..молтурогон кызды коруп журогум ооруп кетти..тиги тебелеп кеткен ХХХ жана аны жаап жашыргандарга айтаарым..шашпагыла ХХХ силерге да кудай бардыр..дозоктун отуна куйосунор шашпагыла
Модератор admin_portal түзөттү 10.07.2014 09:50
10.07.2014. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eshenkultegin - эскертүү!
Эмоцияларды карма, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
10.07.2014. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа устубуздо кудай бар,чындык жоок болуп кетти .
10.07.2014. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фуу дайым суракка келгенде ооруканада жооп бере албайт деп шылтоо кылышат же болбосо психологиялык жактан ооруйт деп табышат кылган ишине жооп берсе экен 6жашиагы жаш наристени тебелеп кетип дер жузундо кантип жузун которуп журот болду экен
11.07.2014. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдан корксо болмок
11.07.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энесинине сабырдуулук, терен кайгыруу менен конул айтам. Мындайды душманына да каалабайсын...... Баланыздар эртерээк, аман эсен сакайып кетсин!
11.07.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга акыйкаттык жок!!! Кимде байлык менен бийлик болсо акыйкат ошол тарапта, оозу кыйшык болсо да байлын уулу суйлосун болуп, оор кылмыш кылабы же миллиарддарды жеп жутабы тайрандап журо берет анткени мыйзам карапайым адамдар учун, аларды баш ийдирип кармап туруу. карактоо учун бар, байлар учун мыйзам жок!!! Мына силерге демократия, мына силерге эркиндик!!! Мына силерге Ислам коому!!!
11.07.2014. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына эркинбиз, кыйынбыз, илгери исламга тыю салган, азыр баары жакшы дейсинер, а эмне учун анда адилетсиздик коп, байлар элди каалаганча тонойт да карапайым адамдардын укугу тебюеленип, каракталып журо беришет. Тынбай даватка чакыргандар ошол прокуратура, сот, милиция кызматындагыларга барып пара алуу, бироонун акысын жео, туура эмес чечим алып байкуштарды чыркыратуу мыйзамга да, динге да каршы экенин тушундуруп даватка чыгышса болобойбу!!! Атасы кызы да камалышы керек, созсуз камалышы керек!!!
11.07.2014. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ali-Baba,Сиз биринчи коом деген создун туура аныктамасын билип алышыныз керек экен. Азыр биз Ислам коомунда жашаган жокпуз. Качан адамдардын баардыгы Куран менен жашаганда ошондо коом болот.Азыр баардык адамдардын баары Куран менен жашап, куран менен башкарган жок да, ошонун натыйжасында ушундай сиз айткандай тенсиздик жок. Каалаган адам каалагандай законду ойлоп таап озгорто берет.
12.07.2014. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр акчалуулардын гана куну, чындык жок!
Калган омурлорду, кийинки балдарынарга берсин кудайым...
12.07.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп алып аябаай ыйладым, азыр бироонун козуно 1с корсотсон мен сенин созунду суйлоп берем деген заман болуп калыптыр да, эшшек болницага жатып алганын кара кудайдын жазасы ошол болуп жаткан жеринден турбай калсан кана
13.07.2014. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундайларды кантип жер которуп турат экен, бул кызды "мелис байкеси" колдоп жаткан го....
26.07.2014. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах жазасын берсин куноолуну. Жазасын берсин
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: