«10 МИҢ СОМ БЕР ДА, КЕТЕ БЕР...» МАИдеги КОРРУПЦИЯ ОГО БЕТЕР КҮЧӨДҮ

№610 11-июль-17-июль, 2014-ж


Интернетке тарап кеткен дагы бир видеотасма бул аптанын талкуу чордонун ээледи. Анда МАИ кызматкери «жол эрежесин буздуң» деп айдоочуну кармап, «10 миң сом бер да, кете бер» деп пара сурап жаткан маалы тартылган.

ОКУЯ КАНДАЙ ОРУН АЛДЫ?
Ысык-Көл облусунун Түп районунда ОшМУнун студенттерин алып келе жаткан маршруттук таксинин айдоочусунан жол кайгуул кызматкеринин пара талап кылуусу боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Иликтөөлөргө ылайык,
10 миң сом доолаган адам Жол кайгуул кызматынын инспектору Жыргалбек Сарманов болуп чыкты. Азыркы тапта ал жумушунан четтетилди. Эске салсак, 6-июлда Түп районунда жол кайгуул кызматкерине 10 миң сом пара берген айдоочу камакка алынганы тууралуу маалымат тараган. Анда жол кайгуул кызматкери маршруттук таксинин ээси Замирбек Жороевди «спирт ичимдигин ичкен» деген айып менен убактылуу кармоочу жайга камап, унаасын айып аянтчасына токтотуп койгону айтылган эле.
Жашыруун тартылып алынган видеотасма окуя чындыгында кандай болгонун ашкереледи:
Айдоочу: – Байке, мына ушул зорго табылды, ушунча чыкты.
МАИ кызматкери 1: – Түшүрчү кишилериңди.
МАИ кызматкери 2: – Канча акчаң бар?
Айдоочу: – 4200 сом акчам эле бар.
МАИ кызматкери 1: – Эй, түшүрчү кишилериңди! Мен кирип туруп кубалап чыгайынбы?
Айдоочу: – Жок, байке.
МАИ кызматкери 1: – Эмне? Мынча кыл дебедимби (ред. 10 манжасын жайып көрсөтөт). Эй, бекер кеткендей болосуң дебедимби. Мынча кыл да, кетчи бар, кетип калчы.
Айдоочу: – Байке, мына болгон акчам.
МАИ кызматкери 1: – Ээ, мунуң жетпейт дейм.
Айдоочу: – Байке, болгон акчам ушул, түшүнүп коюңузчу, мындан ашык акчам жок.
МАИ кызматкери 1: – 10 бер да, кетчи. Эй, эркекче айтайынбы, дагы экини берчи, бүтөт ушу менен.
Айдоочу: – Байке... Ушул эле акчам калды.
МАИ кызматкери 1: – Эки эле миң кошуп койчу.
Айдоочу: – Байке, азыр солярка куйганга эле акчам калды.
МАИ кызматкери 1: – Сотко берем, мага дагы калыш керекпи? Чуркаганымачы? Эки миң бер дейм, эки миң. Жок болсо, кет.
Айдоочу: – Жок, байке.
МАИ кызматкери 1: – Жап эшикти, барчы. Эки миң сом төлөй албагандан кийин... Оруста «скупой дважды платит» деген бар. Ошол сен болуп жатасың да азыр, эркекче.

АЙЫП ПУЛДУН КӨТӨРҮЛГӨНҮ МАИЧИЛЕРДИ ГАНА БАЙЫТАТ
Жогорудагы окуя 6-июль күнү орун алды. Андан эки күн мурун, 4-июлда президент Алмазбек Атамбаев жол эрежелерин бузгандар үчүн жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган мыйзамга кол койгон болчу. Жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулдун көлөмү эселеп өскөн. Мисалга алсак, терезесин караңгылатып жүргөнү үчүн жаза 2000 сом болмокчу болду. Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев «автоунаалардын айнектерин караңгылатууга уруксат берсек кылмыштуулукка каршы күрөшкө тоскоолдук жаратабыз» деп айтканды жакшы көрөт. Бирок орган кызматкерлери бир да жолу «айнеги караңгылатылганы үчүн тааныбай же байкабай калып баланча кылмышкерди кармай албай калдык» деп чыгыша элек. Андай фактыны угуп-көрө элекпиз. Ансыз деле көчөлөрдө терезелери караңгылатылган унаалар жайнап жүрөт. Сыягы, мындай тыюу салуулар коомдун коопсуздугу үчүн эмес, айрым адамдардын тобуна ашыкча ирет акча иштеп табуу үчүн киргизилет өңдүү.
Маселелерди чечүүдө ыкчамдыгын көрсөтө албаган МАИ кызматкерлери өздөрүнө керектүү мыйзамды илгиртпей илип кетишерин далилдешти. Президент мыйзамга кол коёру менен алардын параларынын көлөмү да өсүптүр. Дастан Бекешев демилгечилердин бири болгон мыйзам чыгаруучулардын дымагы боюнча айып пулду көтөрсөк жол кырсыктарынын саны азаймак. Анын үстүнө, Жол кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев парламенттик жыйындарда жогорудагы мыйзам долбоордун парламентте колдоо табуусун дайыма жактап келген. МАИ кызматындагы коррупцияны жоюу боюнча кескин чара, реформа болмоюнча мындай мыйзамдар жардам бербей турганын, айып пул көтөрүлсө МАИчилердин чөнтөгүнө эле майрам болорун далай ирет жазганбыз. Эринбей дагы кайталайбыз. Иш жүзүндө чын эле ушундай болорун, МАИчиси эле эмес, прокурору, соту да ал парадан өзүнүн үлүшүн алары ачык көрүнүп турат, жогорудагы сүйлөшүүдө. Баса, айып пулдун өсүшү менен Жол кайгуул кызматына ишке орношуунун "ставкасы" да көтөрүлсө керек. Анткени "майлуу" орунга ишке орношуу үчүн ири суммада акча берүү керек болот да?
Же ошол эле өкмөттүн электр энергиясынын тарифин жогорулатуу боюнча көтөрүп жаткан орчундуу маселесин алалы. Президент Алмазбек Атамбаев буга чейин "ширшовдук схеманын" бүгүнкү күндө эле күчүндө экендигин билдиргенине карабай, Энергетика жана өнөр жай министрлиги тармактагы коррупциялык механизмдерди жоюудан мурун баары бир тарифти жогорулатууну туура көрүп жатат. Тарифти кымбаттатуудан түшкөн каражат кайра эле "ширшовдук схеманын" катышуучуларынын чөнтөгүнө түшпөйт дегенге ким кепилдик бере алат?
Маалымат үчүн: 2013-жылы Кыргызстанда 7500гө жакын жол-транспорт кырсыгы катталып, 1 миң 217 киши көз жумган. Орточо алганда, Кыргызстанда күн сайын жол кырсыктарынан 3 киши жан берет.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg



МАИчи: "10 миң сом бер да, кете бер"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азим Малиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(38)
SUPER.KG видео
07.07.2014. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Гаишник эмес,алар тоноочулар деп атасак да аздык кылчудай.Эртен эле водительди куноолу кылып чыгышат.Ал боло турган иш.
SUPER.KG видео
07.07.2014. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыр Кыргызстанда мамлекетик жумушка парасыз киришин ото кыйын..анан пара берип киргенден кийин буларда жеп жутуп калайын дейтда...аман эле болушсун
SUPER.KG видео
07.07.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мас айдоочу жашыруун турдо камерага тарта албайт. Мас эмес соо эле кезинде коркосун го, билинип калат деп. Мас болгондо камера эмес, шок болуп, олдум деп, озунун атын таппай калса керек эле МАИчини коргондо... Короче лажанулся ГАЕЦ!
SUPER.KG видео
08.07.2014. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
НТС 2000 ))))ГАИ кызматкерине болушкандай болбоюн бирок Оштуктар жонундо айткан жок, "Орусча айтканда скупой дважде платить" деп айтты))) жакшылап карасан)))
SUPER.KG видео
08.07.2014. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
бироосу ичип алып айдап экинчиси акча сурап.максат айткандай бюджетке тушсо жакшы эле болмок
SUPER.KG видео
08.07.2014. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жыйынтыгын кутобуз, качан эле маичилер айдоочуну жон кое берчу эле. бул маини акырын жылдырып башка районго которуп жиберет да, укмуш кылдык, жок кылдык деп коюшат.
SUPER.KG видео
08.07.2014. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Машинанын шофёру мас болгон абалда дагы МАИ кызматкери 10000сом сураганга акысы жок,апарып камап салыш керек болчу мас болсо.100 сом же 1000сом сурагандай болуптур го.Уят эле.Эгер коррупцияны жок кылабыз десе Гаилер турган жерди текшере турган болсо баары камалып кетмек.
SUPER.KG видео
08.07.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламатсыздарбы? Айдоочу тарткан видеону көрсөңүздөр ал жакта айдоочу "4200 эле болуп жатат" деп акча сунуштап жатат. Демек бул жерде айдоочунун да кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү бар үчүн ошончо акчаны сунуштап жатат. Эгер эч кандай күнөөсү болбосо ал МАИчиге "ушул эле акчам болуп жатат" деп анчалык жалдырамак эмес. Албетте МАИчинин да ачык эле сурап жатканы туура эмес. Бул коррупциянын тереңде
SUPER.KG видео
08.07.2014. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул коррупциянын тереңдеп кеткендигинен кабар берет. Эгер чындап айдоочунун күнөөсү аныкталбаса анда эмнеге пара сунуштап жатат? А эгерде чындап күнөөсү аныкталган болсо, анда эмне үчүн протокол түздүрүп айыпты мамлекеттик бюджетке төлөп койбойт? Менин айтайын дегеним МАИчини актоо эмес, же болбосо айдоочуну жактоо эмес болгону, Биз өзүбүз башкаларды пара алууга түртүп ж
SUPER.KG видео
08.07.2014. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
HTC-2000, көпчүлүккө таандык этика нормаларынан алыстабаңыз!
SUPER.KG видео
09.07.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба тупой дважды платит... Эми ким эки эсе толойт экен...
SUPER.KG видео
09.07.2014. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдын жакшысы болот жаманы болот, селерда ушундай жумушка киргиле иштесенер селер мунданда ашыгын сурасанар керектир?
SUPER.KG видео
09.07.2014. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизди да Бишкектен ГАИ кызматкери тозуп, кынтык таба албай калганда, жолдошумдун тош чонтогундо салынып турган ручкасын жалдырап сурап алган."Жок дегенде алдыгы ручканды таштап кет, "деп. Уят, уят,!
SUPER.KG видео
09.07.2014. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
алган паранын 70% началниктеринин чонтогуно тушот,10% ошол эле началниктеринин машинесине бензин куйдурат,20%озуно калатда жеп ичип машинесине бензин куюшуна.
SUPER.KG видео
11.07.2014. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чупакабыраларго жаман качатго
14.07.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
маичилер эми милионер болушат турбайбы!
14.07.2014. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев штарафты которгондун ордуна МАИчилерди катуурак кармап пара 4-5 МАИлерли иштен пазору менен айдап мумкун болсо аз убакка камаса ошондо алар пара албай ошол аз штарафин эле жазмак ошол кезде окмотко да акча тушмок и жол эрежесин бузгандар да азайып ойлонуп калма менин ойумча.
14.07.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир тараптуу маалымат
14.07.2014. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Куноосу болбосо эмнеге акча сунуштайт куноосу бар да студенттерге жамынбай эле койсун
14.07.2014. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коррупция буга чейин да болуп келген жана да боло берет ,аны туп тамыры менен жок кылып салууга мумкун эмес .
14.07.2014. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ааааиииии
15.07.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени да ушундай кунго кабылгам 6000сом берип аран кутулгам
Модератор admin_superstan түзөттү 15.07.2014 11:45
15.07.2014. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adanov, жаргон сөздөргө тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
SUPER.KG видео
15.07.2014. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээээээээээ анан кантип жашайт айлыкка
15.07.2014. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Он манжасын корсотсо ушундай болот соомойун коргозгондо баары тынч болмок
16.07.2014. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде постаяна ушундай акчаны бересин праваны алгандан кийин согосун ышкыртып кыжынган боюнча кала берет хе хе
17.07.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар ушунчалык туппойбуз ээ((((((((
SUPER.KG видео
29.07.2014. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркекче айтканда,озу ххх экен.Ушундай эшектердин айынан кыргызстанда жол кырсыктары болуп жатат да.Сураксыз эле 10жылга кесип салыш керек мындай ххх маичилерди
Модератор admin_superstan түзөттү 29.07.2014 10:27
09.08.2014. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Он манжасынын баарын кесип ташташкерек да, мындан ары бир да жумушка албаш керек болчу. Ошондо кана мыйзам туура болот болучу.
Медиа-портал
13.07.2015. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекетибиз мындайларды эч нерсе кыла албайт, сенсация кылып жарыялап коюушат да эч чара корбостон бошотуп коюушат, Бул дагы эле иштеп журот.
Медиа-портал
14.07.2015. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы ушундай видеолорду тартыш керек баардык тармактагы паракорчулукту корсотуу максатында анан чондорду коробуз маселени кантип чечишкенин. Таиландда паракорчулук учун олум жазасына тартылат а бизде пара аласын эгер сени кармап алышса пара бересин анан кутуласын. Бунун баарына биздин аткаминерлер куноолуу ар бир кызмат ордуна ставка коюп коюшкан анан ал Берген акчасын кайра табуу учун только пара алышат. Кыргыз элим айткылачы кайда баратабыз?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: