«КЫЗЫМДЫ ИЗДЕП ЖҮРҮП, СОЙКУКАНАДАН ТАПТЫМ»

№613 01-август-07-август, 2014-ж


Редакциябызга бир аял телефон чалып, кызы жаман жолдо мажбурланып иштеп жүргөнүн айтты. Айтылган дарек боюнча барсак, эшиктери темир торлор менен курчалып, аябай сактык менен жасалган кулпулары бар үйдүн бир бөлмөсүндө 26 жаштагы Эля (каармандын аты өзгөртүлдү) башын кучактап, жер карап ыйлап отуруптур. Жанында апасы «кызым, сени жакшы үмүт менен төрөгөм, сен болсо мени шерменде кылдың» деп каргап, тилдеп жатыптыр.

«КИРСЕМ, КЫЗЫМ ЭРКЕК МЕНЕН ЖАТЫПТЫР»
Окуянын чоо-жайын Элянын апасы төмөндөгүчө түшүндүрүп берди:
– Кызым Бишкек шаарына иштегени кетип «бир кафеге жумушка кирдим» деп айткан эле. Турмушка чыгып, бир ай жашабай, кош бойлуу кезинде ажырашкан. Азыр баласы 5 жашка чыгып калды. «Иштесең да үйгө бат-бат келип тур, балаң сагынып, куса болот экен» дегем. Бир-эки ай дегенде барат. Анда да артынан томпойгон, ак саргыл Айнура деген аял кошо келип, «баласынын жанында бир күн түнөп кетсин» дегениме карабай «Азыр бизде жумуш көп. Банкеттер үзгүлтүксүз болуп жатат. Түнү да картошкаларды аарчып, эртеңкиге кам көрүшүбүз керек» деп алып кетип калат. Бир жолкусунда өзүбүздүн айылдык кыз менен барган эле. Кызым кафеде иштеп жатат деген ойдо эле жүрө бердик.
Акыркы бир ай ичинде дайынсыз болуп кетти. Өзүнүн телефону жок же башка бирөөнүкү менен чалып койбойт. Баласы дарбазага чыгып алып кечке жол карайт. «Апам качан келет» деп ыйлап, арыктап кеткенде апасын таап бербесек болбойт деп издегенге катуу кириштик. Эч дайынын билбей жүрдүм. Акыры биздин үйгө ээрчишип барган айылдаш кызды кармап алдым да «кызым кайда экенин билесиң, таап бербесең милицияга берем» деп коркуттум. Ал кыз бизди ушул жерге ээрчитип келди. Эшикти такылдатсак, эч ким ачпайт. Бир баланы кардар катары «кыз керек» дедиртип жатып ачтырдык. Кирип барсак ар бөлмөдө бирден кыз эркектер менен жатат. Алардын арасында менин да кызым бар экен. Атын Эля деп өзгөртүп коюшуптур. Кызымдан башкасынын баары качып кетишти. Мындай шермендечиликти күткөн эмесмин. Ошол замат милиция менен силерге кайрылдым.

«КАРДАРДЫ КАНЧА СОМГО ТЕЙЛЕГЕНИМДИ БИЛБЕЙМ»
5 жашар баласын, бир боорум деп сыздаган ата-эне, туугандарын ойлобой, бул жолдо иштеп калышына эмне түрткү болгонун ЭЛЯ төмөндөгүдөй баяндап берди:
– 2012-жылы Бишкек шаарына иштегени келип, Диля аттуу эженин батиринде жашап жүрдүм. Бир күнү «Кызым Ошто бала багуучунун колунда. Барып кабар алып келели. Жер көргөнчө эс алып келесиң» дегенинен жаман оюм жок кошо баргам. Барчу жерибизге жетип, мен уктап калыптырмын. Ойгонсом, Диля эже мени таштап кетип калыптыр. Аз өтпөй бизди тосуп алган эже «сен сейфтен акча уурдадың, ошону төлө, болбосо милицияга берем» деп жалаа жаап, коркута баштады. Айлам жок, төлөп берүүгө макул болдум. Ал жакта да аткарган ишим эркектерди тейлөө болчу.
Батир берген жигит менин тагдырыма боору ооруп «Эля, бул жерден кетип кал, болбосо өмүр бою кор болуп өтөсүң» деп Бишкекке кетүүчү таксиге салып жиберди. Ал жактагы эже милиция кызматкерлери менен биргеликте мени издеп, бирок кармай алган жок.
Бишкектен да жумуш издеп жүрүп, Айнура эженин колуна келдим (Айнура – Эля табылган Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги сойкукананы иштеткен аял экен). Бул эже менен мурдатан тааныш элем, ушундай эле кызмат кылып колунда иштегем. Ага Ошко сатылып, ал жакта иштеп жүрүп 10 миң сом топтоп, качып келгенимди айтып бердим.
Айнура эженин жанында бир күн калдым, эртеси эле милиция кызматкерлери келип «сени камайбыз, Айнуранын кассасынан акча уурдаптырсың» деп күнөө коюшту. Айнура эжеге «Эже, эмнеге мындай кылдыңыз? Мен эч нерсеге тийген жокмун го?» десем, «Башымды оорутпа, кассадагы 32 миң сом акчам жок. Сен уурдадың, карызсың» деп моюнума илип койду.
3 айдан бери ушул жерде Айнура эженин колунда иштеп жаткам. Бул убакыт ичинде бир жолу апамдын туулган күнүндө, экинчисинде, таякем каза болгондо 5 миң сомдон эмгек акымды алдым. Айнура эже «карызды төлөшүңөр керек» дегендиктен жумуш акыбызды колубузга албайбыз. Ошол себептен кардарды канча сомго тейлегенимди билбейм. Күнүнө 23-24 кардар тейлеген учурубуз болот. Качан гана ооруп калганда ооруканага көрсөтүп коюшпаса, медициналык кароодон да өтпөйбүз.

«БААРЫН ӨРТТӨП, СОЙКУКАНА УЮШТУРГАНДАРДЫ КАМАГЫЛА!»
Сойкукана катары иштетип жаткан үйдөн Элядан башка эч кимди таппадык. Баскан, отурган, жаткан жерлеринин баары кир, тазалык дегенден дайын жок. Жагымсыз жыт сиңип
калган бул жайда күнүнө 20дан ашык кардар тейлеген кыздардын дени сак деп эч ким кепилдик бере албайт.
Барганыбызга бир сааттан ашып калганда гана Элянын апасы чакырган милиция кызматкерлери келишти. Аларга эне «Ушул жерде кызымды Айнура деген аял мажбурлап, сойкулукка иштетип жүрүптүр. Жапжаш кыздардын тагдырын бузган мындай жерлер көбөйүп жатат. Баарын өрттөп, уюштурган аялдарды камагыла!» деп арызданып жатты. Мындай иштерден тажап калганбы же мындай жерлерден пайда көрүп жүрүшөбү, билбейм, милиция кызматкерлери»ким мажбурламак эле, өзүнүн каалоосу менен эле иштеп жатат да» деп апага каяша сүйлөшүп, ал ортодо айтыша да кетишти. Аягында алар Эляны апасы менен чогуу Ленин РИИБине арыз жаздырганы алып кетишти.
Бизди коргойт деген милиция кызматкерлеринин кайдыгерлигине, кызматтык мамилелерине таңыркадым.

Окуядан кийин Элянын апасы кызын мажбурлап, сойкулукка иштетип жүргөн аялдардын үстүнөн милицияга арыз жазганын жана жакында эжесине кошуп базарга сатуучу кылып жумушка чыгарарын айткан эле. Гезитибиз басууга кетер алдында да байланышсак «Күнөө кызымда да бар окшойт. Качып кетиптир, таппай жатабыз. Мен ооруп, төшөктөн тура албай жатам» деп жооп берди.
Бул окуя боюнча милиция кызматкерлери кандай чара көрүп жатканын билүү максатында кайрылганыбызда, Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан «Эч кандай чара көрүлгөн жок. Себеби, Эля «Мен ал жерге өз каалоом менен баргам» деп арыз жазбай койду» деген жооп алдык. Ал эми Эля иштеп жүргөн сойкукана бүгүнкү күндө да өз ишин улантып жатканын билдик.

Сойкулар кардарларын тейлеген бөлмө.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg



Дайынсыз жоголгон кыз сойкуканадан табылды

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(106)
05.08.2014. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта жаткан жерлеринин тусу билинбейтго киир, тошок акча десе эч нерсеге карашпайт экенда тооба. Энесине боорум ачыды байкуш
06.08.2014. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
oo
kudai ne bolup jatat duinodo
06.08.2014. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Insandar ayban bolup kalywkan go.
06.08.2014. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба кылдым Астафир Ала мен да кыз баламын аны жамандагым келбейт бирок кандай ошол жолго барат байкуш апасын сыздатып мотурайган баласын куттуруп?Ал озу жакшы кыз эме экенда болбосо канчалаган эжелер апалар ошол сыяктуу балдарын апаларын ак эмгек менен ак иштеп эле багып жатышбайбы.Ошол оштон качып келгенде эле ыйманына келип уйуно барбайт белен ушунча шерменде болбостон.Азыр деле кеч эмес апанан кечирим сурап акылыны жыйнап ойлон жакшына.Бул кылыгын кийин балана деле минус болот.
06.08.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Милиция силициясы курусун! Ошол жерде иштегенида,иштеткенида,барганыда бир куну жазасын алат!
Байкуш Эненин мээрими сойкуканада калган экенда!
06.08.2014. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буларды чекеден тизип алып ХХХ ХХХ ХХХ...!
Модератор admin_portal түзөттү 06.08.2014 14:04
06.08.2014. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zema - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
06.08.2014. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени тан калтырганы ушундай жерден Кандай эркек кыз сатып алат... Бекер берем дер чакырса да каччудай жер го. Бомждар эле барбаса....
08.08.2014. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izana, вот именно
SUPER.KG видео
06.08.2014. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба деп суйлогуло.Бул кызда мындай жашоону куткон эмесда,жаштык кылып коркконудан мажбур болгонго.
06.08.2014. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай ай мындайдын бетин ары кылсын, не балээ шумдук? Камаш керек уюштурган аялды, ал озу да энедир кыздары бардыр, уятсыз аял экен, , милицияга берсем укпады дейт байкуш эне, аларга да доля берип турса кайдан уксун, балким оздору да клиенттир
06.08.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай ай.... Ушундайда адамдар болобу кудайдан коркпогон.
06.08.2014. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын, ал сойку кана дагы деле иштеп жатса анда ал сойку кананын башчысы милиция болуп чыгат алар милиция менен иштешет окшойт
07.08.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tanabaevich, beka88 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
07.08.2014. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушинтип иштегенче уй кызматчысы болуп албайбы.акча таап атам дегени менен берекеси качат го.милиция камабай койгону кызык болду
07.08.2014. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындыгында алдангандар коп экен андайларды жоготуш керек
07.08.2014. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол 23-24 эркек кандай эркек болду экен ээ?
08.08.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
jose - орунсуз билдирүүлөрү үчүн 20 күнгө БАН!
08.08.2014. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фуу кускум келет шуркуяларга . аъузу билЛах
08.08.2014. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамиля: Ошол 23-24 эркекда ошол кызга окшоп озун башкара албагандарда.
08.08.2014. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men turciyadan moskvada iwtep kelgen turk mn taanywyp kaldym.kyrgyzmyn desem.moskvada soikulardyn kobu kyrgyz kyzdar dedi.uwunchalyk namysyma tiydi,e4 nerse dei albadym.kichine namystuu bololu.owol kyzdar butundoi kyrgyz degen kyzdarga soz tiygizip jatywat.allahym jurogunorgo yiman bersin aaamiin...
08.08.2014. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кунунт 23 тон кардар тейлесе ден соолугу кантет?! кудайым ыйман берсин баарына.
08.08.2014. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик озу сойку болсо эли да сойкуга айланат. Сойкуканалардын баары милициялардын учетунда, "крышалары" да оздору, анан озунун кирешелуу "бизнесинен" милиция чондору менен бийликтегилер кантип кол жуугусу келсин. Бир жагынан карасан эркиндикке жеттик, алхамдуллах мусулманбыз, исламды кенири тааныдык, союз убагында кор болчук дешет. Анда неге союз маалында сойкукана деген тушунук жок, эл ыймандуу, ынсаптуу, колдо барына топук кылган эл болуучу?.. Заман озгоруп, коом бузулду туугандар...
08.08.2014. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оор турмушту шылтоолоп ар ким корунгон кылмышка же куноого барып жатат. Паракорчулук, бироонун акысын жео, уурулук, калп суйлоо, никесиз башкасы менен болуу мунун баары исламда куноо болсо, ушунун баары бийликтегилерде бар, шайтан бийликке оз адамдарын койгон сыяктуу. Эл да бузулду, уул-кызына ата-эне татыктуу тарбия берсе никесиз зынакорлукка ким бармак, кыздарыбыз турк, тажиктерди ээрчимек эмес, уулдарыбыз арактан, кылмыштан алыс болуп адал эмгек менен уй-булосун бакмак.. Али да кеч эмес...
08.08.2014. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз жашаган жакта да гостиницалар коп супер инфо ачыкка алып чыгып милицияга кабар берсенер сонун болмок
09.08.2014. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оор турмушту ханга шылтап кулгонубуз баары бир,
Табалбастан жерди жыттап жургонубуз баары бир! болуп калган азыр. Аллахым баарына ыйман берсин.
09.08.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан да жаман жерлер бар, милициянын баарысы доляда да, свежий кыздар чондорго, байларга кетет, по вызову болуп,барган сайын жузунон нуру качып ушундай жерлерге барышат. Булар озгоруп башка кесипке да барышы кыйын, иштей да албаса керек. психологиялык жактан деградация отуп кун убактысы оюн, кулку, жана башка зээндер менен уланат.
10.08.2014. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы болсо эри менен жашамак да
10.08.2014. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
заман жакшы бирок адамдар бузулду
10.08.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйман ынсап бере кор аллахым
10.08.2014. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фуууууу эркектер тетигиндей жерге кантип барышат ууужаас
SUPER.KG видео
13.08.2014. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта кыргызымдын кыздарына ынсап берсин
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: