Назира Рахатова, бокс калысы: «ОЛИМПИАДАДА КАЛЫСТЫК КЫЛСАМ ДЕЙМ...»

№615 15-август-21-август, 2014-ж


Мушкерлерибиздин жаңы мууну өсүп, көптү үмүттөндүрүп, акыркы убактарда бир канча эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды алышты. Жакында эле борбор калаабыздын Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда жыйынтыкталган бокс боюнча эл аралык мелдеш мыкты беттештер жана айым калыстардын тыкан иши менен эсте калды. Бул ирет өлкөбүздүн боксуна өз салымдарын кошуп келе жаткан калыстар тууралуу сөз болмокчу. Алардын бири эл аралык даражадагы калыс Назира Рахатова биздин гезитке маек куруп, аялзатка мүнөздүү эмес кесибинин оош-кыйыштары тууралуу ой бөлүштү.

Аты-жөнү – Назира Рахатова
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 23-сентябрь
Жетишкендиктери – 2009-2010-жылдар. Бокс боюнча өлкө чемпиону.
Кармашып мушташуу боюнча спорт чеберине талапкер.
Каратэ боюнча кара курдун ээси, 1-дан.
Бокс боюнча спорт чеберине талапкер.
Эл аралык AIBA`нын 1 жылдыз даражадагы калысы.

– Назира, алгач өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз, спортко кандайча аралашып калдыңыз?
– Мен 1990-жылы Сокулукта төрөлүп, өстүм. Атам спортко жакын. Ал мени 14 жашымда айылыбыздагы кармашып мушташуу боюнча секцияга алып барган. Ал спорт башында таптакыр жаккан эмес. Атам «кичине болсо да бир-эки ыкма үйрөнүп ал» дегенинен машыгып калдым. 2 жума машыккандан кийин мелдешке чыгып, утулуп калдым. Ызаландымбы же кызыгуум арттыбы, айтор, машыгуумду улантып кеттим. Ал жактан кармашып мушташуу боюнча спорт чеберине талапкер жана каратэ боюнча кара курдун ээси болдум.

– Качантан бери бокс калысы болуп калдыңыз?
– Кийин шаарга келип, КУУда окуп калдым. Университетте мурда мен машыгып жүргөн спорт түрлөрү жок болгондуктан, бокс менен машыгууга өттүм. Бул спорт түрү менен облустук, республикалык мелдештердин жеңүүчүсү болдум. 2010-жылы Барбадосто өткөн бокс боюнча Дүйнөлүк чемпиондукка катышып, тилекке каршы, ийгилик жарата алган жокмун.
Спортто ийгилик жаратыш үчүн каражат керек. Машыгууларды өткөрүүгө, сборлорго барганга көп каражат кетет. Спортту таштасам да, андан алыстагым келген жок. 2011-жылдан тарта калыстык милдетти аркалай баштадым. Буга өлкөбүздүн тажрыйбалуу калыстарынын бири Бедалы Алымкулов агай түрткү берген.

– Үй-бүлөңүз сиздин спортко болгон кызыгууңузга кандай карайт?
– Үйдөгүлөр толугу менен мени колдойт, баарыбыз спортко жакынбыз. Атам менин алгачкы машыктыруучум да, менеджерим да болуп жүрдү. Ал эми эжем кармашып мушташуу боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

– Алгачкы жолу калыстык кылып рингге чыкканыңыз эсиңиздеби?
– Машыктыруучуларыбыз бизди спарринг беттештерге көп чыгарып, көп нерсеге көндүргөн. Бирок расмий беттеш бул расмий беттеш. Залдагы кыйкырык-сүрөөндөр эле денени дирт эткизет эмеспи. Алгачкы расмий беттешке калыс болуп чыкканда үнүм катуу чыкпай, мушкерлер менин сөзүмдү укпай калып жатышты. Бул да толкундануудан болсо керек, айтор, бир топ эле сүрдөгөм.

– Ринг, бири-бирин тооруй тиктеген эки мушкер жана сиз. Беттеш учурунда сизде кандай сезимдер болот?
– Бул суроону эмне үчүн бергениңизди түшүнүп турам. Ринг үстүндө калыстык кылуу – бул биздин жумуш. Кыз киши болсоң да эч кандай эмоцияга алдырууга болбойт. Тескерисинче, мага мыкты мушкерлердин беттешинде калыстык кылуу жагат. Себеби алардын мыкты даярдыгы сонун беттеш тартуулайт. 

– Айтсаңыз, бокс оңой көрүнгөнү менен, татаал эрежелери жок эмес. Эрежелерди эске тутуу, үйрөнүү кыйын болгон жокпу?
– Эрежелер улам жаңыланып, түрдүү семинарлар болуп турат. Ошолорго катышып, үйрөнөбүз. Мисалы, 2013-жылы Кыргызстандын чемпиондугунун алдында жаңы эреже иштелип чыккан. Анын негизинде калыстар беттешип жаткан мушкерлерге сүйлөө укугуна ээ болушту. Ага чейин мушкерлер эреже бузса «Стоп!» деп токтотуп, анан колу менен жаңсап гана көрсөтчү. Азыр беттеш уланып жаткан маалда да калыс тапшырма берип, эреже бузган мушкерге эскертүү бере алат.

– Бардык спорт түрүндө калыстарга өзгөчө мамиле болот эмеспи... Мушкерлер менен иштешүүдө кыйынчылыктар жаралабы?
– Бизге туура эле мамиле жасашат. Бир залда машыгып жүргөн агайлар, спортчулар, андыктан көп деле кыйынчылыктар болбойт. Айрым учурларда ири мелдештерге биринчи жолу катышып жаткан мушкерлер бир топ ыңгайсыздык туудурушат. Өзүлөрүн жоготуп, кызуу кандуулукка алдырышат да, калыстын тапшырмаларын укпай калышат.

– Дүйнөлүк аренада кайсы мушкерди мыкты деп баалайсыз?
– Мен украиналык Василий Ломаченкону баалайм. Ал өзүн рингде мыкты алып жүрөт жана чеберчилиги да өзгөчө.

– Калыс катары эмгектенип баштагандан кийин кайра мээлей кийип рингге чыгуу тууралуу ойлондуңуз беле?
– Жок, андай ой болгон эмес. Азыр деле машыгам, бирок беттештерге чыкпайм.

– Калыстык жаатта кандай ийгиликтерге жетсем дейсиз?
– Быйылкы жылы Д.Шопоковдун элесине арналган мелдештен соң бир канча калыстарга эл аралык AIBA`нын
1 жылдыз даражасын ыйгарышты. Атайын чет өлкөдөн эксперттер келип, сынактын жыйынтыгында Лозанна шаарынан тастыкталып, ал жактан сертификаттар алынып келинип тапшырылды. Бул бизге чоң стимул берет. 1 жылдыз – бул биринчи тепкич. Келечекте Олимпиада оюндарында жана ири профессионалдык беттештерде калыстык кылсам дейм. Бул үчүн чет жерлерде окуп, ири мелдештерге катышуу менен тажрыйба топтош керек.

Рингдеги беттештен бир ирмем.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg



Боксто калыстык кылган кыздар

Автор: Анаркан Садыралиева
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(15)
18.08.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыздын кыздай эле болгону жакшы го,азаматсын бирок.
SUPER.KG видео
19.08.2014. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Охооо..жакшы кесипти тандапсынар жарашып калат екен соонун болуп.ийгилик силерге!!!калыстык болгонго да албетте коп эмгек синирген адамдар тандалат.силердин емгегинер сынган мурунунардан еле байкалып турат жарайсынар!!
19.08.2014. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
молодцы девченки!!!
SUPER.KG видео
19.08.2014. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsynar soonun kyzdar eken iygilik kelechekte kop kop iygilike jetishkile
20.08.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жага бербей калды десеь окшойт.
SUPER.KG видео
20.08.2014. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар кыздар ийгилик
21.08.2014. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец.
21.08.2014. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо сураныч. Аят2 жана Аят 3 тасмаларындагы актер Артур жонундо жазсанар.кутобуз.
22.08.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamarik, Саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
SUPER.KG видео
21.08.2014. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыздар абдан кыйын акыл эстуулор экен! Эмгенинеоге ийгилик дагы !!!Татынакай кыздар экен
23.08.2014. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат ..........
25.08.2014. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын,
SUPER.KG видео
30.08.2014. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzdaaar,myncha suikumduusunor!!! kesibiner ayabai kyzyktuu eken!!! iyigilik kaalaim silerge! Nazira,Jamilya dostugunar alysky saparga alyp uchsun silerdi))))
Медиа-портал
25.03.2016. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар
Медиа-портал
28.08.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик систер))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: