ИСАЕВДИН КЕЗЕКТЕГИ ПИАРЫБЫ?

№615 15-август-21-август, 2014-ж


11-август күнү интернет айдыңында жол кайгуул кызматкерлери 19 жаштагы айдоочу кыз менен чырдашканы тууралуу видео таркап кетти. Видеонун кызуу талкууга алынышына катардагы жол эрежесин бузуу фактысы эмес, көбүрөөк аталган кызматтын башчысы Талантбек Исаевдин жаш кыз менен айтышып, колундагы телефонго окуяны тартып, кимдир бирөөлөргө айтам деп коркутуп, ачуулуу кыйкырып жатканы себепчи болду көрүнөт. Кызуу талкууга алынган видеодо жаңжалга аралашкан Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев менен айдоочунун шериктеринин ортосунда төмөнкүдөй сөздөр жүргөн:

Т.И.: – Давай, за хулиганство оформляйте, его тоже закрывайте!
Айдоочунун шериги: – За что?
Т.И.: – За ваше хулиганство. Я Рысбека Төлөгөновича завтра вызову, и всё покажу, и Касеину Төлөгөновичу тоже покажу. Эта сестра или кто? Жена твоя? Жена?
Айдоочунун шериги: – Чё вы делаете?
Т.И.: – Она чё делает?! Она чё делает?! Она чё делает?! Чё вы делаете?! Пусть она не хулиганит. Я сейчас начальнику УВД позвоню, чтоб на 15 суток её оформили.
Айдоочунун шериги: – За что?
Т.И.: – За то что она сотрудников УГАИ ГУВД ударила.
Айдоочунун шериги: – Он же матерится, байке...
Т.И.: – Никто не матерился.
Көп өтпөй Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы бул видео тууралуу маалымат таркатты:
– 10-август күнү “Форсаж” рейди жүргүзүлүп жаткан учурда Түштүк магистраль жана Тынчтык проспектилеринин кесилишинде немис номери менен жүргөн Ауди А4 унаасы токтотулган. Унааны башкарып бара жаткан 19 жаштагы кыздын айдоочулук күбөлүгү бар, бирок автоунаанын документтери боюнча суроо жаралып, мындан улам жол кайгуул кызматкерлери унааны айып аянтчасына токтотууну талап кылышкан. Кыз буга каршы болгон. Ал ЖКК жана ШИИБинин жетекчилери турганына карабай уят сөздөрдү сүйлөп, бир кызматкердин фуражкасын жулуп, бир кызматкерди чаап жиберип жана дагы бир жетекчинин жеке буюмдарын бүлдүрүп салган. Аталган факт Ленин РИИБинде катталып, айдоочу айым убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш ишин козгоо тууралуу суроо чечилип жатат.
Ал эми ЖККнын жетекчиси
Т.Исаев окуя тууралуу жергиликтүү гезиттердин бирине “Бул кыз чындыгында чоң мансаптуу аткаминердин тууганы. Ал адамдын атын атабай эле коёюн" деген комментарийин айтты.
Видеонун башкы каарманы болгон Алина аттуу кыз менен байланышканыбызда "окуя тууралуу айрым ММКлар туура эмес маалыматтарды берип жатат.Ал маалыматтар чындыкка дал келбейт" деп билдирди:
– Мен эч бир кызматкерди уруп же буюмун бүлдүргөн эмесмин. Жанымда келе жаткан унаанын ээси абалды түшүндүрүү үчүн түшүп кетип, башка бир кызматкер менен сүйлөшүп жаткан. Бул маалда биздин унааны токтоткон инспектор келип, машинаны айып аянтчасына алып барып токтотууну талап кылды. Мен унаанын ээсин күтө турууну сурансам, жинденип, мага сөгүнүп, орой сөздөрдү сүйлөп жатып ортодо чыр пайда болду. Бул учурда башка кызматкерлер келип, мени тегеректеп жулкулдатып калышты. Ошондо Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев чолок шым, футболка, кепкачан келип, уюлдук телефонуна видеого тартып, мага тааныш эмес адамдардын фамилиясын атап, аларга видеону көргөзөм деп баштады. Менин улутум кыргыз эмес. Кимдердин аты-жөнүн атап жатканын да билген жокмун. Мени “мас абалда” дешти. Бирок аны текшерүү үчүн экспертизадан да өткөзүшкөн жок. Чындыгында, мен ичимдик ичкен эмесмин. Андан соң жол кайгуул кызматкерлери менен №3-шаардык милиция бөлүмүнө барып, түшүнүк кат жаздым. Мени 15 күнгө убактылуу кармоочу жайга камоо тууралуу рапорт жазышты, бирок камашкан жок.
Эгер мас абалында болсо эмнеге текшерүүдөн өткөрүлгөн жок? Мындай суроо менен Бишкек ШИИББине кайрылып, “эмне үчүн убагында протокол толтурулбагандыгы жана экспертиза жүргүзүлбөгөндүгү, окуянын чоо-жайы тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатат. Иликтөө бүтмөйүнчө башка маалымат бере албайбыз” деген жооп алдык.
Талкууга алгандардын кээ бири буга чейин Назик Чодронова аттуу айым менен болгон окуяны эске алып, айдоочу кызды “Чодронованын бири” деп күнөөлөсө, дагы бири "айып ЖКК кызматкерлеринде" дешүүдө. Ошондой эле Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаевдин кезектеги пиар акциясы дегендер да болду.
Мындай сындар жөн жерден жаралбайт. Кыргызстанда жол кырсыгынан каза тапкандар көп. Бул тармакта пара алуу илдети гүлдөп-өнүккөн. Олуттуу маселелер шыкалып турган маалда кызматтын башчысы Талантбек Исаев унаасынын айнегин караңгылатып алган айдоочуларды кууп кармоо менен алек. "Айнегин караңгылаткан адамдын баары эле кылмышкерби?" деген суроо жаралат. Балким, ал адам жөн гана күнөстүү Кыргызстанда күндөн коргонгусу келеттир? Бул иштери боюнча Талантбек Исаев ИИМ башчысы Абдылда Суранчиевдин да сынына кабылган. “Генерал Исаев автоунаалардын айнектерин караңгылаткандарды кууп кармоо менен эч нерсеге жетишпейт. Караңгылатуу эмне, жол кырсыктарын көбөйтөбү? Андай эмес да? Жогорку ылдамдыкта айдоо, айдоочулар күбөлүктү чын эле окуп, үйрөнүп алдыбы? Маселе мына ушунда. Бандиттерди кармайбыз дешет, ошон үчүн алдыңкы айнектерди караңгылатууга тыюу салып жатышат. Бирок бандит сөзсүз алдыңкы орундукта отурат деген кепилдик барбы? Ал артта деле отура берет да?”- дейт ал гезиттердин бирине берген маегинде.

Ширин Турдакунорва
koom@super.kg



МАИчилер 19 жаштагы кыз менен чырлашты

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(27)
Медиа-портал
12.08.2014. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рысбек Тологонович ким ал, айтып койгулачы...
Медиа-портал
12.08.2014. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alai.kyzy, Касейин Тологонович генерал майор финансовой полиции дейтго
Медиа-портал
12.08.2014. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аларга аздык кылат бетин тытып колуна карматып койбоптур сурадыда дагы 10 берип кетебер деп.
Медиа-портал
12.08.2014. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыз эмнеге туну кочодо журот дейм да жон эле уйдо олтурбайбы кечинде машина айдавай
Медиа-портал
13.08.2014. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
papanstan, Бул жерде кыз шерик баласы менен кетип жатпайбы видеонун акыр жагында айтылган созго караганда
Медиа-портал
12.08.2014. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыз эмне Суранчиевдин ойношубу мынчалыкка баргыдай
Медиа-портал
12.08.2014. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозу кыйшык болсо да,байдын баласы суйлосун болуптур да.Базардагы ажылдаган катындардай алыныптыр го генерал сорой.
Медиа-портал
12.08.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
myndailardy alparyp tygyp salywsyn jakwy kylywattar jol kaiguul kyzmaty
Медиа-портал
13.08.2014. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстандын ГАИ кызматкерлерине только акча берсен болду, Массынбы жээ банги зат алып баратасынбы карабайт. Эгер эч куноон жок болсо да ушинтип айкыра беришет качан акча бергиче
Медиа-портал
13.08.2014. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
геройлор кыздын колун кайрып деги адам болгулачы
Медиа-портал
13.08.2014. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хулигандарды ушинтип кармасан болмок, жапжаш кызды коптоп колун кайрып, уят уят
Медиа-портал
13.08.2014. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
колун кайрыйрт да копкон кыз болсо
Медиа-портал
13.08.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bekish-kg, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
Медиа-портал
13.08.2014. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор. Милиция деле адам. Ким кайсыл мамлекеттин жарандыгында болсо, ошол мамлекеттин мыйзамын сыйлап жашашыбыз керек. Ал биздин милдетибиз жана маданиятыбыз! Биздин мыйзамды сыйлабастыгыбыздан жана мызабымыздын иштебей коррупцияга батып кеткендигинен ушундай кырдаалдар келип чыгууда. Мисалы, Кытайда мас абалында жолго чыккан айдоочу 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми Орусияда 1,5 жылдан 2 жылга чейин жазага тартылат. А бизде акчаң болсо баарын кыласың.
Медиа-портал
13.08.2014. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myizamdy syilawty bilbese myndan da katuu chara koruw kerek buga okwogon kochonun kyzdaryna!!!!!
Медиа-портал
14.08.2014. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа жаман сабап салыптырда байкуш ,)
18.08.2014. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы заманда кээ бирки аялдар оздорун эркектерден жаман алып журушот. Аялдык намыс, наз деген кете баштады. Мен ГАИшникти коргоп жаткан жокмун. Ал да озунун кызматтык журум турумуна жараша жазасын алсын.
18.08.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тура кылат камасын 15 суткага эгерде россияда болгондо 1 жылдан 3 жылга чейин камалмак. Бизде андай закон жокпу же ушуга окшогон нерселерди пусть говорятдай кылып озунчо бир програма тузуп элге салса болбок.
18.08.2014. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул кыз да маичилерге атырылып одурандаса керек колунардан эмне келет деп.азыр эми калп эле олумуш болот
18.08.2014. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уяты жок кыз экен!
18.08.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озун кыйын сезди да.министр мвд ны таныбайбы.кайдагы фамилияны айтат дейт.
Модератор admin_superstan түзөттү 18.08.2014 13:56
20.08.2014. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Т. Исаевдин уяты жок экен. Дайыма озунун кызмат ордун колдонуп одурандап турат. ГАичилердин кылыктарын дагы дайым коруп журобуз. Айдоочулар эч качан ГАИге катуу айталбайт. Алар оздору согунуп, коркута башташат. Бир дагы жакшы мамиле же законго таянган ГАИчилерди коро элекмин. Бул менин жеке озумдун опытыман айтып жатам.
21.08.2014. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ve4rtual, Мен деле сен сыяктуу айдоочумун. Бирок биздин ГАИчилердин себеби жок токтотуп алып, согунуп коркутканын коро элекмин.Бул менин жеке опытыман.
20.08.2014. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Т.Исаев биринчи озундун статусуна жараша суйлосон болот эле. Рядовой ГАИчилердей одурандабай.
20.08.2014. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
теманы туура коюпсунар, чн эле пиар кылуу менен кошо озунун уят болгонун озу тушунбой жатат окшойт. кайсы жерде болсоле тейтендеп озу журот. кыйын экен пара алып жарылайын деп калган кызматкерлерин озбек ажы озбекстандын президенти деген чала сапат маичилерди иретке келтирбейби
22.08.2014. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдин кимдин заманы МАИчинин заманы болуп жатканда,эрежени бузган болсон сылык-сыпаа суйлоп койсон женилиреек бутот. Орондоп кыйкырдынбы - озуно жараша мамиле. Орой мамиле кимге жакмак эле?.....
22.08.2014. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындан бир жума мурун менин иностранец куйоомду аэропортко баратканда токтотуп бир фаран иштебейт экен деп 3000 сом алышыптыр. уят го . 3000 сом. бул 10 жолу правила бузганга барабар. кайра келатканда инимди токтотуп 200 сом алышыптыр. уяты жоктор. парадан башы чыгышпайт го. закон боюнча качан иштешет. мен болгондо ошол жерде 3 сом да бербейт болчумун. ушундай да болобу. аябай жиним келип копко унуталбай журдум. штраф жазса деле болот болчу да. мен такыр сыйлабайм ушул гаичилерди. бет жок!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: