КАРГЫШКА КАЛБАЙЫН ДЕП КАРЫШКЫРДЫН ЭТИН ЖЕШЕТ

№616 22-август-28-август, 2014-ж


Кыргыздар мал-жанын жоготуп, ууруну таппай калганда карышкырдын тарамышын колдонуп таап алам деп коркутса, ал эми бөрү жатыш оорусуна дабаа болот деп чүкөсүн пайдаланып келгенин көпчүлүгүбүз угуп эле жүрсөк керек. Мындан сырткары ырым-жырымга ишенгендер карышкырдын тырмагынан тартып майына чейин колдонуп, ал гана эмес, этин жегендер да бар экен.
Аӊчылардан базарда отурган айрым сатуучулар атылып алынган карышкырды көлөмүнө жараша 5000 сомдон 15000 сомго чейин сатып алышат. Алар анын терисин тескери сыйрып ичик жасап тим болбостон, тишин чагып, өтүн сууруп алып сатып пайда табышат. Ошондой соодагерлердин бири АДЫЛ МУРАТОВДУ кепке тарттык.

«КАРЫШКЫРДЫН ТИШИН ЖОЛ АЧТЫРГАНГА АЛЫШАТ»
–Карышкырдын тишин, чүкөсүн, тырмагын ийгилик коштосун деп соодагерлер алышса, кээ бири терс энергиядан баланы коргойт деп анын бешигине, арабасына илип коюшат. Мындан сырткары бөрү жатыш менен ооругандар тырмагы менен чүкөсүн дайыма жанына ала жүрүп, жара пайда болгондо колдонушат. Спорттук оюндар болгондо кээде чет элдик спортчулар жеңишке жеткирет деген ишенимде сатып алышат. Кумар оюндарын ойногондор да келишет.
Чүкө менен тырмактын баасы көлөмүнө жараша 500дөн 1000 сомго чейин болсо, тиштери 200-500 сомдон сатылат.
Ал эми кар жилигин бүтүн бойдон ишкерлер сатып алышат. Мунун баасы 5 миң сом. Алар бул жиликти ишим гүлдөсүн жана душмандарымдын жаман көзүнөн, суук сөзүнөн сактайт деп үйүнүн кире беришине илишет. Мындан сырткары тери ооруларына чалдыккандар дабаа болот деп кар жиликти сууга кайнатып, анын шорпосуна жуунуп жүрүшөт.

БӨРҮНҮН МАЙЫ, БООРУ ЖАНА ӨТҮ
– Өтү менен боорун сууга эзип, итий менен ооруган баланын таңдайына, башына, желкесине сүртсө, анын өсүүсүнө жардам берет деп жүрүшөт. Учурда бөйрөк оорусун айыктырат экен деп ала башташты. Өт менен боордун баасы көлөмүнө жараша 2 миңден 5 миң сомго чейин. Ал эми карышкырдын жонундагы майын сөөгү сынгандар, геморройго жана муун ооруларына чалдыккандар алууда. Аны ооруган жерге шыбап турса жардамы тиет окшойт, сурагандар көбөйдү. Май кургабай көпкө чейин сакталгандыктан анда карышкырдын жыты да бар. Мына ошондон улам аны кичинекей балдары барлар иттер жолобосун деп үйүнүн тегерегине илип коюшат. Майдын баасы 200-500 сом.

ЖАТЫНЫ ЭМНЕГЕ ПАЙДА?
– Түгөйлөрдүн ынтымагын сактоо, ажырашып кеткендер түгөйүн кайра кайтаруу максатында сатып алышат. Ал эми кээ бирлери жатынды өзүнүн көңүлүнө жагып калган айымдарды же эркектерди артынан ээрчитүү үчүн жанына салып жүрүшөт экен. Ошондой эле төрөй албай жүргөндөргө шыпаасы бар деп аялдар көп издеп келишүүдө. Жатындын баасы көлөмүнө жараша 2000-3000 сом.

УУРУНУ КОРКУТКАН ТАРАМЫШ ЖАНА КАРГЫШТАН САКТАГАН ЭТ
– Карышкырдын тарамышын ууруларды жазалоо үчүн алышат. Тарамышты бурап тырыштырса, бирөөнүн бир нерсесин уурдаган адамдын да тарамышы түйүлүп, тырышып калат дешет. Бир карышкырдан 15 чакты тарамыш чыгат. Муну кургатып коёбуз.
Ал эми этин болсо дары катары жеп же аны кайнатып, тери ооруларына каршы шорпосуна жуунушат. Ошондой эле бирөөнүн көз жашын төгүп, жаман иштер менен алектенгендер алардын каргышы тийбесин деп карышкыр атып келип дайыма жеп турушат экен.

«КАРЫШКЫР АДАМДАН ӨТКӨН АКЫЛДУУ»
Карышкыр мүнөзү кандай жаныбар деген суроо менен 10 жылдан бери тайганчылык менен алектенип, ага улай карышкыр багып келе жаткан сүрөтчү жана тайганчы МАЙРАМКУЛ АСАНАЛИЕВге кайрылдык:
– Мурда Кыргызстандын аймагында арстан, жолборстор да жашап, бирок өлүп жок болушкан. Ал эми карышкырды кара, бардык жерде тукумун үзбөй жашап жатат. Мына ушундан улам ал өтө шамдагай, акылдуу жана катаал шартка чыдамкай жаныбар экенине ынансак болот.
Тайганчылыкты жаңы баштаганда карышкырды талаага чыксам эле атып алам деп ойлочумун. Көрсө, карышкырың адамдан да акылдуу экен. Досум экөөбүз тайгандарыбызды ээрчитип, карышкырга ууга чыгып, 2 жылдай темселеп олжого тунбай койдук. Кийин да бир ирет Ысык-Көлдө карышкыр көбөйдү дегенинен барып кырып келмей болдук. Бир жума издедик. Изи бар, өзү жок. Көрсө, ал тээ алыстан эле эмне болгон куш, эмне болгон ит келе жатканын көрүп, жытын алып калып, алдыңдан чыкпайт экен. Карышкыр кармай албай койгонума ичим күйдү, айла кеткенде башкалардан сатып алып бакканга туура келди. Бир карышкырды тирүүлөй 30 миң сомго сатып алам.
Кийин чоң мергенчилерден уксак, карышкырдын өзүнүн жүрө турган атайын жолдору бар экен. Эгер ал жолдон шектүү бир жытты байкап калса, экинчи ал жолун баспайт дейт. Көпчүлүк учурда малга кол салганда үркүтүп жибербей жеп бүткөнчө күтүшүп, анан артынан кууп барып атып алышат.
Карышкырды иликтесем, алар ууга чыкканда күлүктөрү жандыктарды кууп, буктурмага айдап келип берсе, бири алдын тороп берет. Ал эми алгыр, шамдагайлары жара тартып жемин табышат экен. Мага окшоп ууга чыгып алып басып жүрө бербей, пландайт экен да. Карышкырдын көктүгү да бар. Кармап алып союп жатканда бычак тийгизсең бир да кыңк этип койбойт. Мисалы, итке бычактын учун эле тийгизчи, каңшылап эсиңди оодарат.
Бир ирет Кочкордогу дос балдар бизде карышкыр күч болуп жатат дегенинен үйдөн чыгып баратсам колуктум «эгер атып калсаңар этинен ала кел» деп айтып калды. Мен барганча, Кудай жалгап, бир мергенчи көк жал карышкырды атып алыптыр. Ошол жерден боорун кууруп жедик. Ачка болгондугубузданбы, аябай даамдуу сезилди. Белинен өйдө жагын чаптырып этин үйгө алып келдим. Эти супсагыраак экен.
Колуктум төрөгөндө ырым кылып чүкөсүн да тагынып жүрдү. Балам төрөлөрдө түшүмдө Угуз деген ысым угулуп, кийин баламды атын Угуз деп атадык. Негизи үй-бүлөмдүн карышкырга байланышы барбы, билбейм, себеби Угуз кагандын колдоочусу көк жал болуптур.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg



Карышкырдын эти каргыштан сактайбы?

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(53)
SUPER.KG видео
25.08.2014. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карышкыр атып берейин ким жейт
25.08.2014. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ширк деген эмне
25.08.2014. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
josholu, Ушуга окшош нерселерге ишенүү менен Аллахка шерик кошуу.
25.08.2014. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаманизм. Бул нерсе каныбызда бар. Ишенгендер андан коп,ишенбегендер андан да коп.
25.08.2014. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баардык нерсе бир АЛЛАДАН болот да эмне карышкыр. Кудай болуп калыптырбы. КУДАЙдан башка улук эч нерсе жок. бир гана КУДАЙ билет эмнеден сактап эмне кылаарын.
SUPER.KG видео
25.08.2014. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salamatsizdarbi! men da suranat elem karishkirdin organdarin satkan balanin tel.nomerin je adresin jonotup kouunuzdardi. ozduk barakchamdan kutom. rahmat!
25.08.2014. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salamtsizdarbi! bul jigitke kantip baylaniwsa bolot? tel.nomerin je adresin menin ozduk barakchama jonotup koysonuzdar.rahmat
26.08.2014. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiya-2012, Саламатсызбы!
Тилекке каршы, мындай маалымат бере албайбыз.
25.08.2014. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана Аллага ишенуу керек.Эгер чын эле карышкыр ошондой пайдалуу болсо элдин баары байып кетпейт беле бир гана кудайга ишенуу керек.
25.08.2014. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар Кудай Таалам ширктен башкасын баарын кечирет, егер карышкырдын чукосу коргойт деп чын дилинен ишенген болсо ыймандан чыгып кетет, Бир Жараткан Кудайга ишенгиле шайтандардын созуно алданбайлы
25.08.2014. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бечара бир кудайдын жаныбарын да жайына койбойбуз.
25.08.2014. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чукосу шумдукго
26.08.2014. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
укмуштар коп еей
26.08.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жатыны эн кучтуу экен.любой кызга коз кыссан давай дейт имиш,бирок карышкыр ок жеп олуп атыпда жатынын бир жалап койот экенда , анан ал жатын действия бербей калаткен,ошондуктан мергендер жалатпай аткылачы.(элдик оозеки создон).
26.08.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaytmas, Какшыктын чегинен чыгып кетпедиңби хе хе
26.08.2014. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ширкко
26.08.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо, жон эле бир кайдагы жапайы айбанга ишенишип адамдар деле кызык... Бу жогоруда карышкыр жегендер эми аз калыптыр занын да туйуп катып алгыла. Карышкырда касиет болуп, ушундай эле адамды жыргатып жиберсе азыр дуйно жузундо карышкыр калмак эмес да, элдин баарынын жолу ачылып, дуйнолору тугол болмок.Эми ишенбеген карышкыр калды эле...
SUPER.KG видео
26.08.2014. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адыл Муратовдун номери 0708049346, 0771616053
26.08.2014. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адыл Муратовдун номери 0708049346, 0771616053
26.08.2014. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МТ
ЭЭЭ туугандар мунун баары ШИРК!!! Ар бир нерсени АЛЛАдан сурап пейил ниетибизди туура кылып журсок баары жакшы болот.
27.08.2014. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жаратканды эч ким танган жок, танган да эмес. Бирок ошол эле мезгилде элдик ишеним бар да, ал ошол эл жаралгандан бери кошо жашап, жок болуп кетпей, кайсы бир деңгээлде элге кызмат кылып да келген го. Аны сиз, биз, баарыбыз эле турмушубузда колдонуп келебиз го,аны жокко чыгарууга болбойт (жалпы эле элдик ишеним, ырым-жырымдар), менимче.
27.08.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул жакта "ширк" деген сөз көп колдонулуптур. Бул сөздүн өзү кийинки эле (5-10) жылдарда кеңири колдонула баштады, ушуну "күнөө" деп эле айтсак жакшы болмок. Айтайын дегеним, өзүбүзгө (кыргызга) таандык нерселерди ала жүргөнүбүз эле жакшы, андан чочулабай эле, ошонубуз менен башкалардан айырмаланабыз да.
27.08.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мэри, кыргызда карышкырдын жатынын жеген калк дедиргин барбы. Башка элге уят. Ширк Аллахка шерик кошуу. Кунөө шарыятка каршы иш кылуу.
Модератор admin_superstan түзөттү 27.08.2014 16:29
27.08.2014. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dadasdasd, мен жалпы эле ырым-жырымдар жөнүндө айттым, ушул тууралуу сөз болгондо эле "ширк", аны-муну деп жатып калышат.А макаланын өзүндө "жатынды жейт" деген нерсе жок, "аны жанына алып жүрөт" деп турат, сөздү бурмалабай, жакшы карасаңыз. А чындыгында бул тууралуу биринчи жолу угушум, ошентсе да кыргыздын көз карашын, салтын, ой-туюмун сыйлайм жана сыйлоого чакырам.
27.08.2014. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер чынында карышкырдын тиши колдосо карышкырды капканга түшүрбөй, адамдан ок жедирбей,өлүп калбай
карышкырды тиши өзүн колдоп албайт беле.Мусулмандын куралы бул дуба дубадан башка эч нерсе адамды сактай албайт. Мухамбет пайгамбар айткан дуба бул асмандагы жана жердеги нур деп айткан.
27.08.2014. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карышкыр коктугу жакты мага, бирок сойбой эле койбойсуздарбы, сойгонго башка нерселер деле толуп жатпайбы
28.08.2014. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карышкырдын соогун жерге чапсан сынат,же болбосо чирип жок болот , озун сактай албаган соок сени кантип сактайт, бул жон еле бир бизнес болуп калды
28.08.2014. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен эгер чын болсо
28.08.2014. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ширк эмес эле Цирк эмеспи?
28.08.2014. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карышкырдын тетиктерин сатуучулардын жарнамасы го.
29.08.2014. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzbaj, этика нормаларын сактаңыз!
30.08.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карышкырдын жатыны,ашыгы,тарамышы бар керек болсо кайрылгыла тел номер 0773053554.
SUPER.KG видео
17.10.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azmari,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
13.11.2018. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде бары нерсеси бар бирде ууга чышып атып алганбыз эти жиликтери барысы бар боорун дагы эле жебей койдум эле корсо жеш керек экен да
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: