МЕКТЕПТИН БОСОГОСУН АТТАГАНДА...

№616 22-август-28-август, 2014-ж


1-сентябрь... Бул күн ар бирибиздин өмүрүбүздө мектеп босогосун аттаганыбыз менен эсибизде калат. Толкундануу тартуулаган мындай күн биздин атактуулардын да башынан өткөн. Анда аларды да мектеп босогосун аттаган күнүн эскерүүгө чакыралы...

Бектемир Мамаюсупов, актёр:«1-КЛАССТА 2 ЖОЛУ ОКУГАМ»
– Мен 1-класска Ноокаттан бардым. 1-сентябрь күнү мектепке ким жетелеп барганын эстей албай жатам, чоң энем же эжем алып барса керек эле. 1-классты ийгиликтүү аяктап, 2-класска келгенде ата-энем мени Бишкекке өзүбүздүн үйүбүзгө алып келишти.
Анан шаарга келгенде кызыктын баары башталды. Бишкектегилер менин сүйлөө речиме түшүнүшпөйт. Биз Ошто «к» тамгасына басым жасайбыз го. А бул жакта кулагыма «г» тамгасы эле угулат. Анан окшоштуруп бардык «к» тамгасынан башталган сөздөрдү «г» менен айтып жаттым. Эсимде, бир жолу досумду «гиного барасыңбы?» деп киного чакыргам. Ошентип менин тилимди эч ким түшүнбөй, кайрадан 1-класска отургам. Анан бул жакта баары орусча десең, жактырган кыздарыма катты көпкө чейин апам жазышып жүрдү.

Алтынай Нарбаева, ырчы:«УЗУН ЧАЧЫМДАН ТАРТКЫЛАП ЧОҢ КЛАССТАГЫЛАР ЫЙЛАТЫШЧУ»
– Мектепке барарда үйдөгүлөрдүн баары мени сулуулап, чыкыйтып форма-фартукту кийгизип, анда «фабричные сандали» деген бут кийим бар болчу, ошону кийгизип жөнөтүшкөн.
Сабак башталардан 2-3 саат мурун барып дүкөндөн майда-бараттын баарын сатып алып, мектептин алдында жеп отура бермей адатым бар эле. Чачым аябай узун болгондугунан чоң класста окуган балдар-кыздар тийишип, чачымдан тарткылап ары-бери өтө беришчү. А мен ыйлаган боюнча токочумду жеп отура берчүмүн.
Анан узун чачымдан 1-класста аябай жүдөгөм. «Алтынай, эртең чачыңды жууйбуз» деген күнү маанайым жок. Апам башыма айран сүйкөп чыккыча уктап калам. Анан чачымды ороп жаткызып, 2 саат уктаган соң кайра тургузуп башымды чайкаганы эсимде.
Орус тилден кыйналганымды айтпа. «Букварь» деген китепти окуп бүткүчө эжейим апама кат жазып берет, ал окуп алып мени сабайт. Кайра апам эжейиме кат берип жиберет. Иши кылса орус тили мага азап эле.

Анжелика, ырчы:«МЕКТЕПКЕ ЖАТАМ ДЕП ЫЗЫ-ЧУУ САЛГАМ»
– Эсимде, апам мени музыкалык мектепке берем деп үй-жайдын баарын калтырып, Таластан Бишкекке Мукаш Абдраев атындагы музыкалык жатак мектебине алып келген. 30-август күнү келип атайын тандоодон өттүм. Эми 1-сентябрда келебиз десе, «кетпейм, ушул жерге жатам» деп ызы-чуу салганымды унутпайм. Мен ойлоптурмун да, азыр кетсек апам мени кайра алып келбей коёт деп. Ошондо мага мектеп ушунчалык укмуш сезилген. Эми быйыл минтип өзүмдүн кызым мектеп босогосун аттаганы турат.


Гүлнур Асанова, актриса:«МЕНИ МУГАЛИМДЕР КЛАССЫНА АЛГЫСЫ КЕЛБЕЙ...»
– Мен алгач Кербен шаарындагы Т.Үмөталиев атындагы орто мектепке даярдоочу класска баргам. Ал жерде жарым жылдай окуп, анан Таш-Көмүр шаарына кеттик. 1-сентябрда апам башыма чоң ак бантикти тагып, жалтыраган босоножкини кийгизип, анымды кайра-кайра аарчып мектепке жетелеп барган. Мен Кербенде китеп окуганды үйрөнүп алгам да. Таш-Көмүрдө болсо мени эч бир мугалим классына алгысы келбей койду. Ыйлагым келип, апам байкуш да кыйналып кетти. Бирине барсак экинчисине жөнөтөт. Анан апам «эмнеге албайсыңар?» десе бир эжеке «кызыңыз класстан класска көчпөй жүргөн турбайбы, шатыратып окуйт экен» деп жатпайбы. Анан апам «кызым даярдоочу класска барган» десе жанагы албай жаткан мугалимдер кайра мени талашып эле жатып калышкан.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

БАЛАНЫ 1-КЛАССКА ДАЯРДАЙБЫЗ

Ар бир эле үй-бүлөдө эртең мененкисин мектепке турбай ыйлап же болбосо классташтарына, мектеп тартибине көнбөй чыр салган бала болсо керек. Балдарды мектепке көндүрүү үчүн эмне кылуу керек деген сыяктуу суроолорубузга психолог, И.Арабаев атындагы КМУнун психология кафедрасынын ОКУТУУЧУСУ ЧОЛПОН РЫСПАЕВА жооп берди.

– Наристелер үйгө көнүп алышып, мектепке барарда чатак салып ыйлашат. Бул учурда кандай айла кылабыз?
– Көп үй-бүлөдө тарбия баланы кароого, башкача айтканда, убагында тамактандыруу, кийимин алмаштыруу, ойнотуу жана уктатуу менен гана чектелген. Натыйжада балдарыбыздын көптөгөн жөндөмү калыптанбай, өз алдынча ой жүгүртүүсү өнүкпөй, өзүнүн оюн түшүндүрө албай калышат.
1-сентябрда мектеп босогосун аттаган наристе башка дүйнөгө түшкөндөй болот. Ошондуктан аны чочутпай жакын адамы жанында болуп, мектептеги окуу классы, спорт зал, ашкана, китепкана, даараткана жана башка мектептин маанилүү жайлары менен тааныштырыш керек. Андан кийин бала менен чогуу класска кирип, эжейине балаңыздын мүнөзүн айтып коюу ашыкча болбойт. Бала мектепке көнгүчө аны мектепке ээрчитип келип класска отургузуп, сабагы бүткөндөн кийин эшиктин алдынан тосуп алуу керек. Ата-эне дайыма баласына күнүнө канча, кайсы сабактар болорун билип, ошого жараша кызыктыруучу оюндар менен ага үй тапшырмасын аткарууга жардам берүүсү зарыл. Балаңызга чөнтөк телефонун берип, кабарын алып турам десеңиз, ага телефонду танапис учурунда гана пайдаланууга болорун түшүндүрүп коюңуз.

– Сабакка болгон кызыгуусун кантип ойготсо болот?
– Балаңыздын кичинекей болсо да ийгилигин мактаңыз, стимул бериңиз. Өнүктүрүүчү адабияттарды окуп, оюндарды ойнотуңуз. Бала ата-энесинин мактоосуна ээ болуш үчүн өзүнүн жүрүм-турумун багыттап, убакытты туура пайдаланууга үйрөнөт. Көбүнчө биринчи класска барган балдар мугалимдин мактоосуна татыктуу болуш үчүн үлгүлүү окуучу болууга аракет жасашат. Мактоо баланын кылган ишинин туура экендигин кубаттоону билдирет. Туура пайдаланылган жактыруу балдардын демине дем кошуп, эргитип, жакшы жүрүш-турушту колдойт. Убакыт өткөн сайын бала баштаган ишин аягына чыгарууну көнүмүш адатка айлантат.
Эң негизгиси бала каалабаса, аны мажбурлоо туура эмес. Бул баланын окууга болгон кызыгуусун жок кылууга алып келет.

– Баланы эртең менен уйкусунан кантип ыйлатпай тургузабыз?
– Бул көйгөй көптөгөн мектепке жаңы барган наристелердин ата-энелерин тынчсыздандырат. Жаңы шарттарга, башка жамаатка көнүүдөн сырткары, бала күнүмдүк жаңы режимге да адаптация болушу зарыл. Эртең мененки тургузуу жай жана тынч болушу керек. Бала жакшы көргөн музыканын үнүн акырын чыгарып коюп, бөлмөнү өтө жарык кылбай, денесинен жагымдуу ушалап, урушпай, атынан чакырып ойготуу керек. Баланын күнү жакшы өтүп, ал өзүн жакшы сезүүсү үчүн эртең мененки көнүгүүлөрдү үйрөтүп койсо да болот. Бирок балам дагы уктап алсын деп аяп, тургузуу убактысын узартуунун кереги жок. Бир нече убакытка эртерээк туруп, шашпай даярданып алганы жакшы.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg



Мектептин босогосун аттаганда...

Автор: Анаркан Садыралиева
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(23)
SUPER.KG видео
23.08.2014. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аттин менин ошол бала курагым.менда озумон улуулар менен окуп алгам кыйынчылык болго албетте конбогонго арга барбы.
SUPER.KG видео
23.08.2014. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samara karimova suluulugu estestvennyi suluuluk birok ayabai kartan korunot je stili kartan korsotobu
SUPER.KG видео
23.08.2014. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
алтнай эженин окуясы жакты
SUPER.KG видео
23.08.2014. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтынай эже боорду эздиго. Эч кимдин эсинен кетпесе керек ал кундор )
SUPER.KG видео
23.08.2014. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эхх окучулук кундор... Самара Каримова 91 ж.экенда е мен 83 84деп ойлогом)))
SUPER.KG видео
23.08.2014. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошон учун тен тенибизгеле тие берели чон корунбойбуз
SUPER.KG видео
23.08.2014. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыгында Алтынай эженин окуясы кулкулуу экен)))А Самара чындыгында тиги чач жасалгасы менен чон корунуп калыптыр,озу сулуу айым, соз жок, мага сулуулугу жагат.Оз бактысы учун курошуп,улуу адамга чыгып бактылуу болсо,демек жениш Самараныкы.
SUPER.KG видео
23.08.2014. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтынай эжеее....кулкулуу экен.
SUPER.KG видео
23.08.2014. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Самараны чоон эже деп журсом, жаш кыз турбайбы.
SUPER.KG видео
24.08.2014. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гульнура аябай жасалма.
SUPER.KG видео
25.08.2014. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
гулнурдун талантына эчкимдики тен келбесе керек
SUPER.KG видео
25.08.2014. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу супер инфонун жамааты.Менин мындай сунушум бар сиздерге.Сиздер элдерден чет олкодогудой маалыматты сатып албайсыздарбы?!Сенсация,эксклюзив жанылыктар чыкмак.Мен 3 жумадан бери куутуп журом.Руслан Акундун уйлонгонун укпадыныздарбы?!Менин биринчи жанылыгым бекер болсун)))))))
SUPER.KG видео
25.08.2014. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнура нукура кыргыз кызы ,косметика колдонбосо деле сулуу
26.08.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтынай эжеке сизди сыйлайм аябай.
SUPER.KG видео
26.08.2014. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур кичинесинде эле зирек кыз болгон экен да.
Биринчи класска барганым менин да эсимде
SUPER.KG видео
26.08.2014. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
гулнур асанова азаматсын! иштеринде ар дайым ийгиликтер коштоп журсун.
26.08.2014. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Psiholog jakwy kenew beriptir.Uruwup tarbiya berunun paidasy 0!!!
SUPER.KG видео
27.08.2014. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульнурдун каштарын кыймылдатып суйлогону жакты)))
SUPER.KG видео
27.08.2014. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааайииии Самара 1991-жылкыбы ошондо?!
29.08.2014. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
психологдун суроту сонун го.)))
30.08.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бектемир Юсупов абдан жагат,бойтойгон бала да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: