АФРИКАНЫ ЭБОЛА ВИРУСУ КАПТООДО. Африкага чектеш жайгашкан Сауд Арабиясына мекендештерибиз ажылык сапарга аттанышат...

№618 05-сентябрь-11-сентябрь, 2014-ж


Батыш Африкадагы эбола вирусунун эпидемиясы бүт дүйнө элине коркунуч туудуруп турган маал. Бул материкке чектеш жайгашкан Сауд Арабиясына ажылык зыяратка 8-сентябрдан 28-сентябрга чейин Кыргызстандан 3685 жаран аттанганы турат. Дүйнөнүн төрт бурчунан мусулмандар чогулган жерде мекендештерибизде вирусту жугузуп алуу коркунучу жок деп эч ким кепилдик бере албайт.

Алгач вирус 1976-жылы Заирдеги (азыр Конго Республикасы) Эбола дарыясынын аймагында пайда болгондуктан, эбола аталып калган.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ:
1. Адамдын дене табы кыска убакыттын ичинде көтөрүлөт.
2. Адам өзүн алсыз сезет.
3. Башы, тамагы, булчуңдары ооруйт.
4. Көңүлү айланат.
5. Денеге бүртүкчөлөр чыгат.
6. Боор, бөйрөктүн иштеши бузулат.
7. Оорулуу калтырап-титирейт.
8. Ич өтөт.
9. Айрым учурларда ичтен жана сырттан кан кетүү менен коштолот.
Инкубация мезгили 2 күндөн 21 күнгө чейин.

КАНДАЙ ЖОЛ МЕНЕН ЖУГАТ?
1. Кан, шилекей, тер, жаш, какырык, оорулуу колдонгон идиш-аяк, буюм-тайым, кийим-кечек, түздөн-түз байланыш (кол алышуу, кучакташуу ж.б.) аркылуу.
2. Вирусту жуктуруп алган жаныбарлардын этин жегенде, аларды союп жатып жаракат алса, же мурда бар жаракатка оорулуу жаныбардын каны тийсе.
3. Вирус менен жабыркаган адам каза болгондо анын сөөгүн жууган адамдар, маркум менен байланышка баргандар (колун кармап же өөп).
4. Маймыл, жарганат, чиркей, кантала, кемирүүчүлөр да вирусту жугузуучу негизги каармандардын катарына кирет.

ДАРЫЛОО
Эбола вирусунун расмий түрдө ачылышына 40 жылга жакындап калганы менен, бир дагы фармакологиялык компания тарабынан ага каршы натыйжалуу дары-дармек сатыкка чыккан эмес. Вирус чакырган ооруларды айыктырат деп лицензия алган бир дагы дары-дармек жок. Ар кайсы мамлекетте түрдүү дарыларды сыноодон өткөрүп келишет. Бирок медицинада атайын аталышка ээ болуп, ооруну айыктырат деп коомчулукка жайылтыла элек.
Эбола вирусунун эпидемиясы Батыш Африканын Гвинея Республикасында 2014-жылдын февралында башталып, бүгүнкү күндө коңшу жайгашкан Либерия, Сьерра-Леоне, Конго, Мали, Нигерияга чейин жайылып отурат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматы боюнча, Батыш Африкада эболадан мерт кеткендердин саны бүгүнкү күндө (6-сентябрга карата) 2097ден ашса, 3944кө жакын адам бул вирусту жугузуп алды деп катталды. Мерт кеткендердин катарында оорулууларды дарылап жаткан врачтар да бар. Вирустун эпидемиясы жүрүп жаткан мамлекеттерде өзгөчө кырдаал жарыяланып, көптөгөн чектеш өлкөлөр чек арасын (суу, аба, кургактык) жабышты.

БИОЛОГИЯЛЫК КУРАЛБЫ ЖЕ АТАЙЫН БИЗНЕСПИ?
Буга байланыштуу ар кандай пикирлер айтылууда. Кээ бирлер «Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан кайсы бир топтордун кызыкчылыгы үчүн акча иштеп калуу максатында вирус ойлоп табылган» дешсе, дагы бири «айрымдар акча табуу үчүн атайын вирусту таратып, ага каршы дарыны кымбат баада сатууну көздөөдө» деп, айрымдар «Батыш Африка кара алтынга бай, ошол байлыкты басып алуу максатында вирусту ойлоп табышкан» деген пикирде. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эбола табигый жана бүт дүйнө эли үчүн кооптуу вирус экенин жар салды.
«Фармакологиялык компаниялар тарабынан жүргүзүлгөн эксперимент же атайын ойлонуп табылган курал» деген да пикирлер айтылууда. Бирок изилдөөчүлөр мындай ойлорго кошулбайт. Алардын ою боюнча, бирөө вирус ойлоп тапса, аны жок кылчу дарысын кошо чыгарат. Ошондой эле ал бир аймактан сыртка чыкпашы зарыл. Ал эми бул жерде дүйнө жүзүнө тарап кетүү коркунучу бар табигый вирус жөнүндө сөз болуп жатканын белгилешет.

ВУДУ ДИНИ
Батыш Африканын айрым өлкөлөрү вуду динин карманышат. Бул диндеги айрым өзгөчөлүктөр эбола вирусунун кеңири жайылышына түздөн-түз жол ачып бергендей. Мисалы, вуду дининде ак терилүү адамдар жамандык алып келет деген ишеним болгондуктан, оорулуу адамдарды «актар» иштеген бейтапканага алып барбай, өздөрү келген врачтарды кубалап жатып эбола вирусунун кеңири кулач жайышына алып келген.
Сөөктү жерге берүү каадасы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Маркумду жерге берерден мурун анын жаны чындап денесин таштап кеткенине ынануу үчүн сөөктү террасага алып чыгып коюшат. Сөөк ал жерде бир нече күндөн бир канча айга чейин турат. Мындай иштер вирустун кеңири жайылышына жол ачат.
Мүрзөлөрү көбүнчө айыл-кыштактарга жакын жайгашкан. Эгер адам оорудан каза болсо, оорусу суу менен агып кетсин деп суунун жанына көмүшөт.
«Билимсиздик, жакырчылык жана диний ырым-жырымдар эболанын жайылышына көмөк көрсөтүүдө» деп Либериянын президенти Эллен Жонсон-Серлиф айткандай, вирустун жугушуна, анын таралышына адамдар өздөрү гана күнөөлүүдөй.

Эбола вирусу тууралуу айрым суроолорубузга Саламаттыкты сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу оорулар борборунун жетекчиси НУРБОЛОТ УСЕНБАЕВ жооп берди:

– Эбола вирусу Кыргызстанга келиши мүмкүнбү?
– Эбола табигый чордондуу, вирустун резервуары бар гана аймакта болушу мүмкүн. Пандемиялык түрдө мамлекеттен мамлекетке өтүп, Кыргызстанга келүүсү мүмкүнбү деген суроого эпидемиолог адис катары жок дейт элем. 1) Бизде резервуар болчу жарганат, маймылдар жок. 2) Келемиш сыяктуу жандыктарды кармап алып куйкалап жебейбиз. 3) Вирустун таркай турган шарттары да биздин аймакка туура келбейт. Бир гана кооптуу нерсе, адамдан жугузуп алуу.

– Ошол адамдар аркылуу жугуп, таркап кетпеши үчүн кандай иш-аракеттер көрүлүүдө?
– Кыргызстанга шарттуу түрдө келип калабы деп аэропорттордо, чек ара постторунда тепловизор орнотулган. Ал штативде турат, фотоаппаратка окшогон кичинекей аппарат. Аны эч ким деле байкабайт. Эгер адамдын дене табы көтөрүлүп турса, тепловизор дароо белги берип, ал адам текшерүүгө алынат. Эл аралык маанидеги ар бир аэропорт, чек ара постторунда санитардык-карантиндик пункт бар. Атайын медициналык кызматкерлер эмгектенишет.

– Өлкөбүзгө эпидемия жүрүп жаткан кооптуу аймактардан адамдар келсечи?
– Тышкы иштер министрлигине кат жолдоп, кооптуу аймактардан адамдар биздин өлкөгө виза ача турган болсо, кайсы жерге, канча убакытка келип, качан кетерин тастыктаган маалыматтарды берүүсүн сурадык. Эпидемия жүрүп жаткан аймактан адам келсе, биз аны изоляцияга алабыз. Оорунун белгилери билине турган убакыт 2ден 21 күнгө чейин делгени менен, негизгиси 4 күндөн 1 жумага чейин билинет. Инкубациялык убакыт өткөндөн кийин оорунун белгилери байкалбаса, ал адамды коё беребиз. Эгер вирустун белгилери байкалса, анда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна кайрылабыз. Алар кайсы жакка алып баргыла десе, ошого жараша иш кылабыз.

– Батыш Африка элинин сөөк узатуу каадасы боюнча адамды суунун жээгине коюшат экен. Ал суу башкаларга оору жугузбайбы?
– Суу, аба аркылуу жукту деген расмий маалымат жок. Болсо, каза болгондордун саны бүгүнкү күндө миң эселеп көп болмок. Азыр вирустун эпидемиясы жүрүп жаткан аймактын эли кооптуу абалды түшүнүп, каза болгондорду кремация (сөөктү өрттөө) кылууга уруксат бере башташты.

– Вирус айрым бир кызыкчылыктар үчүн таратылган дегенге оюңуз...
– Атайын таратылды дегенге кошулбайм. Анткени эбола сыяктуу табигый вирустар өтө көп. Бир кезде холера, кара тумоо да канчаларды мерт кылган. Булардын баары изилдөөлөрдүн жыйынтыгында табигый вирус экени аныкталган.

– Мекендештерибиз жакында Сауд Арабияга ажылык сапарга аттанышат. Ал жерден вирусту жугузуп алуу коркунучу жаралбайбы?
– Оорулуу адам менен тыгыз байланышта болбосо эле жукпайт. Ал жерде да кооптуу кырдаалга байланыштуу алдын алуу чаралары көрүлгөн. Чек аралар жабылган, медициналык текшерүүлөр күчөтүлгөн.

Африка материгине чектеш жайгашкан Сауд Арабиясына бараткан мекендештерибизге түшүндүрүү иштери жүрүп жатабы? Бул тууралуу муфтийдин орун басары, умра бөлүмүнүн башчысы ЗАМИР РАКИЕВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Ар жума сайын ар бир кадамыбызды, учакка кандай отуруш керек, эмне тамак жеп, ким менен сүйлөшүп, ким менен байланышка чыкпаш керектигине чейин үйрөтүп жатабыз. Андан сырткары Сауд Арабиядан коопсуздук үчүн алдын ала кандай дарыларды алышыбыз керектиги тууралуу кат келген. Азыркы учурда менингит, грипп жана башка ооруларга каршы дарылануудан өтүп жатабыз. Калгандарынан эми Кудай сактасын.

Вирусту алып жүрүүчүлөрдүн сап башындагы чоң жарганат.

Эбола жуккан адамдардын 90 пайызы мерт болору айтылат.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg



Дүйнөнү дүрбөткөн Эбола вирусу

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(30)
08.09.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым озу сактасын жаман оруулардан.
08.09.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жүрөктү түшүрөт го... Башка оорулар жетишпей тургансып бул вирустун чыгып алганын. Кудай сактасын эми.
08.09.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Vaccine albaim kynoo degender, emne kylaar eken?
08.09.2014. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дарт берсе да шыпаасы менен берсин кудайым
08.09.2014. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман оруу экен жарат озу сактасын ажыга баргандар эсен аман зияртын откоруп бул орууну жуктуруп албай келсин....Кыргыз мамалекетибиз элибиз аман эле болсун бул оруудан алыс болуусун тилеймин.
08.09.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай кор мындай балээден
08.09.2014. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вирус бизге келбей калсын келсе биздин врачтар элге таркатып жиберишет
08.09.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ОЗУ сактасын дуйнодо тынчтык еле болсун
08.09.2014. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudai saktasyn myndai virustan oto korkunuchtuu eken ajyga bargandar esen aman keliwse eken. bul da biroonun biznesi bolso kerek virustu tarkatyp kaira antivirusun satyp.
08.09.2014. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада да Пусть говорятдан корсоту бир негирдин жугузуп алганын.
08.09.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай сактасын.
08.09.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа, турлуу жугуштуу оорулардын баарын окумуштуу адамдар оздору ойлоп табышып кайра ага оздору дары ойлоп табышат деген кептин чындыгы бар да.АКШ ойлоп тапса керек да дагы,бул дары-дармектер,адамдардын омуру да акыркы кундору дуйнолук кирешелуу бизнеске айланып калбадыбы.Эхх адам баласы кайда бара жатат... Эми абайлоо керек, сактансан сактайм дептир дегендей...
08.09.2014. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын!!!
08.09.2014. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
америка америка кылды
09.09.2014. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жараткан Алла таала ар бир мусулманды өзү сактасын аталган жугуштуу оорунун запкысынан !
09.09.2014. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иии ужас, журогум тушуп калды (
09.09.2014. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа, кошунан тынч болсо сен да тынч болосун, жараткан аллам озу сактай кор!!! Кудайым ооруну берсе айыгаар дарысын кошо берсин!
09.09.2014. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын!
09.09.2014. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай да сактансан сактайт!
SUPER.KG видео
09.09.2014. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын коркунучтуу орууго.
SUPER.KG видео
10.09.2014. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа.
10.09.2014. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах озу сактасын
10.09.2014. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасыыыын тфу - тфу Африкадан кайтсын кайра
11.09.2014. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аравияда бизге караганда карантин жакшы иштейт болуш керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 11.09.2014 10:26
11.09.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kitep, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
11.09.2014. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kitep, сактансан сактайм дейт. Автор ажылыкка жабышпай эле, эпидемия болуп жаткан аймакка жакын баратасынар абайлагыла, жугузуп албагыла коркунучтуу ооруну деп жатат го.
Баары сонун, укмуш дей берип не табабыз?..
11.09.2014. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кино фантазии зомби чынга айландыго аллахым озун сактай кор мусулман элин кыргызстан кыргызымды.
12.09.2014. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahym ozu saktasyn...
SUPER.KG видео
15.09.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suilop jatkan vra4 mirde oturaby?
04.10.2014. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оорунун туру да кобойуп кеттиго жылына 1оору чыгат вирусту ойлоп табылган е акча табуу максатында таратылган дегени чындыка жакындашпайт. Бир Аллах сактасын мындай жаман оорулардан момун мусулмандарды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: