«МАЙЫПТЫГЫБЫЗДАН УЛАМ БАЛАМ ЭКӨӨБҮЗДҮ АЯЛЫМ ТАШТАП КЕТТИ»

№619 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж


«Ооруга баш ийсең, сага эч ким баш ийбей, эч кимге сөзүң өтпөй, керегиң жок болуп калат экен. Бел оорумдан улам кыймылдан, алдан, бойдон, ойдон да тайдым. Мен көргөндү балдарым көрбөсүн деп тиленсем да болбоду. Жалгыз уулум мага окшоп майып болуп калды»,- дейт каарманым Нурбек Курманалиев.

«БАЛДАРЫМА БООРУМ ООРУЙТ»
Кеңсебизге 18 жаштагы Мадина аттуу кыз келип, турмуш шартын түшүндүрүп, инисине жардам керектигин айтты. Абалы менен таанышып келүү максатында Токмок шаарындагы үйүнө бардык. Үйдө Мадинанын атасы НУРБЕК мырза бар экен. «Бехтеревдин оорусу» («Бехтеревдин оорусу» же сенектик спондилоартрит – бул омуртка муунунун сезгенишинен пайда болуучу өнөкөт оору. Узак убакытка сезгениши муундардын кыймылынын бузулушуна алып келет да, жыйынтыгында омуртка тутуму кыймылсыз болуп калат) деген дартка кабылып, баласы да автокырсыктан майып болуп калганын айтып, турмушу туурасында баяндап берди:
– Бул сыноо, баарын жеңем деп балдар үчүн жашап келе жатам. Майыптыгыбыз үчүн өкмөт балам экөөбүзгө айына 4500 сом берет. Ошону үнөмдөп 2 кызым, балам төртөөбүзгө жеткиребиз. Улуу кызым жакында 18ге толот. Кафелерде иштеп эптеп бизди бакчу. Билим алып, келечеги үчүн жол түзө турган курагында турмуштун оор жүгүн көтөрүп жүргөн кызыма боорум ооруйт. Турмушка наалат айтып кетем. Келинчегим агасына 4000 доллар карыз болуп калып, азыр жашап жаткан үйүбүздү ошого сатып жибериптир. 18 жаштагы кызым аны талашып мыйзам иштери менен чуркады.

«ЦИВИЛИЗАЦИЯЛУУ ЖАШАЙМ» ДЕП БААРЫН ЖОК КЫЛДЫ»
– Мен да учурунда аябай көп киреше таптым. Кеминде жашачубуз, короого малым батпай калгандыктан, кошуналарым ичи күйүп, «сен малды уурдап келип жатасыңбы?» дешчү. Ырыскыны кээ бир адам көтөрө албай калат экен, келинчегим да көтөрө албады. «Шаарга барып, цивилизациялуу шартта жашайм» деп күндө жаңжал чыгарат. Экөөбүздүн максатыбыз такыр дал келишпей койду. Эки кызым менен уулума деп шаардан үч жер тилкесин алгам. «Акырындык менен балдар чоңойгончо үй тургузуп коём» десем такыр көнбөйт. Татар улутундагы курбусу бар эле, «балдар чоңойсо силерди карабайт, тирилик дей бербей ойноп, жыргап жашагыла да» деп келинчегимдин мээсине куюп коюптур. Жашап жаткан үйүбүз келинчегимдин наамында болчу, сатып жибериптир.
Бала кезде жыгылып белимден жаракат алган экенмин, бойдок кезде спорт менен машыгып жүрүп аны кайрадан козгоп алгам. Башында бир аз ооруп жүрдү, кийин күчөп, кыймылга келбей жатып калдым. Үйдү сатып жиберип, балдарды алып кетип калды. Мени туугандарым карап калышты. Балдарымды интернатта экен деп угуп, бирок Бишкектеги интернаттардын баарын кыдырып, таппай койдум.

«МЕН АЗ КЕЛГЕНСИП БАЛАМ ДА МАЙЫП БОЛДУ»
– Бир жылдан кийин аялым балдарды жетелеп жарашалы деп келди. Туугандар да ортого түшүп жарашкыла деп калышты. Мал-жандыктын калганын сатып үй алдык. 2007-жылы кышында оорум күчөй баштаганда көчөгө чыгарып койду.
Жазында тааныштарым «балаң ооруп жатыптыр» деп айтышты. Кабар алайын деп барсам мени көрүп «ата, мен баса албай калдым» деп ыйлап жиберди. Анда уулум 3 жашар эле, көчөдө ойноп жүргөндө артынан машина келип сүзүптүр. Балам жыгылып, бирок кайра туруп, чуркап кеткен экен. Кечинде эле буттары шишип чыгыптыр. Жамбашына кол тийгиздирбей ыйлайт. «Рентгенге түшүрүш керек, сөөктөрү талкаланып кеткен окшойт» десем аялым «сен эмнени билмек элең, өзүңдү эптеп ал» деп балага жолотпой, өзү ооруканага алып кетти. Чыдабай артынан барсам, буттарына ийне сайдырып суу алдыртыптыр. Балам түнү менен уктабай бакырып ыйлап чыгат. Келинчегимди көп күнгө бир жакка кетти дегенди угуп, баланы өзүм карадым. Рентгенге түшүрүп, текшерттирсем «Ювеналдык өнөкөт артрит» деп диагноз коюшту. Массажга алып бардым, бала ойноок болгондуктан бат басканга аракет кылат экен. Өзү басып калды. Келинчегим келип кыргызчылык кылдыртам деп бир аялга алып барган экен, ал бутун бурап коюптур. Жамбаш мууну менен кашка жилик бири-бирине түшпөй калыптыр. Мен аз келгенсип, балам да майып болду. Бир дарыгер «жолдошуң да ооруса, балаң да ооруса, бул тукум кууп жатат» дептир. Аны уккандан кийин келинчегим балдарды кайрадан интернатка берип, өзү Орусияга кетип калыптыр. Балдарымды 2009-жылы Токмоктон таап, 2010-жылдан бери менин колумда.
Балам экөөбүздүн майыптыгыбыздан улам аялым кетип калды. Жашообуздан такыр эле чыгарып салалы десек, маселе сот тарабынан чечилет экен. Биздин ишти соттор карабай жатат. Келген сайын ызы-чуу чыгарып, балдарга да асылат. Кыздарыма «сойку болгула» деген кептерди айтат. Бир эле максатым бар, кайрымдуу элден жардам болсо баламды чет өлкөгө алып барып дарылатып алсам. Басып, келечекте кыйналбай жашоосун улап кетсе бул дүйнөдөн арманым жок өтөт элем.

«АПАМДЫ КӨРГҮМ КЕЛБЕЙТ»
Нурбек мырза менен сүйлөшүп отурсак 10 жаштагы уулу АЙМАН коляска менен кирип келди. Андан «апаңдын келишин каалайсыңбы?» деп сурасак төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Апамдын келишин каалабайм. «Мага керек эмессиң, сени интернатка тапшырам» деген. Мультфильм көрүп отурсам чай ичип жаткан идиши менен себепсиз эле чаап салган. Мындай таяктарына көп кабылдык. Акыркы жолу үйдөн кетип жатканда эжемдин кышкыга деп даярдаган салат, кыям, шербеттеринин баарын алып кетти. Атам «балдардын ырыскысын калтырып кет» десе үч, төрт банкадагы кыям, салаттарды кир жууй турган дагара менен менин заара кылчу идишиме куюп кетип калган. Анын келишин каалабайбыз. Апасыз болсок да тынч жашап жатабыз.

«Батыраак сакайып, ушул велосипедди тепсем деп күндө жанына келип кыялданам».

«Чоңойгондо ким болгуң келет?» деген сурообузга «автоунаа жуучу жайда иштегим келет» деп жооп берди. Эс тарткандан баштап турмуштун оор соккусунда жашап келген Айман алдына чоң максатты коюудан да корккондой. Аймандын апасы Орусияда экен, ошондуктан аны менен байланышууга мүмкүн болбоду. Бул макаланы окуганда «катардагы эле үй-бүлө, мындай тагдырга туш болгондор канча» дегендер, «жооштук кылыптыр бул киши» деп каарманым Нурбек мырзага күнөө арткандар да кезигер. Баланын баркына жетпеген энеден, эненин баркына жетпеген баладан Кудай сактасын демекчибиз.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg



"Апамды көргүм келбейт" деген 10 жашар баланын тагдыры

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(65)
15.09.2014. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жараткан эмне мынча кыйнадын бул баланы, шыпаасын берип басып кетсинчи батыраак, тилеген тилегине жетсин буйруса, колуман келсе барбы жардамымды аябайт элем алтыным батыраак сакайышынды тилеймин, жамандык корсото корбо Жараткан!
15.09.2014. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
энесине соз жок балдардын кусуру урсун бул дуйнодон откончо балага уй-булого зар болуп отсун, жакшылык корбосун эч качан
15.09.2014. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кудайым куч кубат берсин,басып кетиниздер!
16.09.2014. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым буюрса баары жакшы болот)))))
SUPER.KG видео
16.09.2014. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым шыпаа берсин, бир сыноонун артында созсуз бир жакшылык бар.
16.09.2014. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Энеси баары бир жакшы күндү көрбөйт
16.09.2014. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйосу эмес балдарынын конулунон калыптыр балага зар болуп озу да ХХХ ХХХ ХХХ... калсын мындайларды кудай да кечирбейт. Бул дуйнодо болбосо ал дуйнодо коро турганын бар
Модератор admin_superstan түзөттү 17.09.2014 10:13
17.09.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aya89, ачууга алдырбай, этика нормаларын сактоону сунуштайм.
SUPER.KG видео
17.09.2014. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин!
SUPER.KG видео
17.09.2014. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"ырыскысын которо албай кетти"-эн туура айтылган соз. Канча келиндер куйолору жакшы коргондуктон котормолоп койсо машина алып берип,чакан бизнес ачып берип койсо ырыскысын тебе баштайт. Уйуно кеч келип уй жайды карабай менин жумуштан колум бошобойт деп.Мен акча таап атпаймынбы деп.Бир куну жазалап койот силерди жараткан!!!
17.09.2014. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озун сактай кор
17.09.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх, каяктагы бир татарканын созуно кирип, бир шарлатанга барып баласын майып кылып салыптыр, душманды алыстан издебе деген соз ордун тапты...
17.09.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал татарканын баласы карабайтда каарыганда мусулман эл ыймандуу келет эч качан таштабайт аны ошол убакта тушунбогон эне байкуш
17.09.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уффф зээнди кейитти го!!! Эне деген атка татыктуу эмес экен ал аял.Бир кун талаада калбаса эле болду озу!Дартты берген Кудай шыпаасын да берет, сабырдын тубу сары алтын дейт го!!! Коп тукурсо кол болот деп элим кол сунуп койсо!!!
17.09.2014. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгери кырк жылда келсе азыр кырк кундо таштаган Апасы коляскадан орун алат.Эгер чын кунолуу болсо.биздиАллах Таалам коруп билип турат.Баардыгы Аллахтан гана болот.
18.09.2014. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maite, туура айтасын
17.09.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балдардын убалы тиет го бул аялга
18.09.2014. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул аял озуно тозоктун торунон орун алып коюптур, астагфирАллах. Сабырдуу болгула бир тууганым, бул дуйно сыноо экен. Ар кимда Аллах ар туркун сынайт экен. Бул дуйнодо баса албасанар, ин ша Аллах бейиште чуркайсынар бир тууганым.
SUPER.KG видео
18.09.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу мусулман бир туугандар, бироонун тагдырына менин тиешем жок деп кайдыгер карабаш керек, анткени бир мусулмандын койгойу бул жалпы мусулманга тиешелуу, башкача айтканда башка мусулмандарга бул сыноо...! Ким кандай жардам берет, бул тагдырдан ким кандай тарбия алат деген маани деп ойлосок болот. Мумкунчулук болсо жардамга муктаж бир туугандарыбызга колдон келген жардамыбызды аябай комоктошсок чон соопко калабыз жана турмушта болуп жаткан корунуштор бизге чон сабак.
SUPER.KG видео
18.09.2014. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ЖАРАТКАН АЛЛАХ ТААЛАМ баарыбызга бекем ыйман-ынсап берсин! Эч ким эч качан оорубасын! Мырзаларыбыз жоопкерчилитуу, эрктуу, нарктуу, барктуу, акылдуу болушуп биз сыймыктанган Ата, омурлук жар, мырзаларыбыздын акылдуу, назик, таза, сулуу, тилибиз кыска, тушунуктуу жароокер татыктуу Эне, омурлук жубай жана кыздардан бололу! АЛЛАХЫМ жараткан баардык пенделерине эки дуйнонун бактысын насип кылсын! Омин!
SUPER.KG видео
18.09.2014. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбыздын ойлогон ой-тилегебизди ар дайым АЛЛАХ ТААЛАДАН дуа кылып, таза, корктуу, кооз, беркелуу жана ниетибиз туз болсун!
18.09.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындай окуялар коп болуп жатат ошондуктан, Уулбу кайрымдуулук деген макала ар жума сайын чыгарып турсанар жакшы болот эле. Супер инфо фонд ачып туруп, смс аркылуу акча которгонго мумкунчулук тузсонор жакшы болот .Кыргызстанда 5000000адам болсо, ошонун 1000000адам окуп 20сомдон акча которсо деле 20000000сом топтолот экен. Бул дуйнодо бир эле жолу жашайбыз, ошол бир берилген омурдо ден соолук чын,бактылуу болуп жашаганга эмне жетсин.Мындай турмуштун сыноосун качан, кантип берилери белгисиз.
18.09.2014. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kana, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
20.09.2014. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kana, туура айтасын смс аркылуу шарт болсо жакшы болоор эле
20.09.2014. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kana, Албетте андай болсо мисалы мен жок дегенде 100 сомду ошол кайрымдуулукка буруп койууга кучум жетет кудайдын жардамы менен а мендей каалагандар кыргыз элинде кудайга шугур
18.09.2014. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондуктан коп тукурсо кол болот дегендей кыргызымдын кайдыгер карабаган адамдары чыгаттыр.
18.09.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбызга аллах ыйман берсин,
18.09.2014. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта
19.09.2014. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарынын убалы урсун.Эне эмес ХХХ десе.Карачы боору таштыгын.Окуп эле видеону коро албадым,баланын акыбалын тушунуп.
Модератор admin_superstan түзөттү 19.09.2014 09:07
19.09.2014. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sherzatik, этика нормаларын сактаңыз.
19.09.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа журогу жок таш боорлор кун санап кобойуудо..Аябай окундурот,
20.09.2014. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоосун корбогондон кийин кошо жашабагандан кийин каргабай тообо кылгыла урматтуу окурмандар. Кудайым кааласа силерге да мындай тагдырды буйруп койушу мумкун андан кудайым озу сактасын так что ачууга алдырбагыла булда болсо кудайдын буйругу! Келгиле жетимдер уйуно жана майыптарга колунда жокторго жардам берип тез тез кабар алып турсак журогубуздун бетин кир баспайт Башкысы динден чыкпоо!
20.09.2014. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыкпайлы!
18.10.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх, кандай гана өкүнүчтүү. Сиздерге кудайым сабыр берсин. Кудай буюрса жакшы болуп басып кетиңиздер. Мындан кийинки жашооңузда жалаң жакшылыктар болсун.
SUPER.KG видео
16.04.2015. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2006 jyly uilonduk , 2007 balam 3 jawka 4ykty deit. tuwunbodum
Медиа-портал
05.03.2016. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдан болуп кичинекей баланыз басып кетсин!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: