57 ЖАШТАГЫ КИШИ 4 ЖАШАР КЫЗДЫ ЗОРДУКТАЙМ ДЕП КАРМАЛДЫ

№620 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж


Адамдын үрөйүн учурган окуялар күн санап катталууда. Алсак, сентябрь айынын башында 57 жаштагы киши 4 жашар кызды зордуктаганга аракет жасаса, 7 сентябрда 30 жаштагы жаран 6 жашар кызды зордуктап, экөө тең милиция кызматкерлеринин колуна түшкөн.

«БАЛМУЗДАК САТЫП БЕРЕМ ДЕП АЛДАП АЛЫП КЕТКЕН»
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине 3-сентябрь күнү Дордой-1 конушунун 30 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Көрсө, анын 4 жаштагы кызын кошунасы ээн жерге алып барып зордуктоого аракет жасап жаткан жеринен күбөлөр көрүп, кармап алышкан экен.
Бишкек шаардык Свердлов РИИБинин ага тергөөчүсү ГҮЛМИРА МУКАМБЕТОВА төмөнкүлөрдү билдирди:

– Окуя болгон жерге барып, иликтөө тобу кылмышка шектүүнү колго түшүрүштү. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, кылмышка шектүү 57 жаштагы Төлөшбек аттуу жаран 3-сентябрда, болжол менен саат 12лер чамасында Дордой-1 конушунун 4 жаштагы кичинекей тургунун балдар менен ойноп жүргөнүн көргөн. Кичинекей балдардын тобунан бөлүнүп, обочороок болуп калганда наристени «балмуздак алып берем» деп алдап дүкөнгө алып барган. Андан соң наристени зордуктоого аракет кылып жатканда кишилер көрүп калышкан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө күбөлөр жооп берип, бир нече фактыларды тастыкташты. Окуя болгон жерде шектүүгө тиешелүү калпак, балмуздактын сырты табылган.
Бул боюнча кылмышка шектүүнүн үстүнөн Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 28-беренеси (кылмыш жасоого аракет) жана 129-берененин 4-бөлүмүнүн (зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголду.
Шектүү катары кармалган жаран Дордой-1 жаңы конушунда кичүү баласынын үйүндө жашап турган. Ал үй-бүлөсү менен ажырашып кетип, балдары ар кайсы жакта чоңоюптур. Ноокен районунда жалгыз калгандыктан, жанымда болсун деп кичүү уулу Бишкекке алып келген экен. Шектүү мурда 2 ирет жол кырсыгынын болушуна себепкер болуп, экөөндө тең адам өмүрү кыйылып, анын 2 жолу соттолгондугу аныкталды. Мындан сырткары ал бул кылмышты алдын ала ойлоп, кичине кызды аңдып жүргөнүн моюнуна алды.

«ӨЗҮМДҮ ЖОГОТУП КОЮП, КИШИНИ УРУП-СОГО БЕРИПТИРМИН»
Кылмыш иши катталган Дордой-1 конушуна барып, кичинекей кыздын апасына жолуктук. Каргашалуу күндү эстеш абдан оор экенин айтып, учурда кызын психологго көрсөтүп жатканын билдирди.
– 3 балам бар. Балдарымды көзөмөлдөп, карап эле турчумун. Сыналгы, гезиттерден балдарды уурдап кетип, ички органдарын сатып жатышат дегенди угуп, дайыма балдарыма «алыс кетпегиле, тааныбаган адамдар менен сүйлөшпөгүлө, чоочун унаага түшпөгүлө өлтүрүп коюшат» деп эскертип турчумун. Бирок мындай ишке бара турган адамдар бар экени такыр оюма келбептир.
Ошол күнү кызым эшиктин алдында ойноп жаткан. Мен башымды жууй калайын деп кирип кеткем. Кайра чыгып эле таппай калдым. Кошунанын үйүнүн жанында төгүлгөн кум бар, көп балдар ошол жерде ойношчу. Ал жакка чыктым, жок. Аңгыча чоң эле кыздар чуркап келип «эже, сиздин кызыңызды зордуктаганы жатканда кармап калышты» дешти. Аны укканда дароо түшүнгөн жокмун, эсиме келгиче кошуна эже «баспайсыңбы, милиция чакыралы» деп жатты. Ошондо эсиме келип чуркап жөнөдүм. Барсам эл чогулуп, тиги кишини кармап турушуптур. Көзүмө эч нерсе көрүнгөн жок, колума кызымды алып, тиги кишини уруп-согуп, тепкилеп ыйлай бериптирмин. Аңгыча милиция кызматкерлери келип, аны алып кетишти. Бактыга жараша, кошуналар көрүп калышкан экен. Кызым аман-эсен калды. Ден соолугун текшерүүдөн өткөрүп, балдар психологуна алып барып көрсөтүп жатам. Дарыгер «окуя тууралуу унуттурууга аракет кылгыла, кийин мындай окуялардан коркпой калат. Баланы алаксытыш керек» деп жатат.

ЫЙЛАБА, ЫЙЛАСАҢ ӨЛТҮРӨМ ДЕДИ»
Апасынын алдында отурган кичине кыз кеп эмне жөнүндө болуп жатканын түшүндү окшойт. «Мага ошол киши сагыз алып берди. Анан үйдүн артына алып барып, ыйлаба, ыйласаң өлтүрөм деп коркутту» деп аралаша кетти. Баланын психикасына оорчулук алып келбейли деп, суроолорубузду андан ары узаткан жокпуз. Андан соң ЭЛМИРА аттуу айым буларды айтып берди.
– Саат 12ден өтүп калган. Кир жууп бүтүп, суусун төгөйүн деп сыртка чыксам эл топтошуп, ызы-чуу түшүп жатышыптыр. Басып барсам кичинекей кыз кыйкырып ыйлап жаткан экен. Эл бир кишини кармап алышыптыр. Эмне болгонун сурасам, ошол жердегилер уй издеп өтүп баратып камыштын арасынан кыздын ыйлаганын, анан эркек кишинин үнү чыкканын угушуптур. Барышса карыган эле киши шымын шыпырып, наристени зордуктаганга аракет жасап жаткан экен. Уккан кулагыма ишенбей туруп калдым. Мындай окуя болот деп ким ойлоптур.
Кармалган киши көзүмө жылуу учурады, көчөбүздөн ары-бери өткөндө көрүп калчумун. 60ка таяп калган киши экен. Биздин үйдөн жогору жакта баласынын үйүндө жашачу. Кичинесинен чоңуна чейин кыздарыбызды жетелеп сабакка алып барып, кайтарып эле калдык.

Төбө чачты тик тургузган бул окуяга конуштун эли айран-таң. Азык-түлүк саткан дүкөндүн сатуучусу ошол күндү эстеп, «Мен небереси экен деп ойлогом. Алгач кичине кыз шоколад жейм деген. Бирок тиги киши «шоколадга акчам жетпейт, сагыз, балмуздак алып берейин» деп балмуздакка акча берип, алып чыгып кеткен» деп билдирди.

6 ЖАШТАГЫ НАРИСТЕ ЗОРДУКТАЛДЫ
Жогорудагы кылмышка улай эле 7-сентябрда Чүй облусунун 30 жаштагы тургуну 6 жаштагы кызды зордуктаган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери АЙБЕК АРЗИМАТОВ маалымат берди.
– 11-сентябрь күнү Чүй облусунун жараны 6 жаштагы кызынын 30 жаштагы жаран тарабынан зордукталганын айтып кайрылды. Окуя 7-сентябрда болгон экен. Ошол күнү арыз ээсинин күйөөсү үйүндө жолдоштору менен чогуу спирт ичимдигин ичип, түн жарымга чейин отуруп, тарап кетишет. Алардын арасынан бирөө кайра кайтып келип, үй ээсинин аялын коркутуп, жанында уктап жаткан 6 жашар кызын уурдап качып кеткен. Анан наристени ээн жерге алып барып, уруп-сабап, зордуктаган. Кылмыш иликтөө тобу арыз түшкөн күнү эле шектүүнү колго түшүрүштү.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, кылмышка шектүү кылган кылмышын моюнуна алды. Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы да чыгып, наристенин зордукталганы аныкталды. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

4 жашар наристени зөөкүр ушул ээн жерге алып келип, чечинтип арам оюн ишке ашырууга аракет жасаган.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Эже, кызыңызды бир киши зордуктаганы жатат!"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(85)
22.09.2014. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой кудай Кыргызстанда мындай болуптуп деп качан жакшы кабар угабыз?Ар бир жанылыкты окуганда журогун оозуна кептелет.Туулган жерин болгондон кийин журогун да ооруйт экен кадимкидей:-(
22.09.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бычып эле салышса..
22.09.2014. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олум жазага гана татыктуу булар!
22.09.2014. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
6 жашар кыздын энеси кантип кызын берип жиберет артынан кошо чуркабайт беле
22.09.2014. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
наристе кызды зордуктагыча колун шымына салып журо бербейби.....!
22.09.2014. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындайлардын ички органдарын наркозсуз кесип алып, муктаж болгондорго донор катары бериш кепку.
22.09.2014. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай зоокурду уйуно алып келген ата сооройго наалат
22.09.2014. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыры заман келип калганго пайгамбар жашындагы аксакалдарыбыз ушул ишке барып атса. Дегеле педофилдер кобойуп баратат кантсек болот?
22.09.2014. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өлүм жазасын бериш керек мындайларга!Бычып койсоңда дагы бирдемени ойлоп табышат,педофилдер!Же өмүр бою түрмөдө чиритиш керек!
22.09.2014. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уффф журок ооруткан эле кабарлар!!!Коркутса эле 6жашар кызын карматып койгону кызык экен го эне соройдун!Ата соройу кайда журду? Ушу алкаштардын айынан канчалаган наристелердин тагдыры талкаланып жатат!Кун санап кобойгондон кобойду педофилдер! Же бир жогору жак конул буруп койсо! Кочого ойноткондон да коркосун уже балдарды.Элдин алдына салып бериш керек да бул акмактарды, ит аткандай кырып салса!!!
22.09.2014. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
57 жаштагы киши эмес ал оорукчан педафелия экен да
23.09.2014. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
57 жашка келип башына ошол иш келген болсо адам эмес экен.Зоопаркда чоч...дун жанына омур бою камап койгула турмо аздык кылат.
23.09.2014. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оозунан суту кете элек балапан наристеге кантип журогу даап барды экен бу как баш чалдын?! Бычыш керек!!! Жанагы "патриоттор" ушундайларды жазаласа жакшы болмок... Педофилдердин анык жузун эл да кормок, элдик-сот керек мындай айбанчылыкка...
SUPER.KG видео
23.09.2014. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча кызыктай айыл бул кочосу бир мындай адам жашай турган айылдай эмеско Кичине ондоштуруп жашашпайбы кочолорун карасанар чоптор адамдын бою менен тен болуп
23.09.2014. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо адашканбы или фотографтар адашкнбы? камыштын арасынан коруп калыптыр деп жазылган. а бирок суротто тамдын бурчу турат
23.09.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg.boys86, берки бетинде камыштар турат го. Ошо камыш менен тамдын ортосунда жаман ишин кылганы жатканда коруп калышкан тура.
23.09.2014. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болуп кетатабыз жалан эле зордукто бузукулук олтуру урдо денесин сатуу алдамчылык. Уф Мындан болок иш жокпу
24.09.2014. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Батышты,Европаны туурап аябай кутурдук го биз. Олум жазасы киргизилсинчи. Депутаттар бири-бирине сын тагып, айтышып, байлыктарын эсептеп, тарапташтарына митинг уюштуртпай ушуга окшогон койгойлуу иштерди териштирип олум жазасын мыйзамга бекитишсе жакшы болмок.
24.09.2014. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне буга окшогондорго ХХХ тугонуп калганбы,наристелердин убалына калып.Кытайга окшоп буларды турмого салып багып отурбай "ашыкча"болгон жерин кесип темир идишке чыкпай турган кылып салып мойнуна асып бериш керек.Омур бою асынып кылган ишин унутпай журмок,уяты болсо жер бетин булгабай эртерээк олуп калмак мындай мээси жоктор.2 жыл мурун бизде да 3-4 жашар озбек кызын,апасына ойнош болгон 2-3 озбек уурдап барып зор-шып,ыргытып ирген жеринен олбой калган экен бироолор коруп милиция чакырып,
Модератор admin_superstan түзөттү 24.09.2014 14:32
24.09.2014. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALBIKA, этика нормаларын сактаңыз.
24.09.2014. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыз больницага тушту,операция жасап кыздын жатынын алып салганына карабай кыз олуп калды.Тиги зордуктаган соройлор 30 жаштан ашкан бейбактар экен.Билбейм мындай адамдарды адам деп атоого тилин барбайт.буларды эн жаман соз менен атасан да аздык кылат.Омур бою жакшылык корбосун....
24.09.2014. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Педофилдерди ХХХ ХХХ . КР внесите закон о казне , а то скоро детей нормальных не останется !
Модератор admin_superstan түзөттү 24.09.2014 16:21
24.09.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aselya23, провокация жаратуудан алыс болуңуз!
24.09.2014. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо кудай
24.09.2014. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushul ishti kylaarda ozunun kyzdaryn neberelerin oilobogon myndai tash boor adamdardyn allahym jazasyn bersin
24.09.2014. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турмодо эле соонун кылып бычып коюшса. Юбка кийип чыгарып коюшса эн жакшы болмок.
25.09.2014. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тобо,кандай гана коркунучтуу,олгону калышыптыр бул кишилер......
25.09.2014. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуга окшогон бир топ кылмыштарга олум жазасын киргизиш керек, антпесе кылмышкерлер моонотун отоп чыккандан кийин деле, мурдакы кылмыштарын кайталай беришет, коп болсо конуп калган турмого кайтып барабыз да дешип.
25.09.2014. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai kudai ne degen jawoo bolup jatat.
27.09.2014. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобо кылдым, кыргыздын намысы, инсабыкайда?
27.09.2014. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай озу сактасын мындай аябандардан?
Буларга олум да аздык кылат?
28.09.2014. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tooba ne degen zaman bul.
SUPER.KG видео
16.10.2014. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jawtar owol uchun Dinden tuwunuk alyp turuw kerek, 5 maal namaz okuvasanda juma namazga baryp turgula aljerdenda jakwy sozdordu ugup jurogundo kandaidyr bir jyluuluk paida bolot, Жума намазга балдар еле емес аял затыда барса болот .
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: