БИШКЕКТЕ ДАГЫ БИР ЫМЫРКАЙ САТЫЛДЫ

№620 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж


Бишкек шаарында жаңы төрөлүп, көзүн ача элек ымыркай колдон колго өтүп, 11 500 сомго товар болуп сатылып кеткен. Бул кылмышка шектүү деп бир дарыгер кармалганы менен, азырынча ымыркайдын дайыны белгисиз.

«ЫМЫРКАЙ ТАБЫЛБАЙ ЖАТАТ»
27-август күнү жаңы төрөлгөн ымыркай жеке акушер-гинеколог тарабынан Элмира аттуу айымга 11 500 сомго сатылып кеткен. «Сатылган ымыркайдын энеси 21 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну, Бишкек шаарында ата-энеси менен бирге убактылуу жашап жүргөн»,- дейт ИИМдин маалымат кызматынын кызматкери ЭРНИС ОСМОНБАЕВ:
– 21 жаштагы кыз никесиз боюнда болуп калып, жеке медициналык клиникага барып көрүнүп жүргөн. Ал жердин акушер-гинекологу кыздын төрөө убактысы келгенде №1-төрөтканага «менин сиңдим болот» деп алып барып төрөткөн. Ымыркай менен энени төрөтканадан чыгарып кетүүдө да ошол гинекологдун салымы чоң. Ымыркайдын энесинин айтуусунда, төрөтканадан чыккандан кийин баланы жеке акушер-гинеколог алган да, ага дарыланууга деп акча (сумма тактала элек) берген. Ал эми ымыркайды 11 500 сомго Элмира аттуу айымга саткан. Учурда ымыркай кайда экени табылбай жатат. Аны издөө боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери иш алып барышууда. Наристе табылган соң бул боюнча кенен маалымат беребиз.

КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ
Окуя боюнча Свердлов райондук прокуратурасы Кылмыш жана жаза кодексинин «адам сатуу», «документтерди жасоо», «жасалма документ пайдалануу» беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөөнү Свердлов РИИБине өткөрүп берген. Ымыркайды саткан жеке акушер-гинеколог кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле. 16-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту айыпталуучунун баш коргоо чарасын караган. Сот тарабынан дарыгер оор кылмыш боюнча шектелип жатканына байланыштуу камакта кармалышы керектиги эскертилген. Бирок тергөө органдары айыпталуучу айымдын туруктуу жашаган жери болгондугун, тергөө менен кызматташууга даярдыгын жана төрт айлык наристеси бар экендигин эске алышып үй камагына чыгарып берүүсүн өтүнүшкөн. Буга байланыштуу Свердлов райондук соту тергөө органдарынын өтүнүчүн канааттандырып, кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарган.

«АЛ ЫМЫРКАЙ БИЗДЕ ТӨРӨЛГӨН ЭМЕС»
Аталган факт боюнча маалымат алуу максатында Бишкек шаарындагы №1-төрөт үйүнө бардык. Башкы дарыгерди сурасак, бири «Саламаттыкты сактоо министрлигине кетти» десе, экинчисинен «иниси каза болгон, ошого куран окутуп жүрөт» деген эки башка жооп алдык. Ал эми бул окуя боюнча төрөткана кызматкерлеринен «Ал бала бизде төрөлгөн эмес. Эмне себептен биздин төрөткананы айтып жатышканын билбейбиз» деген жооп алдык.
Мындай ымыркай сатуу өлкөбүздө биринчи жолу эле болуп жаткан жок. Буга чейин да мындай кылмыштар бир нече ирет катталган. Айтор, бул окуяда табышмактуу жагдайлар көп. 27-августта төрөлүп, 29-августта сатылган ымыркайдын апасы сентябрь айынын ортолорунда милицияга арыз жазган. Ал эми окуяга айыпталып кармалган айымдын аты-жөнү, ал иштеген жеке менчик медициналык клиниканын да аты аталбай жатат. Айыптуу кармалса да ымыркайдын ушул күнгө чейин табылбаганы таң калтырбай койбойт. Орган кызматкерлери №1-төрөтканада төрөлгөн десе, бул фактыны ал төрөт үйүнүн кызматкерлери ачык эле четке кагышууда. Наристенин табылышын күтүп, бул окуяга кийин да кайрылабыз.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg



11 500 сомго сатылган ымыркай табылды

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
19.09.2014. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай журогум ооруп чыкты.
SUPER.KG видео
20.09.2014. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сот чечими уй камагына эмес турмого жолдомо бербептир...Балдарын балдар уйуно которуп коюшса болмок. Билем, боору таш деп ойлосонор керек. Бирок бул дуйного жаны эле келген наристе аябай жалко болуп атат(((
SUPER.KG видео
20.09.2014. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бала кандай ширин 9 ай которуп кантип сатат бала деп жашайбызго озу эле багып алса болмок кеп создон уялбай эле эл айтып айтып калмак кыз бала энеге куйумдуу болот
SUPER.KG видео
20.09.2014. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келжиреп озу берип алып туштон кийин башына детип иңлеп баштаган да.
SUPER.KG видео
20.09.2014. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу эле сатып жиберген окшойт. ИИМ деле алардын суранганынан бетин ачкысы келбей жатат да. Кыздарыбыздын ар-намысы бузулду. УЯТ! Балдарыбыз дагы сойкуланып кетти.
SUPER.KG видео
20.09.2014. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай окуяны эл жузуно чыгарбаса токтобойт кылса боло берет экен деп дагы бироосу кылат да
SUPER.KG видео
20.09.2014. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол акушер-гинекологдун баласы бар экен дейт,сатаардан мурда озун коюп корбойт беле ошол эненин оордуна,жарыбаган 11500сомдун айынан баланы нары бери кыйнабай.балдары болсо эмне экен закон боюнча мойну менен тартыш керек да.
22.09.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай иш алып барышат орган кызматкерлери. Кылмышкер мандайында турат, а кылмыш толугу менен ачыла элек!
22.09.2014. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тууган кыз жиндиби эмне?мейли куйоосу жок болсо да эптеп багып кетпейт беле.баары бир билинмек да тууганы.кантип кантип берип салды оз баласын журогу жок акылы кем неме го сыягы
Модератор admin_superstan түзөттү 22.09.2014 15:25
22.09.2014. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Vrach torogon kyz menen 11500 somdu bolushpoi koigon okshoit dep oilop kaldym, Kyrgyzda nikesiz torolgon kyzdardyn tagdyry oto tataal bolot, oshonduktan bul baikush kyz ushundai jolgo barsa kerek dep oilom.
22.09.2014. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошончо убакыттан кийин эсине келиптир ээ? Баланы эми эмне кылат экен?
Эххх ушундайларга кор болгон наристелеер
23.09.2014. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп отуруп айласыздан :
"Ушундай балдар кичинекей бир кызыл этке жетпей, канчалаган жылдар наристе жытына зар болгон уй булоолордо туулуп калса кана " -деп ойлоп кеттим...
23.09.2014. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менимче акчаны бербей койгон анан арыз жазган
SUPER.KG видео
24.09.2014. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балага жетпей жургондор канча, тиги кыз жаштык кылып берип салып эми чукуштуруп атат окшойт, адашкандан кийин экинчи ирет адашпаш керек эле озу эле багыш керек! Бала кандай ширин, даже журогун болотго!
SUPER.KG видео
24.09.2014. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат сен азаматсын, жетээрине жеткизип, чындыктын баарын алып чыкканга аракет кыласын, азаматсын сендей журналистер кобураак болсун
24.09.2014. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ кыз экен.
Модератор admin_superstan түзөттү 24.09.2014 09:34
24.09.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamarik, жаргон сөздөргө тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
28.09.2014. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш наристе, куносу эмнеде? Бул дуйного жаны гана келгенде! Таштап кетсе оз энеси атасы. Булда болсо чоон адамдын катасы. Ак халаты булгаган дарыгерге олуум жазасыда кемдик кылат! Оз баласын жоготконун бир ай откондо билген эне кайдан эне намын алып журо алат. жазаага татыктуу деп эсептейм. беренелерге таянып бул эненида шектуу деп эсептейм жазага тартуу керек закондуу турдо оор жазага..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: