БИШКЕКТИН ТАШТАНДЫ ТӨГҮҮЧҮ ЖАЙЫ СЕЙИЛ БАККА АЙЛАНАБЫ?

№621 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж


Шаардын четиндеги айланма жолго жакын жерде жайы-кышы дебей түтөгөн жай бар. Бишкек шаардык таштанды таштоочу жайдын асманынан жүздөгөн куштардын айланып учуп жүргөнүн көрөсүң. Жерде болсо кийимдери чаң, таштанды чукуган адамдар.

ТАШТАНДЫЛАР КЕЛЕЧЕКТЕ ЖОК БОЛОТ
Бишкек шаардык таштанды таштоочу жайы бир нече чакырым алыстыктан эле көрүнөт. Тилекке каршы, анын жалпы аянты да акыркы жылдары кеңейип, учурда 85 гектар жерди ээлеп жатат. Тегереги тосулбаган бул жай 1978-жылдан бери иштеп келет. Аянттын ордунда мурун «Красный строитель» заводунун карьери болгон экен. Бул жайга мезгилге жараша 5 миң метр куб же 700дөн 1500 тоннага чейин таштанды ташылып келинет. Орточо эсеп менен бул жерде 25-27 миллион метр куб таштанды жатат. Аны атайын техника менен улам тегиздеп коюшат, башка эч кандай чара көрүлбөйт. «Тазалык» муниципалдык ишканасынын карамагындагы Бишкек шаардык таштанды таштоочу жайынын жетекчиси БАКАЙ СУЛАЙМАНКУЛОВ төмөнкүлөрдү айтып берди.

– Бул жерди чет өлкөлүк стандарттарга ылайык рекультивациялоо, башкача айтканда, жерлерди кайра калыбына келтирүү зарыл. Андай жерге кийин бак тиксе болот, а биз мындай эрежелерди жасабай келебиз. Себеби баягы эле каражат маселеси. Мэрия Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 22 миллион евронун 11ин насыя катары, калганын грант катары алганы жатат. План боюнча бул жерге бак тигилип, парк зонасы болот. Ушул жылдын 1-октябрынан баштап аталган банк өзүнүн каржылоосун баштаса, жаңы техникалар алынып келинип, таштандыларды иштетүүчү завод курулат. Андан түшкөн пайда кайра насыяны төлөөгө жумшалат.

Ар кайсы жерде үйүлгөн желим, айнек бөтөлкөлөр, картон, мүшөк, дегеле койчу, кереги барбы, жокпу, баары сорттолуп жыйылып турат.

БУЛ ЖАЙДА ТҮНӨП ИШТЕГЕНДЕР ДА БАР
Акыр-чикир чогултуп акча таап иштеп жүргөндөр фотоаппарат менен камераларыбыздан жашынганга аракет кылып жатышты. Эптеп бир эжени сөзгө тарттым.

– Эмне себептен мындай оокат кылып калдыңыз?
– Шаарда жумуш жок, талаада деле жумуш бүттү, анан келип иштеп жатабыз. Бир күндө 400-500 сом табам. Жашыраак балдар миң сомго чейин табышат. Мурда көп тапса болот болчу, азыр бизге жетпей эле сорттолуп келип жатат. Былтыр бир заматта эле 20 миң сом иштеп алган элем. Быйыл болсо иштей алган жокмун, балама араң 8 миң таап бердим.

– Канча балаңыз бар?
– Үч балам тең мектеп курагында, эң кичүүсү 7-класста окуйт. Өзүм мурда мектепте иштечүмүн, анан инсульт болуп, колу-бутум жакшы иштебейт. Күйөөм 5 жыл мурун каза болуп калган.

– Үйгө барып-келип иштейсизби?
– Жо-ок, кээде унаанын дөңгөлөктөрүн байлап жай жасап, тээтиги эле жерге жатып алам.
Өзүм Военно-Антоновкада турам, бүгүн үйүмө кетейин деп жаткам. Жуунуп-тазаланып алып кайра келем. Көбү бизди бул жерде иштеп жүрсөк эле селсаяк деп ойлошот. Андай эмес, баарыбыз жакшынакай эле адамдарбыз, акчасына кызыгып иштейбиз. Арабызда селсаяктар да бар, алар ушул жерге жатканга ылайыкташтырып «кепе» жасап алышкан. Кээ бирлери болсо бул таштандыларды өзүнчө эле бизнес кылып алышкан. Бөтөлкө, целлофан, картон чогултуп өткөрүшөт, бизден да сатып алышат. Жакында завод курулат деп жатышат, анысына деле көзүм жетпейт. Кайра эле Ак үй менен Көк үйдүн кулкунуна кирип кетет да. Завод курулса жаштардын баары иштемек.

– Болжол менен бул жерде канча адам иштейт?
– Көп эле. Жыл сайын көбөйгөндөн көбөйүп келе жатат. Кышында келсеңер мындан да көп болот.

Таштандынын үстүнө селсаяктар чатыр тигип алышкан.

«ӨЧПӨС ОТ» ЭЛДИ УУЛАНДЫРУУДАБЫ?
Таштандынын жанына үй куруп алган адамдар кандай жашоо өткөрүшөт, өздөрүнөн билүүнү чечтик. 2-3 үйдү каккылап көрдүк, баары сүйлөп берүүдөн баш тартышты. Биздин кийинки каарман атын атабообузду өтүнүп, төмөнкүлөрдү айтып берди:
Бул жерге көчүп келгениме бир жыл болду. Иши кылса түтөйт да бул жер, айрыкча кечинде конок келгенде уят кылат кишини. Эгер шамал бизди көздөй урса, аябай эле ыш болуп, дем ала албай кыйналабыз. Эшик, терезелерди жаап, тумчулап жатабыз. Шамал ары урса, аркы айылга залакасын тийгизет. Бул жердин айланасында 4 конуш бар, ошонун баарына зыянын келтирет. Бизди таштандынын жанында дешет, баарына эле түтүн барып жатпайбы.
Бул таштандыны жабабыз деген, бирок белгисиз. Ортодон жергиликтүү тургундар митингге чыгып, бул жакка барчу жолду буушкан. 3 күндөй таштанды жабылып, бирок кайра эле иштеп жатат.
Ден соолукка тийгизген зыяны боюнча билбейм, көрө элекмин, бирок кандай болгон күндө да ушунча таштандынын жанында жашасак билинсе керек кийинчерээк.
Үйлөрүбүздүн кызыл китептери жок, басып алганбыз, аны моюнга алыш керек. Биздин конуштун суусу жок, башка конуштардан жаман-жакшы көрүнүп ташып келебиз. Аты да белгисиз, бирөө Алтын-Казык десе, бирөөлөрү Калыс-Ордо-2 дейт. Электроэнергиябыз бар, трансформатор койдуруп алганбыз. Үйлөрүңөрдү сүрдүрөбүз деп бийлик коркутат, бирок мынча эл кайда барат? Бул жерде 400дөй түтүн бар. А тигил жактагылар болсо 150 түтүн деп элди алдап жүрүшөт.

Басып алуу менен пайда болгон конушка кайра иштеп чыгуучу завод курулмак. Эми кандай болору белгисиз.

Бишкек шаардык таштанды таштоочу жайдан болжол менен 5 метр алыстыкта үйлөр курулган.

Желим бөтөлкө кабыл алынуучу пункт.

«Быкшып күйүп турган өрттү өрт өчүрүүчүлөр менен да, «Тазалыктын» карамагындагы суу ташуучу унаалар менен да өчүргөнгө аракет кылып көрдүк. Бирок от чыгып жаткан жерге суу куйсак, кайра жалындап күйүп жатат. Эч бир айласын таппай койдук»,- дейт Бакай Сулайманкулов.

Наргиза Бекжанова
koom@super.kg



Бишкектин таштанды төгүүчү жайы сейил бакка айланабы?

Автор: Наргиза Бекжанова
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(19)
SUPER.KG видео
26.09.2014. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанкейитерлик эле турмуш,кайда барсан Мамайдын кору, куу турмуш.
SUPER.KG видео
27.09.2014. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
озумчо эле ыйлагым келип кетти ээ жаратканым жашоом жаман десем кечир. Ушул мекендештеридин жашоолорунда оной кор деп дуа кылдым. Бийликтин бетине тукурсо да аздык кылат жесир энелерибиз свалкада таштанды терип 3 уулун багып журот биздикилер Бек Борбиев Бакиевге ырдап бериптир деп каяктагы жок проблемаларга башын оорутуп журушот.
SUPER.KG видео
27.09.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биздин элдин кыйналганы мындан коп,жыргаганы андан коп.ушундай кыйын абалдан кайсы куну чыгып жакшы жашоо коруп калат экен улуу жаштагы ата-энелер.аябай окунучтуу,чынында ыйлагын келет экен.
SUPER.KG видео
27.09.2014. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо, байкуш элди неге кубалайт түшүнбөйсүң?! Байкуштар ошол жерден эптеп нанын таап жеп жатканда кубалашпай эле коюшса, же бир завод ачып ошо жакка барып иштегиле деп кубалашса жарашмак!
SUPER.KG видео
29.09.2014. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
На хрен басып атышат да анан жалуются суу жок тыйры пыйры дешип
29.09.2014. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эптеп алдап акча алып чонтокторуно болуп алышпаса эле болгону,бизде ошондой го.....
SUPER.KG видео
29.09.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол жерге акча коротуп ким үй сал дептир бул адамдарды?! Өздөрү деле ойлонушса болот да, свалканын жанында жашоого мүмкүн эмес экенин. Анан свет жок, суу жок деп өкмөткө догурунуштун кереги жок. Менин деле азырынча үйүм жок, үй-жайлуу болом деп жанталашып иштейбиз баарыбыз. Бирок мыйзамдуу, анан мыйзамсыз деген нерселерге баарыбир көңүл бөлүшүбүз керек.
29.09.2014. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар жок кылат акчаны жеп коюшат 40 жылдан бери жатыптыр эч качан карабайт
29.09.2014. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфого рахмат елдин акыбалын сурап ушул маселени которгонуно, егер сейил бак болуп калса жакшы болмок, сейил бак емес завод курулушуна да козум жетпей калды.
30.09.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх кыргызым ай кыргызым ...Сабр кылалычы биздин элда кыйналбай жашачуу кун келээр...
01.10.2014. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эс алуучу жай кылбай эле койгула. Жонгана тазалап,жыйнап жок кылып койгула ошол жетет.
01.10.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Завод курса жакшы болмок да . Айтмакчы тиги бутылкаларды не кылышат?

02.10.2014. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Murok, Желим бөтөлкөлөрдүү ээритип, кайра бөтөлкө чыгарса керек. Ал эми айнектери тазаланып кайра иштетилет окшойт.
02.10.2014. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын ниети онолмоюнча коом да онолбойт. Туугандар оюбузду туз кылайлычы,алар да аракет кылып жатышат да
04.10.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо коллективине чоон ыраазычылык билдирем!!! Ушул сыяктуу орчундуу калк койгойлорун козгоп эл алдына алып чыгып келе жатасынар рахмат!!! Дегеле силердин бар экенинер биз учун кубаныч. Ниетибизди тууралап туралычы мумкун чындап эле зовод курулса ... Чындыгында ал жер жан кейитеерлик мен коргомун бир кезде. Жарандарыбыздын ушул кейипке келгени кара курса акча табуу учун жагымсыз сасык жерлерде иштеп жатышат
04.10.2014. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондуктан урматуу форумчулар алты саныбыз аман курсагыбыз ток кийимибиз бутун иштеген ишибиз бар жылуу жумшак уйбуз уйбулобуз бар кудайга мин мертебе тобо кылып кулчулук этели. Ар кандай жаман ниет куру намыстан алыс бололу. Бири бирибизге аз болсо да сый урмат корсотойлу. Адамдар сыртта эмне гана болуп жатышат акча табуу учун а биз болсо созмор чечен копту коргон болуп бирибирибизди басынтабыз. Ар бириниздерге ыйман сый урмат жана да уйбулолук бакыт таалай каалам. Курман айт майрамыныздар м.н!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: