«МЕНИ ЗОРДУКТАДЫ, КОРГОНУУ ҮЧҮН БЫЧАК САЙДЫМ»

№622 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж


Бишкек шаарындагы №39-мектептин ашканасынын оңдоп-түзөө иштерин жасап жаткан 49 жаштагы Абды аттуу жаран өзүнө жардам берип жаткан кызды зордуктаган. Экинчи ирет айбандык ишин баштаарда жардамчы кыз аны бычак менен сайып өлтүрүп алган.

«КАРООЛЧУ ТҮРТКҮЛӨСӨМ АРАҢ ОЙГОНДУ»
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну, 22 жаштагы Кыял (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) көр оокаттын айынан 700 сомго иштейм деп зордукталып, зордукчуну өлтүрүп, эми өзү бул кылмыш үчүн жооп берип жаткан чагы. Окуя туурасында Кыялдын суракта айткан баяндоосу:
– Бишкекке иштегени келгениме 10 күн болду, Мээрим аттуу тааныш кыздын үйүндө турчумун. Иш жок болгондуктан үйдө эле жүргөм. Окуя болгон күнү Мээрим «Абды байке менен иштеп көрүңүз, мен мурда аны менен иштешкем» деди. Абды байкенин жумушуна мени менен бирге жашаган Дамира эже да жардам берип жүрчү экен. Ошол күнү кол кабыш кылам деп 500 сом алыптыр. Эже бошобой калып «менин ордума сен барып иштеп тур, 23:00гө чейин иштейсиң» деди. Мен макул болдум. Абды байке мени үйдөн алып кетти. 39-мектептин ашканасынын бир жерине тосмо кылып дубал тургузуп жаткан экен. Аны бүтүрүп, актады. Мен полдорду жууп чыктым. Саат 23:00 болгондо «мен кеттим» десем, «дагы бир аз жумуштарды бүтүрүшүп кой, 700 сом берем» деди. Аларды бүтүргөн соң кетейин деп таза кийимдеримди кийип жатсам бөлмөгө кирип келип, ичинен бекитип алып мага асыла баштады. Кыйкырсам, эч ким келбеди. Каршылык көрсөткөнгө күчүм жетпей койду, ал мени зордуктап салды. Анан дагы зордуктайын деп жатканда коркуп кетип мештин үстүндө турган бычакты алып көкүрөк тушуна сайып жибердим. Качып чыгып, кароолчуга барып жарыкты күйгүзгөнүмдө гана көзүн ачты. Ага болгон окуяны айтып, милиция менен «Тез жардамга» кабарладым. Мындай болуп кетерин билген эмесмин.

«3500 СОМГО ЭЧ КИМ ИШТЕБЕЙТ ЭКЕН»
Кароолчулук кызмат сергек адамдардын жумушу. Кыялдын айтуусунда, кароолчу болуп иштеген кишинин эки кулагы жакшы укпайт. «Кулагы укпаса кантип кароолчу болот?» деген суроо жаралып, окуя болгон мектепке бардык. Директору Мавлюда Халикова буларга токтолду:
– Абды биздин мектептин майда-барат жумуштарын кылып берчү. Мектептин ашканасын ижарага беребиз. Ал жактагы иштерге мен аралашпайм. Кароолчу боюнча айта турган болсом, ал пенсионер киши. 3500 сом айлык алат. Бул суммага кулагы жакшы угуп, көзү жакшы көрүп, жакшы баскандар иштебейт экен. Андайларын да таап келип иштеткем, бирок көп ичип, жумушун так аткарбай, кыздарды алып келип чардагандар болгондуктан кетирип салып, ушул пенсионерди иштетип жатканбыз. Бул киши жакшы укпаганы менен, бизге тийиштүү жумушун так аткарат. Кароолчу менен күзөтчүнүн айырмасы бар.

«ЖАКШЫ КИШИДЕЙ КӨРҮНГӨН»
Мектеп директорунун сөзүнөн соң ашкананы ижарага алып иштетип, маркум Абды мырзага жумуш кылдырткан МИРА айым менен байланышсак, ал төмөнкүлөрдү жооп берди:
– Мен ал ашкананы ушул жылдын 1-сентябрынан баштап иштете баштадым. Ошондо жумушка келсем, Абды байке мектептин бир эшигин оңдоп жатыптыр. Жакшы эле кишидей көрүнгөн. Биз түшкү саат 14:00дөргө чейин иштейбиз, андан кийин Абды байке оңдоп-түзөө менен алек болчу. Ишеничтүү сүйлөгөндүктөн ага ачкычты таштап кетер элем. Иштегенине үч күн болгондо мына ушундай окуя болуп жатат. Жардамчысыз жалгыз иштеп жатам деген эле.
Учурда кылмышка шектүү Кыял убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жаткан чагы. Кыялдын зордукталганы туурасындагы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккан. Коомчулукта бул тууралуу «Кызга жеңилдик берилиши керек. Ал өзүн коргоо үчүн мындай ишке барган» деген пикирлер айтылууда.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg



"Мени зордуктады, коргонуу үчүн бычак сайдым"

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(103)
07.10.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акталсын!!!
07.10.2014. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акталсын!Бечара кызды жок жерден кылмышкер кылган зоокурдун уй-булоосуно наалат!
SUPER.KG видео
07.10.2014. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
албетте акталыш керек.ушул эркектер жырткычтардан айырмасы жок болуп калдыго бычак саймак тугул орттоп салваптыр.ал эми урматтуу юристтер кызды оз жайына койгула.кыздын ордуна озунорду коюп корсонор мал сыяктуу эле баса калып зордуктап жатканын.кудайым озу сактасын
07.10.2014. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кызга кыйын болуптур. Зордукталганы аз келгенсип турмого камалса. Бошотуп жиберууго мыйзам жол бербейт. мындай окуяларды элдик сот чечсе жакшы болмок. Кандай окунучтуу. Тиги ХХХ (адам деп айтууга оозум барбайт) олугун эл алдында орттоп салса ошого окшогон зоокурлорго сабак болмок.
Модератор admin_superstan түзөттү 08.10.2014 09:51
08.10.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rus.sayk, кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
07.10.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх жашоо эмне болуп баратат (( кызга боорум ооруп жатат байкуш зордукталганы аз келгенсип дагы турмого отуруп калабы (
08.10.2014. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кайсы бир олколордо кыз зордуктаганды эл озу эле аянтка алып чыгып туруп таш баранга алышат,кыз кордолгону аз келгенсип,жапжаш,олгондун устуно комгон болуп,психикалык травмасы менен турмого салып кой,кыргызым!!!Колундан башка не келет!Кыз келининди коргой албасан,колдой албасан,тукумундун курут болгону ошо...
08.10.2014. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окурмандар 100% акталсын деп жатат, зордуктап кыйнап жатса анан туруп бериши керекпи... Эксперт соройлор суйлой берет баари бир камалат деп, керек болсо сотко чейин барып кызды акча умут кылган сот менен милициянын колунан бошотуп алуу элдин колунан келет!!!
08.10.2014. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зордукчуларга олум! кызды койбергиле!
08.10.2014. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
улуу киши болсо озунун кызындай кызга асылып бул иттикго! озун коргоо максатында ал ишке барган мумкун бул кызды тиги олтуруп койсочу ! жапжаш кыздын тагдыпын талкалады
08.10.2014. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aktalsyn!!! Emne uchun al kyz kamakta oturat?Ona je poterpevshaya!
08.10.2014. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыял озун озу коргоду акталыш керек.зоокурго соз жок чон киши болуп туруп жаш кызга асылат акыбети эмне болду жаш кыздын колунан ажал тапты
SUPER.KG видео
08.10.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bema_bema,
Этика нормаларын сактагыла! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
08.10.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр бул кыз психикалык жактан оор абалда. Ага кошумча кылып камап салгандан пайда жок!
Акчалуулар кылмыш кылса "мыйзамдын он барагын аттап кеткен" сот ишмерлери,ушул кыз учунда бир жолу "коз жумуп"койсо эмне болуптур?!
"Чымкоргондо"же,"ЛТПда" жатып чыкса бир жон. Акыл эси деле жайында экен.
08.10.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акталышы керек! Коргоном деп кокустуктан олтуруп алды жана жазадан качып кеткен жок.
08.10.2014. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акталсын
09.10.2014. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зордуктаган зоокурлорду олтуруш керек мындай кылыш к.к деп болбойсунар башка убакта,а минтип олтургондон кийн кайра озун камайсынар?
Кароче тушунуксуз Кыргызстан.
09.10.2014. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зордуктаган зоокурлорду олтуруш керек мындай кылыш к.к деп болбойсунар башка убакта,а минтип олтургондон кийн кайра озун камайсынар?
Кароче тушунуксуз Кыргызстан.
09.10.2014. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз акталсын! Качанга чейин кыздар оз укугун коргой албайт?!
09.10.2014. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз акталсын дегендерге кошулам. Ангилерге сабак болсун.Жок дегенде уй камакка чыгарышпайбы. Бул боюнча коомчулук которулсок кандай болот болду экен. Пресс-конференция кылып, кыздын акталуусун сурансак.
09.10.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канчалаган кыздар зордукталып атат,ким корогой алды.Эч ким?Тепсендиде калганча олтьуруп салганы жакшы болду.Кызындай нерсени зордуктаган зоокурго ошол олум абзел.
Озун озу коргоду ал учун акталыш керек.Шорун кургурду эми акча умутотуп,отургузуп койбосо болду.Ал кызда кайдагы акча.Жакшы адвокат таап бошотсо болсо керек.Бирок ким жардам берет?Кана эми чыгаан журналист кыздар,депутат кыздар баардык аял заты колдоп кубатасак...Кызга жолок болор чыгаан кыргызымдын жигиттери жардамга кол созор б
09.10.2014. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бекен...
Бир бечара оз намысын коргой албай,тепсендиде калып,жаны ачып жан талбаста зоокурду олтуруп салган кызга ким жардамга келет...
10.10.2014. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бошоткула!!!!!!
10.10.2014. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зордуктап атса коргонууга уруксат бербеген мыйзамга арга жоктон бач чайкайсын. Расмий турдо зордуктаганга аракет кылган кишини олтуруп салганга уруксат берген берене киргизип койсок кылмыш балким кыскармак
10.10.2014. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындап кызды зордуктаган болсо кызды бошотуу керек.
10.10.2014. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздын акталуусуна кошулам сот туура Чечим чыгарат деген умуттомун
11.10.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызды камагандын ордуна медаль беришпейби, кылмышкер кыз эмес тиги зоокур болуп атпайбы.кылгылыкты кылып изи сууй электе оз колу менен капканга тушурду деп.
11.10.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызды минтип деп силерге оной. Олду зоокур айталбай кетее берди озу жоктун гозу жок дегендей ал кишини жамандаардан алдын билиш герек чынбы калпы экспертиза бар может кыз ал гишинин акчасын алганы барып уктап калган жерден олутуруп салгандыр аны бир кудай жана кыз билет кыз ишти кылып жургон кыздыр азыркы учурда оной иш болуп калды таврды сатат пулдайт но тавар калып атпайбы озундо мындай кыз келиндер толтура го баардыгы эмес кандай болгон учурда да ким куноолу болсо кудай жазасын берсин.
11.10.2014. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде акыйкат жок. Коркунучтуу кылмышкер да, канча элдин байлыгын соргон жеп ичээр мителер да камалбай эле журушот. Эн окунучтуусу КР нын мыйзамы карапайым элге гана кучу жетет. Мен да кошулам, бул кыздын акталышын талап кылам. ЖАШТАР БАРСЫНАРБЫ!!!
12.10.2014. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мисалы, ал адам олбой тируу калганда, жаш кыздын тагдырын талкалаганы учун жазасын алат беле? жаза албайт болчу да! бул кылганы билинбей да калмак! ал байкуш кыз озунун жашоосу менен намысын сактайм деп озу байкабай олтуруп алды да... адам олтургандор, кыз зордуктагандар жиндиканадан справка алып берип коюшуп, бош эле журушот го, анча эле мыйзамдын актаганга кучу жетпесе, кыздын сыртынан срок берип, бошотушу керек! в состоянии аффекта много чего может произойти!
SUPER.KG видео
01.11.2014. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акташ керек! Эгерде камай турган болсо, Аллах сактасын дагы ушундай окуялар болуп кетсе кыздар оздорун коргоодон да коркуп калат, олтуруп алып камалып кетемби деп..
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: