Анарбек Айталиев, цирк өнөрпозу: «БҮТ ӨМҮРҮМ ЦИРКТЕ ЖҮРҮП ӨТТҮ»

№622 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж


Арабызда өмүрүн искусствого арнап калк сүймөнчүлүгүнө ээ болгон адамдар аз эмес. Өкүнүчтүүсү, алардын арасында мамлекет тарабынан бааланбай, унутта калып кеткендери да бар. Мындай артисттердин бири – цирк өнөрпозу Анарбек Айталиев. Өмүрүнүн 46 жылын циркке арнаган каарманыбыз бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекеттик циркинин имаратындагы бир бөлмөдө күн кечирип келет.

«ЦИРК ДЕП ҮЙДӨН, ОКУУДАН КАЧЫП ЖҮРГӨМ»
– Жарык дүйнөгө мына келем дегенде атамдан ажыраган экенмин. Ал 1952-жылы өпкөсү ооруп бул жашоо менен кош айтышкан. Таласта жашачубуз. Эки бир туугандын кичүүсүмүн. Анан өгөй аталуу болдук, кийинчерээк эки карындашым төрөлдү. 4 бала менен энем кыйналып, 1961-жылы Таластагы үйдү сатып, Фрунзеге көчүп келдик. Азыркыга чейин энем кичүү кызы менен Бишкекте турат. Улуу агам менен карындашым дүйнөдөн өтүп кетти. Мен өзүнчө жашайм, бирок кабарлашып турабыз.
Биринчи жолу циркти 1964-жылы көрдүм. Ал учурда цирк азыркы Тышкы иштер министрлигинин имараты турган жерде болчу. Ошондо Москвадан келген цирк өнөрпоздору «Тынчы жок жүрөктөр» деген программасы менен манежге чыгышкан. Аларды көргөн күндөн тартып бул искусствону сүйүп, максатым циркте иштөө болуп калды.
Циркке кирет элем, үйрөнөт элем деп жүрүп мектепке кыйратып барбай, үйгө да кеч барчумун. Ушундан кийин апам циркке мени өзү жетелеп барып, «албасаңар болбой калды» деп түшүндүргөн. Ошентип 14 жашымда бир дөңгөлөктүү велосипед тээп циркке аралаша баштагам. Тырышып жүрүп цирктин болгон жанрларын үйрөндүм. Бирок «сенин жашың жете элек» деп мени жумушка албай коюшту. Макул дедим да, 1972-жылы биздин цирктен кетип калдым. Москвада сынакка катышып, андан ийгиликтүү өтүп, жарым жылдан кийин Москва циркине жумушка алындым. Ал жерде 27 жыл иштедим. Менин багым бар экен, Олег Попов, Юрий Никулин, Игорь Кио, Вальтер Запашный өңдүү чоң артисттер менен иштешип калдым. Цирктин арты менен көп мамлекетти көрдүм. Австралия, Канада, АКШ, баарын санап көрсөм 56 өлкөдө болуптурмун.
Москвадагы Никулин циркинин 100 артисти менен гастролдоп жүрдүк. Чынында, ал жерде иштеп кетиш оңойго турган жок, себеби алар сенин сулуу көздөрүңдү карабайт, иште дейт. Өзүңдү туура алып жүрүшүң керек, жаман жерлериңди жаап-жашыр, элге ылайыктуу сөздөрдү сүйлө деген сыяктуу атайын окуудан өтөсүң. Маянасы жакшы болчу. Анан ар бир мамлекетте жок дегенде 3 айдан болчубуз, эгер көрсөткөн программабыз жагып калса, бизди жалдагандар келишимди дагы узартышчу.

«ҮЙ-ЖАЙЫМДЫ ТАШТАП КЕЛЕ БЕРГЕМ»
– Ошентип жүрүп москвалык орус кызга үйлөндүм. Экөөбүз 2 балалуу болдук. Балдарым менин жолумду жолдогон жок, жубайым каршы болуп койду. 10 жылдай гастролдоп жүрүп тапкан акчанын баарын чогултуп, Москвадан үй, андан тышкары бир эмес, 2-3 унаа алганбыз. Көрсө, «москвичкалар» деген ошондой болот тура, көп акча таппай калганымда жубайым «Ажырашсакпы?» деп калды. «Үй-мүлк кандай болот?» дегенде, «баары сеники, үй да сеники, балдар да сеники, бала төрөп бергениңе рахмат» деп өз ыктыярым менен баарын берип чыгып кеткем. Аялым мен калтырган үйдү сатып, жарым акчасына уулума, жарымына кызым менен өзүнө башка үй сатып алган. Азыр деле мамилебиз жакшы. Анча чыр-чатак болгон жок.
1995-жылы Бишкекке келе бердим. Кыргыз циркине жумушка кирип, 10 чакты номер чыгардым. Алардын көбүн азыр чет мамлекеттерде шакирттерим көрсөтүп жүрүшөт. Мен Орусиядан пенсия алам. Жыл сайын алардын Кыргызстандагы элчилигине барып «мен тирүүмүн, бармын» деп катталып турам.
Көп убактымды жумушта өткөрөм. Бул жерге жашоого ылайыкташтырып сыналгы, DVD, диван, тамак ысыткыч, электр чайнеги сыяктуу керектүү нерселерди алып алгам. Мага цирктин жатаканасынан бөлмө беришкен, бирок мен ал жерге көп деле барбайм. Ал жер аябай кир, дем ала албайсың, шуулдап эле унаалар өтө берет. Ошондуктан көбүнчө циркте жүрөм.

«АНАРБЕК БААЛАНБАЙ КАЛГАН АРТИСТТЕРДИН БИРИ»
Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору КУРМАНГАЗЫ ИСАНАЕВ каарманыбыз тууралуу мындай дейт:
– Анарбек Айталиевди цирктин фанаты деп айтсак болот. Себеби ал өмүрүн баштан аяк ушул искусствого арнап келе жатат. Азыр айрымдар айтышат, «Анарбек кыргыз циркинде иштеген эмес» деп. Бирок Союз учурунда бөлүнчү эмеспиз да, баарыбыз бир өлкөнүн адамдары болчубуз. Анарбекти биз кыргыз элинин цирк жаатындагы элчиси дешибиз керек. Кыргыздын атынан дүйнө жүзүн кыдырып, кыргыз деген ким, алар кандай эл, эмнеге жөндөмдүү экендигин көрсөттү. Негизи эле мамлекетти тааныткан бул искусство менен спорт болот эмеспи. Анарбек Никулин циркинде иштеген, азыр Орусиядан пенсия алат, бирок үйү жок. Союз кезинде Бүткүл союздук цирк бирикмеси кезек менен үй берчү. Анан Союз тарагандан кийин бүттү, ар кимиси ар кайсы жерде калган. Анарбек Кыргызстанга кайтып келген. Бул жактан болсо «бизде иштеген эмессиң» деп үй бербей коюшуп, минтип үйү жок жүрөт. Биз кыргыз циркин Москванын Никулин циркинин атынан болсо да дүйнө жүзүнө тааныткандыгы үчүн эмгегин баалап, жатаканадан бөлмө бөлүп бергенбиз.
Анарбектей болгон башка да артисттер көп, мына эмгеги бааланат дегенде Союз ыдырады. Андан кийинки өкмөт буларга көңүл бурган жокпу же өздөрү аркасынан чуркаган жокпу, азыр же үйү жок, же наамы жок отурушат.

Москва циркине жаңы кирген кези.

2007-жылдан бери 30дай артистти даярдап чыгарган.

Никулин циркинде иштеп жүргөндө.

«Цирктин жатаканасы аябай кир, үй-бүлөлүүлөр балдары менен жашайт, кыйкырык, иши кылса ызы-чуу».


Наргиза Бекжанова
koom@super.kg



"Артисттердин көбү циркте жашайт"

Автор: Наргиза Бекжанова
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
SUPER.KG видео
04.10.2014. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай адамдарды сыйлайм да
SUPER.KG видео
05.10.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Койгулачы ээй,уну соонун. Уну менен материалы кызыктуу сезилет. Озунордун унунорду жаздырып кайра угуп корсонор
SUPER.KG видео
06.10.2014. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызга уйлонсонуз азыр минтип жалгыз бой калбайт болчусуз,неси болсо да абдан окунучтуу.
SUPER.KG видео
06.10.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sobr_89kG, FIRDAUS,
Сайттын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрөт. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
SUPER.KG видео
06.10.2014. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан окунучтуу... Ыйлагым келип кетти. Биздин маданият министирлиги ушундай маданиятка давно эмгеги синген, баа жеткис инсандарыбызга конул бурбай эшек такалап журушобу?
08.10.2014. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyzyktuu makala boluptur!!! Rahmat!!!
08.10.2014. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии байкуш байке шумшук орус катынды кара..биздин чондорго соз деле жетпей калды айтпай деле коеюнчу ХХХ кетишсин
Модератор admin_superstan түзөттү 09.10.2014 08:59
09.10.2014. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ariet7, этика нормаларын сактаңыз!
10.10.2014. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунча жыл Москвада жашап иштесе да кыргызчаны унутпаптыр жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: