ТЕЛЕФОНДУН ЖАРЫГЫНДА ЖҮРӨККӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ

№624 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж


Ушул жылдын 11-октябрында жүрөк хирургу Калдарбек Абдраманов интернет баракчасына электр энергиясы өчүп калган учурда уюлдук телефондун, кол чырактардын жарыгы менен бейтаптын жүрөгүнө операция жасаган видео тасмасын жүктөдү. Ага кошумча: «Токтотулган жүрөккө мына ушундай экстремалдуу кырдаалда операция жасап жатабыз. Мен айта албайм, бул кылмышпы же эрдикпи? Эмне кылабыз? Жарык жок деп бейтапты калтырып коёлубу, же тобокелчиликтерди эске алып операцияны уланта берелиби? Же кезек күтүп турган жүздөгөн бейтаптарды өмүрүнөн айрылып калуу коркунучуна кабылтып операцияларды токтотуп салалыбы? Качан бизге ыңгайлуу шарттарды түзүп беришет?!» деген билдирүүсү жарыяланды.

«БИР ДА ХИРУРГГА МЕНИКИНДЕЙ АБАЛДА КАЛУУНУ КААЛАБАЙМ!»
Коомчулукту дүрбөткөн бул окуя боюнча, ошол кырдаалга кириптер болгон Түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр илимий изилдөө борборунун жетекчиси КАЛДАРБЕК АБДРАМАНОВду кепке тарттык
.

– Калдарбек агай, электр энергиясы өчүп калганына карабай жүрөккө жасалып жаткан операцияны кол чырактардын жарыгы менен улап кеткениңиз коомчулукта курч талкуу жаратты. Ошол күнкү окуяны кыскача баяндап өтсөңүз?
– Демейдегидей эле күн болчу. Жүрөккө операция жасап жатканбыз. Негизи, бизде айына бир-эки жолу суунун же электр энергиясынын өчүп калмайы бар. Ошол 8-октябрь күнү электр энергиясыз калабыз деп ойлобоптурмун. Мурда да жарык өчүп, бирок 5-10 мүнөткө жетпей кайра жанган учурлар болгон, андайда атайын аппараттар бир аз убакытка чейин иштеп турчу. Бул жолу аябай эле созулуп кетти. Бейтаптын жүрөгү токтотулган абалда эле, мындайда кан жүгүртүп туруучу аппарат иштеп турат. Электр энергиясы жокто ал аппаратты кол менен иштетип жаттык. 26 мүнөттөн кийин электр энергиясы берилди.

– Бейтапты аман-эсен алып калгандыгыңыз алкоого арзыйт. Бирок операция өкүнүчтүү аяктап калганда эмне болмок?
– Хирург, айрыкча жүрөк хирургу үчүн бейтапты операциядан аман-эсен алып чыгуу маанилүү. Жүрөккө операция жасоодо абдан кылдат болуш керек. Мен негизги жоопкерчилигимди сездим. Бейтапка аман-эсен операция жасап, анын өмүрүн сактасам экен дедим. Силер кыйыткан юридикалык жоопкерчилик негизги жоопкерчилигимден кийин турат. 

– Сиз башкарган борбордогу электр энергия маселесин чечип берүүгө далалат кылгандар чыктыбы?
– Ооба. Интернеттен көрүп алып чет мамлекеттик бир нече ишкерлер жардам беребиз деп жатышат. Латвиялык бир ишкер генератор алып берүүгө даяр экендигин айтты. Кыргыз жигиттери да жардам бере тургандыгын билдиришти. Көбүнчө мага моралдык жактан колдоо көрсөтүп жатышат. Бул да жакшы.

– Айрым кесиптештериңиз жарык өчүп калганда жүрөккө операция жасоо мүмкүн эмес деп жатышат...
– Эми эмне дейм!? Ошол эле мен сыйлаган Эрнст Акрамов баш болгон хирургдар ошондой ойлорду айтып жатышат. Алар биздин ишибиздеги бардык жагдайларды билишет. Жеке мен өзүм кабылган кырдаалды бир да хирургга каалабайт элем. Мени «ушундай жол менен атын чыгаргысы келген» дешти. Мындай жол менен кантип өзүн-өзү жарнамалоого болсун? Адамдар эмне болуп баратабыз?

– Бейтаптын абалы учурда кандай?
– Абалы жакшы. Өзү басып, өзү тамак жеп калды. Жакында үйүнө чыгат.

БАШКА КАРДИОХИРУРГДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Түрдүү ойлорго түрткөн бул окуя боюнча Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий изилдөө институтунун кардиохирургу САМУДИН ШАБЫРАЛИЕВге кайрылганыбызда төмөндөгүдөй оюн билдирди:
– Бейтапка операция жасоодон мурун анын коопсуздугун дарыгер камсыздап бериш керек. Биз Германия же Америка эмеспиз, Кыргызстанда баары болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан альтернативдүү жол катары генераторлорду колдонобуз. Менин практикамда деле мындай кырдаалдар орун алган, бирок электр энергиясы  өчкөндө генератор иштеп баштаган. Шарт болбосо бейтаптын өмүрүн коркунучка салуунун эмне кереги бар?!

Буга катар эле өлкөбүздүн алдыңкы хирургдарынын бири Эрнст Акрамов маалымат каражаттарына КАЛДАРБЕК АБДРАМАНОВ жүктөгөн видео боюнча мындайча оюн билдирген:
– Мындай операцияны жарыксыз жасоого болбойт. Жүрөккө операцияны жасоо үчүн жапжарык болуп турушу керек. Бул деген жараат тигүү эмес да. Балким, ушинтип өздөрүн жарнамалоо аракетин көрүп жатышаттыр? Жеке мен жарыгы жок операция жасалганын тажрыйбамда көргөн да, уккан да эмесмин.

ООРУКАНАНЫ ЖАРЫКСЫЗ КАЛТЫРГАН ИШКАНА «КҮНӨӨЛҮҮ ЭМЕСПИЗ» ДЕЙТ
Оорукана жайгашкан аймакты электр энергиясы менен камсыздаган «Жалал-Абад электр» ишканасы төмөндөкүдөй билдирүү таратты.
«8-октябрь күнү аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу авариялык абалда Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймагы боюнча жүрөк-кан тамыр хирургиясынын илимий борборунда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап, 21 мүнөт ичинде калыбына келтирилген. Аталган борбор Облустук кан тапшыруу борборунун 3-кабатында жайгашкан. Ал имарат «Жалал-Абад электр» ишканасынын балансында турган трансформатордон калк менен кошо электр энергиясын алат. Ошондуктан бул борбор керектөөчүлөрдүн 1-категориясына кирбейт. Буга чейин бир нече жолу аталган борборго «Жалал-Абад электр» ишканасы тарабынан кат аркылуу электр энергия үзгүлтүккө учурабашы үчүн 1-категориянын талаптарына ылайык чараларды аткаруу жөнүндө билдирүү берилген. Ошондуктан катта эскертилгендей, кандайдыр бир авариялык өчүрүү орун алса, борбордун ишине терс таасирин тийгизсе, ага «Жалал-Абад электр» ишканасы жооптуу эмес»,- деп айтылган.

Гезит басууга кетерде бейтаптын апасы Жумагүл Турдалиева байланышып, бизге «Мен үчүн Калдарбек агай баатыр. Эч ким жарык өчүп калат деп күткөн эмес. Кызымды аман алып калганына өмүр бою ыраазы болуп өтөм. Абалы азыр жакшы, кызым бутуна туруп калды» деп билдирди.
Бул окуядан кийин коомчулук дагы бир жолу Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Энергетика жана өнөр жай министрлигинин ишинде шалаакылык бар экендигине ынанды. «Өрттөн кийин» актануу кеч. Адам өмүрү баарынан кымбат, андыктан мындай тобокелчилик кайталанбашы үчүн адамдын өмүрү тараза ташына коюлган ооруканаларда жарык өчүрүлбөшү же генераторлор менен камсыз болушу шарт.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg



Кол чырак менен жүрөккө операция жасаган хирург

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  29 
Комментарийлер(77)
SUPER.KG видео
21.10.2014. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан жакшы адамгерчиликтуу киши экен, омурлуу болсун
SUPER.KG видео
22.10.2014. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай тушунуктуу билимдуу экени корунуп турат. ырчылардын балалыгымда ой мен деген интервьюсунан чарчап калган жаным эс алып кордум. Ишинизге ийгилик байке бар болунуз.
22.10.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи эле адам омурун сактап калыптыр кантип болсо да. эгер сактай албай калганда таза жамандап чыксанар керек. мактоого гана татыктук. себепкер болуш да кыйын озу.
SUPER.KG видео
22.10.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин бийликтегилердин уяты деле жок. Жоопко тартылышы керек дегени кандай? Свет очту болду деп кол куушуруп отуруп калыш керекпи.
22.10.2014. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз,ылайым кооп жашаныз,кыргыз элине кызматынызды аябаныз!!!...сиз врач эле эмес,соз чебери дагы турбайсызбы,билимидуу адам байкалып эле калат,ирээти менен жакшы тушундуруп берипсиз,жетпей жаткан адамдарга....ИНИНИЗГЕ ЧООН ЧООН ИЙГИЛИК АГАЙ!!!
22.10.2014. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик коро албастар ар нерсе дей берет
22.10.2014. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mir_aida, biz kyrgyzdar jon gana bir biribizdi koro albaibyz.Ech kandai ozbekterdin tieshesi jok ele... Bul jaman sapat erkekteribitde dagy, aiyaldarybazda dagy bar!
Koro albagan adam ech kachan jakshy oiun aitpait...., aitsa dagy ooz uchunan kybyratyp koiot.Abdan okunuchtuu!Koro albastyktyn aiynan yntymaktuu emespiz.
23.10.2014. 04:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Светтин койгойу ай...
23.10.2014. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгиликтуу болгону учун таратканда бул видеону,канчалаган операциялар врачтардын куноолору менен ийгиликсиз болуп, адамдар олуп кетип атат адай окуяларын жан талаша жаап жашырып куноону больнойго койуп кутулуп кетишет
23.10.2014. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгиликтуу болгону учун таратканда бул видеону,канчалаган операциялар врачтардын куноолору менен ийгиликсиз болуп, адамдар олуп кетип атат адай окуяларын жан талаша жаап жашырып куноону больнойго койуп кутулуп кетишет
23.10.2014. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгиликтуу болгону учун таратканда бул видеону,канчалаган операциялар врачтардын куноолору менен ийгиликсиз болуп, адамдар олуп кетип атат адай окуяларын жан талаша жаап жашырып куноону больнойго койуп кутулуп кетишет
23.10.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгиликтуу болгону учун таратканда бул видеону,канчалаган операциялар врачтардын куноолору менен ийгиликсиз болуп, адамдар олуп кетип атат адай окуяларын жан талаша жаап жашырып куноону больнойго койуп кутулуп кетишет
23.10.2014. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калдарбек Абдраманов азаматсыз ишинизге иийгилик. Окмот шар тузуп бериш керек негизи,ушундай маселелерди чечпей эмне кылып олтурушат ошончо жылдан бери тушунуксуз.
SUPER.KG видео
23.10.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омурунузду берсин кудайым алла ыразы болсун
23.10.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жомок. Акчасын алгандан айдын жарыгы болсо да керек.
23.10.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жомок. Акчасын алгандан кийин, Айдын жарыгы болсо да жасаш керек.
24.10.2014. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vassabi, ))))
SUPER.KG видео
23.10.2014. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга
24.10.2014. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убалына калгырлар, ушул окмот жаман элди кыйнады го. Элди карабаса эшек такалап отурушабы креслолорунда. Уят болду фонарик менен операция жасап, олгону калган экенбиз эми... ((
SUPER.KG видео
24.10.2014. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omurunuz uzun bolup koptogon adamdarga jardam berip juro beriniz. Men bul tuuraluu Shvesianyn "Metro" degen gezitinen okudum birinchi jolu anan saittan ugup jatam. Kolunuzech kachan dart korbosun. Bizdin vrachtar gana ushundai kyrdaaldan chygyp kete alyshat.
SUPER.KG видео
24.10.2014. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурунуз узун болсун,менин аяш атамго.
24.10.2014. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калдарбек Абдырахманов менин аяш атам болот да.Тажрыйбалуу хирург,Профессор.Тьфууу коз тийбесин,коро албастардын колунан этият болуу керек эми,айттыго интервюсунда,коллегалар каршы болтат деп кызматынан бошотконун...Мындай кучтуу врачты
24.10.2014. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай кучтуу врачка жардам беруунун ордуна жоопко тартыш керек дешкенин..коро албас душмандары олтуруп койбосо эле эми,Кудай сактайгор,омурунуз узун болсун.Эл сынчы-эл тараза.Эл билет сизди.Элдин алкышына татып журо бериниз.
SUPER.KG видео
24.10.2014. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят эле ушу озубуздон чыккан электр озубузго да жетпейт.
SUPER.KG видео
26.10.2014. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чондор чалкалашып бир жанына 10 машина ээрчитпей,ушуга окшогон мекемелерге генератор алып берип койушса болот кичине тамактарын тыйып.анан отуруп алышып дагы врачтын шалакылыгы дешет.кудайга шугур аман алып калыптыр деп мактаганга оозунар барбайт.
26.10.2014. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар
26.10.2014. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ыраазы болсун! Илиминизге, адамдык сапатынызга, орулууга кылган кызматынызга таазим кылам! Коралбас ичи тарларды кудай озу кечирсин. Биздин чинуштарга ынсап-ыйман берсин! Эл учун иштеген азаматар бар болушсун иштериниздерге ийгилик каалайм!!! Калдарбек Абдрамановко ДАНК!!!
26.10.2014. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul vrach erdik kylsa koralbastar ozuno piar jasap jatat deit tooba kyldym.emne ozuno piar jasash uchun atailap svetti ochurup kouip operasiya jasadyvy?Azamatsyz bul erdik dep esepteim
28.10.2014. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай болгон кундо да операция ийгиликтуу аяктап, бейтап аман калыптыр, калганын мезгил корсотот го
04.11.2014. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сизге рахмат Кыргыз элиме бул ыр саптарын узатамын
Омур ото очуп жанган шам менен,
онорлууго озгочо бир шан менен.
Омурлошум замандашым бар болгону
Отот омур карангы тун тан менен.
Жаратканым омур берет пендесине,
жалган жашоо кайра катып келбешинде.
Жарчы болуп келгеним жок бул жашоого
Жалган жашты таразалап тендешинде. Алайдан Идирисов Акылбек
19.11.2014. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы агай ден соолукта болунуз сиз оз бурчунузду жогорку денгээлде аткарыптырсыз ит уро берет кербен журо берет
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: