ЭКУ – ЖАСАЛМА БОЙГО БҮТҮРҮҮ ЖЕ ПРОБИРКАДА ЖАРАЛГАН БАЛДАР

№626 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж


Статистикага таянсак, учурда Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн 15 пайызы өз алдынча балалуу болууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Бирок медицина аларды баласыз калтырууга жеткирбей, жасалма бойго бүтүрүү ыкмасын сунуштайт. Бул жаатта иштеп келе жаткан Бишкектеги "Профессор Асымбекованын клиникасынын" жетекчиси ГҮЛНАРА АСЫМБЕКОВА баяндайт.

ЭКУ – БАЛАЛУУ БОЛО АЛБАЙ ЖҮРГӨНДӨР ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮК
Жасалма бойго бүтүрүү медицинада экстракорпоралдык уруктандыруу (ЭКО – экстракорпоральное оплодотворение) деп аталат. Латынчадан "extra" – "сырткары", "сorpus" – "дене" деп которулат. Мында бойго бүтүрүү аялдын денесинен сырткары жүрөт, эркектин уруктугу (сперматозоид) менен аялдын уруктугунун «жолугушуусу» пробиркада өтөт. Ушундан улам пробиркада жаралган балдар деген аталыш калган.
ЭКУ – балалуу боло албай жүргөндөр үчүн чоң мүмкүнчүлүк жана бул ыкманын арты менен туулган балдар табигый жол менен бойго бүтүп, төрөлгөн балдардан эч айырмаланбайт. Кийин турмуш куруп, кадимкидей балалуу боло алышат.

КИМДЕР КОЛДОНСО БОЛОТ?
Аялдарда: жатын түтүкчөлөрү сезгенүүдөн улам урук клеткалары өтпөй калганда, жатын түтүкчөлөрү алынып салынса, гормоналдык бузулуудан улам бойго бүтпөгөндө жана башка учурларда. Бирок башкы талап аялдын жатыны соо, кемтиги жок болушу шарт. Жашы 45ке чейинкилерге сунушталат.
Эркектерде: урук клеткаларынын кыймылы аз болсо, варикоцеле оорусунда (жумурткалыктагы венанын кеңейип кетиши), крипторхиз оорусунда (жумуртканын урук баштыкчасына түшпөй калышы) жана башкада.

АЛГАЧКЫ ЭТАП – ТЕКШЕРИЛҮҮДӨН ӨТҮҮ
Жубайлар алгач маектешүүдөн, анан текшерүүдөн өтүшөт. Экөө тең ВИЧ, сарык, жыныстык ооруларынын бар же жок экендигине анализ тапшырышат. Заара жана жалпы кан анализи, кандын биохимиялык анализи (мисалы, белок, кандагы канттын өлчөмү) жана башкалар керектелет. Аялына гана тиешелүү текшерүүлөр: гормондорго анализ, эмчегинин жана жыныстык органдарынын УЗИси.
Күйөөсүнө гана тиешелүүлөр: уруктугунун кыймылдуулугуна анализ (спермограмма), флюорография жана башкалар. Анан негизги этапка кадам коюлат.

УРУК КЛЕТКАСЫН АЛУУГА АЯЛДЫ ДАЯРДОО
Аял этек кири келе баштагандан экинчи күнү клиникага чакырылып, УЗИден эн бездеринин абалы (яичники) текшерилет. Негизи, этек кир келгенден баштап 13-14 күн дегенде аялдын эн безинен табигый түрдө өсүп жетилген 1 гана урук клеткасы бөлүнүп чыгат. Ал эми ЭКУ үчүн жок дегенде андай клеткалардын 7-8и керектелет (урук клеткалардын ичинде уруктанууга жөндөмү жоктор болот. Андыктан запас болушу кажет). Ушул себептүү аялдын эн бези текшерилгенден кийин эн безине гормоналдык суюк дары сайылат. Ал дарынын натыйжасынан урук клеткаларын 7-8ге чейин алууга болот. Аял ал дарыны үйүндө да 9-10 күн киндик алдына сайып турат. Эгер корксо, анда клиникага келип алып турса болот.

ЖУБАЙЛАРДЫН УРУКТУГУН АЛУУ
9-10 күн өткөн соң аялдын урук клеткалары өсүп жетилет. Клиникага аялы менен күйөөсү экөө тең чакырылат. Аялга жалпы наркоз берилип, эн безиндеги жетилген урук клеткалары атайын шприц менен сордурулуп алынат.
Бул кезде күйөөсү башка бөлмөдө өзүнүн уруктугун атайын контейнерге чогултат. Эгер эркек уруктугун өз алдынча чогулта албаса, анда врачтар ага жалпы наркоз беришип, уруктугун шприц аркылуу жумурткалыгынан сордуруп алышат.

УРУКТАРДЫ КОШУУ ЖАНА ЖАТЫНГА ЖАЙГАШТЫРУУ
Эми аялдын жана эркектин уруктугу ичинде атайын суюктугу бар пробиркага салынат. Уруктанган клеткалардан түйүлдүктөр жаралат. Түйүлдүктөр инкубатордо кармалып, аларга 3 же 5 күн болгондон кийин түйүлдүктүн үчөөсү аялдын жатынына катетер менен жайгаштырылат. Алар жатынга жабышып, андан ары жашап кетиши зарыл. Кокус алардын экөөсү жашабай бири калса, 9 айдан кийин бир бала туулат. Кокус экөөсү жашап кетсе, эгиздер төрөлөт. Кээде бири да жашап кетпей, бойдо бүтүү күтүлбөйт. Мындайда аял кайра 1-2 айдан кийин ЭКУнун жардамына кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар. Кээде экинчи же алтынчы жолку аракеттен бойго бүтүшү да мүмкүн. Булардын баары аялдын ден соолугуна, организминин жеке өзгөчөлүгүнө байланыштуу.
Негизи, жатынга 3төн көп түйүлдүк жайгаштырса болот, бирок баары жашап кетсе, анчаны аялдын көтөрүшү кыйын. Андыктан бизде 3өө жайгаштырылат.
Айтып кетчү нерсе, жубайлар артып калган түйүлдүктөрдү кийин балалуу болуу үчүн клиникада 1-2 жылга сактатып коюшса же башкаларга колдонууга уруксат беришсе болот. Мисалы, күйөөсү каза тапкан айым аны колдонуп, балалуу болсо жаманбы?!

БОЙГО БҮТКӨНДҮ ТЕКШЕРҮҮ, ТӨРӨТ
Арадан 10 күн өткөндө аялдан канга анализ алынып, боюна бүткөнү же бүтпөгөнү аныкталат. Бойго бүтсө анда аял демейдегидей эле жашоо кечирип, убагында врачтарга көрүнүп, кеңеш алып турат. Анан кадимки жол менен төрөтүлөт. ЭКУ ыкмасы менен төрөө акысы дары-дармектерден тышкары 5 миң долларды түзөт.
Туулган бала 18 жашка чейин клиникада каттоого коюлуп, врачтардын көзөмөлүндө болот.

ЖАСАЛМА БОЙГО БҮТҮРҮҮГӨ ДИН КАНДАЙ КАРАЙТ?
Бул суроо менен биз дин аалымы ЧУБАК ЖАЛИЛОВГО кайрылдык.
– Эгерде никеде турган жубайлар табигый жол менен балалуу боло алышпаса жана ошол себептен ажырашып кетүү коркунучу жаралса, анда алар жасалма бойго бүтүрүү ыкмасын колдонушса болот. Буга шарият жол берет. Анткени бала өздөрүнүн уруктугунан жаралат жана өз энесинин жатынында чоңоёт.
Ал эми күйөөсү жок аялдарга донор түйүлдүктү колдонуп, балалуу болуусуна шарият жол бербейт.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg



Жасалма бойго бүтүрүү Кыргызстанда

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(52)
03.11.2014. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактай кор! Жараткандын керемети менен эле балалуу болсун ар пенде.
04.11.2014. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Kudai sakta ushundai nerseni da oilop tabyshtyby birinchi jolu ugushum. Oo kudai oz erki menen ele bere kor pendene
04.11.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5000 дарысы башка толонот-канча общий?
04.11.2014. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде уул же кыз керек болсо кандай жолу болот
04.11.2014. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай озу сактасын.пенделерине бала беришти унутба.андыктан озубузду жакшы карап кудайга сыйыналы баары жакшы болот.
04.11.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым бардык пенделерине бала жытын жыттоого насип этсин.
04.11.2014. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин коллегам 10 жыл торой албай,бул ыкма менен 3 эгиз кыз аман эсен тороп алган,Алматыдан жасаткан!дагы бир тааныш аял 8 операция откоргон, баардык врачтар бала багып ал дегенинен, ЭКУ ну 4 жолу жасатып, 4 жолкусунан кийин аман эсен 38 жашында кыз тороп алды,Асымбекова аркылуу.
04.11.2014. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АА баса,акчасын кайтарып беришпейт,гарантия 100 % эмес, 40 %. Суицид жонундо калп, кесарево жонундо да ушул божомолдорду айтууда,далили жок создор!
05.11.2014. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото эле кымбат анча акча табыш кыйын .окунучтуу
05.11.2014. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Базар жок жакшы экен. Мен да балалу боло албай келем 3 жылдан бери менин да балам мендей болуп бала кутушун каалабайт элем.
05.11.2014. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
торогондон кийин, башка биронунун спермасынан жаралган бала болуп калса, клиника жооп береби, элестетсенер орустун спермасын куюп койсо,
05.11.2014. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ен жакшы кенеш берипсинер чоон рахмат демек жолдошум екобуз балалуу боло алат екнбиз да е телефон номерин бергилечи отунуч?
06.11.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhanarbek80, Саламатсызбы!
Төмөн жакта "ЭКО в Кыргызстане" деген жарнамалык модуль турат (жашыл түстө). Ошондон маалымат ала аласыз.
05.11.2014. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ууужас окуп алып коркуп кеттим тообо кылдым
05.11.2014. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1инчисин ушундай жол м-н. 2инчиси озу эле болду. Эжем ошондой тороду. Бир жакшына балдары.
06.11.2014. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы супер инфо эконун дарегин бере аласыздарбы кантип байланышсам болот
06.11.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alihs9999, Саламатсызбы!
Төмөн жакта "ЭКО в Кыргызстане" деген жарнамалык модуль турат (жашыл түстө). Ошондон маалымат ала аласыз.
06.11.2014. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жакшы
06.11.2014. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок ото кымбат экен 5мин доллар чон акча
06.11.2014. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tilek88.88kg, балалуу боло албагандар учун 5000$ кеп эмес...
06.11.2014. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Менин оюмча кудай бала бергиси келбесе,ага каршы чыкпоо керек. Ушул жол менен торолгон балдардын кобу чындыгында оорулу,слабый болоорун коп эле жолу уктум. Ар бир наристени кудай озу жаратканы он,биз кудайдан кыйын болбошубуз керек.
07.11.2014. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул нерсени туура караш керек ,балалуу болоалбагандарга жакшы шанс .биздин врачтар да ушул нерсени жасап жатканы суйундурду,чынында балалуу болоалбаган уйбулолор коп .Эчкандай коркунуч жок болсо керек Европада бул нерсе эчак онуккон жакшына эле балдар торолуп жатпайбы .Алматадагы клиникадан канча кыргыздар жасатып тороп жатышат .
09.11.2014. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окунучтуу 5000$ ЧОН АКЧА
SUPER.KG видео
15.11.2014. 04:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
москвада эко бесплатного. Алдап жаткан болсом кеирим сурайм бирок боюмда барында потологияда жатканда окуган элем.Биздин бир туугандардын кызы эко аркылуу туулган помпойгон ата энесинин копясы.
SUPER.KG видео
15.11.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Суйлогону жаманго!!! Коргун келбейт(((
SUPER.KG видео
15.11.2014. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы эле экен уну, коро албастыктын да эби болот да.
SUPER.KG видео
15.11.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шарттарын угуп эле коркуп кеттим. Кудайым табигый жол менен берээрин унутпасын баарыбызга
SUPER.KG видео
17.11.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sarabanda,
Эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек!
SUPER.KG видео
17.11.2014. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эле экен
SUPER.KG видео
30.11.2014. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллахым табигый жол менен эле берсин айла жоктун иши да
30.11.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам ушул макаладагы айтыган жердин дарегин жазып жонотсонуз супер-инфо
13.04.2018. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото эле кымбат экен
13.04.2018. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дары дармеги 2500 долл экен ошондо дары дармектен тышкары 5000 болгондо 7500 долл
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: