БИШКЕКТЕГИ ЭҢ САРКЕЧ АКСАКАЛ

№626 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж


Жашы улгайса да өзүнүн кийинүү стили менен өзгөчөлөнгөн бүгүнкү каарманыма көчөдөн көргөн адамдын көзү сөзсүз токтойт. Акыркы убактарда Бишкекте эч кандай сахнага чыкпай, тасмага тартылбай, подиумда баспай эле атактуу боло баштаган Качкын мырза менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Аты-жөнү – Качкын Кадыров
Туулган жылы, күнү – 1955-жыл, 13-июнь
Туулган жери – Чүй облусу, Арашан айылы
Билими – Орто
Хоббиси – Музыка угуу

– Качкын мырза, өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз. Бишкекте жакынкы жылдары эле пайда болдуңузбу же кечирээк мода кубалап кийине баштадыңызбы?
– Бала чагым Бишкек шаарында өттү. Азыркы Эркиндик бульварында далай издерим калган. Апам поездде узатуучу болуп иштечү. Аны ээрчип жүрүп бала чагымдан Союздун көптөгөн өлкөлөрүн көрдүм. Кийимге, модага болгон кызыгуум кичинекей кезимден тарта эле күчтүү. Эсимде, 4-класс болсом керек, таякем жалтыраган модалуу туфли сатып алып, биздикине кийип келиптир. Анын туфлисин түн ортосунда уурдап кетип, 3 күн кийип жүргөм. Анан ыраматылык апам менин артымдан кубалап жүрүп бутумдан чечип, таякеме алып берген (күлүп). Ошондон бери мода кубалап кийим кием. Орто мектепти аяктаган соң чет өлкөлөрдө иштеп, кээде өз мекениме келип-кетип жүрдүм.

– Кийимди көбүнчө кайдан сатып аласыз? Жарашыгына карайсызбы же сапатынабы?
– Көзүмө көрүнгөндү кие бербейм, өзүмө жарашканын, жакканын базардан, дүкөндөн акчанын көзүнө карабай сатып алам. Эгер көчөдөн акчам жокто бир кийимди көрүп калсам, аны кийин издеп келип алып кетем. Башкалар меникине окшош кийимдерди кийип жүргөнүн көрсөм, өзүмдүкүн дароо чечип таштайм. Себеби бирөөлөргө окшош кийингенди жаман көрөм. Гардеробумда сезондорго ылайык ар түрдүү кийимдерим бар. Канча экенин санаган эмесмин, бул шым менен бул костюмду кием деп түрлөп илип койгом.

– Кийим тандоодо кимдердин кеңешине кулак саласыз?
– Азыр сыналгыдан, интернеттен мода тууралуу көрсөтүүлөрдү көп көрсөтүшөт эмеспи. Аларды көрүп, ошолорго окшоштуруп кийим тандайм.

– Көчөдөн көргөн адамдардын сизге назары сөзсүз түшсө керек?
– Жумуш кылып жатканда жөнөкөй эле кийинип алам. Анда эч ким деле карабайт. Көргөндөр бул чал биржада иштеген бирөө окшойт деп ойлошсо керек (күлүп). Ал эми саркеч кийинип чыксам баары карашат, көптөр сүрөткө түшүүнү сунушташат. Мындай көрүнүштөргө эбак эле көнүп бүткөм. Бул мага жагат, стилдүү кийингенде өзүмдү жакшы сезем.

– Өзүңүз улгайганыңыз менен, жүрөгүңүз жаш окшобойбу?
– Менин оюмча, жаштардан калбаш керек. Алар кандай кийинсе ошондой кийинүүгө аракеттенем, кандай музыка укса ошондой музыка сөзсүз менин наушнигимде жаңырып турат. Музыкасыз жашоомду элестете албайм. Ар түрдүү ырларды угам. Мисалы, «The Beatles» тобунун, Крис Ри, Майкл Жексондун ырларын жактырам. Ал эми кыргыз ырчыларынан Ильяз Абдыразаковдун айрым ырларын угуп калам.
Жаштарга кошулуп түнкү клубдарга барып бийлегим келет, бирок мени менен чогуу бара турган адам жок. Былтыр бирөөлөр менен атайын түнкү клубга бардым, мага жакты. Досторумдун көбү 25 жаштын тегерегиндеги жигиттер. Өзүм курактуу досторум каза болуп калышкан. Картайсам да өзүмдү жаш сезем.

– Үй-бүлөңүз барбы? Сиздин кийинүү стилиңизге жакындарыңыздын көз карашы кандай?
– Учурда жеке ишкерлик менен алектенем. Үй-бүлөлүүмүн, келинчегим немис улутунан. 3 кыз, 2 уулум бар. Туугандарым, балдарым менин мындай модалуу кийингенимди макташат. Кыздарыма, балдарыма акыркы модадагы кийимдерди өзүм тандап сатып берем.

"Кыргыз үчүн ак калпак ар дайым мода деп эсептейм"


Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Элдин көңүлүн бурган карылар

Автор: Анаркан Садыралиева
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(110)
04.11.2014. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
крассавчик ..))
06.11.2014. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mirko.93, туура айтасын 21 кылым кийим кийгенди корсотуп коюптур билбегендерге))) "КРАСАВЧИК" :-)
04.11.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтымышка чыга элек адам аксакал болобу? Алтымыш учтон ашканда айтышат го?
04.11.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каарыганда озунун каалоосу менен жашаганга ким жолтоо болсун
04.11.2014. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Круто молодец ))) жизнь коротка, так что живите в полным позитиве
SUPER.KG видео
04.11.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы 21 кылымдын киргиз жаштары карыганда ушундай асакал болоруна шек санабайм
04.11.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чалды кудай ураарда 50сундо жаш болот дечу эле аталарыбыз... Ушул адамдан тарбия алган жаштар кийин эмне болот. Уялбай Тунку клубтарга барат имиш...
04.11.2014. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туура кыласыз аксакал кыргызда соз бар атын чыкпаса жер орто деген ушул.эркексин брат.
05.11.2014. 05:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец экен! Мен суктанып атам! Позитивный экен! 60 жашта болсо современный, кругозору кенен, жашоого коз карашы такыр башкача. Чет олкодо жашагандыгынын, жубайынын немка экендиги да чон таасир берсе керек.
05.11.2014. 07:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан коро намаз окубайбы дегендер озунор намаз окуйсунарбы деги
05.11.2014. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ханды кудай ураарда, оз элине кас болот. Чалды кудай ураарда, алтымышта жаш болот - деген ушул экен да. Кудай сакта!
05.11.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ar kim ozy bilet kandai kiineerin ozyno jaksa kiiine bersin kaalagandai, negizi kyrgyzdarga birdemke jagyshy kyiyn
05.11.2014. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кийинсе кийинсин бирок чынжыр,цветной шым кийбейэле койсо болмок экен.ашыкча болуп кетиптир.
05.11.2014. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтымышка чыга элек кишини аксакал же чал деген туура эмес. Тема туура эмеес койулган. Жаш куракка карап аталыштар башкача айтылат. ишенбесенир окугула билгендерден сурагыла
05.11.2014. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ар кайсыны жазыштын кереги жок. озу учун жашап атат.
06.11.2014. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийген кийимдери жарашса олойун,
Дагы мода кубат имиш.
06.11.2014. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Өзүм курактуу досторум каза болуп калышкан." дегенин окугандан бери кулуп буто элекмин. Азамат экен,,,17 жаштамын,чын айтканда модага менден кобуроок конул буруп,озуно берилеткен.Адам бир нерсе менен алек болсо коп жашайт. Коп жашаныз. Мени вдохновлять этти,эми мен да модница болбосомбу........
06.11.2014. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу менен тен жана озунон 5-8 жаш улуу кишилерден караганда кары корунот экен.))) Тан гору.
07.11.2014. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Молодец-АКСАКАЛ :)
07.11.2014. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шариятта ачык тустогу кийимдер еркеке харам делген. жашы деле жетип калыптыр торунон гору жакын болуп намазын окуп уйдо отурбайбы озунчо хип хоп болуп албай
07.11.2014. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин 5-класстагы балам уйатта элестетиниз папам ушундай болгонун же атам деле 10 жылдан кийин дейт уят уят эле
08.11.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuzuk..
09.11.2014. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Молодец атын чыкпаса жер ортто дейт
09.11.2014. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечээ бир соц түйүндөн көрдүм эле.Бир репер менен жарнама кылып.концертине чакырып жатканын.Ак калпак кийип алган экен.Колунда адашпасам сыра.Бул аксакалда репер го деп койдум эле.Ыйманы саламат болсун!
09.11.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каяктагы чал атам менен эле тен экен,бирок атам жаш корунот.
09.11.2014. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негедир ориентациясына да шек санап ийдим тообо ... Оз жашына туура келген соонун кийимдерди кычырап кийип стилдуу болсо болмок.
09.11.2014. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качкын Братела
SUPER.KG видео
09.11.2014. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орус ойундагысын кылат, кыргыз коргонун кылат деген ушуда. клуб дебей ыйман созун суйлосо, мечиттен корсом аталарыбызды.
09.11.2014. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
саркеч кийим кийгенине жараша тишин жасатып алса болмок экен хаха, атын чыкпаса жер ортто деген ушу
13.07.2015. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото жакшы теманы козгоптур! Авторуна чоон рахмат! Козун май басып, айына 100 мин сомго кантип жашаса болот деген жана мага кийимге аз ача болуп койдунар деген ак соокторго чоон салам , чон сабак болсун!
14.04.2016. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайга Караганда тузук эркектин эркекче еле жонокой болуп мна дядяга окшоп жургону еле Жакшы карыган убакта респект ошол дядяга чем алдагы обу жокторго Караганда
BRATELLO түзөттү 2016-04-14 08:28:37
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: