Алмамбет Шыкмаматов, юстиция министри: «ПРЕЗИДЕНТТИК БАШКАРУУ БИЗДИН МЕНТАЛИТЕТКЕ ТУУРА КЕЛБЕСТИГИН ТАРЫХ ЭКИ ИРЕТ ТАСТЫКТАДЫ»

№627 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж


Акыркы кезде эл аралык сотто Кыргызстандын аты байма-бай угулууда. Бирде «Центеррадагы» акцияларыбыздын арестке алынганы, бирде Валерий Белоконго 16 миллиондон ашык долларга доого жыгылганыбыз айтылып, айтор, көп суроолор пайда болду. Мына ошол суроолорго жооп алуу үчүн юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов менен баарлашып кайттык.

– Жакында эле «Центеррадагы» Кыргызстандын акцияларынын 60 пайызы арестке алынды. Токон Мамытов «өкмөттү 8-9 компания сотко берип жатат, коркунучтабыз» деп тынчсызданууда. Кыргыз өкмөтү улам бир сотто утулуп, бир нече миллиондорго жыгылып жатат. Эмнеге?
– Кезинде Максим Бакиев шериктери менен ар кандай эл аралык ишканаларга биздин кен-байлыктарыбызды кармата беришкен. Кийинки бийлик ал лицензияларды алып койгон. Кыргызстандын чет жерде бир гана «Центеррада» акциялары бар. Ошондуктан сотко бергендер «Центеррадагы» активдерибизге көз артып жатышат. Себеби мурунку бийликтин чечимдери бар да. Мисалы,
ЦАРИИ деген мамлекеттик орган түзүп алышкан. Аны Максим өзү башкарып, бардык күмөндүү чечимдерди ушул орган аркылуу чечип турушкан. Анан эл аралык стандарттар боюнча мурунку бийликтин тушунда чыккан чечимдер аткарылыш керек деген түшүнүк бар. Бирок биз мурунку бийликтин иштерин улантпайбыз. Негизи ошол активдерибизди Кыргызстанга алып келип алсак, сотко берүүнүн натыйжасы жок болмок да, мындай көрүнүштөр токтомок.  

– Акыркы учурда эл аралык соттордо Кыргызстандын «жылдыз» болуп кеткендиги кыргыз өкмөтүнүн юридикалык жактан чабалдыгынан эмеспи? Же көшөгө артында башка оюндар жүрүп жатабы?
– Сотко берди деп эле коркуунун кереги жок. Эл аралык сотто биздин да айта турган сөзүбүз, тийиштүү дооматыбыз бар. Байлыктарыбызды, элдин ырыскысын чырылдап эл аралык соттордо коргошубуз керек. Анан сотко берет экен деп коркуп кен-байлыктарыбыздан ажырап калалыбы!? «Жер-Үйдү», «Манас» банкты, «Куттуу-Сайды», «Мегакомду» берип салалыбы? Менимче, өкмөт ошол шылуундардын колунан лицензияларды алып койгону эң туура болгон. «Куттуу-Сайдын» байлыгы «Кумтөрдүкүнөн» көп. Ал жерде жаңы технологияларга пайдаланылуучу заттар чыгат.

– Эмнеге биз биринчи болуп ошол эле Максим Бакиев, Валерий Белоконь, Евгений Гуревич, Михаил Надель дегендерди эл аралык сотко берген эмеспиз? Алардын Кыргызстанда мыйзамсыз жасаган иштерин эринбеген саясатчынын баары айтып жүрөт го?
– Булардын баары эл аралык издөөдө жүрөт. Коррупциянын ана башында турган Максим Бакиев болгон. Мына Максим Бакиевди экстрадиция кылуу боюнча Англияга билдирүү жөнөткөнбүз. Бирок алар мыйзамына таянып Максимди берүүдөн баш тартып, бербей жатышат.

– Анан сырттан соттоп коюп эле кала беребизби?
– Өзүбүз барып кармап келе албайбыз. Ал Англиянын аймагында. Ал жерде мыйзам ошондой. Биз аны экстрадиция кылуу боюнча иш-чараларды токтотпойбуз. Быйыл экстрадиция боюнча билдирүү жибердик, эмки жылы да жиберебиз. Максим ал жерде деле жөн жүрө албай, кайсы бир афёра боюнча кармалат.

– Кепти Конституцияга бурсак. Президент тараптан дагы, оппозиция тараптан да Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилгелер айтыла баштады. Баш мыйзамды улам өзгөртө берүү залалдуу жыйынтыктарга, жарандардын мыйзамдарды сыйлабай калышына, «ар ким өзүнө ылайыктап өзгөртүп алса болот» деген түшүнүккө алып келип койбодубу?
– Президент Конституцияны кийинки мөөнөткө барайын деп, же жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн өзгөртөйүн деген жок. Сот системинин реформасын алга жылдыруу үчүн бир аз өзгөртүү киргизүү боюнча демилге көтөрүп жатат. Тактап айтканда, сот системине  Жогорку Соттун президиуму деген түшүнүктү киргизүү боюнча демилге. Бул туура. Конституцияга бул түшүнүк кирбей калган. Мисалы, бир эле мыйзамды соттор ар кандай талдап алышат. Мына ушундайда президиум ал мыйзам боюнча жол көрсөткүч болот. Түшүнүксүз жагдайларды жөнгө салып турат.
Ал эми оппозиция «Конституцияны өзгөртсөк биз жакшы жашоону алып келебиз» деп элдин көңүлүн бурганга аракет кылып жатат. Биздин менталитетке парламенттик систем эң туура келет. Президенттик башкарууда аябай маданияттуу, интеллигент адам деп Аскар Акаевди шайладык, андан соң мындан өткөн өндүрүшчү таппайбыз деп Курманбек Бакиевди шайладык. Бирок президенттик башкаруу биздин менталитетке туура келбестигин тарых эки ирет тастыктады. Сөзсүз түрдө үй-бүлөсү, жакын санаалаштары бийликке аралашып, кландар пайда болот экен. Регионализм күчөп кетет тура. Негизи маселени жамааттык көпчүлүк менен чечүү кыргыздын жан дүйнөсүнө жакын. Парламенттик систем жемишин берүү үчүн 4 жыл аздык кылат. Салыштырып караганда, парламенттик систем  суу куюлган кумурадай, формасы, түзүлүшү жакшы, эми ошону булганбаган таза булактын суусу менен толтурушубуз керек. Бизде азыр ичиндеги суу бүдөмүк болуп жатпайбы.

– Парламент бүдөмүк суу болсо, өкмөтчү?
– Мен мындай баалайм. Элдин саясий маданияты кандай болсо, парламент ошондой болот. Парламент кандай болсо, өкмөт ошондой болот. Эгер элдин саясий-укуктук маданияты жогору болсо, жогорку деңгээлдеги парламент түзүлөт. Жанагы мен салыштырып жаткан суу тазаланат. Ал суу канчалык таза болсо, элдин жашоосу ошончолук жакшырат. Биздин элден айланса болот, акырындап саясий маданияттуулук жактан өйдөлөп келатабыз. Демек, туура жолдобуз. Бул тарыхый процесс.

– Өкмөт мүчөлөрүнүн арасынан сиз «Кумтөр» боюнча жаңы келишимге кол койбой койдуңуз эле. Позицияңыздан кайта элексизби?
– Өзгөргөн жок. 50/50 пайыздык үлүштөн турган келишимде күмөндүү жактары бар. Мисалы, биргелешкен ишканада башкаруу кеңешинде кыргыз тараптан 5 киши болот деген менен, сатып алуу жана башка бир катар иштерди «Центерра» өзү жасайт деп жазып алышкан. Өз көмөчүнө күл тарткан келишим болуп калып жатат. Позициямдан кайткан жокмун.  

– Алмамбет Насырканович, кепти саясат, кызмат багытындагы сөздөрдөн алыстатсак. Сурайын дегеним, жеке өзүңүзгө байланыштуу, эгер сиз жумушуңузда да, үйүңүздө да жок болсоңуз, демек, сиз кайдасыз? Ошондойдо сизди кайдан тапса болот?
– Андайда, же жумуштан келе жаткан болом, же жумушка бара жаткан болом. Кыскасы, жолдон тапса болот.

– Паспорт боюнча 45 жашта экенсиз. Жан дүйнөңүздөчү?
– Менин жан дүйнөм менен биологиялык саатым бирдей эле болуш керек. Жан дүйнөмдө деле кырк бештемин. 45 жаш карылык да эмес, жаштык да эмес. Бул күч-кубатка толуп турган убак. Кытайда жетекчилик кызматка 50 жашка толгондо коюшат экен. Ушул жашта адамдын болгон потенциалы толуп бүтөт дешет. Бирок карып калгыча эмес, 70 жашка чыкканда кызматынан узатышат.

– «Кызмат адамды өзгөртөт» деп коюшат. Кандай болуп өзгөрдүңүз?
– Кызмат адамды өзгөрткөндө текебер, өзүн өзгөчө алып жүрүп калат. Өзүмө-өзүм баа бергеним туура эмес. Кызматка келип, 180 градуска бурулуп, өйдөдөн ылдый карап калышкан адамдардын «мени кызмат өзгөрткөн жок» деп мактанып маек бергенин деле көрүп жүрөбүз. Бирок мага жанымда жүргөн санаалаштарым, коомчулук өз баасын бергени туура болот. Коомчулук бул – күзгү, ага карап түздөнөбүз.

– Маегиңиз үчүн рахмат!

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg



"Максимди Англия бербей жатат" дейт юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов

Автор: Мирлан Өмүралиев
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(26)
10.11.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болбогон соз. Коп суур ийин казбайт болуп журо бергиле анда...
10.11.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суйлошко эле койсо буларды.
10.11.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
парламенттик башкарууга отсок дуйнодогу элге парламент-шоу болбойбузбу?
SUPER.KG видео
10.11.2014. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо "минимум"10 жыл керек дегенде мурунку ажоолорубуздай эле убакыт сурап жатышат да э,анткени алар деле айтышкан 10 жыл ичинде ордуна келтиребиз деп кутудагы майдын 70 пайызын которуп бутушту оздорунун чет жактагы "щетторуна".эми мунубуз 10 жыл сураса ал да калбай сатып бутсо жерди анда кандай болоор экенбиз.эмнеси болсо да тырмагынын учундай жакшы жака онуктурсо экен деп тиленебиз.чет жерде журуп чарчадык,оз мекенизге барып иштегибиз келет,бул жака тологон салыкты озубузго тогуп дегендей.
10.11.2014. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылдуу адамдын созу болбоптур, парламенттик башкаруубу, президенттикпи, партиялык башкаруубу, кандай башкаруу болгон кундо да бийлик элдин камын ойлоп, эл учун иштебесе, казынаны тоноп мекенине чыккынчылык кылса олкону булунтуп, жок болуусуна алып келет... СССРде демократиясы, парламенти жок эле бир жакшына башкаруу болуп элдин кийими бутун, курсагы ток, баары бирдей тен укуктуу, бай-кедейи жок эн жакшы жашап келишкен.. Американын "марионеткасына" айланган Горбачев менен Ельцин болбогондо...
10.11.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акаев бийликке келгенден бери 23 жыл ичинде элдин камын коргон кайсы бийликти кордунор, кайсы бийлик куру убада менен тойгузгандан башка эл учун чыныгы иши менен эл эсинде калды? Мыкты эл уулдары Исанов, МАсалиев, Бекмамат Осмонов ж.б. ар кандай себеп менен бийликтен четтетилип керек болсо заказ менен олтурулгон, бугун эл уулу Мырзакматовго кысым болууда... Бийликке ууру-каракчылар чогулуп алса олко онукчу беле, анан да ар кайсы жок нерселерге шылташат...
10.11.2014. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
парламенттик башкаруу деп ойлоп табышканын кара канча депутат бар так санын билбейт экем,ошолордун ар бирин мамлекет каржылайт экен кызматтык унаа бензин жашаган квартирасына чейин,сессияда карасан ургулоп телефон чукуп отурушат кезеги келгенде чыгып бакылдап суйлоп коюшат бутту жумуш уйго кетиш керек,бул кандай,?менин айтарым буларды таратыш керек буларга коротулган акчаны башка нерселерге иштеткиле бала бакча салгыла канча деген жаш балдар бара албай отурушат бакчага алар биздин келечегибиз
10.11.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
чон курсактартарга акча сарптагандан коро айыл жерлерин онуктургуло,Союз тараганда эле бизге темирдей тартип керек болчу,кайдагы бир демократияны ойлоп таба салып Акаев ХХХ кыргыз мамлекетинин ырыскысын чачып кетти,айтайын дегеним илгертеден коро албастык тууганчылык жердешчилик канына синген кыргызыма мобул демократия дегенин майдай эле жакты,биздегидей демократия дуйнодо жок озун озу билип отугун торго илип кашасы чыгып жатып калды баарысы,
Модератор admin_superstan түзөттү 10.11.2014 17:06
10.11.2014. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
restreppo, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз! Азырынча оозеки эскертүү!
10.11.2014. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы маек болуптур, рахмат
SUPER.KG видео
11.11.2014. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kutisai emes Kuttuu sai´go ja?
SUPER.KG видео
11.11.2014. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Maksim elden syiryp ketken akchadan Anglijanyn bijligine yrgytty da. Anan anglijanyn bijligi baleketti bermek bele Kyrgyzstanga. Evropada dele akchan bolso myisamdyn astynda joopkerchilkke alynbai kalsan bolot. Albette korupzia achyk aikyn ele emes Evropada birok bilinbegen korupzia bar.
SUPER.KG видео
11.11.2014. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде мыкмы юристтер жоктугу билинип жатат.Кыргызстан бардык иштерден уттуруп жатышат.Ал эми Англиядан сурабай эле койгула.Алар бай адамды эч качан,эч кимге бербейт.
SUPER.KG видео
11.11.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы эле эшек жайлоодо тезектерди майсандаган биздин колунан коколой тыйын келбеген чиновниктерибиз кудайдын жазасы учун аман болушсун!!!Бизге бир Кудайымдын ырайымы менен кызмат кылган падыша,билимге суугарылган жаштарыбыз олкобузду 7 жактан алып бутка тургузуп кетсек кандай сонун баталуу олколордон болот элек!!!Акчалуу киши тууф деген тукуругу жерге тушпогон заман болуп атса,тантырап баш аягы жок суйлогон Эшекминерлер Максимди элге эскертип,нервдерин козгобой жон эле тирилик кылышсынчы!!!
SUPER.KG видео
11.11.2014. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raxelya туура айтасын. Колдорунан келбегенден кийин элдин нервин козгобой эле коюшса.
11.11.2014. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заказ берип аттыра турган душманы табылса анда жолдон таап ,атып коюп кете бергиле дептир да))))))0Бизде ата коюп,олтуро кеткендер эле кобойуп кетти!!!
SUPER.KG видео
11.11.2014. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuugandar... aitatko,Abdylda Imankulov agabyz:Maksimdi kim taap kelse 1000000$ berem dep jar salsak da emi kech .sebebi Sen baryp taptyn deili,meili karmadynda,Saga Maksim2000000$ beret dagy kochuguno bir teep tashyny ter deit....
oshonun synaryndai, achuu chyndyk chondorubuzdun dagy kolunan kelbeit. Kudai ozu jazalasyn..andan koro kelechekti oilop,jashtar aldyga kadam tashtaily...KELECHEK Jashtardyky!Mekenim KYRGYZSTAN!!!
SUPER.KG видео
12.11.2014. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колунардан келген иш мн алектенсенер боло. Силердей чиновниктердин акылы,Макстын чонтогундо. Убара болбой эле койгула.
14.11.2014. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу администрация,Мира Жангарачева жөнүндө жазып коюңуздарчы,сураныч.
14.11.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ggvatua, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Сунушуңузга рахмат!
14.11.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
демократия эмес эле бизнес партия болуп кетти го бизде. Парламетте канча чон курсактар отуран анча мынчабыз биле бербейбиз. Саны бар сапаты жок. Андан коро бир эле адам башкарып элдин жетишсиз жашоосун оз козу менен коруп эл аралап жер кыдырып корсо ошондо гана биздин экономика которулуп элдин жашоосу кыйла жакшы жакка бурулмак. Парламенттик башкаруу деп ызычуу тушуп биринин созун бири укпай уруш чыгаргандан коро кыргыз эле учун жери учун куйгон журогун берип иштеген бир эле инсан керек го урмат
14.11.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу кыргыз боорлорум
SUPER.KG видео
14.11.2014. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максим ди кармап келип эле эмне кылып жибермек эле биздин чондор?! Абактагы Азизди соодалашып чыгарып жибергенден кийин иштин олгону ошол! Андан коро чек ара маселесин чечишсе болмок эртерээк! Булар ак-уйдун ичинен аянт жакты гана корушот.Чек арада жашаган элдер эмне кундорду коруп жатканын элестетпеседа керек?
15.11.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызым ойлонуп корсонор Акаев Бакиев маалында заман кандай эле азыр кандай? Акаев маалында мигранттардын саны аз болчу ал Эми Бакиев маалындачы анда деле аз болгон десем жанылышбайм, аа бугунку кунду салыштырып коргуло ар Бир уйдон экиден киши журот бул да болсо бийликтин иштебегени Жана кекиртегин тыйбагандын себе и ушул кунго кыргызымды жетелеп келди
19.11.2014. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай башкаруу болсо да, бтздтн популисттер бийликте отурганда эч кандай жакшылыкты корбойбуз, мына сонун эле кумтор менен 50-50 БИ ачалы десе ошону чоюп атышат, ак-кеме, куттисай менен деле эмне кылып атышат, канчадаган миллионду жоготтук
20.11.2014. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Парламенттик башкаруу дагы менталитетибизге туура келбестиги тастыкталып калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: