МЕККЕГЕ ЗЫЯРАТКА БАРГАН КЫРГЫЗ КЕЛИН УУЛ ТӨРӨДҮ

№629 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж


Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу ажылык сапар учурунда биздин жарандар Мекке шаарында наристелүү болушту. Уулунун атын Ильяс койгон зыяратчылар Чыңгыз ажы менен жубайы Гүлнара ажы бизге маек куруп беришти.

«АЖЫЛЫК САПАРДЫ УТУП АЛДЫК»
Чыңгыз Иманбеков: – Гүлнара экөөбүз былтыр 2-ноябрда баш кошконбуз. Келинчегим 23тө, мен болсо 26 жаштамын. Экөөбүз тең билимдүүбүз, аялым Түркиядан куран окуганды үйрөнүп келген. Баары быйыл май айында өткөн кыз-келиндер арасындагы куран окуу боюнча сынактан башталды. Гүлнара аталган сынакта бир нече турдан өтүп 1-орунду багынтып, ажылык сапарга эки квота утуп алды. Абдан сүйүндүк. Ошентип сентябрь айынын 21инде Меккеге уча турган болдук. Ага чейин керектүү кагаздардын баарын чогултуп койгонбуз. Бардыгы мыйзамдуу болду. Бишкектен Ошко учтук, андан Дубайга, кийин транзиттик каттам менен Меккеге бардык. Кудайга шүгүр, ажылык милдеттерибизди аткардык.
Гүлнара Өмүрова: – Эсептеп көрүп, ажылык сапарга ичимдеги бала алты айлык кезинде барабыз дегенбиз. Кичинекей көтөрдүм, хиджабдан ичим билинчү эмес. Бирок Меккеге 7,5 айлык болуп бардык, бир ай ажылык милдетибизди аткарып, башында бир аз кыйналып, анан көнүп кеттим. Кайтар маалда 8,5 ай болуп калды. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы биз менен сүйлөшүп, «бала төрөлгөнчө калгыла» дешти. Эки жумадан кийин, 26-октябрда уулдуу болдук. Пайгамбардын ысымынан жолдошум атын Ильяс деп койду. Бир нече күндөн кийин «Иманбеков Ильяс Чыңгызович Меккеде төрөлдү» деп бизге күбөлүк беришти. Уулум Ильяс 3 килограмм салмакта, бою 50 сантиметр болуп төрөлдү. Ден соолугу азыркы тапта жакшы.
Чыңгыз Иманбеков: – Атайылап балабыз Меккеде төрөлсүн деп аракет кылган эмеспиз, бул да болсо Кудайдын буйругу экен.
Гүлнара Өмүрова: Сауд Арабиянын медицина тармагы абдан өнүгүптүр, төрөттү жакшы кабыл алышты, кыйналган деле жокмун. Кызыгы, бизден бир тыйын да алышкан жок.
18-ноябрь күнү бактылуу ата Ч.Иманбеков Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жалпы жамаатына миң мертебе ыраазы экенин билдирген катты муфтийдин орун басары Замир ажы Ракыевге тапшырды. «Ажылык сапарда биринчи жолу кыргызстандыктар балалуу болушту. Буга чейин Меккеде Чубак ажынын балдары төрөлүп, ошол жерде окушкан»,- деди Замир ажы.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН:
«Кош бойлуу аялга узак сапарга учак менен учууга уруксат берилеби?» деген сурообузга «Манас» аэропортунун медицина кызматынын жетекчиси ГҮЛМИРА БАТЫРКОЖОЕВА жооп берди:
-Боюнда бар аялдарга учууга 7,5-8 айына чейин уруксат бере алабыз, бирок жанында дарыгер тарабынан берилген «анын ден соолугу учакта көпкө чейин учууга жол берет» деген уруксат кагазы болушу керек. Ошол эле учурда биз кош бойлуу аялдарга колдон келсе 7 айынан кийин учакта учпай эле коюшун сунуш кылабыз.

Кыргызстандык ымыркай Меккеде төрөлгөнүн Сауд Арабиянын журналисттери да жакшы саамалык катары жазышты.


Наргиза Бекжанова
koom@super.kg



Меккеге зыяратка барган кыргыз келин уул төрөдү

Автор: Наргиза Бекжанова
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(57)
24.11.2014. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зыяратынар кабыл болсун уулунардын омуру узун болсун суук коздордон кудайым сактасын
24.11.2014. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Альхамдуллилла.зыяратыныздар кабыл болсун,Ильяс уулунуздардын ыйманы бекем,ден соолугу чын,омуру узуун болушун Алла Талладан тилеймин,бактылуу уй булолордон болунуздар.
24.11.2014. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зыяратынар кабыл болсун. Бактылуу болгула. Ильяздын омуру узун болсун
25.11.2014. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуздар!!!
25.11.2014. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик бооңуздар бек болсун!!! Бактылуу болгула!
25.11.2014. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бешик боонор бек болсун
25.11.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана бактылуу уй-булоо. Себеби,алардын уйундо толук дин бар. Суктанаарлык)))
25.11.2014. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ма Ша Аллах бул да болсо Аллахтын белеги Жаратканга шугурлор,мактоолор болсун
25.11.2014. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аллахым эки дуйноо бактылуулугун берсин, сапарынар кабыл болсун амиин
25.11.2014. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах Таала баланын журогуно ыйман берсин
25.11.2014. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуздар, баланын да ден соолугун, омурун берсин
25.11.2014. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизге да ушундай ажылык сапарды насип этсин Аллах Тааллам.Бактылуу болунуздар
25.11.2014. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуздар
25.11.2014. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллаа ыраазы болсун.
26.11.2014. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз ыймандуу,ырыс кешиктуу,омуру узун бала болушуна тилектешмин
26.11.2014. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым омуру,ден соолугу м.н.берсин.
26.11.2014. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мащалла
27.11.2014. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омуру узун болсун!!!Кудайдын суйгон пендеси,буйруса чыгаан инсан болсо экен.
27.11.2014. 06:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
silerge ayabay suktanuudamyn. ilyaz kyrgyz u4un allahym bergen belek dep oyloym
27.11.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иляс омурлуу,ыймандуу,эстуу,КЫРГЫЗга тутка азамат жигит болсун. Меккеде торолгон касиэттуу жигит турбайбы.
28.11.2014. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уулу менин тесткам болуптур омурун берсин ыймандуу жигиттерден бол.......
SUPER.KG видео
28.11.2014. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдын буйругу да бул дагы, омурунор узун болсун!
28.11.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омуру узуууууун болсун
29.11.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алаа тала силерге ажы сапарына кошо наристе бериптирда алаанын назари тушкон адамы экенсинер бактулуу болгула
29.11.2014. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu ui buloo eken...
30.11.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай гана укмуштуу жанылык ылайым эки жаш ажыбыздын ажылык сапарларын Аллах кабыл кылган болсун! Кичинекей наристе Ильяздын омуру,бакыт-таалайы, ырыс-кешиги менен Берген болсун!Ата-энесине мээримдуу жан болуп осун!Келечекте кыргыз элинин сыймыктуу ыймандуу жигиттеринен болсун!Бизге да ушул сыяктуу ажылык сапар насип эте корсун Иншаллах
01.12.2014. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машаллах омуру узун болсун! Ар бирибизге ажылык сапарды насип кылган болсун!
SUPER.KG видео
03.12.2014. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо Кудай сага рахмат
26.01.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омуру узуун болсун
Бизгеда мэккеге баруу насип этсин
09.08.2015. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боюнда бар болсо деле самолётко ала берет бекен ээ!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: