|
АЗ АКЧАГА БИЗНЕС БАШТООНУН ЖОЛДОРУ№633 19-декабрь-25-декабрь, 2014-ж Азыр эки адамдын башы бириксе бизнес ачып, олчойгон пайда табуу жөнүндө кеп салышат. Айрымдары ишкерликти жаӊылыш нерседен баштап, максатына жетпей, ара жолдо мүдүрүлүп кала беришет. Ишкерликти кайсы тармактан баштоону ойлонуп жатсаӊыз, сиздин сурооӊузга Башкаруу боюнча кеӊешчилер институтунун аткаруучу директору Азамат Аттокуров жооп берет. Айгерим, Жалал-Абад облусу – Эӊ башкысы, «кайсы базарда иштесем болот?» деп ойлонушубуз зарыл. Экспорттобу же импорттобу? Тейлөө-сатуудабы же өндүрүштөбү? Өндүрүштө таза пайда көбүрөөк болгону менен тобокелчилик дагы жогору. Азыркы учурда Орусияга каршы санкциялардын күчөшүн көрүп жатабыз. Польшадан жана Украинадан ташылуучу алмалар Орусиянын базарына кирбей калды. Ошон үчүн ал жактын базарына алма жана башка мөмө-жемиштерди экспорттоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ырыс, Ош шаары – Юридикалык жактан туура бизнес баштайм десеӊиз, жеке ишкер катары катталып же болбосо патент алып ишти башташ эӊ эле оӊой. Патенттин ээси ай сайын чектелүү салык төлөйт, ал эми катталган ишкер бир айлык кирешесинин орто эсеп менен 6 пайызын төлөйт. Чакан ишканага жоопкерчилиги чектелген коом ачуу зарыл эмес. Эӊ башкысы, жакшы бизнес баштоо үчүн идея жана алдыга максат коё билүү керек. Жаныбек, Чүй облусу – Мал багуу – бул эӊ жакшы бизнес, Бажы биримдиги жакындаган сайын бодо мал өстүрүү кирешелүү болот. Бирок ошол эле маалда малга керектүү болгон чөптү унутпаш керек. Ал дагы кымбаттайт. Жылдан жылга суу маселеси кыйын болуп жатпайбы, ошол себептен бедени жана эспарцет чөбүн өстүрүп, мал үчүн тоют катары сатуу кирешелүү бизнес болот. Кайым, Талас облусу – Сиздин чарбаӊыз кандай экенин билүү зарыл. Базардагы болгон суроо-талапты жакшылап аныктоо менен элге эмне керек, эмне жетишпейт жана алар эмнеге акча жумшоого даяр экенин билүү абзел. Базардын көлөмүн эсептөө керектелет. Сиз чарбаӊызда өндүрүп чыккан товарга кардар жокко эсе болушу мүмкүн. Жылдыз, Бишкек шаары – Бул суроого так жооп берүү кыйын, себеби адамдын кесиптик чеберлиги, жан дили кайсы бизнеске төп келсе, ошол бизнести башташ керек. Жаркын, Бишкек шаары – Бизнеске үйрөтүү боюнча атайын институттар бар. Бажы биримдигине кирсек, анда, эӊ биринчиден, биздин айыл чарба азыктарына болгон суроо-талап жогорулайт. Төмөнкү товарларга болгон талаптын жогорулашы күтүлөт: Нурмат, Аксы району – Жогоруда айтып кеткендей, азыр күнөскана (теплица) куруу абдан эле кирешелүү, бирок мээнети да ошончолук. Аксыда суу жетишсиз болгондуктан суу чыгаруучу машинаны сатып алып же жалдап, элге ичкенге суу чыгарып берүү кирешелүү деп ойлойм. Ошондой эле элдин багына тамчылатып сугаруу системин орнотуп берүү пайдалуу болот. Мындан сырткары өзүӊүз билгендей, Аксыда кара өрүктү кургатып сатуу кирешелүү. Султан Төрөбеков Аз акчага кантип бизнес баштоо керек?
Автор: Анаркан Садыралиева
Оператор: Азамат Бакиров
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат!
Kajda jursonuz da aman-esen jurunuz! Choong rahmat!
Bul videonu korgondon song, maga kandajdyr bir jakhsy Idea keldi))) Barakelde )))
Kyrgyzstanym Alga!