Айсулуу Тыныбекова, “2014-жылдын супер спортчусу”: “ӨЛКӨНҮН АТЫНАН ЧЫККАНДА ЖООПКЕРЧИЛИКТИ СЕЗЕСИӉ”

№634 26-декабрь-1-январь, 2015-ж


Быйылкы жылы спорт жаатында балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова көӊүлгө толорлук жыйынтык көргөзө алды. Аны менен катар «Супер-Инфо» гезитинин сурамжылоосу боюнча Айсулуу “Жылдын супер спортчусу-2014” наамынын ээси болуп табылды. Бир канча ири мелдештерде ийгилик жараткан спортчубуз “бул чети гана” деп турган чагы.

Аты-жөнү – Тыныбекова Айсулуу Болотовна
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 4-май
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу шаары
Салмагы – 58 килограмм
Бою – 170 сантиметр
Жетишкендиктери – Азия чемпиондугунда коло медаль (2009-2011-жылдар), Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда (2013-жыл), Дүйнөлүк Универсиада оюндарында 3-орун (2013-жыл),
«Супер спортчу-2013»
2014-жылдагы жетишкендиктери – Азия чемпиондугунда күмүш медаль (2014), “Инчхон-2014” оюндарында коло медаль, “New-York Open” гран-присинин жеӊүүчүсү,
«Супер спортчу-2014»

– Саламатсызбы, Айсулуу? Сиз быйыл да биздин гезиттин “Жылдын супер спортчусу-2014” наамына татыдыӊыз. Чындыгында, 2014-жыл сиз үчүн ийгиликтүү болду окшойт...
– Саламатчылык. Ооба, быйылкы жыл да мен үчүн ийгиликтүү болду десем болот. Астанада болгон Азия чемпиондугунда жана Инчхон шаарында өткөн Азия чемпиондугунда байгеге илинүү – мен үчүн чоӊ жетишкендик жана биздин эмгегибизди баалап “Жылдын супер спортчусу” наамынын ыйгарылганы да чоӊ сыймык. Бул жөн гана наам эмес, бул жалпы кыргызстандыктар ыйгарган наам деп эсептейм. Себеби сиздердин гезит өлкөбүздүн булуӊ-бурчуна чейин тарайт эмеспи.
– Анда сиз катышкан орчундуу мелдештерди эске салсак. Ташкенттеги Дүйнөлүк чемпиондукка ийгиликсиз барып келгенде сиз “ага даяр эмес болчумун” деп билдирген элеӊиз. Ал эми “Инчхон-2014” Азия чемпиондугунда алтын медалга эмне үчүн жетпей калдым деп ойлойсуз?
– Ташкент шаарындагы Дүйнөлүк чемпиондук сентябрдын башында башталган эле. Анда Кыргызстандын улуттук курамасынан бир дагы балбан медалга илинбей калганбыз. Чынын айтыш керек, биз ага даяр эмес болчубуз. Себеби сентябрдын аягында Азия оюндары орун алмак. Көпчүлүк балбандардын табына келүүсү дал ушул оюндарга туура келмек. Мен Дүйнөлүк чемпиондукта 13-орунду алып калдым, бирок Азия оюндарында коло байгеге жетиштим.
Эл аралык оюндар жогорку деӊгээлде өтөт жана кичине жерден мүчүлүштүк кетирсеӊ эле алдыӊкы орундарга илинбей каласыӊ. Азия оюндарынын программасында кыз-келиндер 4 килограмм салмактык бөлүктө (48, 55, 63, 75 килограмм салмактарда) гана күрөшүштү. Мен күрөшүп келген 58 килограмм салмактык бөлүк бул программага кирбей калган. Муну биз 1-2 ай мурун билип, салмак кууганга туура келди. Салмак кууган спортчулар түшүнөт, мындай кырдаалда ар бир грамм спортчунун алын кетире берет. Мен үчүн төмөнкү салмакка түшүп, медаль алганым өзү жетишкендик болду.
– Бир-эки жыл мурунку маектериӊизде “жашоомдо азыр биринчи орунда күрөш гана турат” деп белгилечү элеӊиз. Азырчы...
– Азыр деле ушундай десем болот. Эч кандай өзгөрүүлөр боло элек. Бир четинен атыӊ таанылып, ири мелдештерде Кыргызстандын атынан чыгып жоопкерчиликти сезесиӊ. Себеби сага үмүт артып жатышканда медалсыз келсеӊ уят эле. Андыктан күнүмдүк жашоодо машыгуулар дале болсо негизги орунду ээлеп келет. Окуум болуп жатат, буюрса, келе жаткан жылы окуумду аяктайм. Жеке жашоого убакыт жок дегендей.
– Өлкөбүздө өзгөчө басым жасалган спорттун түрү күрөш эмеспи. Азыр кыз-келиндер арасындагы күрөштүн абалы кандай?
– Туура айтасыз. Өлкөбүздө күрөш абдан белгилүү спорт түрүнө кирет. Буга балбандарыбыздын ири мелдештерде ийгилик жаратып жатканы да себеп. Эркектер арасында күрөш мурдатан эле калыптанып, өнүгүү жолуна эбак түшкөн болсо, кыз-келиндер арасындагы күрөш эми от ала баштады десем болчудай. Аз да болсо тажрыйбалуу болуп калбадымбы, жаӊыдан чыгып келе жаткандарга жол көрсөтүп, кичине болсо да жардам берип келем. Себеби мен жаӊыдан чыгып келе жатканда тажрыйбалуу балбан кыздар жокко эсе эле. Учурда үмүт арткан кыздар көп. Жакында эле Казакстанда болуп өткөн мелдеште 13-15 жаштагы балбан кыздарыбыз байгелүү келишти. Кыз-келиндер күрөшүнүн өнүгүүсүнө машыктыруучубуз Нурбек Изабековдун эмгеги зор.
– Эми сөздү өзүӊүзгө бурсак. Жылдыз белгиси боюнча текечер экенсиз. Бул жылдызда төрөлгөндөр бир мүнөз, чыдамкай келет деп айтылат. А жакындарыӊыз сизге кандай мүнөздөмө беришет?
– Мени апам “жоошсуӊ, бир калыпта эле жүрө бересиӊ” дейт. Бирок бул үйдө да (күлүп). Көбү “сыртыӊдан башкача, сүйлөшө келгенде башкача экенсиӊ” дешет. Бир караганда олуттуу көрүнсөм керек, бирок андай эмесмин, жөнөкөй кыздардан эч айырмам жок.
– Сиз үчүн быйылкы жылдын эсте каларлык учуру кайсыл болду?
– Быйылкы жылдын эсте каларлык учуру бул, албетте, “Инчхон-2014” Азия оюндары болду. Бул жылдын эсебинен эӊ орчундуу мелдеш ушул эле. Андагы коло байге үчүн болгон күрөштөгү 6 мүнөт мен үчүн өзгөчө эсте калды. Бүтүндөй өлкө сыналгыдан көрүп жатат жана залдагы “Алга, Кыргызстан!” деген сүрөөлөр... Беттештин акыркы секундалары... Жыйынтыгында мен күткөн коло медаль, ошентип пьедесталдан орун алдым. Мындай учурлар өмүрүм өткүчө сакталса керек.
– Келе жаткан жаӊы жылда алдыга кандай максаттарды коюп жатасыз?
– Январь айынан тарта жаӊы өлкө чемпиондугу башталат. Ошондой эле “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасына жолдомо берилчү мелдеш орун алат. Ал АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт, ага даярдык көрөбүз. 2015-жылдагы эӊ башкы максатым – Олимпиадага жолдомо утуу. Дагы да жетишкендиктер алдыда деп ойлойм.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бүткүл кыргыз элин келе жаткан Жаӊы жылы менен куттуктап кетмекчимин. Спорт менен машыккыла, спортту сүйгүлө!
– Маегиӊиз үчүн рахмат. Жаӊы ийгиликтерди багынта бериӊиз!

Айсулуу өлкөнүн мыкты спортчусу катары президенттин колунан акчалай сыйлык алды.

Азия чемпиондугу-2014. Айсулуу жеӊиштүү чабуул аракетинде.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg



"Тийишкен жигиттерге күйөөм бар деп кутулам" дейт Айсулуу Тыныбекова

Автор: Анаркан Садыралиева
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(25)
SUPER.KG видео
26.12.2014. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец,орду менен суйлойт экен,мен да бир убакта курош менен бир аз алектене баштаганда байкем озу ошол чойродо болгондуктан мага запрет кылып койду эле,Бул Айсулуу айымга чон чон ийгиликтерди кааламакчымын,тилеген тилек ой максаттары ишке ашышына тилектешмин.Эн башкысы бактылуу бол.
SUPER.KG видео
26.12.2014. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик бактылуу бол.
SUPER.KG видео
26.12.2014. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Айсулуу, мен бул кызды "эркек"е окшоп калган кыз деп билет экенмин,корсо жанылыпмын! Ушунчалык маанилуу суйлоптур, кулуп суйлосо аябайле жылдыздуу,акылдуу келишкен ички дуйносу сулуу кыз турбайбы))Сени тороп остуруп тарбия берген ата-энене чоон рахмат!Мындан кийинки иштерине жалан ийгиликтерди,ден соолукту,анан ээн негизгиси бактылуу болушунду каалайм! ( мага бул кыздын анча мынча адамдарга окшоп мактанып дардандабаганы аябай жакты, ушунундан жазба) ))Азззамат!!!
SUPER.KG видео
26.12.2014. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыймандуу,акылдуу кыз экен.Ийгилик сага Айсулуу!Мындан ары да чон чон ийгиликтерге жетишинди каалайм!!!
SUPER.KG видео
27.12.2014. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!!!!!"
SUPER.KG видео
27.12.2014. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оа.мен да кооп интервюларын кором.ото кичи пейил жонокой кыз!Турмушта оз оордуну таап бактылуу бол!Анан тоюна чакырганды унутпа)))
SUPER.KG видео
27.12.2014. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз
,Мекенибиздин желегин желбиретип журо бериниз!
SUPER.KG видео
27.12.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан 3~4 жыл мурун бир кафеге жигитим, достору болуп кирдик эле.
Ары жакта столдо кыздар гана олтурушуптур.
Жигитимдин достору ал кыздарды чогу олтурууну сунуштап бир столдо олтуган сон Айсулууну абдан жонокой, кичи пейил кыз экенин байкагам!!!
SUPER.KG видео
27.12.2014. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кафеде чоочун кызуу шок жигиттер мушташып жаткан жерге барып болуштуруп, таратып жибергени мен учун кутуусуз болгон,
жигиттер Айсулууну таанышатда а кыздар ошондо коп биле бербептирбиз))
SUPER.KG видео
27.12.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз!!! Ар дайым бар болун!
SUPER.KG видео
27.12.2014. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстандын желегин бийик которуп ийгиликтерди багындырып журо берин.
SUPER.KG видео
28.12.2014. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бели бутары туз ак куудай кыз экен дайым ушинтип жеништин устундо журо бер ийгилик!
SUPER.KG видео
28.12.2014. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсың!берилуу м.н кордум сонун маек болуптур,бактылуу бол.
SUPER.KG видео
28.12.2014. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы маек болуптур созду да оз орду менен суйлойт экен, кеебир ырчыларга караганда ырчылар такклып суйлойт го.
SUPER.KG видео
28.12.2014. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ийгилик аалайбыз...
SUPER.KG видео
29.12.2014. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisylyy aiym sizge uigilikterdi kaalaim,abdan akyldyy jonokoi ekensiz.Bar bolynyz biz siz menen syimyktanabyz...
SUPER.KG видео
29.12.2014. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iigilik bar bol
29.12.2014. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азаматсын биз креслодо чалкалап кыйраттым деп олтургандардан, пайдасыз жеп ичерлерден коро ушундай кыргыздын атын чыгарган бизге сыймык алып келген адамдарды колдоп, алар менен кокурок кага сыймыктансак боло!
29.12.2014. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кээ бир жигиттерибизге караганда МЫКТЫ . Аман болсун коп бийиктиктерди багынтсын ийигилик каалайм.
29.12.2014. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорку суротто Айсулуунун каршылашы Канаданын желеги тушурулгон спорт кийиминде кармашып жатат.Азия чемпионатында эмне боло береби?
SUPER.KG видео
30.12.2014. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат алга


01.01.2015. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын,силерге окогондор менен сымыктанабыз.Жакында,Якутск шаарында Дарман Кутубеков деген инибиз студенттер аралык чмпионатта,дуйно чемпиону болду.Бирок орустардын атынан чыккан болчу.Ошого окшогон балдарды озубузго тартсак болбобу.Ринг убагында коментатор бир жолу да кыргыздын кулуну деп айтылбады.обидно!!!
SUPER.KG видео
05.01.2015. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуулук бетте емес журокто
04.02.2015. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сонун маек болуптур .Биз сиз менен сыймыктанабыз .
04.02.2015. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оркундой бер, осо бер, алга кыргыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: