4 ЖАРЫМ ЖАШАР КЫЗДЫ АЯШ АТАСЫ ЗОРДУКТАГАН

№640 6-январь-12-февраль, 2015-ж


Акыркы учурларда жаш балдар чоӊ адамдар тарабынан сексуалдык зомбулукка дуушар болгон көрүнүштөр көбөйдү. Үрөй учурган мындай окуя үстүбүздөгү жылдын 26-январында дагы кайталанды.

АТЫӉ ӨЧКҮР АЯШ АТА!
Үстүбүздөгү жылдын 28-январь күнү Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБине Дордой-2 жаӊы конушунун 35 жаштагы Нургүл (белгилүү себептерден улам каармандардын аты-жөндөрү өзгөртүлдү) аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында үйүнө конокко келген күйөөсүнүн классташы 4 жарым жаштагы Алина аттуу кызын зордуктап салгандыгын билдирген. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, көп узабай кылмышка шектүү делинген Акыл аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Биз зордукталган наристенин апасы Нургүл айымга жолугуп, окуя тууралуу өз оозунан уктук:
– Жолдошум экөөбүздүн 1 уул, 3 кызыбыз бар. Алина кыздарымдын экинчиси, 4 жарым жашта. Окуя болгон 26-январь күнү мен жумушта болчумун. Андан бир күн мурун күйөөмдүн эки классташы үйгө конокко келишкен. Кызымдын айтымында, бул каргашалуу окуя төмөнкүдөй болгон экен. Жолдошум классташтары менен үйдө майрамдап отурганда, кызым Алина колундагы акчасына дүкөндөн таттууларды сатып алмакчы болуп эшикке чыгат. Анан өзү менен чогуу дүкөнгө бармакчы болгон уулумду күтүп туруп калат. Кичүү карындашы ыйлап калганынан уулум аны сооротуп жаткан маалда аяштарымдын бирөөсү Акыл дааратканага бармакчы болуп сыртка чыгыптыр. Сыртка чыгып Алинаны көрүп ою бузулат да, чакалайдын чак түшүндө дааратканага жетелеп кирип, эшигин ичинен жаап алып зордуктаганга аракет кылыптыр. Андан соӊ дааратканадан сыртка алып чыгып короонун ичине киргизип, ал жактан да сексуалдык зомбулук көрсөтүптүр. Айтууга ооз да барбайт, кымындай кызга «тоӊкой!» дегени эмне деген шумдук?! Анан тиги дагы зордуктоого аракет жасаганда, кызым шымы шыпырылган боюнча үйдү көздөй качыптыр.
Жумуштан келсем алар дале үйдө отурушуптур. Бирок ал күнү кызым мага эч нерсе айткан эмес. Көрсө, тиги зөөкүр «эч кимге айтпа» деп коркутуптур. Жолдошумдун классташтарын ал күнү кечинде дагы бир аяшыбыз коноктогону алып кетти. Эртеси күнү саат 10дордо Алина ойноп жатып эле мага «апа, Акыл аяш атамчы, баягысынчы, баягысын» деп калды. Күйөөм менен уулум жанымда отурган. Мен бир нерседен шекшип калдым да, уулумду сыртка чыгарып жиберип, кызымдан «эмне болду?» деп такып сурасам, ал «кечээ аяш атам мени сарайга алып кирип, шымымды шыпырып туруп баягысын меникине такап, минтип-минтти» деди. Аны угуп атасы экөөбүз нес болуп калдык. Дароо эле кызымды чечиндирип карадым, көзүмө жакшынакай эле көрүнгөнсүдү. Ага чейин «апа, бул жерим ооруп жатат» деп аласын көрсөткөндө, мен назар албай, заара ушатып койгон окшойт деп ойлоп жууп койгом. Ошол замат Акылдарды алып кеткен аяшымдын үйүнө издеп барсам, тигилер ал жерден жарым саат мурун чыгып кетишиптир. Акылга телефон чалсам, сүйлөшпөй улам эле өчүрүп салат. Эртеси милицияга барып арыз жаздым. Милиция кызматкерлери аны Оштон кармап келишти. Бирок ал кылган кылмышын моюнуна албай жатат. 4 жарым жаштагы кызым оюнан токугудай анын баарын кайдан билмек эле? «Кызым, калп айткан жоксуӊбу?» деп сурасам «апа, чын» дейт. Окуя болгон үчүн башына кассетадай жаздырып алып улам-улам эле ошону айтып жатат да. Азыр кызым үйдө, ден соолугу жакшы эле. Жакында тергөөчүнүн уруксаты менен психологго алып барабыз. Кызым айтпаса биз билбей да калмак экенбиз. Күйөөмдүн айтуусунда, Акыл мурда 4 аял алып кетириптир. Учурда бойдок.

«КЫЗ МЕНИ ӨЗҮ ЖЕТЕЛЕП КОРООГО КИРГЕН»
Кылмышка шектелип кармалган Акыл аттуу жаран учурда Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тиешелүү жактардын уруксаты менен биз айыпталуучуга жолугуп, анын да бул окуя тууралуу өз «чындыгына» кулак түрдүк:
– Бишкекке жумуш издеп келгем. Жумуш таппай, кайра кетейин дегенде классташ балам үйүнө конокко чакырып калды. Барып ал күнү спирт ичимдиктерин ичкенбиз. Эртеси да кетпей калып майрамды уланттык. Түшкө маал мас болуп эшикке чыксам, досумдун кичинекей кызы туруптур. Ал мени көрүп «аяш ата, жүрсөӊүз сизге бир нерсе көрсөтөм» деп короого жетелеп барды. Барсам өзү шымын шыпырды. Чынын айтсам, аны көрүп башында оюм бузулду. Анан орто жолдон ал оюман кайтып, кайра тиги кызга «уят болот, шымыӊды кий! Экинчи антпей жүр! Болбосо атаӊа айтам!» деп урушуп, шымын шымдап коюп чыгып кеткем. Мен күнөөлүү эмесмин.

«ЭКСПЕРТИЗА КЫЗДЫН ЗОРДУКТАЛГАНЫН АНЫКТАДЫ»
Бул кылмыш ишин тергеп жаткан Свердлов РИИБинин тергөөчүсү ГҮЛМИРА МУКАМБЕТОВА окуя тууралуу буларга токтолду:
– Жогорудагы кылмышка шектелип Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Фёдоров айылынын 1977-жылы туулган А.А. аттуу тургуну кармалган. Кылмышка шектүүнү өз айылына качып кеткен жеринен кармап келдик. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 4-бөлүмү (14 жашка чыга электиги белгилүү болгон кызды зордуктоо) менен иш козголду. Бирок айыпталуучу күнөөсүн толугу менен моюнуна албай жатат. 29-январда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы чыгып, наристенин зордукталганы тастыкталды.
Мындай кылмыштардын көбөйүп жатышына эмне себеп? «Гумандуу» мыйзамыбызбы же «тууганымды, таанышымды каматып жибергенден жакшы болуп кетмек беле» деп ишти жаап салган каныбызга сиӊип калган кыргызчылыкпы? Заман бузулдубу же ага шылтаган адамдар өзүбүз бузулуп баратабызбы?.. Ит да кылбаган мындай оор кылмыштарга кимдер барат? Кийинки сандарыбызда бул суроолорго жооп издегенге аракет кылмакчыбыз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Төрт жарым жашар кызды аяш атасы зордуктаганбы?

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(67)
09.02.2015. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындайлардан кудай сактасын. ушуларга олум жазасы керек болчу.
09.02.2015. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"ООба ошондой иш кылдым" деп анык мойнуна алса андайларды олум жазасына тартуу керек
09.02.2015. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзү ээрчитип барып шымын чечти дегени кандай??!!! Тобоо кылдым
09.02.2015. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыкка жакындатып калп айтса боллмок.
09.02.2015. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла жазасын берсин!!!
10.02.2015. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олуп калчы
10.02.2015. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой бети жок ХХХ десе ,озу жур деди деп койот,ХХХ ХХХ ХХХ мындай адамдарды
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-10 11:27:51
10.02.2015. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шымын шыпырганда оюм бузулуп кетти дегени эмнеси шумдугун кургур!!!! Торт жашар наристени коргондо ойлору бузулса... АстафирАллах!!!! Жаман оюн менен жерге кир акмак!!!!!!!
10.02.2015. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллах инсап берсин буларга хххххххххх
10.02.2015. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшек дешке тил барбайт эшек дагы ээсине жардамы тийбесе зыяны тийбейт.ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-10 11:28:20
10.02.2015. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайга тообо кылдым.ушундайларга ыйман ынсап бере кор.наалат.асынып эле олуп алсын.бейкуноо наристеге кантип ошентти..акылга сыйбай турат..
10.02.2015. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдык сапаты жок ХХХ

катуу жаза беришсе ушндай ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-10 11:28:50
10.02.2015. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озун сактай кор,ушундай айбанга окшош адамдардан,"аяш"дебей эле койунчу ошол адам тусполдуу ХХХ!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-10 11:29:11
10.02.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurzada78, aruudani, mersedes2013, danyshman, этика нормаларын сактап, провокация жаратпагыла!
10.02.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам деген наамга татыктуу эмес. тообо эмне дешти деле билбейм. бирок мындай мерезди кытайча жазаласа аздык кылбайт эле. байлап коюп башына суу тамчылатып, тамчы суу мээсин ойсо
10.02.2015. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин бир кыйынчыкма мырзаларыбыздын топтору бар эле Россияда биздин кыздар бузулду деп оз алдынча жазалашкан ошолор кайда кетишкен дейм да, ошолорубуз зоокурлорду жазалашпайбы ошентип же карга карганын козун чокубайбы дегеним эркек эркектин козун.... Ушундай кылмышка баргандар кантип басып журушот болду экен..
10.02.2015. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай ХХХ ХХХ кандай аял тууп, тарбиялады экен. Мээң менен кара жерге киргир. Өзү ээрчитип барды деп койот оозу мурду кыйшайбай, оозуң кыйшайып, ХХХ ХХХ эле кудайдын кудурети менен.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-11 10:22:55
11.02.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tynara81, этика нормаларын сактаңыз!
10.02.2015. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ужаааас, эмне деген акмакчылык! Наристеге кандай колдору барат. Кудай ыйман бере кор эл журтка...
11.02.2015. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тушунуксуз!! Кичинекей кызды чооон киши зордуктаса кантип ал кыз ошол куну ооруп ыйлап айтпады.же оорубайбы ал кыздыкы алигиси....же жон эле между ног кылгандыр... тооба кылдым чоон эле кыздын кыздыгын алганда кандай ооруйт???
11.02.2015. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олуп баратсада эмне болуптур мындай адамдарды ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-11 14:24:10
11.02.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurgul_1980, провокация жаратуучу билдирүүлөрдү жазуудан алыс болууну сунуштайм!
11.02.2015. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
лучше бычып салыш керек и все
11.02.2015. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тообо. 4 жарым жашар кыз эмнени билмек эле!олуп эле албайбы!!озу эрчитип барып шымын чечти дегенин акмактын!!!сут оозунан кете элек наристе кызды куноолоп жатканына жол болсун!!!ХХХ экен
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-12 09:52:39
12.02.2015. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisezim, этика нормаларын сактаңыз!
13.02.2015. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Педофилдерди кармаган жерден бычыш керек болуп калды.Өлүм жазасын киргизип,элдин көзүнчө атыш керек.Мыйзам катуу болсо,ошондо тартип болот.
16.02.2015. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40чоро дегендер кайда же алардын аялдарга гана кучу жетеби ушуга окшогондорду жок кылышпайбы. Тобоо Аллахым озун ыйман ынсап бере кор.
17.02.2015. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип мындай журок кейиткен нерселерге кайдыгер карасак Аллах тарабынан бизге оор туйшук же каргыш келет.БИр алаын таап жазасын бериш керек ..айтмакчы бычыш керек же кесип салуу окумун чыгаруу керек.. Ошондо ойлонот мындай айбандар
SUPER.KG видео
19.02.2015. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наристени толук зордуктай алган эмес,учкай болгон экен,болбосо бала которо алмак эмес мындайды. Ырайын карагыла буткон адам,айбанга тете, сасыган жексур.Наристелердин эркек кызыккыдай эч нерсеси жок,жана жетилбеген болот.
21.02.2015. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде башка сыр жатат деп ойлойм, кыздын апасы аяш атасын доого жыгып жаткандай сезилет.
21.02.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emilyno, зордукталганы аныкталды деп жазылып турбайбы!
21.02.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Патриот эр жигиттерибиздин кучу кыздарга эле жетет!!!
08.03.2015. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтсам, аны көрүп башында оюм бузулду.деп кантип айттын сендей ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 08.03.2015 20:03
26.06.2015. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уяяят эле ушу кишиге........
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: