14 ЖАШАР КЫЗДЫ ЗОРДУКТАГАНДАР ЭРКИНДИККЕ ЧЫГЫП КЕТИШТИ

№641 13-февраль-19-февраль, 2015-ж


Эсиӊиздерге салсак, гезитибиздин 624-санына «Кайын сиӊдисин жеӊеси зөөкүрлөргө салып берген деп шектелүүдө» деген макалабыз жарыяланган. Анда 29 жаштагы Кымбат Мырзатова аттуу айым 14 жаштагы кайын сиӊдисин 2 таанышына атайлап зордуктатканы жазылган. Кылмышка шектүү деп Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Торкен айылынын тургундары 26 жаштагы Максатбек Жумакалиев жана 41 жаштагы Азамат Токтошовдор кармалып, алардын үстүнөн кылмыш иши козголгон. Ал эми уюштуруучу катары шектелген «жеӊе» издөөдө жүргөн болчу.

«КЫЗЫМДЫ КЫЙНАП МАС КЫЛЫШКАН»
Өткөн аптада жабырлануучу кыздын апасы Гүлүмкан (аты өзгөртүлдү) «7-класста окуган кызымды зордуктаган 2 жаран дале эркиндикте жүрөт» деген маалымат берди. Биз ага жолугуп, окуя тууралуу өз оозунан уктук:
– Жолдошум экөөбүздүн 2 кыз, 3 уулубуз бар. Кызым Салима (аты өзгөртүлдү) кыздардын экинчиси. 2014-жылдын 16-июль күнү колумда 8 айлык балам бар болгондуктан кызымды «кыям жасайбыз, базарга барып өрүк, кумшекер алып кел» деп жумшагам. Менин телефонум жоктугуна байланыштуу түштө кошунабызга телефон чалып, мени менен сүйлөшкөн. Кийин телефону өчүп, ал күнү үйгө келген жок. Эртеси келип эле «Кымбат жеӊем мени 2 кишиге зордуктатып салды» деп бакырып-өкүрүп ыйлап жиберди.
Анын айтымында окуя мындайча болуптур. Салима базардан жеӊеси Кымбатка жолугуп калат. Кымбат өзү Торкен айылынан болот, андан бир жума мурун кайним менен ажырашып кеткен болчу. Экөө 8 ай бирге жашашкан. Кызымды «конок болуп кет, кечинде таксиге салып жиберем» деп Торкенге алып калыптыр. Анан бир үйгө алып барып, экөө чай ичип бир аз отурган соӊ эшиктен эки бейтааныш киши колдоруна сыра, арак көтөрүп келишкен. Кетмекчи болгон кызымды абысыным көкүрөккө чаап, «сен бүгүн түнү биз менен отурасыӊ, кетпейсиӊ, байкеӊдин өчүн сенден алам!» деп коркутуп, колундагы телефонун жулуп алып өчүрүп, кетирбей коёт. Анан сыра менен аракты аралаштырып, кызымдын колун кайрып кыйнап ичиришет. Кызым коркуп 2 чоӊ стакан ичиптир. Аз өтпөй «күн ысык болуп жатат, сууга түшүп келбейлиби» деп такси чакырып, суунун жээгине барышат. Ал жерден Салимага дагы сыра беришет. Тигилер өздөрүнчө бөлүнүп ичип жатканда Салима качкан экен, Максат артынан кууп жетип, кайра сүйрөп баратканда кызым кулап, кулагына чыбык кирип кетиптир. Бир убакта жеӊеси тура калып кызымды таш менен башка чаап кулатып, Азаматка салып бериптир. «Жеӊем эки колумду бекем кармап турду, бутумду тыбырчылатып, бакырып элди жардамга чакырсам, айланада эч ким жок окшойт, жооп болбоду. Эсимди жоготуп, өзүмө келсем Максат этегимде карап отуруптур, Азамат деген чоӊ киши үстүмдө экен. Маӊдайымдан кан агып жатыптыр. Өлбөй апамдын колуна аман-эсен жетсем экен деп тиледим» деп кызым боздоп ыйлап отурат.
Кийин башка таксиге салып, кайрадан Торкенге, бирок башка үйгө алып барып жаткырып коюшуптур. Кызым «кулагым» деп ыйласа темир менен кулагын чукуп, чыбыкты кайра ары түртүп, кулагын канатып алышат. Кечинде такси чакырып ооруканага алып барып, кулагындагы чыбыкты алдыртышкан. Анан Кымбат бир кошуна жеӊебизге телефон чалып «Гүлзада жеӊем менен сүйлөштүрүп коёсузбу, ага кыз керек бекен? Кызынын кулагына чыбык кирип ооруканада жатат» дептир. Мен чалсам Кымбат «кулагына курт кирип кетиптир, алдырып үйгө алып келдим. Эртеӊ салып жиберем» деди. Ооруканадан кийин кайра биринчи барган үйүнө алып барышкан. Кызым колуна үбөлүк кармап, таӊ атканча тигилерди жанына жолотпой коюптур. Эртеси айылыбызга кетчү таксиге салып жиберишиптир.

«ТОСМО АРЫЗДЫ АЛДОО, КОРКУТУУ ЖОЛУ МЕНЕН ЖАЗДЫРЫШКАН»
– Кайним экөө ажырашкандан кийин Кымбат ага «сенин 3 карындашыӊ бар, ошолорду шерменде кылып өч алам» деген экен. Биз анын сөзүнө убагында маани бербептирбиз. Максат менен Азамат 23-сентябрда кармалып, 2 ай камакта жатышты. Алардын туугандары «кызыӊыздын дарысына» деп
300 миӊ сом беришкен. Алардын соту болоруна аз калганда бир кайнежем кызым экөөбүздү Токтогул шаарчасына чакырды. Көрсө, ал берки балдардын ата-энеси, жактоочусу менен тил табышып алыптыр. Кафеге киргизип мага «балдарды каматып жибергенден эч кандай майнап чыкпайт, жеӊилдик берилсин деп кол коюп бер» дешти. Мен балам ыйлап эшикке чыгып кетсем, кызымды «артыӊды ойло» деп коркутуп, ага бир кагазга кол койдуруп алышыптыр. Мен мыйзамды анча түшүнө бербегендиктен алданып, бир чети коркуп кол коюп берип койдум. Ошентип сотто «өзүӊөр доом жок деп тосмо арыз жазып бериптирсиӊер» деп кызымды зордуктагандарды эркиндикке чыгарып жиберишти. Жабык сот дешип сотко мени, кызымды, анан баягы кайнежемди эле чакырышты. Мени соттук отурумга киргизип, бат эле кайра чыгарып коюшту.
Абысыным болсо 4 ай дегенде араӊ табылды. Аны да өзүбүз издеп жүрүп араӊ таптык. Ал кара чачын сарыга боёп, кыска кылып кестирип алыптыр. Борбордогу Кулиев көчөсүндөгү сойкуканалардын биринде иштеп жаткан жеринен милиция кызматкерлери кармап кетишти. Кызым азыр мектепте 8-класста окуп жатат. «Ушундан көрө өлгөнүм жакшы, атамдын көзүн карай албай, чай ичкенден да уялып жатам» деп эки жолу жип ала чуркап, араӊ алып калдык. Учурда Бишкектеги ооруканалардын биринде психологдордон жардам алып жатабыз.
«Кызымды зордуктагандар камалсын» десем эле берки тараптар, жактоочулар, тергөөчүлөр «анда 300 миӊ сомду кайтарып бергиле» деп коркутушат. Биз аны кызымдын дары-дармегине, ооруканаларга барганга жол киресине коротуп койгонбуз. Эгер зөөкүрлөр жазасын алса, анда мен 300 миӊ сомду кайдан болсо да таап берүүгө даярмын.

«СОТ ИШТЕРИ УЛАНУУДА»
Жогорудагы окуя боюнча чечим чыгарган Токтогул райондук соту менен байланыша албадык. Учурда бул иш боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат? Эгер жабырлануучу тарап тосмо арыз жазып берсе, кылмышкерлер оор кылмыш жасаганына карабастан эркиндикке чыгып кетишеби? Жогорудагы суроолорубузга Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошевадан жооп алдык:
– Бул иш боюнча сот процесси аяктай элек. Токтогул райондук соту өз чечимин чыгарып, ишти облустук сотко жөнөткөн. Бирок облустук сот кайрадан дыкат иликтеп чыгуу үчүн ишти райондук сотко кайтарган. Жакын арада соттун 2-отуруму болот. Жабырлануучу жашы жете элек кыз болгондугуна байланыштуу сот отуруму жабык түрдө өтөт жана акыркы чечим чыкмайынча соттун бул окуя тууралуу маалымат берүүгө укугу жок. Ал эми тосмо арыз боюнча айтсак, кылмыш ишинин оор же жеӊилине карата чечим чыгат. Оор кылмыш жасагандарга тосмо арыздын негизинде жеӊилдиктер каралат.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР СОТКО КҮБӨ КАТАРЫ КАТЫШЫШАТ»
Жалал-Абад ОИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кубаныч Акматов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул окуя боюнча кылмышка шектүү деп кармалган Азамат
Токтошов менен Максатбек Жумакалиев азыр эркиндикте экендиги чындык. Биз кылмыш ишин тергеп сотко жөнөткөнбүз, шектүүлөр күнөөлөрүн моюндарына алышкан. Сот жабырлануучу тараптын «доом жок» деген тосмо арызынын негизинде айыпталуучуларды эркиндикке чыгарган.
Ал эми издөөдө жүргөн Кымбат Мырзатованы биздин кызматкерлер 27-декабрь күнү Бишкек шаарындагы сойкуканалардын биринен кармап келишкен. Ал айым боюнча да тергөө аяктап, иши сотко өттү. Сот отуруму жакында болот жана өкүм
Кымбат Мырзатовага гана угузулат. Зордуктаган эки жаран ал сот отурумга күбө катары гана чакырылышы мүмкүн. Жеке менин пикиримде, кылмыш кылгандар эркиндикке чыгып кетишсе, уюштурган адам деле камалып кетпесе керек...

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Жеңеси кайын сиңдисин өч алуу үчүн зордуктатканбы?

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(61)
16.02.2015. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай боло берсе зордуктай турган адамдар акчасын берип зордуктай берет да дагы ушуга окшогон адамдар ды .дагы кызынар болсо жон эле баасын айтып койсонор башкаларга
16.02.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
300минди суйунуп алып,тугонгондон кийин дагы ондургусу келип атса керек да.Апасы ХХХ ХХХ тоба кылдым.Дагы канча алса тоер экен.

Модератор admin_media түзөттү 2015-02-17 10:48:22
17.02.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALBIKA, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
19.02.2015. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALBIKA,буга окшогон катындар тойбойт .кызын ойлобой акчаны ойлогон апа жакшы апа болот беле силер айткандай буларга дагы акча керек болуп жатат да .
19.02.2015. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошого айтып жатпаймынбы дагы кызы бар бекен болсо жон эле акчасын айтып койсун калоочулар барып зордуктап келет.
16.02.2015. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызынын келечегин ойлосо эмнеге 300мин сомду алат? Анан дагы иштетип жибериптир, кол коердон алдын карап окуп анан чечим чыгаратда, озунордо дагы куноо бар экенда...
16.02.2015. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо эмнеге москва шаарында болгон кыргыздардын атышу жонундо жазбай атасынар толук маалымат билгим келет бироосу олуп учоо реанимацияда деп жанылыктардан айтылууда
17.02.2015. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aayjamalka, саламатсызбы! Акыркы жаңылыктарды "Соңку кабар" бөлүмүнөн окуп турсаңыз болот. http://www.super.kg/kabar/
17.02.2015. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасы бекер эле алыптыр акчасын,ушул оор кылмыш кылгандар женеси баш болуп ташбаранга алынса да аздык кылат!
17.02.2015. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын !жаш туура!
17.02.2015. 06:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерден сасык келип жатат..Кыз неге больницага барып атын башка айтса унчукпайт..жакшы кыз болсо.ошондо эле билинмек врачтарга.зордукталган экени..ал больницада коркпойт да болчу анткени ал жакта адамдар коп.анан ичиргенине да ишениш кыйын..негизи журогум ооруду..бирок ким билет кудайыма жана ушул кызга белгилуу..жаш кыз ..акчаны да неге алышты экен..же ошондой пландары барбы эле..
17.02.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyz konechno jalko. Birok 300 000som menen sottordu dele satyp alsa bolot da andan koro kyzdyn dary darmegine jumshalgany jakshy. Jakshy psihologgo korsotso bolot. A tigi kylmyshkerler jazasyn alyshy kerek
17.02.2015. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол 300000сомду сотторго берсе ар бирине 20жылдан срок менен камакка тыкмак. Оздорунун ХХХ оздоруно жедириш керек эле. Минтип кайрадан ызы-чуу жаратпай.
Модератор admin_media түзөттү 2015-02-17 13:35:42
17.02.2015. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady,
Коомдук этиканы сактаңыз!
17.02.2015. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасынын чалды- куйду созуно караганда озу эле кылган иш экен. Акча алып коюп ал тугонгондо дагы умут кылып аткандагысы. Кызы жанагынча кордук коруп жатса корктум деп койот, олуп бербейби кызы учун, кызынын абийрин акчага баалап коюп тируу жургончо
18.02.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аларга окшогон ххх эркектерди бычып салуу тууралуу берене жазыш керек. Баарыбызда карындаш бар. Андай кылбаса буга окшогон зоокурлор кобрйуп баратат.
18.02.2015. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоочун уйго эмнеге барат?! Больницага барганда да айтса болот эле.
18.02.2015. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки кишиникин пычып женесин атсыын и баарыбызга ыйман берсииин
18.02.2015. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул аял 300000 мин сом алдым дейт ! Уяты жок экен! Мындай алганда ал оз кызын ушул акчага саткан болот. Бирок акчаны алган кезде да тиги зоокурлорду камаш керек болчу, себеби зордуктоо факты такталган.Ошол боштондука чыгарган сотту да тергоого алыш керек. Себеби сот деле жон гана чыгарган эмес. Алардын акчасын алган. Эй кудай ушундай адамдардын жазасын берчи!
19.02.2015. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кылмыш кылгандар күбө катары кана өтсө бул жагы кандай болот .
акча жана акча!!!!!!!!!!!!!!
20.02.2015. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир нерсе деш кыйын,азыр мен эми биздин милиция, сотторго такыр эле ишенгим келбей калды,чындыкты чыркыратып туруп акчага сатылып кетишет,андан көрө өч алгың келсе кечинде бет кап кийип ушуга окшогон зөөкүрлөрдү коркутуп, чет жака алып чыгып,башын кап менен жаап алып моокумуң кангыча уруп анан эгер милицияга арыздансаң мындан да бетер болосуң деп өч албасаң, милициялардан тыянак чыгышы кыйын болтат.
20.02.2015. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы учурда ачсан эле сайты зоордуктады дегенге созсуз козун тушот,тооба!
22.02.2015. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зордуктоо аябай куч алды! Чон аялдардан тартып Ымыркайларга чейин зордуктамай! Бул не деген шумдук? Зордуктаган акмактарга шариятский суд керек!
22.02.2015. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах жазаласын, кор болуп олот булар. Бирок кор болсо да кыргыз кор болгон болотдаа.Жакшылык болсун ааламда

22.02.2015. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адамга ыйман берсин ушундай нерседен кудай озу сактасын
SUPER.KG видео
24.02.2015. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне эле болуп жатасынар? апасында эмне айып? айылдан чыкпаган аял болсо,балдарындын тагдырын ойло деп коркутушса, бечара айла жок макул болгон да, озунор деле ойлонсонор, кеп акча жонундо эмес, ошол акчаны алып берген кайн эжесинде болуп жатпайбы, арасына балдарынын эртенки кунун ойло деп, озу кызынын азабын тартып аран турса ,балдарын да кошумчаласа,чын эле коркуп кетти да,
26.02.2015. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беттери менен курусун кантип эркиндике чыгышты? Колу менен жасаганды, мойну менен тартыш керек да! Булар акча менен кутулуп кетиптир да бирок Аллахтын алдында кандай абалда калаар экен белгисиз!
30.03.2015. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам адамга жасаган жазадан кутула алат, бирок жаратуучудан кутула албайт.
02.04.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасыго кызынын намысын 300минге сатыптыр а соттор кантип чыгарып жиберди. Акчасын алып чыгарып жиберген соттун кызынада ушул иш башына тушкондо турмодо чиритет болчу бул анык. Бул нерсе биз кыргыздар наамысыбыздын жок экендигинен кабар берип турат. Кудайдан тиленгиле ыймандуу акылы сиирек башчы келсин деп
SUPER.KG видео
15.04.2015. 05:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ байкуш кыз, элестете албай жатам....
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-15 09:33:33
19.04.2015. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ишти жасаш тугул айтууга да тилин барбайт,Негизгиси кудайым озу сактасын,ал эми кыздын тагдырынан кеп козгомокчу болсок,албетте бул жооп табылгыс суроо.Бул тосмо кагаз деген жазасын албасын деген эмес ко,мейли тосмо кагазды жаздырды,акыры мамлекеттин ар бир кылган кылмышка чара колдонушу керек эмеспи.Кылмышты жасадыбы ал жазасын албетте алыш керек.Тосмо кагаз м.н балдар акталса,мындай ишти башка кайталабайт дегенден ыраакмын.
20.05.2015. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлүмкан эже жана Салима, АЛЛАХЫМ баарын корүп турат.Аларды албетте АЛЛАХЫМ озү жазалайт.Салимага АЛЛАХЫМ бакыт берсин.Көп кайгырба. Сенин келечегиң алдыда.Сен албетте бактылуу болосуң!
20.05.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеңеңди АЛЛАХЫМ өзү жазаласын.
05.06.2015. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЭ агасынын намысы жок ХХХ экен. Кызынын жаркын келечегин акчага саткан ХХХ...
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-06-05 10:01:49
05.06.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
umar12, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
Медиа-портал
12.09.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи коруппция эмнеден келип жыгат?албетте бул айлык аздан да ошол судьялардын,милициялардын айлыктарын которуп койсо жакшы болот беле кандай дейсинер?алган айлыгы уй булосун камсыздаганша кенен жетсе,акча жагынан аларда проблема болбосо пара албай адилеттуу болушат беле?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: