КҮНӨСКАНА КУРУП, ЖЫЛ БОЮ КИРЕШЕ ТАБЫҢЫЗ

№642 20-февраль-26-февраль, 2015-ж


Коомдун өнүгүшү менен кыш, эрте жаз жана кеч күз мезгилдеринде күнөскана куруп, жашылча-жемиштерди өстүргөн дыйкандарыбыздын саны өсүүдө. Ошондой эле аны үйрөнүп алайын деп кызыккандар да чекеден чыгат. Эмесе, күнөскананын негизги эки түрү тууралуу Инновациялык кеңеш берүү жана окутуу борборунун агрономия боюнча адиси Жолдош Эшперов маалымат берет.

«КҮНӨСКАНА – ТАТААЛ КУРУЛУШ»
– Кыргызстанда күнөскананын күнөстүү жана туннелдүү деген 2 түрү кеңири жайылууда. Туннелдүү күнөскана өлкөбүздүн климаты ысык келген аймактарына ылайыктуу. Мисалы, туурасы 9 метр, ал эми узуну 20-25 метр келген күнөскананы (бул стандарттык көлөм) куруу үчүн 65-70 миң сомдун айланасындагы каражат сарпталат. Бул жумушчу күчүн кошкондо келип чыккан сан. Эгер дыйкан эккен жашылчасынын түшүмдүүлүгүн арттырам десе күнөскананын ичине тамчылатып сугаруу системин орнотуп алса утат. Анын 1 топтому (комплект) суу толтуруучу челегин кошкондо 20-25 миң сом турат. Жалпы курууга кеткен чыгымды дыйкан эки жылдын ичинде кайтарып ала алат. Тажрыйба топтогон сайын киреше жыл санап көбөйө берет.
Күнөскана абдан татаал курулуш. Куруучу алгач арматуралардан күнөскананын каркасын жасап баштайт. Ал үчүн ичкерээк арматураларды догоо тибинде ийип, казык катары кагылган арматураларга ширетүү менен бириктиришет. Ал эми казыктарды жыгачтан кылса эмне болот деген суроо туулушу мүмкүн. Кар түшөт, катуу шамал болот, күнөскананын ичи бирде ным, бирде кургак болот. Мына ушул шарттарда жыгачтар чирип же сынып калышы мүмкүн. Колдон келсе бардыгын тең темир материалдардан кылган оң. Эки түрдүү күнөсканада тең капталуучу полиэтилен плёнка 2 кат болушу керек. Мында эки плёнканын ортосундагы боштукта термос сыяктуу жылуулук сакталып турат.



«КҮНӨСТҮҮ КҮНӨСКАНА СУУК ЖЕРЛЕРГЕ ЫЛАЙЫКТУУ»
– Бул күнөсканага туннелдүүгө караганда көбүрөөк каражат жана физикалык күч жумшалат. Күнөстүү күнөскананын түндүгү кыш, пескоблок же болбосо таштан тургузулган дубал менен тосулуп, түштүк тарабы же күңгөй бети полиэтилен плёнка менен капталат. Мындан сырткары кыштын суук айларында плёнка капталган бетин түнкүсүн жууркандар менен жаап, жылытуу системин да жетиштүү деңгээлде иштетип туруу керек.
Түндүк тарабын дубал кылуунун негизги мааниси – күндүз тийген күндүн жылуулугу плёнка аркылуу дубалга өтөт дагы, күн батып кеткенден кийин сырттагы температура муздаганда дубалдагы жылуулук күнөскананын ичине, өсүмдүктөргө өтөт.
Эки күнөскана тең жарык берүүчү систем менен толук камтылышы керек. Себеби өсүмдүктөр бир күндө 15-16 саат жарык менен камсыз болушу зарыл. Ошондуктан күн чыкканча 3 саат жарык күйгүзүп, күн баткандан кийин да 16 саатка тууралап жарык берүү шарт. Жалпысынан күнөстүү күнөскана курууга 75 миң сомдун тегерегиндеги акча сарпталат. Эки күнөскананы тең курууда атайын адистерден кеңеш алып, колдон келсе окуй калган жакшы. Бишкек шаарындагы Айыл чарба академиясында ушул багытта атайын курстар бар. 1 курс окуу үчүн 10 күн гана талап кылынат. Ал эми баасы 3500 сомдун айланасында.

– Өсүмдүк үчүн эң негизги аба, суу, жарык, жылуулук жана топурактагы керектүү азыктардын болушу шарт. Эгер күнөскананын ичинде жүргөндө аба жетишпей адам кыйнала баштаса анда эшик-терезелерин ачып желдетип туруу керек. Ал эми ургаачы өсүмдүктү эркеги менен чаңдаштырууну кол менен жүргүзүүгө туура келет. Күнөскананын ичинде чаңдаштыруу функциясын аткарган аары, курт-кумурскалар жок болгондуктан, эркек өсүмдүктүн аталыгындагы чаңды кисть менен жугузуп алып, ургаачы өсүмдүктүн энелигине силкип коюу керек.

«КҮНӨСКАНАНЫ ЖАЙКЫСЫН ЭС АЛДЫРУУ КЕРЕК»
– Күнөскананы пайдалануу мөөнөтү күзгү, кышкы жана жазгы болуп бөлүнөт. Жаңы баштап жаткан фермерлер күзгү жана жазгы учурларга багыт алгандары оң. Себеби кыш мезгилинде күнөсканада жашылча өстүрүү көп каражатты жана мээнетти талап кылат. Ал эми жайдын ысык мезгилинде күнөскананы эс алдырып, табигый күндүн ысыгынан пайдалануу кажет. Дегеле жайында сыртта күн ысык болгондуктан, күнөскананын ичиндеги температураны бирдей кылып кармап туруу мүмкүн эмес.

Күнөсканада өстүрүүгө сунушталган жашылчалар жана түшкөн киреше.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg



10 миң сомго күнөскана куруп, бизнес баштаса болобу?

Автор: Анаркан Садыралиева
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(22)
23.02.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага абдан жакты кенешиниздерге рахмат..
23.02.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да жакты мен да ушундай парниктерге кызыгам
23.02.2015. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо инкубатор тооктор боюнча маалымат жазгылачы
23.02.2015. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келип куруп беруусулор барбы?жаны жазда курса болову?же куздо куруп алуу керекпи?айтып коёсторбу?супер инфо.
23.02.2015. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маалымат экен .
23.02.2015. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы. козу карынды кандай остурот теплцада ошону да жазгылачы сураныч
24.02.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tapkych85, саламатсызбы!

Козу карын өстүрүүнүн сырлары:
http://www.super.kg/article/?article=28027
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-24 13:31:18
24.02.2015. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле тооктор жонундо жазгылачы анан коендор.
25.02.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pantherka, саламатсызбы!
Тоок багуу тууралуу:
http://www.super.kg/article/?article=13357
Коён багуу тууралуу:
http://www.super.kg/article/?article=14149
25.02.2015. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,10 кундук окуу боюнча телефон номерлерин билсениз жазып кое аласызбы?Же академиянын дарегин.
24.02.2015. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвасы жок эле теплица куруп, жашылча өстүрүп жашаш керек экен буюрса. Мал баккан да жакшы.
25.02.2015. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен точно ушул иш менен алектенем,буйруса.Мага жакты.Кенешинерге ырахмат.10 кундук окууга кантип катталса болот экен?Дарегин кантип тапсам болот?Админ,жардамыныз болсо аябанызчы
25.02.2015. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон рахмат супер инфо,абдан маанилуу жана керектуу макаланар учун,жаз келе жатат,дыйканчылык иштери башталат буюрса.Мага чакан парникти жасоо,капуста,памидор ж.б. жашылчалардын кочотторун остуруудо жардамынар керек.Парник жасоодо,кочотторду туура остуруудо билгеним аз,убаракерчилик коп.парникти кандайжасоо керек,кайсы айда жасоо керек,мен Алайда Гулчодомун,кайсы айда парник жасоо керек,кочоттор канча кундо осуп чыгат,сугаруу,
кыскасы баарына эле бул маалыматтар баалуу болсо керек.Рахмат.
26.02.2015. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erali, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/article/?article=20707
26.02.2015. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң сонун маалымат. Мен да ушул иш м.н алектенем деп жүргөм. Жакшы болду рахмат силерге Супер.
26.02.2015. 07:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзүм да маалыматым бар ошентсе да кыйла толукталды.
27.02.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу admin_superstan ушундай эле күнөсканаларда гүлдөрдү өстүрүүгө болобу,мисалы роза гүлү,тульпан,гваздика,лилия,жана башкаларды.кандай шарттарда жетиштирсе болот. кеңеш бере аласыңарбы. алдына ала чооң рахмат.
27.02.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dian, саламатсызбы!
Жакынкы сандарга чыгарууга аракет кылабыз.
01.03.2015. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуу каерде отот, телефон дарегин жазып коесунарбы, сураныч. Рахмат.
02.03.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы! Менин атым Рыскул. "Инновациялык агрардык технологиялар борбору" мекемесинин башкы мудуру болуп иштейм. Биздин борбордун максаты кызыкдар адамдарга айыл чарба технологиялары боюнча озунун бизнесин, жеке ишин баштоого комоктошуу болуп саналат. Биздин негизги багыттар: куноскана, козу карын остуруу, балык остуруу, аарычылык, коен жана жуну баалуу жаныбарларды остуруу, биогаз технологиясы, кун энергетикасы, тамчылатып сугаруу технологиялары ж.б. Телефонум: 0550 724297
02.03.2015. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз окутабыз, керектуу жабдуулар менен камсыз кылабыз, кийинкиде тейлоо да каралган. Толук кандуу ишибизди апрель, май айларында баштайбыз деп турабыз.
SUPER.KG видео
16.11.2015. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу карын остуруу сырларын кайдан алса болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: