"ЖОЛДОШУМ ИНИМЕ 17 ЖОЛУ БЫЧАК САЙЫП ӨЛТҮРДҮ"

№644 6-март-12-март, 2015-ж


Өткөн жылдын октябрь айында Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаӊы конушунда Нурсултан Раимкулов аттуу 19 жаштагы жигитти белгисиз кылмышкер 17 жолу бычак сайып өлтүргөн. Бул кылмышка шектелип маркумдун бир тууган жездеси, Кочкор районунун Шамшы айылында 1986-жылы туулган Шаршенбек Сыдыкбек уулу кармалган.

Мырзабек Токтосунов, Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери: «АЙЫПТАЛУУЧУ АЗЫР СИЗОдо»
– 19-октябрга караган түнү Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ак-Ордо конушунун тургундарынан адам өлтүрүү боюнча маалымат келген. Кызматкерлер айтылган дарек боюнча барганда 19 жаштагы Кочкор районунун тургуну Нурсултан Раимкуловдун бычактан жараат алып каза болгон жансыз денеси табылган. Анын көкүрөгүнө 7 жолу, арка тарабына 10 жолу бычак сайылыптыр. Бул кылмышка шектелип Шаршенбек Сыдыкбек уулу кармалып, кылмышын моюнуна алган. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө аяктаганда сотко өткөрүлүп берилген. Айыпталуучу учурда СИЗОдо кармалууда.

«УУЛУМ КӨЗ АЛДЫМА ЭЛЕСТЕП ЖАТАТ»
Маркум Нурсултан Кочкор районундагы карапайым үй-бүлөнүн эӊ кенжеси экен. «Көп нерседен үмүттөндүргөн кенже уулубуздун жанын күйөө балабыз алып тынды» деп атасы Таалай Раимкулов мырза көз жашын төгүп отурган чагы:
– Кызыбыз Перизат менен күйөө балабыздын 3 баласы бар, жакшы эле жашашчу. Булардын тынч түтүн булатышына кудаларыбыз жолтоо болушту окшойт. Экөө 2013-жылдан бери таарынышып жүрүп, 2014-жылы апрелде ажырашышкан. Күйөө балабыз балдарына алимент деле төлөгөн жок. Нурсултан эжеси менен бирге жашап, иштеп анын балдарын багышып жаткан.
Шаршенбек үйгө келип балдары менен көрүшүп турчу. "Экөөнүн ортосунда 3 бала бар, кайра жарашып бирге жашап калышар" деп калчубуз. Акырында минтип үйгө чейин бастырып кирип, балабызды өлтүрүп кетти. Ошол күндөн бери уйку жок, уулумдун баскан турганы көз алдыма элестейт. Кочкордогу үйдө кийип жүргөн футболкасы бар экен, апасы экөөбүз ошону целлофан баштыкка салып сактап койгонбуз, бирибизден өтүп бирибиз жыттай беребиз. Кудаларыбыз «силердин балаӊар жерге кирип кетти, биздики түрмөдө кыйналып жатат» деп сотто бизди кекетип сүйлөшөт. Биз анын өмүр бою камалуусун талап кылабыз. Эгер сот аны актай турган болсо элдик жазалоого барабыз. Азыр 3 уулум "биз өч алабыз" дешүүдө, "мыйзамды сыйлагыла" деп аларды араӊ эле кармап отурам.

Маркумдун эжеси, кылмышка шектүүнүн мурунку жубайы Перизат Раимкулова: «ИНИӉ КЕЛБЕСЕ СЕНИ ӨЛТҮРӨМ ДЕДИ»
– Ошол каргашалуу түнү уктап жатсам эшик ачылып, үйгө бирөө киргендей болду. Ал убакта Нурсултан достору менен гитара чертип көчөдө эле. Карасам мурунку жолдошум колуна бычак кармап босогодо туруптур. Столдо турган бычакты да колуна алып, «Нурсултанды таап бер, болбосо сени өлтүрөм» деди. Мен туруп кийиндим да, экөөбүз дарбазанын сыртына чыктык. «Саат 24:07 болуп калыптыр, иниӊди 15 мүнөт күтөм, эгер келбесе сени өлтүрөм да, анан аны да өлтүрөм» деп бычактарды бири-бирине кайрап турду. Нурсултанга телефон чалып чакырдым. Ал келгенде жолдошум бычагын жашырып, унчукпай эле туруп калган. Иним «бул жакка эмнеге келдиӊ? Эртеӊ менен сүйлөшөсүӊ деп айтпадымбы» деди. Анан мага карап, «сиз кире бериӊиз, биз жөн жай эле сүйлөшөбүз» деди. Бир короодо 6 үй-бүлө батирде турчубуз. Чуркап кирип кошуналардан жардам сурап кыйкырдым. Алар да уктай элек экен, чогулуп бат эле сыртка чыктык. Көчөгө чыксак эч ким жок, иним болсо жерде сулайып жатыптыр.
Инимдин алды тарабына 7, артына 10 жолу бычак сайыптыр. Далысына катар-катар сайып ойногондой. Нурсултан ага караганда сөөк-сактуу, бойлуу жигит болчу. Аз убакыттын ичинде жалгыз өзү инимди мындай мыкаачылык менен өлтүрө алмак эмес.

«КЕЛИНИМДИН КӨРСӨТПӨГӨН КЫЛЫГЫ КАЛГАН ЖОК»
Шаарбүбү Султанова, кылмышка шектүү Шаршенбектин апасы:
– Шаршенбек 6 кыздан кийин тиленип жүрүп көргөн уулум болчу. Перизатты классташым аркылуу таап, уулум менен сүйлөштүргөнбүз. Экөө тил табышып, бапырап биринчи жолу келин алдык. Тыпылдап жакшы оокат кылып жаткан келиним бир айга жетпей өзгөрүп кетти. Анын көрсөтпөгөн кылыгы калган жок. Бир жыл өтпөй уулумду шаарга ээрчитип кетти. Жумуштары жүрүшпөй, батиринин акысын да төлөй албай кайра айылга барып, 2 жыл кой багышты. Анан эле күч күйөө кылып төркүнүнө алып кетип калды. «Уулумду төркүнүнө алып барып көмүр ташытып иштеткени эмнеси» деп аябай капаландым. Кийин Кочкор айылында жашап жатышкан, неберелеримди көргөнү барсам дагы шаарга келе беришиптир. Муздаткыч жана башка буюмдарды алам деп келин банктан насыя алган. Анын бир айынын эле акчасын төлөп, калганын биз төлөдүк.
Көп нерсеге келин себепкер болгондуктан мен ага асылчумун, аны моюнума алам, экөөнү ажыраштырдык. Баламдын телефонуна келинден кайра-кайра сөгүнгөн жаман билдирүүлөр келе берчү экен. Келиним уулума «Нурсултан жазды» деп жалган айтып жүрүп инисин өлтүртүп, өзүн түрмөгө отургузуп тынды.
4-март күнү Ленин райондук сотунда бул кылмыш иши каралып, жыйынтыгында кайра териштирүү үчүн иш райондук прокуратурага жөнөтүлдү.

"Жаӊы турмуш курган күнүбүз. Жолдошум мындай мыкаачылыкка барарын ошондо сезсемчи."

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg



Жездеси кайнисин 17 жолу бычак менен сайып өлтүргөн

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(81)
10.03.2015. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iii ata-enesine ,kyzga jaman boluptur
10.03.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоосунун да аялынын да мееси жок экен,куйоосу оз канынан жаралган балдарын каралашып жургон адамды олтурсо аялы куйоосунунун колунда бычакты коруп туруп милиция же элди чакыраардан мурда инисин чакырып бериптир,бул жерде бир соз бар,мен бул аялдын айтканына анча ишенбей турам.
10.03.2015. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле бул жерде бир сыр бардай эжесинин создору чындыка анча окшошпойт.
Баланын жаткан жери жайлуу болсун.
10.03.2015. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун бала эле. бир мектепте окуганбыз.бир калыпта журо берчу.жаткан жери жайлуу болсун.жаш кетти да
11.03.2015. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gukush00,ооба, эжесине боор тартып журуп эми минтип...
10.03.2015. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баланын жаткан жери жайлуу болсун ата-энеси суйгонуна жаман болду. бир уй булоонун чыр чатагы учун канча адамдын журогу канап жатат чон эле кишилер уй булоо болгондон кийин ар кандай шартка чыдап бирин бири кечирип жашай беришсе болмок жеке озулорун ойлобой балдарын да ойлош керек да
11.03.2015. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошончо эле кайнисине өчөшкөн болсо,ошончолук намыстанган болсо эркекче таалага барып "разна-раз" дебейби...
Бычак көтөрүп келип албай, бычак менен 5-класстын баласы деле өлтүрүп кое берет да... эмне болду эми?? бири мүрзөдө бири түрмөдө...
11.03.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата -энесине кыйын болуптур!Сабыр кылыныздар,бешегеге ошол нерсе жазылганда,эжесинда алла сактасын,акыл берсин кудайым,ал да жазасын алат деп ойлойм.Нурсултан жаткан жерин жайлуу болсун,бейиштин кушу бол
11.03.2015. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ата энеге эле жаман болду го. Тиги кайненесин карасан айтканын, кредитин мен толоп бердим деп, толоп бербей алып бериш керек, баланы буттан тургузбасан акыл соз айтып жашоого багыт бериш керек. Куч куйоо деп, кур намыстанып, куч куйоо кылгынар келбесе жанынардан чыгарбай жашабайт беленер, жакшы жашоодон неге болунот? Тем более жалгыз уул болсо? Кылбаганы жок деп сакалдуу башынар менен силердин кылбаганынар жок, акылы тайкы кайнене сизде куноо.
12.03.2015. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажырашкандан кийин ХХХ ХХХ журсо болмок Перизат.Аялдар тидин башкара албай калса ааламды жок кылып бериштери да мумкун.Азыркы аялдар дын тили 1.5 метр.Буткул уй-булого,кала берсе оз ата-энесине да соз бербейт.Кыскасы азыркы аялдар тез эле шайтанга миндирип алышат.Айтышат ко кыжыры келген адамды шайтан минип алып камчысы менен чапкылайт экен,суйло дагы суйло деп,эгер шайтанга алдырып койсо озун токтото албай оозуна келгенди суйлойт экен.Тилекке каршы азыркы аялдарды шайтан оной эле минип алат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-12 09:54:44
12.03.2015. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uson73, этика нормаларын сактаңыз!
13.03.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uson73,эмне азыркы аялдарга асылып жатасын? Беш кол тен эмес. Озундун аялын ошондой окшойт э?
12.03.2015. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойноп суйлосон даойлоп суйло деген,ининди аралаштырып эмне кылмаксын,турмушуна.
SUPER.KG видео
12.03.2015. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдан коро салдым эле? Ээн кыйыны бул дуйнодо суйгон адамынды жоготуу экен .Олгон адамды келет деп кутуп жинди болууп эле кала бересин да
12.03.2015. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжеси да кызык экен го ?Бычак кайрап турган адамга инисин салып берип!Инисин чакыргыча милицияга кабарлап койбойбу тихаря.Байкуш иниси,жайы жаннаттан болсун!Оюмча коп нерселер айтылбай калган го,кайненесинде да бар экен.Ажыраштырдым дейт да беймарал.3 балалуу болгуча эле ажыраштырыбай беле?Эжеси дагы коп нерсе билгендей
12.03.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Deniza 88 эмне килтейген баласын бакканга ата энеси милдетуубу? Колу буту барбы озудору иштеп буттарынан турсун . Уй булоосун бага албагандан кийин эмне аял алат. Ойлоду да ата энем алып берет анан аялымды кошуп багат деп.
12.03.2015. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келин куноолудой сезилип жатат
Медиа-портал
13.03.2015. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге жолдошун ининди олтуром деп келди? Эмнеге сурабадын? А балким сен жаман смстерди жазып жинине тийип, ал ачуу кандуулукка алдырып сени олтуром деп келгенде иним жазды деп Инине шылтоолоп койгондурсун! Катуу тийсе кечирим сурайм, бирок чын эле эмнеге аны олтуром деп келгени сырдуу болуп жатат.
13.03.2015. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар!!!Силер турмушка чыгаардан алдын жакшы ойлонуп(куйондун уйундо же озунордун сатып алган уйунордо )жашагыла.Эч качан озумдун жериме элиме,уйумо алып келем деп ойлобогула.Эрди эр кылган кара жер кылганда АЯЛ.болот.Балдарынардын келечегине балта чаппагыла.
14.03.2015. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келинин жаман болсо уулунан кор , куйоо балан жаман болсо кызынан кор дейт .Мусулманчылыкта жаман аял уч адамга себепкер деген :атасы , агасы , баласы .Азыркы болуп жаткан журок ушун алган окуяларды мен ушундай айтылган создор мн байланыштырам
Медиа-портал
15.03.2015. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай эле окуялар болуп атат э. Келини кайнисиндисин бузукуларга салып берип, жезде кайнисин бычактап олтуруп атса бул эмне деген шумдук. Журок ушун алатго Эжеси болгон сон бир инисин коргой албаган ал кандай эже болду экен? Байкуш жигиттин йулоноор кызынын коз жашы кургабачуудайго кандай гана окунучтуу окуя э.Маркум Нурсултандын жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун! Арты кайырлуу болсун!.
15.03.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжеси чындыкты жашырып аткандай , инисинин олумуно куноолу. Коруп туруп инисин олумго чакырып берди. Башка батирде жашагандар бар экен. Ошолорду жардамга чакырса болот болчу да.
15.03.2015. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
17 жолу бычак сайылган баланы 45 минут уйдо кармап олтура берген,эмнеге сразу больницага алып барбады?
15.03.2015. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде тез жардам кызматкерлери жок,алардын атын эле укбасан заты жок!
15.03.2015. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЖЕСИ да чыр-чатак турмушуна жапжаш инисин аралаштырып эмне кылат .олгон озунун шору деген ушул да ал бала учун эми бир гана ата-энеси кыйналат эжесине баарибир да дагы бир зоокурду таап жашай берет .суйлошкон кызы тез эле суйуктуусун таап алгандай.
15.03.2015. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал баланын дагы бир туган иниси бар бекен эгер эжеси дагы азыркы баланын тубуно жетсе дагы бироосуно белек кылып коюшат эле
15.03.2015. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйлошкон кызы бир туугандарды тейлеп журо берет да.ал кызгада да тан калдын олорун кутуп тургандай кантииип журогуно баты .же эр болсо болду окшшойт .эркек атту жан болсо .хххххххх
15.03.2015. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудааайййй..... бир тууганынан да озунун жанын биринчи ойлогон киши болот экен эээ... чакырбайм андан коро мени олтур дебейт беле. Жок эле дегенде кирбей койсо болмок бир эмес эки бычак колунда турганын коруп туруп. Балага боорум ооруп турат. Жаткан жерин жайлуу болсун.
16.03.2015. 07:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын кырк чачы улуу.
19.03.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжеси инисин жалгыз таштабоо керек эле кочого,мен эжесин куноолоймун,жаткан жерин жайлуу болсун.
24.03.2015. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжеси: "уктубу укпадыбы билбейм" деп кайдигер суйлоп коет го, оз иниси эмес кочодогу бейтааныш адамга да мындай мамиле кылынбайт да! Мыйзам боюнча куноосу жок болсо да, абийир сотунан качып кутула албайт. Оз иниси учун любой адам жанын бергенге жон эле даяр болсо керек, ушул "эжесин" тушуно албай койдум.
24.03.2015. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lazygirl Sydykbek uulu Sharshenbektinda enesinin jalgyz balasy emes ele daagy bir balasy bar 92 Duishonbek enesine ayabai ishenip atkansynargo!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-25 10:43:06
25.03.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
perizat87, сайттын башка колдонуучусун мазактоого, жеке айтышууларга жол жок! 2 күн БАН!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: