ТОККО УРУНУП ӨЛҮП-ТИРИЛГЕН БАЛА

№645 13-март-19-март, 2015-ж


Клиникалык өлүм – бул адамдын кыска убакытка өлүп кайра тирилүүсү, тагыраак айтканда, биологиялык өлүм менен өмүрдүн ортосундагы өткөөл мезгил. Клиникалык өлүмгө кабылган адамдын жүрөгүнүн согуусу, дем алуусу токтоп, тирүүлүктүн бир дагы белгиси байкалбай калат. Мына ушундай өлүмгө туш болуп кайрадан тирилген мекендешибиз Таластын Талды-Булак айылында жашайт.

«УУЛУМ АЧЫК ТУРГАН ТРАНСФОРМАТОРГО КИРИП КЕТИПТИР»
Бул дүйнөдө эне үчүн баласынан айрылуудан өткөн тозок жок болсо керек. Так ошол тозокту жон териси менен сезип, бирок артында кубанычтын көз жашын төккөн эне Жыпар Сатылганова менен баарлаштык:
– Бул окуя 2001-жылы Талас районундагы Талды-Булак айылында болгон. Уулум Бекзат анда 3 жашта эле. Айылдагы туугандарыбыздын бири келин алып, ал жакка уулумду да жетелей баргам. Коноктор менен алаксып үйдүн ичинде отурганбыз, уулум эшикте балдарга кошулуп ойноп жүргөн. Аӊгыча бир келин «балаӊыз токко жабышып калыптыр» деп чуркап келди. Көрсө, жанындагы ойноп жүргөн балдар уулумдун топусун жакын жерде тегереги тосулбай, ачык турган трансформаторго ыргытып жиберишиптир. Бекзат болсо топусун алам деп анын ичине кирип токко урунган экен. Бактыга жараша, бир жеӊебиз көрүп калыптыр. Ал «ток урбасын деп кийиминен кармап көрсөм ток тарткан жок, алып ыргытып жибердим» дейт. Бардыгыбыз эшикке чуркап чыксак, балам жерде сулк жатыптыр. Андайда убакытты санаганга деле дарманыӊ келбей калат да. Болжолу балам 10 мүнөттөн ашык эс-учун жоготуп дем албай жатты. Биз ызы-чуу болуп жатканда ары жактан бир байке чуркап келип «топуракка көмүп жибергиле» деди. Ошол жерде тургандар үйүлүп турган топуракты казып көмө салышты. Мен балам өлүп калды окшойт деп жүрөгүм оозума кептелип, четте ыйлап жаттым. Уулум топуракка 10 мүнөттөй көмүлүп жаткан соӊ элдер «ыйлаба, балаӊ тирүү экен» дешти. Басып барсам алгач баламдын курсагы кыймылдады, анан «апа» деп ыйлап жиберди. Эми ошондогу кубанганымды сөз менен айтып жеткире албайм. Дароо ооруканага алып барсак дарыгерлер жакшынакай эле дешти.

«БАЛА 20 МҮНӨТТӨН АШЫК ӨЛҮП ЖАТКАН»
Бул окуянын күбөсү Бактыбек Колалиевге жолугуп, анын сөзүн да уктук:
– Ошондо мен үйлөнүп жаткам. Короодо кошуналардын, туугандарыбыздын кичинекей балдары ойноп жүрүшкөн. Сыртка чыксам «бир бала өлүп жатат» деп калышты. Чуркап барсам Чомой аттуу агабыздын баласы экен. Биз дароо аны чечиндирип, жаныбызда турган топуракка баланы моюнуна чейин көмө салдык. 20 мүнөттөн ашык убакыт баланын жүрөгү сокпой, дем албай жатты. Биз болбой калды, бала өлдү деп үмүтүбүздү үзүп койгонбуз. Бир кезде эле ал «апа» деп кыйкырып жиберди. Ток адамдын денесинен чыкканда бир жерин тешип кетет экен. Баланын колу, анан төбөсү айрылып кеткен. Тосулбай турган трансформаторду ошол окуядан соӊ гана курчоого алышкан.

«КАНТИП ӨЛГӨНҮМ ЭСИМДЕ ЖОК»
«Көйнөкчөн төрөлгөн», тагыраак айтканда, өлүп тирилген Бекзат Бакаевге жолугуп, чай кайнамга кепке тарттык:
– Үйдөгүлөр «кичинекейиӊде токко урунуп өлүп кайра тирилгенсиӊ» деп айтышат, бирок менин эсимде жок. Кичинемде ток ургандын залакасы деле байкалган жок, ден соолугум жакшы эле. Болгону колумда, башымда ток ургандан калган тырыктар бар. 9-классты бүткөн соӊ өз каалоом менен электрик болоюн деп Бишкектеги №20-кесиптик лицейге тапшырдым. Ата-энем да менин тандоомду колдошуп, учурда 1-курста окуп жатам. Ошондо мени куткарып калышкан адамдарга ыраазымын.

Адистин кеӊеши

«42 ВОЛЬТТОН ЖОГОРКУ ЭЛЕКТР ТОГУ АДАМ ӨМҮРҮНӨ КООПТУУ»
Токко урунуунун кантип алдын алуу керек? Кокус токко урунуп калса эмне кылуу зарыл? Бул өӊдүү суроолорубузга «Түндүкэлектр» ААКсынын техника жана коопсуздук бөлүмүнүн башкы инженери Жолдош Нусупов жооп берди:

  • Токко урунбоо үчүн эӊ биринчиден адам техникалык жана коопсуздук эрежелерин сактоосу шарт. Электр менен иштегенде ток өтпөөчү атайын шаймандарды колдонуу зарыл.
  • Эгерде денеси же кийими суу болсо, киши токко жакын жолобошу керек. Анткени суу ток тартат.
  • Мектептин, бала бакчанын жанындагы трансформаторлор сөзсүз түрдө курчоого алынышы зарыл.
  • Адам токко урунганда жанындагылар электр тогун үзүшү керек. Мисалы, кадимки эле лампочкаларды алмаштырып жатканда колу зымга тийип кетсе кармаган боюнча туруп калат. Мындай кырдаалда жанындагы адам дароо жарыкты өчүрүүсү абзел.
  • Эгерде окуя көчөдө болсо, ток урган адамды үзүлүп калган зымдан же ток бар жерден 8 метрден алыс жаткырыш керек. Себеби жер ным болсо 8 метрге чейин ток тартат.
  • Токко урунган адамдын мурдунан суу, оозунан көбүк чыгып кетет. Адам дем алып турушу үчүн аларды таза чүпүрөк менен тазалап туруу кажет.
  • Ток урган адамга 4 мүнөттүн ичинде алгачкы жардам көрсөтүлбөсө, өлүмгө учурашы мүмкүн. Ар бир мүнөт сайын адам өмүрү 10 пайызга кыскара баштайт.
  • 42 вольттон жогорку электр тогу адамдын өмүрүнө коркунучтуу.
  • Калк ичинде «ток урган адамды кийизге ороп же топуракка көмүш керек» деген сөздөр туура эмес.

Бул Сокулук районунун Крупская айылындагы тегереги тосулбай турган трансформатор. Так ушундай курчоого алынбаган трансформатордон токко урунган өспүрүмдөр көп.


Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Өлүп-тирилген Бекзаттын баяны

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(23)
SUPER.KG видео
15.03.2015. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайларды коп укчу элем. Биздин айылда дагы бироо токко урунуп олуп-тирилген болчу.
16.03.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурун узун болсун.
16.03.2015. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апасы кайра бир тороп алыптырда .
16.03.2015. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олуп тирилди дегенди биринчи жолу угуп ишенип атам кантсе да эми ден соолугу жакшы болсо болдуго. Дагы электрик болом дейтго коркпой
16.03.2015. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец! Куудулдар айткандай "бьёт значить любить" деп туруп кайра электрике барып жармашкан экен да!
16.03.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ойлопмун жаны тартылган го деп.
16.03.2015. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул окуя менин да башымдан откон. Ошол кунду эстесем дагы эле журогум
титирейт.
17.03.2015. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nemo_0587,Жашоонун кадырын билсин деп Аллах баарыбызга сыноо берет, андыктан Аллах жолунда ибаадат кылганды унутпайлы.
16.03.2015. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жерге комгон туура емес дептир туура бир жигитти да ток тартканда жерге комгон тирилген.
16.03.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олуп тирилген аламдын омуру узун болот деген чын деп уккам, омуру узун болсун! Менин да байкем кичинекей кезинде темир карагайга чыгып ток уруптур, ошондо чон атам коруп калып карагайдан алып тушуп топуракка комуптур, баш кол, ичинен ток тешип чыгыптыр, ошо шрамдар кетпей калды.
17.03.2015. 06:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин авабызды деле ошентип комгон экен эле тирилип кетиптир.
17.03.2015. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин жездебизди телевизордон ток урган аны да топуракка комушкон бирок кайра тирилген эмес.....
17.03.2015. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллах озу сактаптыр
17.03.2015. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдын ала билбейт экенби бирдемени ошондой болгондо ошондой болуп калат дечу эле
17.03.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам еч качан олуп тирилбейт! Тагырак айтканда эсииден кетет! Адам бул жашоодо бир гана сыногоо келген болот! а Бул жигитке омур берсин! Аллахтын суйгон пендеси экен!
17.03.2015. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kumushai-kg, менин классташ кызымдын тайнеси каза болуп 2 или 3 кундон кийин комойун дегенде туугандары жуунтуп жатканда тирилип кетиптир, тайнеси кооп жашаган 103го чыгып каза болгон деп айткан. Чынбы калпбы билбейм айтып бергенда
17.03.2015. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апасы ошол 20мин. 20жылга карып кетсе керек. дагы Аллага айтканы бар экен эсен калыптыр уулу.
17.03.2015. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекзат бир олуп тирилипсин эми токко жабышпа, сени туурап бащкалар чындап олуп калышпасын.
18.03.2015. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ток мени уч торт жолу урган..абайлаш керек екен.
18.03.2015. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусулман бир тууганым, адам олгондон кийин кыяматта гана тирилет...олуп тирилди деп айтуу - бул чон адашуу...
20.03.2015. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурун узун болсун,бирок Адам олуп тирилбейт.
22.03.2015. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурун узун болсун!!!
01.04.2015. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин мамлекет коопсуздук эрежелерин аткарышпайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: