3 эм балдардын апасы: «БАЛДАРЫМДЫ АЙЫКТЫРЫП АЛСАМ АРМАНЫМ ЖОК ЭЛЕ»

№649 10-апрель-16-апрель, 2015-ж


Кээ бир ата-энелер эгиз балалуу болууну эӊсешет эмеспи. Биздин бүгүнкү каарманыбыз 3 эм уулду төрөгөн эне Жаӊылкан Дайырбекова «Жараткан тилегимди орундатып 3 уул берди, бирок оорусу менен бериптир» дейт.

«БИР УУЛУМДУ ДАРЫГЕРЛЕР АДАМ БОЛБОЙТ ДЕШКЕН»
– Аты-жөнүм Жаӊылкан Дайырбекова. Жолдошум Шайбек экөөбүз 2005-жылы баш кошконбуз. 2007-жылы 16-ноябрда ар бири 1,5 килограмм салмакта 3 эм уул төрөдүм. Аттары Аманбек, Эсенбек, Турсунбек.
Кош бойлуу болгонума 32 жума болгондо кан басымым көтөрүлүп кетип, дарыгерлер операция жолу менен төрөтүштү. Бир уулум ыйлап түштү, экөө ыйлаган жок. Төрөгөн соӊ №2-шаардык төрөткананын жандандыруу бөлүмүнө жатып калдым. Балдарымды болсо №4-төрөтканага алып кетишип, вакуумга салып коюшту. 1 ай балдарым вакуумда жасалма жол менен дем алып жатышты. Ошентип үйгө чыгып келдик, бардыгыбыздын кубанычыбызда чек жок эле. Ал жылдары маал-маалы менен жарык өчө берчү, кыш да катуу болуп, балдарым биринен сала бири сасык тумоо менен ооруп, ал кышты ооруканада эле өткөрдүк. Чоӊ апалары да каралашып, балдарыбыз минтип алты саны аман, 12 мүчөсү түгөл адам болду.
Уулдарынын маӊдайынан сылап алган эненин маанайы чөгө сөзүн андан ары улантты:
– Булардан кийин 1 жылдан соӊ кыздуу болдук. Уулдарыбыз өтө тентек болуп чоӊоюп жатышты. Үчкө чыгышканда бала бакчага берип, ошондо гана балдарыбыз өзү теӊдүүлөрдөн акыл-эси, сүйлөө жөндөмдүүлүгү артта экендигин билдик. 1 жылдан соӊ бизди комиссиянын кароосу менен атайын бала бакчага которушту. Дарыгерлер уулдарымдын үчөөнө теӊ «балдардын аӊ-сезиминин жана сүйлөөсүнүн кечигип өөрчүсү» деген диагноз коюшту. Дефектологдор сүйлөө жөндөмдүүлүгүн оӊдоого аракет кылышты. Балдарым өздөрү тамак ичишет, кийинишет, айлана-чөйрөдөгү бардык нерселерди таанып-билишет, болгону эки сөздү улап айта алышпайт. Биз мурда булар аябай тентек болгондуктан эркелеп сүйлөбөй жатышат го деп ойлоп жүрсөк, жок, медицинанын тили менен айтканда мындай балдар «гиперактивдүү» балдар экен. Уулдарым 4 жашынан баштап дарыланышууда. Өкмөттөн балдарыма майып катары ар бирине айына 3 миӊ сомдон берилет. Ал акча дары-дармектерине кетет. Дарылардын таасири тийип, азыр балдарым сөзгө түшүнүп, токтоо болуп калышты. Эми биз балдарды логопеддерге көрсөтөлү дегенбиз. Бирок бизде логопеддер бир балага жарым саатка 500 сомго чейин алышат экен. Балдарын Швейцарияга алып барып дарылатып келишкен 3 баланын ата-энесине жолуктум. Алардын балдары мурда өз алдынча тамак ичип, кийине алышчу эмес экен. «Жыйынтыгы аябай жакшы» дешти. Менин балдарымдын оорусу жеӊил, жыйынтык чыкса керек деген үмүт менен Швейцариядагы Дмитрий Пинчук деген дарыгердин дарегин алып, интернет аркылуу байланышып, диагнозун жибергем. Дарылануу үчүн балдарымдын ар бирине 8 миӊ евродон керектелет экен. Өзү жакында Кыргызстанга келерин айтты. Келгиче акча таап калсак, анда ар бирине 4 жарым миӊден евро кетет. Балдарымдын толук айыгууга мүмкүнчүлүгү бар, бирок каражат тартыш болуп жатат. Ошондуктан кайрымдуу мекендештеримен жардам сурайм. Балдарымды айыктырып алсам арманым жок эле.

«ЖОЛДОШУМДУН ТАПКАНЫ ТАМАК-АШТАН АШПАЙТ»
Маектешим сөзүнүн ушул жерине келгенде алдында отурган балдарынын бири тура калып чуркаса, артынан берки экөө да кошо чуркашты. Кайра отургузсак апасы «ордулары алмашып кетти, эч нерсе болбойбу?» деп күлөт. «Балдарыӊыз коёндой окшош экен, сиз кантип айырмалайсыз?» десек төмөнкүдөй жооп кайтарды:
–Уулдарымдын мүнөзү үч бөлөк, Аманбек тентек, Эсенбек боорукер, Турсунбек токтоо. Бири-бирине окшош деле эмес. Үйдөн мультфильм көрүшөт, топ ойношот, велосипед тебишет. Бала бакчага алып баратканда көбүнчө троллейбус менен алып барам, үчөөнү теӊ салып бүткүчө айдоочулар эшикти жаап жиберип, далай жолу эшигине башым кыпчылган (күлүп).
Бир жолу бир айдоочу унаа айдап келе жатса бурчтан бирөөсү велосипедчен чыга калат, анан андан соӊ ага окшош дагы бирөө чыгат, көп узабай дагы бирөө чыкса ал айдоочу «көзүмө көрүнүп жатабы?» деп ойлоптур. Ушундай кызыктуу окуялар көп болот. Азыр 7 жашка чыгышса да бала сыяктуу болуп өздөрүнчө ойношпойт, толук менин көзөмөлүмдө. Сүйлөй алышпагандыктан башка балдар менен тил табышып ойной алышпайт. Ушул боюнча калса келечектери кандай болот деп санаа чегем. «Кайсы убакка чейин ажатканага барган соӊ көчүктөрүн аарчып жүрөм?» деп кээде капа болом. Жолдошум курулушта иштейт, тапканы кийим-кече, тамак-аштан ашпайт. Мен уулдарымды, кызымды бала бакчага алып барып, кайра алып келем. Кызымдын да «р», «ш» тамгаларына тили келбей, аны логопедге алып барып жатам. Уулдарым 2 жашка чыкканда өкмөт балдарыма 1 бөлмөлүү батир берген. Ага да шүгүр, бирок ал батирде убактылуу жашайбыз, биз менчикке өткөрө албайт экенбиз. Эгер менчик үйүбүз болсо сатып жиберип, элден жардам сурабай эле өзүбүз дарылатып алат элек.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Аң-сезими жана сүйлөөсү кечигип өрчүгөн үч эм

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(41)
SUPER.KG видео
11.04.2015. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Капа болбонуз баары жакшы болот
SUPER.KG видео
11.04.2015. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиз бактылуу энесиз !
Медиа-портал
11.04.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таптаттуу балдар экен, Кудайым жардам берет! Апасы дагы сонун эке экен, "Ну, погоди!" - болуп кала жаздадым дегени жакты :)))))
Медиа-портал
11.04.2015. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иий чырактай балдар экен жакшы болуп кетишсин.Кана эми мамлекет озу эле жардам берип бут лечениесин толоп койсо сонун бомок.
Медиа-портал
11.04.2015. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн негизгиси алты саны аман,он эки мучосу соо экенине ыраазы болунуз.Албетте конул оорутар экен эгиздер назик болушат деп койушат го,жети айлык болуп торолгону да бир аз кошумча болуп калгандай.Алладан умут узбонуз эже жардам бере тургандар да табылып калаар.Сихге ден соолук берсин ушул балдардын бактына силердей ата энесин аман кылсын.Убакыттын отушу м.н баары оз ордуна тушот деген тилек м.н жашаныз.Айдын он беши карангы,он беши жарык деп койот эмеспи.Жакшылык келуучу кундордон умут узбонуз.
Медиа-портал
11.04.2015. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өмур ден соолуктарын берсин баары жакшы болот буйруса
Медиа-портал
11.04.2015. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шыпаасын берсин
Медиа-портал
11.04.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах оз шыпаасын берсин
Медиа-портал
12.04.2015. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан жакшы эне экен. коп тукурсо кол болот дейт реквизиттеринизди жазып койсонуз жакшы болмок
SUPER.KG видео
13.04.2015. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Томпойгон ширин балдар экен.Кудайым ден-соолук берсин ушуларга!
13.04.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча ширин балдар сакайып кетишсин, эч кимдин балдары оорубаса экен
13.04.2015. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окмоттогулор ушуга окшогон адамдарга жардам бербей эмне кылып журушот? Дуйнодогу эн кымбат машинаны алдырып минишет (служебный), ар бири торттон ашык жансакчылары менен журушот. Айланайындар, жерге тушкулочу, эл шайлагандан кийин элдин кызыкчылыгын ойлоп койбойсунарбы? 1 болмолуу батир беришип анысы да убактылуу экен. Бул эмне деген?
13.04.2015. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сакайып кетсин.Акчам болгондо жардам берет элем
13.04.2015. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусияда болгондо ангыча сакайып калмак эле. Бала дегенде алар куйуп бышып колдон келишинче жардам беришет, кабыл алуусу бекер, жаш балага питаниесин, пособие,жашоо шартынан, окуусунан бери толоп беришет кайсы улут болсо оздорунун жарандарына. А биздикилер бир озубуздун элибизди эптей алышпайт.
13.04.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир миллион сом керек экен да,депутаттар бир айлыгынын жарымын албай койсо толонуп калмак экен.
13.04.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу шыпаа берсин
13.04.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу жардам берсин
13.04.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казахстанда коррекционный (логопед дефектолог психолог сурдопедагог жана массаж) бекер. Балам гиперактивный анан тили чыкпай убара кылды. Бир жыл болду коррекционныйга алып барып жатканыма. Кудайга шугур тили чыгып калды.
13.04.2015. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче ошончо акча кетирип, дарылатам дегендин ордуна, озубуздогу специалисттерге анчы мынча алып барып, калганын уйдо оз алдынча иштесениз жыйынтык болуш керек. Бирок чон чыдам, талыкпаган аракет керек. Интренет булактарында деле коптогон конугуулор бар.
13.04.2015. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурлорун берсин. Кобуроок суйлошкуло. Кобунчо майда нерселер менен, пластлин, шуру мончоктор менен ар турду конугулорду кылышсын. Мен сизди тушуном. Балдарды караш кыйын менин да эгиз кыздарым сиздин балдарыныздай. Биз да садикке барып садикте логопеда, дефектологтон сабак алабыз.
13.04.2015. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип жардам берсе болот?
14.04.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurai92,0778 21 22 09 ушул номерге чалсанар. Коншу эжемдики.
13.04.2015. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин инимдин да тили келбей кыйналып жургон. тилин тубун кескенде кыйла онолгон болчу
13.04.2015. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шыфаа берсин,сакайып кетишсин!
SUPER.KG видео
13.04.2015. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул балдарды чет олкого апаруунун кажетти жокто.Татынакай балдардын физиологиялык жактап осуп турганы корнуп турат.Ал эми психологиялык жактан кээ бир балдар кечирээк орчуйт же кеч кабыл алат.Ошондуктан мектепте балдар ар турдуу окуйт эмеспи.Ал эми эшике апасы менен чыгуусунун эч кандай озгочолугу жок.Мен Москва шаарында жашайм бул балдарга окшош балдар толтура болгону логопедге,кружокторго,спорттуккружокторго берсе жетишип кетет.Башкысы бул балдар ыйык наристелер.
13.04.2015. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шыпаасын берсин .Намаз окунуз Аллахтан шыпаа тилеп жалбарыныз созсуз берет .
13.04.2015. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ жараткан уч эмиди ширин кылып берипсин омуру ден -соолугу сенин колунда аллахым ушул наристелерде эмне куноо шыпаанды бер аллахым ата-энесин кубандырчы аллахым! Озун кечиримдуусун, боорукерсин, берешенсин аллахым!
14.04.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ota.88,оомин
14.04.2015. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий жандарым десе...
Менин туулган кунумдо туулушкан го
Аллахым шыфаа берсин. Жок дегенде дуа кылалычы ушул балдар учун .
14.04.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасы 0778 21 22 09
Атасы 0702 96 99 79
Счет получателя ( KICB): ( сом ) 1280016017911465
( евро ) 1280016017911768
( доллар ) 1280016017911667
SUPER.KG видео
15.04.2015. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарынызга ден-соолук,баары жакшы болот!
17.04.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахыбыз насип кылса баары жакшы болот эже!
Балдарыныз аман болсушсун!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: