ТИЛСИЗ ЖОО БИР ТУУГАНДАРДЫ ЖЕТИМ КАЛТЫРДЫ

№649 10-апрель-16-апрель, 2015-ж


Күйүп, додолонуп үйүлүп жаткан буюмдардын жанына акырын кадам таштап барган кичинекей кыз: «Бул апамдын көйнөгү, бул Касиеттики. А бул болсо менин жакшы көргөн мамалагым. И-ий байкушум, күйүп калыптыр...» деди маанайы чөгө жарымы күйгөн жумшак оюнчугун колуна алып жатып. Анан өрттөнүп, эч нерсеси калбай калган үйдүн жанына басып барды да, терезеден үйдүн ичин үмүттүү каректери менен карап, «апам тээтиги жерде жатчу» деп быйтыйган сөөмөйү менен көрсөттү. Бул кыз апасы жана 3 жаштагы сиӊдиси тилсиз жоодон каза таап, томолой жетим калган 4 жаштагы Асият эле.

«СИӉДИМДИН ОПЕРАЦИЯСЫНА КАРАЖАТ ЖЕТИШПЕЙ ЖАТАТ»
Каргашалуу өрт кандайча болгонун билүү үчүн биз Аламүдүн районуна караштуу Ала-Тоо айылына бардык. Асияттын 20 жаштагы эжеси Тинатин окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Мен алыс кетпей коӊшума турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүздүн ортобузда уулубуз бар. Апам Эльвира 7-класста окуган иним Шабдан жана 4 жаштагы Асият, 3 жаштагы Касиет аттуу сиӊдилерим менен бет маӊдайыбызда эле жашачу. Атам болсо 4 жыл мурун муунуп каза болгон. 2014-жылдын 4-декабры биз үчүн каргашалуу күн болду. Ал күнү үйдө атамдын агасы менен эжеси да бар эле. Түнкү саат 10дордо иним биздин үйгө чуркап келип, «Тина, үйүбүз өрттөнүп жатат!» деп кыйкырды. Биз эмне болуп кеткенине түшүнбөй дароо чуркап бардык. Эшикти ачсам ысык урду. Дем ала албайсыӊ, үйдүн ичин коюу түтүн каптап, эч нерсе көрүнбөйт. Босогодон эсим ооп кулаптырмын, күйөөм кайра артка сүйрөп чыкты. Эгер ал болбосо мен да ошол жерде күйүп кетмекмин. Аз өтпөй коӊшулар чуркап келишти. Терезелерди талкалап, ичинен сиӊдилеримди издей баштадык. Мен кыйкырып ыйлап үйдүн ичине киргенге улам аракет кылам, бирок киргизбей коюшту. Көз алдымда өзүм чоӊойгон үй күйүп жатты, анын ичинде апам, бир туугандарым бар эле...
Коӊшулардын баары коркуп үйдүн ичине кире албай жатышты. Бир гана күйөөм кирип Асиятты оозгу бөлмөдөн таап, тышка алып чыкты. Анын аркасынын баары күйүп калыптыр. Улам-улам кирип жатып кичүү сиӊдим Касиетти залдан өзү жаткан ордунан таап сыртка алып чыгып, мага карматты. Мен аны көпкө кармай албадым, себеби денеси аябай ысык эле. Денеси көп деле күйбөптүр, эмнеге ысып кеткенин билбейм, бирок түтүнгө ууланып калыптыр. Аны кардын үстүнө жаткыра койсом тыбырчылап барып тынчып калды. Каза болуп калганын түшүндүм. Андан соӊ апамды оозгу бөлмөдөгү раковинанын жанынан табышты, бирок кеч болуп калган экен.
Баары залда укташчу. Сыягы апам туруп, эсин жоготуп баратканда бетин суу менен жууп өзүнө келейин десе керек да. Асият «апам ордунан туруп оозгу бөлмөгө басканда мен да туруп артынан чыктым. «Апа» деп кыйкырсам, ал мени уккан жок» дейт. Иним Шабдандын айтымында, ал түтүндөн ойгонуп кетип, дароо үйдөгүлөрдүн бардыгын ойготуп, анан өзү жардам сураганы биздин үйгө чуркаптыр. Ал эми атамдын агасы менен эжеси өрт күчөй электе сыртка чыгып кетишиптир да, кичинекей балдарды сыртка алып чыгышпаптыр. Коӊшулар чакырган окшойт, бир маалда өрт өчүргүчтөр келишти. Алар «өрт тамекиден улам чыккан» дешти. Бирок андай болушу мүмкүн эмес, себеби үйдө эч ким тамеки тартчу эмес. Анын үстүнө тамеки бир заматта алоолонуп күйүп кетпейт да, акырындык менен түтөп, анан өрттөнмөк. Биздин үй бирөө атайын бензин чачып күйгүзүп жибергендей заматта күйүп кетти. Антейин десем апама эрегишкен киши деле жок болчу, себеби ал жөнөкөй эле ашпозчу болуп иштечү. Балким, тамекини атамдын агасы тартканбы, же ошол күнү иним электр плитасын сайып жатыптыр, мүмкүн, өрт ошондон чыкканбы, билбейм. Ал күндү азыр эстегим да келбейт.
Асият ооруканада 2 ай жатты. 3 жолу операция жасап, терисин которушту. Дарыгерлер «адам болоруна 50 пайыз эле кепилдик бар» дешкен. Кан куйганга, дары-дармегине көп каражат кетти. Көп адамдарга рахмат, бекер кан беришип, Асият минтип басып жүрөт. Бирок буттары дагы деле толук айыга элек. Дагы операция жасатыш керек, ага каражат жетишсиз болууда. Азыр бардыгыбыз кайненемдин үйүндө жашап жатабыз.

«КАЙНИМ МЕНЕН БАЛДЫЗЫМДЫ ЖЕТИМДЕР ҮЙҮНӨ БЕРБЕЙБИЗ»
Ал эми Асиятты куткарып калган жездеси Руслан буларга токтолду:
– Асият ооруканада жатканда оюнчуктарды алып барсак, «бул мага, бул болсо Касиетке» деп 2ге бөлүп коюп жүрдү. Биз ага ооруканадан чыкканча апам менен балдызымдын каза болуп калгандыгын билдирген жокпуз. «Апам качан келет? Касиет кайда?» деп сурай бергендиктен ооруканадан чыккандан кийин гана «алар мындан ары келбейт» деп түшүндүргөнбүз. Эртерээк бул үйдү бузуп, ордуна жаӊы там салбасак, Асият ойноп жүрүп улам-улам келип ичин карап, апасы менен сиӊдисин издей берет. Өкмөттөн кишилер келип «үйдү оӊдоого жардам беребиз» дешкен, бирок ал убадалар аткарыла элек. Социалдык кызматкерлер кайним менен балдызымды «жетимдер үйүнө алып кетебиз» деген, бирок биз «өзүбүз багабыз» деп бербей койдук.

Үйдүн ичиндеги буюмдар, документтердин баары күйүп кеткен.

Асияттын күйгөн жерлери толук айыга элек.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Үйү өрттөнүп, үч бир тууган жетим калды

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(38)
SUPER.KG видео
11.04.2015. 05:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Блиин кыргызча эле жооп бербейт беленер
Медиа-портал
11.04.2015. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйо баласы мыкты жигит экен балдар уйуно бербей озубуз карайбыз десе
Медиа-портал
16.04.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
swabs,ооба да, чыныгы эркек деп ушундай адамдарды айтыш керек.
SUPER.KG видео
11.04.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тушунбой кала тургансып кыргызча дейсинерда дагы озуу блиин деп койгонуна олосунбу. Кичинекей кызды коруп ыйлагым аябай келди. Апа мээримине зар болуп кучугум десе омуру узун келечеги кен болсун
Медиа-портал
11.04.2015. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бутун аксап басса Кичинекей кызга эле боорум ооруп жатат. омуру узун ден соолугу чын болсун. Жездесине айтаар элем озунун кызындай кылып кара ата-энесинин жогун билдирбей.
Медиа-портал
12.04.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ох кудай балдардын омурун бер мындан ары жалан жакшы кундо жашашсын
13.04.2015. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атасынын агасы менен эжеси соо эмеско булар,качып чыгып кетишбей жардам берсе болбойт беле буларга. ?
14.04.2015. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kalin466, Ошондой окшойт,болбосо куйуп жатканды коруп кантип журоктору чыдап кетип калышты тобоо,балдарда не куноо?Жаткан жерлери жайлуу болсунчу.Зээним кейип кетти.
13.04.2015. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах озу сактасын ! Омур берсин калгандарына , куйоо баласы азамат экен .Бирок аябай эле окунучтуу , мени тан калтырганы агасы мн эжеси баласы чыгып , элдерди чакыргандын ордуна жаш балдарды алып чыгышпайбы .
13.04.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агасы менен эжеси оз жанын ойлогондор экен да .Оздору м-н кичинекей кыздарды да которо чыкса болбойт беле .Сабыр берсин калгандарына
13.04.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EmmaSwon86, ким билет мумкун атайын кылгандыр? Бир Кудай билет да эми.
13.04.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкушум Асият аман болсун,жакшы болуп кетишин Аллахтан суранам!
13.04.2015. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ииий байкушум бир жакшына кыз екен кудайым омур берсин сага.
13.04.2015. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шабдан менен Асиятты бербей, озунор эле багып алгыла. Кыйналсанар эл журт бар. Жардам беришээр. Элде дагы эле ыймандуу, боорукер адамдар бар.
13.04.2015. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч ким дит багып кире албаган, отту кечип кирип, Асятка экинчи омурду тартуулапсын. Аллах раазы болсун!Эрдик кылсан суро кыл дейт. Мындан ары да Асят менен кайнинди озун канатына калкалап ал. Бул кылган жакшылыгын менен менен эки дуйно кем болбо. Бирок атасынын туугандарынын кылыгы, тан калтырып жатат!
13.04.2015. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй Аллах тынчылык бере кор!
13.04.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул атасынын туугандарында шегим бар ушулар себепчи эмес экенби теги
13.04.2015. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий ий байкуш бир туугандарга жаман болуптур,калган омурду бактылуу жашашыла кудайым силерге ден-соолук берсин!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-04-13 15:23:28
13.04.2015. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырсык каш кабактын ортосунда.Асияттын апасы м.н сиңдисин издеп жатканын элестетип,жүрөгүм ооруп кетти.
Күйөө баласы азамат экен,кылган жакшылыгыңыз сөзсүз бир мезгилде өзүңүзгө кайтат.
13.04.2015. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарга боорум ачып козумо жаш тегеренип да кетти. Агасы менен эжсине да жаратканым ушундай кырмык берсин ылайым мен ошону тилейм агасы менен эжесине.Тинатин инин менен синдинди жакшы кара жолдошун экоонор ата-эне оордун ээлеп жакшы тарбия беришинерге ишенем. Силерди аллахым колдосун жана куч кубат берсин. Сабыр кылгыла алтындарым!
13.04.2015. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агасы```менен```эжеси```куноолуу```менимче ```ал``эми```Тинатин```бир``туугандарынды``` козундун```карегиндей```абайла
Модератор webprog түзөттү 2015-05-05 14:37:28
13.04.2015. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы жакшы улуу эжеси бар экен,куйоосу дагы жакшы окшойт.Омурунор узун болсун.
14.04.2015. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын кырсыктан. Апасынын жаткан жери жайлуу болсун. Менин оюмча атасынын туугандаы атайын кылышкан окшойт. Антпесе эмнеге балдарды эшике алып чыгышкан эмес? Жездеси мн эжеси омурлуу болушсун.(((((
14.04.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эжесинин номерин кайдан билсе болот?болсо берип коюнузчу сураныч
14.04.2015. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurishka,эмнеге? Жардам кыласызбы?
14.04.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атасынын туугандары куноолу окшойт Тина менен куйоосу экооно куч кубат берип балдарды жакшы багып алышсын жездеси молодец экен эркектик кылыптыр озубуз багабыз деген созуно кубандым ата ордуна ата болуп берер эми. уй булонорго тынчтык аманчылык, токчулук, молчулук жана кубаныч каалайм!
14.04.2015. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iii kozum saga den sooluk akylduu kyz bolup chonoi
14.04.2015. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
колуман келишинче жардам берейин дегем
14.04.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
атасынын тугандары мээримсиз оз жанын ойлогондор экен кандай ой менен келишти экен булардын атасынын олумуно байланыштуу эмес бекен бул орт жондон жон муунбаса керек бир кудайкга маалым бизге карангы
14.04.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин оюмча ошолор эле орттоп кетишти го аябай подозрительна болуп атат
15.04.2015. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ehh...kandai okunuchtuu...Jatkan jerleri jailuu bolsun.Asiyattyn bir tuugandaryna sabyr bersin,ozu akylduu omurluu bolsun...Jezdesi chynygy erkek eken azamat,Allah yraazy bolsun,eki duino baktyluulugun nasip etsin.
16.04.2015. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул атасынын тууганы куноолуу эмес бекен деймда,кантип уй куйуп жатса балдарлы алып чыкпай кетип калышат ,мыягы урушуп кетишкенго!жаткан жери жайлуу болсун!
16.04.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу жардам берсин уч бир тууганга. Куйоо баласы мыкты адам экен, буларды оз балдарындай кылып остурсо экен деген ишеничтемин. Бактылуу адамдардан болгула.
06.05.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта эчкимди бир тууган ата - энесинен айырбасын! Тинатин сага сабыр тилейм! Окмоттогулорго ишенбей эле койгон он айтышатда кайра созунон кайтат элге денег акчанын баарын жеп олтурушат жеп алар тойбоду
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: