МАЛАЙЗИЯДА ТИК УЧАК КУЛАП, КЫРГЫЗ КЫЗЫ КАЗА ТАПТЫ

№649 10-апрель-16-апрель, 2015-ж


4-апрель күнү Малайзияда аталган өлкөнүн премьер-министри Нажиб Тун Разактын кызы Нуриана Нажиб менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин тууганы Данияр Кесикбаевдин үйлөнүү тоюнан тик учак менен кайтып келе жаткан коноктор кырсыкка учурашкан. Жыйынтыгында 6 адам көз жумду. Алардын арасында учкучка жардамчы болуп жүргөн кыргыз кызы Айдана Байзиева да бар.

«АЙДАНА БАЙЗИЕВАНЫН УЧКУЧ БОЛОМ ДЕГЕН ТИЛЕГИ ЧОӉ ЭЛЕ...»
Маалыматтарга караганда, коноктор бара жаткан тик учак Малайзиянын борбор калаасы Куала-Лумпурдун чет жакасынан кырсыктаган. Окуяга күбө болгондор тик учак абада жарылып кетип, токойго кулап түшкөнүн айтышкан. Анда өлкөнүн өкмөт башчысынын катчысы Азлин Алиас, Малайзиянын АКШдагы экс-элчиси, депутат Жамалуддин Жаржис, анын жан сакчысы жана бир ишкер баштаган аттуу-баштуу адамдар, тик учакты башкарган америкалык учкуч Клиффорд Уильям Фурнье жана анын жардамчысы Айдана Байзиева болушкан.
7-апрель күнү авиакырсыктан каза тапкан кыргыз жаранынын сөөгүн таануу боюнча ДНК анализинин жыйынтыгы чыгып, каза болгон кыз 25 жаштагы Айдана Байзиева экени аныкталганын Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов билдирди. Элчинин айтымында, анын сөөгү Кыргызстанга «Эйр Астана» компаниясы аркылуу жөнөтүлүп, 10-апрель күнү кечинде Бишкекке жеткирилиши күтүлүүдө.
Малайзиялык bernama.com маалымат сайты билдиргендей, жергиликтүү полиция кызматкерлери Айдана Байзиеванын досторунан көрсөтмө алышып, анда каза болгон кыздын учкуч болууга кызыгуусу чоӊ болгондугу айтылган. Кырсыкка чейин да ал учкуч Клиффорд Уильям Фурнье менен тик учакта чогуу учуп, сабак алып жүргөндүгү белгилүү болду.
Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин маалыматтарына таянсак, Айдана 8 жашар кезинде анын апасын поезд сүзүп каза тапкан. Ал Малайзияда туризм боюнча жогорку билим алып, атасынын жардамы менен ошол өлкөдө бизнес баштаган.

ТОЙ ЭЭЛЕРИ КИМДЕР БОЛГОН?
Кырсыкка кабылган тик учактын жүргүнчүлөрү Малайзиянын премьер-министри Нажиб Тун Разактын кызы Нуриана Нажиб менен казакстандык Данияр Кесикбаевдин тоюнан кайтып келе жатышканын жогоруда белгилеп өттүк. Данияр Кесикбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Болот Назарбаевдин өгөй баласы. Анын апасы Майра Курмангалиева менен Болот Назарбаев 2001-жылы баш кошушуп, 2010-жылы ажырашып кетишкен.
Данияр Кесикбаев Малайзиянын өкмөт башчысынын кызы Нуриана Нажиб менен АКШда билим алып жүргөн кезинде таанышкан. Экөө теӊ 27 жашта. Жаштардын үйлөнүү тою дүйнө коомчулугунда кызыгууну жаратты. Той 19-мартта башталып, расмий бөлүгү 28-29-мартта болуп өткөн. Жаш жубайлар тойдо малайзиялыктардын салттуу кийимин кийип жүрүштү. Малайзияда казак күйөө бала үчүн атайын «Кара жорго» бийи көрсөтүлүп, «Жар-жар» ыры аткарылганын интернет басылмалары кабарлашууда. 28-март күнү тойго жаштардын жакындары жана Малайзиянын падышасы, коӊшу өлкөнүн лидерлери баш болгон 500 сыйлуу конок катышкан. Эртеси тойго жөнөкөй жарандар да катышып, келген коноктордун саны миӊден ашкан. Ал эми 4-апрель күнү тойдун акыркы бөлүгү өкмөт башчынын туулган штаты Пехангда саясатчынын тарапташтары үчүн өтүп жаткан болчу.
Данияр Кесикбаев Казакстандагы «Esquire» журналына берген маегинде өз мекенинде үйлөнүү той 18-апрелге белгиленгенин айткан. Ал кесиби боюнча саясат таануучу, учурда IT-бизнес менен алектенет. Келечекте саясатка аралашып, казак элинин тагдырына таасиримди тийгизем деген дымагы бар.

Данияр Кесикбаев менен Нуриана Нажиб

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg



Малайзияда авиакырсыктан каза болгон Айдананын сөөгү Бишкекке алынып келинди

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(47)
13.04.2015. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайы жаннатта болсун! Атасына туугандарына сабыр берсин .
13.04.2015. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Той деп ушуну айт. Ал эми каза болгон кызыбыз жайы бейиштен оорун алсын. Аттин, жакшы максаты бар экен эле. эээхх
Медиа-портал
13.04.2015. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун! Жаратканым, бейиштер орун бере көр!
13.04.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болсун.
13.04.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах мээримине алсын
13.04.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах билип билбей кетирген куноолорун кечирсин жана акыретин ават кылсын.
13.04.2015. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун
13.04.2015. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах мээримине алган б.н! Жакындарына сабыр берсин.
13.04.2015. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бир ай тойлошот турбайбы бир кун кылса балким ушундай кырсык болбойт беле бирок кырсык каш кабактын ортосунда деп коет. Айдана бизнес баштап иш алып барып жургон кыз болсо кыйын кыз экен эле тем более чет жерде. Окунучтуу. Жаткан жери жайлуу болсун.
13.04.2015. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткен жери жайлуу болсун!
13.04.2015. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдай кыз экен. Алахтын буйурганы экен Сабр берсин. Жаткан жери жайлуу болсун.
13.04.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.топурагы торко болсун жаш экен эле байкуш.
13.04.2015. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
13.04.2015. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jeri jayluu bolsun! Chyndygynda Malazyadagy kyrgyz posoluna RAHMAT! Baardyk posoldor uwuntip iwtese!
13.04.2015. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннатан болсун!
13.04.2015. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтып койгулачыыы.Супер инфонун негиздоочусу К.Султанов малайзияда КРнын элчисиби? же окшоштукбу?
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-04-14 10:16:16
14.04.2015. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mery.89, саламатсызбы!
Кылычбек Султанов Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган:
http://www.super.kg/kabar/news/90055/
14.04.2015. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба дал ошол Кылычбек Султанов
14.04.2015. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун....
14.04.2015. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ,менин лентамда жанылыктарга жазылган комментарийлер жок болуп жатат жана комментарий жаза албай жатам.Темадан четтегеним учун кечирим сурайм.Кайда жазышымды билбедим
15.04.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uulay, саламатсызбы!
Көйгөй тууралуу адистер кабарланды.
15.04.2015. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рамаатылык кылсын оомин
15.04.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым бейиштен орун берсин.
16.04.2015. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жайын жаннатта кылсын ылайым!
16.04.2015. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛАХЫМ билип билбей кылган куноолорун кечирген кечирген болсун жаткан жери жери жайлуу болсун жакындарына сабырдуулук тилейм!
SUPER.KG видео
17.04.2015. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан Алла озу кечирсин билип билбей кылган каталарын.
Медиа-портал
17.04.2015. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун. Аябай журогум ооруп кетти
17.04.2015. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жайы жаннаттан болсун жаш кыз экен эле
SUPER.KG видео
18.04.2015. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaratkan Allahum kunolorun kechirsin.
Jatkan jeri jailuu bolsun
19.04.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуусу аябай жаш кыз экен эле,айла канча буну да болсо ажал дейт,бирибиз айтабыз той болбосо бул иш болмок эмес,бирибиз айтабыз дагы бир себебин.Бир адам шаты м.н.тамдын башына чыгайын деп шатынын дал ортосуна келгенде жан алгыч ,,азыр ушул жерде сенин жанынды алам"- дейт,ошондо адам,,менин бир суранычым бар,мен же тамга чыгып алайын,же жерге тушойун ошондо ал жанымды"дейт анда жан алгыч ,,мага жан алыш учун бир шылтоо керек" деп жооп берген экен.Бул кызга да ушул шылтоо болду,Бейиште бол.
19.04.2015. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайгылуу окуя болуптур
SUPER.KG видео
19.04.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мөлтүрөгөн жакшынакай кыз экен:(
Жаны жанаттан орун алсын!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: