КЫРГЫЗСТАН – АВСТРАЛИЯ 1:2 ЖЕҢИЛДИК.БИРОК ЖЕҢДИК!

№659 19-июнь-25-июнь, 2015-ж


Немис машинасынын дүйнөнү дүңгүрөтүшү кечээ жакында эле болуп өткөндөй болгон. Бирок кезектеги 2018-жылкы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондугуна тандоо оюндары башталды. Анда 11-июнь күнү Кыргызстан курама командасы да старт алып, эки оюн өткөрдү.

ӨЛКӨ БАШЧЫСЫ КОЛДОДУ
Алгач кыргыз футболчулары 11-июнда Бангладеш менен беттешип, 1:3 эсебинде жеңишке жетишти.
Футбол майрамы 16-июнь күнү Бишкекте Кыргызстан курама командасынын Австралия курама командасы менен беттешүүсүндө уланды. Учурдагы Азия чемпиондорунун көпчүлүккө таанымал Тим Кэхилл, Майл Единак, Митчелл Лангерак сыяктуу футболчуларынын келиши олуттуу курам келгенинен кабар берди.
Бул арада өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев улуттук курама команда менен машыгуу учурунда жолугуп, демине-дем кошту. Мамлекет башчы «Татыктуу оюн көрсөткүлө. Силер үчүн бүт өлкөбүз күйөрман болот. Биз силерге, силердин жеңишиңерге ишенебиз!» деп ийгилик каалап кетти.
Оюн алдында «Бул футбол талаасы мал айдаганга жана картошка айдаганга гана жарайт» деп Австралиядан келген журналисттер биздин короого таш ыргытканга да үлгүрүштү.

1-ТАЙМ. «А» ДЕГИЧЕКТИ АЛГАЧКЫ ГОЛ
Көрүүчүлөр ордуларын тапкычакты Кыргызстандын дарбазасына биринчи гол кирип кетти. Дээрлик 25 метрлик аралыктан тебилген Майл Единактын соккусу жана топту дарбазадан алып чыга бер... Дарбазачы Валерий Кашубанын олдоксон кыймылы топту тосуп калганга жардам бере алган жок. Эсеп ачылды. Эл дагы канча топ биздин дарбазага кирет болду экен деген ойго чөмүлүп калды.
Өздөрүнө келе түшкөн биздин футболчулар чабуул артынан чабуул жасап, не бир деген соккуларды узатышты. Тилекке каршы, баары түз эмес. Бул учурда көрүүчүлөр арасында «сары түстөгүлөр Азия чемпиондорубу же көчөдөгү сүйүүчүлөр арасындагы курам келгенби?» деген сөздөр угулуп баштады. Ооба, бул мүнөттөрдө Австралия курама командасы оюн талаасына көнө албай, коргонууда гана баш калкалап жатты.

2-ТАЙМ. АКЫРКЫ СЕКУНДДАРГА ЧЕЙИН...
Экинчи жарым бөлүк да биздин чабуулдар менен башталды. Мына-мына каршылашты кысып, аракеттер күчөп калганда экинчи гол бизге кирди. Бул сапар каршы чабуулда алмашууга чыккан «Утрехт» командасынын жарым коргоочусу Томми Оар айырмаланды.
Кыргыз футболчуларынын маанайы сууса да, өздөрүн ташташкан жок. Жок, алар акыркы секунддарга дейре ойношту. Негизги убакытка кошумча берилген мүнөттө бурчтан чыгарылган топко Азамат Байматов биринчи жетип, дарбаза тарапка сүзгөнгө үлгүрдү. Аны алмашууга чыккан чабуулчу Алмазбек Мирзалиев башы менен сокту! Го-оо-ол!!! Стадион бир жарылды. Айкырык-сүрөөн. Тең чыгууга үмүт бар!..
Бирок башкы калыстын ышкырыгы оюндун бүткөнүнөн кабар берди. Дагы 1-2 мүнөт болгондо мүмкүн Азия чемпиондору менен тең чыгуу катталмак беле...

«11 ФУТБОЛЧУ ЭМЕС, 18 011 ФУТБОЛЧУ МЕНЕН ОЙНОГОНДОЙ БОЛДУК»
Башкы машыктыруучулар оюндан соң өз ойлору менен бөлүшүштү. «Соккеруз» машыктыруучусу Ангелос Постекоглу: "Албетте, мыкты оюн болду. Башында эле оюн оңой эмес болоруна көзүм жеткен.Ушул курамдагы футболчулар менен көбүрөөк беттеш өткөрсө, Кыргызстан күчтүү команда боло алат. Фанаттардын колдоосун көрүп жеңилип калабызбы деп да чочуладым. 11 футболчу жана алардын 18 миң көрүүчүлөрүнө каршы ойногондой эле болдук".
Ал эми Кыргызстан насаатчысы Александр Крестинин «Менин оюнчуларым беттешке толугу менен өзүлөрүн арнашты. Ошентсе да биз бирден көп гол киргизишибиз керек болчу. Тең чыгуу бул оюнда адилеттүү жыйынтык болмок деп ойлойм. Эми бир оюнда көп нерсеге жетишүү мүмкүн эмес. Башкысы биз эмгек кылып, келечекте ийгилик жаратууга аракет кылабыз».

ЧЕТ ЭЛДИК ММКЛАР ОЮН ТУУРАЛУУ..
Азия чемпиондору менен кашык каны калгыча кармашкан Кыргызстан курама командасы чет элдик басылмаларында уу-дуу жаратууда. Алсак, Британиянын The Guardian басылмасына: «Намыстуу кыргыздар Австралиянын айласын кетирди» деген макала чыкты.
The Sydney Morning Herald: «18 миң көрүүчү ордуларына баргыча, Кыргызстанга алгачкы гол кирди. Андан ары да голдор шагырайт деген ойдо оюн алып барган Австралия катуу жаңылышты».
foxsports.com.au: «Бул оюн австралиялыктар өткөргөн оюндардын өзгөчөлөрүнүн бири болду. Алар өмүрүндө болуп көрбөгөндөй кызуу сүрөөнгө жана үзгүлтүксүз чабуулга кабылды. Кыргызстандын оюнчулары соңку мүнөттөрдө гол киргизгенде талаа ээлери менен 18 миң көрүүчү Дүйнө чемпиондугун уткандай кубанышты».

Оюн алдында Австралия курама командасы.

Оюн алдында Кыргызстан курама командасы.

Тарыхта калчу гол. Алмазбек Мирзалиев дарбазага таамай сокку узатууда.

Өлкө башчысы менен селфи.

Азамат Байматов менен Тим Кэхилл абада күрөш жүргүзүүдө

Атаандаштарга жеңиш алып келген гол. Дарбазачы Валерий Кашуба Оардын соккусуна туруштук бере алган жок.

Стадиондо басарга эмес, бут койгонго орун табылбай калды. Оюндун биринчи мүнөтүнөн тарта аягына чейин токтолбогон колдоо – Кыргызстандын көрүүчүлөрү мындай масштабдагы оюндарга суусап турганын көрсөттү. «Алга, Кыргызстан!» деген сүрөөлөр стадионду жарып турду. Аны менен катар стадионго кире албай калган билети бар да, жок да көрүүчүлөр тегеректеги имараттарга, бактарга чейин чыгып көрүп жатышты. Орун алган мындай терс көрүнүштөр кийинки мелдештерде уюштуруучулар тарабынан эске алынат деген ойдобуз.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg



"Топко башым тийди, бирок колум дагы тийген" дейт Алмаз Мирзалиев

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Эрмек Райымбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(43)
22.06.2015. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат молодец! Эсеп 2:1болсо деле биздин жигиттер сонун ойношту.
22.06.2015. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец жигиттер куттуктайм!!!
22.06.2015. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец жигиттер!!!! Алга Кыргызстан!!!
22.06.2015. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alga Kyrgyzstan!Alga patriottor!Siler myktysynar!!!!!!
Медиа-портал
22.06.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирлан Мурзаев красавчик!)))
Медиа-портал
22.06.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Guli.K.E.,

Созуно кошулам. Красавец..
22.06.2015. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дарбазачыны токт0осуз алмаштыруу керек!
22.06.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dosboss, Zarema94 Бул дарбазачы Кыргыз Республикасынын эн күчтүү дарбазачыларынын бири. Бирок, ошол күнү анын жолу болбой калды көрүнөт. Буга чейин ал мыкты оюндарды көрсөтүп келген. Биз Австралия курама командасы менен ойногонубузду унутпашыбыз керек. алардын оюнчуларынын "классы" жогорку деңгээлде.
Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы Россиянын Премьер лигасында ойногон Антон Коченков деген дарбазачыны да чакырышса болмок.
22.06.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vabank,мен да убагында дарбазачы болгом, бирок мини футболдо. Эч кандай кураманын дарбазачысы болбосом да, бул тосулбай калган 2 гол КҮЧТҮҮ дарбазачы өткөрүп жибербей турган, жок дегенде топко колу тие турган топтор болчу деп кесе айталам. Ошон үчүн сиз айткан 2-дарбазачыны эле кийинки оюндарда ойноткону дурусураак деп ойлойм
28.06.2015. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dosboss, Сен профессионал футболчулар менен ойнгоп жургон дарбазачысын го дейм досум. 1-чи гол Топ дарбазанын алдынан отскок алып кетти, ал эми 2-чи гол жер менен бурчка жакын барып кирип кетти. Жер менен кеткен топту тосуу эн кыйын болуп саналат.
23.06.2015. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vabank,туура КОЧЕНКОВТУ чакыруу керек эмнеси болсода россиянын высший лигасында ойнойт мордовия ьыйыо 8-орунду алды КОЧЕНКОВ основнойдо ойноду
22.06.2015. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ кудай тизмесин коруп бул жакта менин журогум тушотко.Дагы коп оюн бар турбайбы.Австралия менен дагы ойношот турбайбы Жигиттерибизге куч кубат бере кор.Баардык команданы женсин.Австралияны уйуно барганда да чарчатып келгиле женип.Тажиктерге женилип уят болбойлу.Азаматтар жениш куда кааласа силерде жакшылыктан умут узбойлу.
22.06.2015. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кыргызымдын намыстуу жигиттери. Азаматсынар! Кийинки оюнда женишке жеткиле ылайым.
22.06.2015. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дарбазачыны олдоксон кыймылдада деген туура эмес. Ал деле аракет кылды да!!! Урматтуу журналист бироонун атына шек келтирбениз да!!!
22.06.2015. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтсынар жакшы оюн корсоттунор,Алга кыргызым,алга Кыргызстан
Медиа-портал
22.06.2015. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирлан Мурзаев кыргызча суудай сйлөйт экен!!!
Медиа-портал
23.06.2015. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurluujan16,улуту кыргыз эмеспи же эмне?
Медиа-портал
23.06.2015. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikol87, просто коп жерде орусча суйлойт ошого айтып жатат окшойт го. Орусча акценти бар экен бирок.
Жакшы оюнчу, барып коро алган жокмун бирок сонун оюн болуптур.
Медиа-портал
27.06.2015. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikol87,Мирлан Мурзаев орус улутуна окшошго?
22.06.2015. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Кыргызстан!Кийинки оюндарга ийгилик!
23.06.2015. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!!! Мыкты оюн корсото бергиле— АЛГА КЫРГЫЗСТАН АЛГА!!!!!!
SUPER.KG видео
23.06.2015. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын
Медиа-портал
23.06.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дарбазачыны айыпттого эч кандай кажет жок байкап корсонор биринчи гол куттусуз болду себеби дарбазачы туура эле жыгылды бирок жакшы байкасанар топ негедир жетеерде ойдого коколоп кетти айтаарым ошол жерде донсоо же башка катачылык болушу мумкун
Медиа-портал
23.06.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atai9292, бирок эки удар тебишсе экоонтен кайтара албадыда КАШУБА
Медиа-портал
28.06.2015. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
manutd91, Убагында Орусиянын Малафеев деген дарбазачыга Португалия менен ойногондо 8 удардын 7-си гол менен буткон.
23.06.2015. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин команда буюрса мынданда кучтуу болот!!!
23.06.2015. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мекеним кыргызстан алга
23.06.2015. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сарансктын мордовия клубундагы дарбазачы АНТОН КАЧЕНКОВТУ кою керек АЛЕКС КРЕСТИНИНГЕ айтып койгула айтканча КОЧЕНКОВ БИШКЕКТИК болот
23.06.2015. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок эн жакшы оюнчу АЛЕКСАНДР КРЕСТИНЕН 7айда биздин фудболчулар 5-6 ступенкага жогорулатты КРЕСТИНИНДИ курамадан кетирбоо керек
24.06.2015. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун азаматсыңар. Алга Кыргызстан!!!
24.06.2015. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз 1000сомдон билет алып киргенбиз)) Фудболчулар биз ар дайым силер мн!!! Дарбазачы отстой!!!!! Кыргызстан ар дайым биринчи!!!!
24.06.2015. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алгаа Кыргызстан
25.06.2015. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирлан Мурзаевдин жараат алганы жаман болду...

25.06.2015. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каягына суйунуп атасынар,не честно болуптур
,И гол киргизген футболчу да айтып жатат колума тийген деп.
26.06.2015. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге шек санап жатасын Голду Байматов киргизди мирзаев эмес
27.06.2015. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nurbag,Байматов буту менен топту тепти Мирзалиев башы менен сүстү! Башы менен топту сүскөндөн кийин топ учуп бара жатып Мирзалиевдин колуна тийди!
28.06.2015. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коченков Россиянын жараны болгонуна канча жыл болуп кетти. Ал ойносо да Россияга ойнойт
15.07.2015. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жарайсынар алга
Медиа-портал
22.07.2015. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daniyar93,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат? Бизге купуя кат менен кененирээк жазып койсоңуз. Рахмат!
Медиа-портал
20.12.2015. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
малатцы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: