БИШКЕКТЕГИ АТЫШУУДАН КАЗА ТАПКАНДАР ТЕРРОРИСТ БЕЛЕ?

№664 24-июль-30-июль, 2015-ж


Өткөн аптада эки кишинин бири эле «уктуӊбу, Бишкекте атышуу болуптур?» деп уу-дуу түшүп жатышты. Ал эмне болгон атышуу? Кылмышка шектүүлөр кимдер эле? Алардын максаты эмне болгон? Ушул суроолорго жооп табууга аракет кылдык.

«ЖАРДЫРУУ УЮШТУРУШМАК»
Быйыл 16-июль күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын 2 жеринде террордук топторду жок кылуу операциясын жүргүзүштү. УКМКнын маалыматы боюнча, күндүзү Бишкектин четинде жайгашкан Аламүдүн районуна караштуу ГЭС-5 аймагы тарапта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлерине баш ийбей, курал менен каршылык көрсөткөн 2 согушкердин көзү тазаланган. Ал эми Бишкектин борборунда жайгашкан Темиров көчөсүндөгү №14-үйдө куралданган согушкерлерди кармоо үчүн атайын операция жүргүзүлүп, 2 саатка созулган атышууда 2 согушкер өлтүрүлүп, 7 согушкер колго түшүрүлгөн. Алар менен кармашкан «Альфанын» атайын даярдыктагы 4 жоокери жаракат алып, ооруканага жеткирилди. УКМК өлтүрүлгөндөр менен кармалгандар «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун мүчөлөрү, террорчулар экенин жана 17-июль – Орозо айт күнү Бишкекте эл көп чогулган жерлерде, Кант шаарында жайгашкан Орусиянын авиабазасында жардырууну пландашканын жарыялады.

«ТЕРРОРДУК УЮМДУН БАШЫНДА КАЗАК ЖАРАНЫ ТУРГАН»
17-июль күнү УКМКнын атайын тобу атышуу болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүп, жардыруучу зат даярдоо үчүн керектүү жарым тонна аммиак селитрасын, көп суммадагы акча, Калашников жана АКСУ үлгүсүндөгү 7 автомат, Макаров үлгүсүндөгү 5 тапанча жана көптөгөн жардыруучу заттарды, «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун желегин табышты.
УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов бул окуя тууралуу: «Террордук топтун башында издөөдө жүргөн казакстандык Жанболот Амиров аттуу жаран турары аныкталды жана ал чабуул учурунда атылып өлтүрүлдү. Учурда тергөө уланууда»,- деди.
Ушул эле күнү Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин антитеррордук борбору Жанболот Амиров тууралуу билдирүү жасады. Билдирүүдө «Жанболот Амиров менен Альберт Абхин казак жарандары экендиги чын. Радикалдык үгүттүн таасири астында Сириядагы жана Ирактагы согуш аймактарына кетүүнү чечишкен» деп айтылат.
27 жаштагы казакстандык Жанболот Амиров «чек арадан мыйзамсыз өтүү» жана «документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, бланктарды жасалма жол менен даярдоо» беренелери менен Чүй облустук соту тарабынан 2015-жылдын 22-январында 3 жылга кесилген. Ал 24 жаштагы Альберт Абхин аттуу казакстандык шериги менен жатак абактан качып кеткени үчүн аларга издөө жарыяланган. Ушул жылы 25-июнда алардын кайсы жерде экени маалым болгондо кылмышкерлерди кармоо иштери жүргүзүлгөн. УКМКнын кызматкерлери менен кылмышкерлердин ортосунда ок атышуу орун алып, кылмышкерлер качууга үлгүрүшкөн. Кийинки операция 1-июлда өтүп, анда Альберт Абхин өзүн-өзү жардырып салган.

СОГУШКЕРЛЕР КИМДЕР?
УКМК тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн каза болгондордун жана кармалгандардын аты-жөнүн айткан жок. Бирок 24.kg маалымат агенттиги өлгөндөрдүн жана колго түшүрүлгөндөрдүн айрымдарынын аты-жөнүн жазып чыкты. Алардын маалыматына таянсак, каза тапкандар: Казакстандын жараны Орынбасар Нурпазилов, Кыргызстандын жараны Аман Арыстанов, Казакстандын жараны Жанболот Амиров, Кыргызстандын жараны Тариэл Жумагулов (кылмыш дүйнөсүндө Тоха деген ат менен таанымал). Атышуудан кийин Алтынбек Итибаев, Эркинбек Кадыров, Мирслан Бекмамат уулу, Адиманас Курбанбаев аттуу жарандар кармалган. Алардын баары Кыргыз Республикасынын жарандары. Калгандарынын аты-жөнү тактала элек. Айта кетчү жагдай, кармалгандардын арасындагы Алтынбек Итибаев Жогорку Кеӊештин депутаты Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө шектүү катары кармалган жаран. Анын бир тууган агасы Медер Итибаевге байланышканыбызда: «Иним былтыр мунапыска илинип, жатак абагына чыгарылган. Аны окуя болгон күнү атышуу болгон жерден эмес, Сокулуктан кармап кетишиптир»,- деп билдирди.

СӨӨКТӨР БЕРИЛБЕЙТ
18-июлда каза болгон кыргыз жарандарынын жакындары УКМКнын алдына алардын сөөктөрүн берүүнү талап кылып чыгышты. Ал жерге келгендердин бири өзүн Аманкул Итибаев деп тааныштырып: «Өлгөндөрдүн бири 1978-жылы туулган Канатбек Усубалиев менин уулум. Уулум курулуш тармагында иштечү. Балам бирөөнү «сен» деп сүйлөгөн жан эмес эле. Бейкүнөө өлтүрүп салышты. Беш убак намаз окучу жана жылына 150 күн орозо кармачу»,- деди.
Тариэл Жумагуловдун бир тууган иниси Чыӊгыз Жумагулов агасы террордук топко аралашпаганын айтат:
«Беш убак намаз окуп, дин жолунда түз жүрчү жана дүкөн иштетчү. Бишкектеги өлүк сактоочу жайда сакталып турган сөөгүн көрүп чыктым. Денеси бөлүнүп кетиптир.
Жоокерлер аларды тирүүлөй кармоонун ордуна коркуп аткылай беришиптир»
.
Андан кийин каза болгондордун жакын туугандары маалымат жыйын өткөрүшүп, президентке, өкмөт башчыга кайрылышып, каза болгон балдардын сөөктөрүн берүүнү суранышты.
Тариэл Жумагуловдун апасы Анаркүл Жумагулова: «Уулумду террорист дегенге ишенбейм. Эгер сөөгүн беришпесе, балам үчүн казып койгон жайга өзүм жатам!»,- деди.
Бирок каза болгондордун сөөгү туугандарына берилген жок. УКМКнын басма сөз кызматы: «Баш мыйзамдын 36-беренесине ылайык, террордук иш-чара уюштурууну, өлкөнүн тынчтыгын бузууну, бийликти басып алууну көздөгөн же террордук иштерди уюштурган адамдар баш ийип бербестен курал менен каршылык көрсөтүп каза болушса, алардын сөөктөрү жакындарына берилбейт. Алардын сөөгүн өкмөт жерге берет жана кайсы жерге коюлганы да туугандарына айтылбайт»,- деп билдиришти.

МАКСАТ КУНАКУНОВ СОГУШКЕРЛЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРГЕН ДЕП КАРМАЛДЫ
20-июлда «Манас» аэропортунан таӊкы саат 04:00 чамасында «Бишкектеги согушчандарга жардам берген» деген шек менен Дубай шаарына учушмакчы болушкан Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Максат Кунакунов жана аны менен кошо Курманбек Бакиевдин тушунда Президенттик аппараттын юридикалык кызматынын башчысы болуп турган Бектур Зулпиев кармалганын айрым маалымат булактары жазып чыгышты. Максат Кунакунов сурактан соӊ УКМКнын СИЗОсуна 2 айга убактылуу камалды. УКМКнын билдиришинче, экс-депутат Бишкектеги атышууда каза тапкан Тариэл Жумагуловго акча берип, террордук топту курал менен камсыздаган.

АТЫШУУНУН КЕСЕПЕТИ
22-июль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектеги антитеррордук операциядан улам келтирилген чыгым
6 жарым миллион сомду түзгөнүн билдирди. Атышуу болгон жайда согушчандар баш калкалаган үйдөн сырткары ага жакын турган 4 үй күйгөн. Үйү күйүп жабыр тарткан Раиса Василенко: «Ал күнү кечке маал 17 жаштагы сиӊдим жана эки балам менен үйдө болчубуз. Эч кандай эскертүүсү жок эле аскер кызматкерлери короо жактан тиги үйдү аткылап киришти. Эптеп көчөгө чуркап чыктык. Эки тараптуу атышуунун натыйжасында үйүбүз толугу менен күйүп кетти»,- деди.
Президент Алмазбек Атамбаев атышуудан үй-жайы күйүп кеткен жарандарга жардам көрсөтүү үчүн президенттик фонддон 5 миллион сом бөлдү. ӨКМнын маалыматы боюнча, 3 үй толугу менен күйүп, 2 үй капиталдык оӊдоп-түзөөгө муктаж. Үйлөр 2 айда курулуп бүтөт деп убада берилди.
Ошондой эле мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев премьер-министр Темир Сариевге согушчандарды жок кылууга катышкан атайын даярдыктагы аскерлерге үй берүүнү тапшырды.
Мамлекет башчы террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү, өлкөгө жана анын жарандарына каршы багытталган ушул сыяктуу кылмыштардын бетин ачып, тамырын кыркуу боюнча УКМКнын ишмердигин мындан ары да күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

ОКУЯДАН КИЙИНКИ ОЙ-ПИКИРЛЕР
Жогорудагы атышуу коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Көпчүлүгү УКМК кызматкерлеринин бул кылганына канааттанышса, айрымдары нааразы. Интернет булактарында «Кармалган балдар террорист экенине ишенбейбиз, бул атышуу жөн гана «чёрныйлардын разборкасы» же УКМКнын «сценарийи», «УКМК эми өлтүргөн балдардын террорист экенин далилдеп берсин», «10 баланы кармаш үчүн ушунча чыгымга учурадык, бул УКМКнын кызматкерлеринин шалаакылыгы», «Өлгөн балдардын сөөгү туугандарына кайтарылышы керек. Согуш маалында деле эки тараптуу атышуу токтоп, өлгөндөрдүн сөөгүн адамча көмүү үчүн чогултуп кетишет» деген сыяктуу сындар да айтылды.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Бишкектеги согушчандар менен атышуу болгон жерде 5 үй кыйраган

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мелис Маматкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(67)
27.07.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
террористтердин кобу эле кыргыздарго я эмне болду анчалык оз жерине душман болуп буларга тушунбойсун Казактарга не бар деймда оздорунун олкосундо кылгылыкты кылып эми бизге да кол салганы кантет
27.07.2015. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
AFRODITA-89,ИГИЛ деген балээ да
28.07.2015. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ИГИЛ айт намазда жардыруу уюштурбайт . Алар да мусулмандар .
28.07.2015. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle, айт намазда жардыго кенияда, турцияда, иракта.
28.07.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rifle, ким айтты аларды мусулман деп алар американын ададары да .оздорунун ким экенидигин да билбеген манкуртттар
31.07.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алар мумулмандар. ИГИЛ ээлеген аймакта халифат орногон. Куран боюнча жашап жатышат. Интернеттен корбойсунбу.
02.08.2015. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курандын каеринде бейкүнөө карапайым элди жардырсын...өлтүрсүн..деп жазылуу экен..таап берчи урматтуу билерман..ошол интернетиңден
01.08.2015. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle,жардырат алар
27.07.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ой тообо,жаш баланы алдагандай алдашатго. Бирок сценарийди жакшы тузуптурда,актёрлор начар аткарыптыр,куноосуз олгон балдардын убалы тийет шашпагыла укмк
27.07.2015. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Alymkan.,Эгер жардыруу болгондо баарынар укмканы жамандап чыгат эленер. Биз оз армиябызга ишенишибиз керек тууган!
27.07.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alymkan.,уйундо эштеке кылбай эле жатсан сени спецназдар аткылайбы? Жардыруу болгондо айтмаксын армия алсыз деп.
27.07.2015. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озоктон чыккан орт жаман озундон чыккан жат жаман деп бекеринен айтылбаса керек.Озогубузду орттоп озубуздукулор ушинтип атса башкадан кандай жакшылык кутобуз.Маалымат тактала берсинчи шото толугу мн жазылбаган окшойт.
27.07.2015. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulzat86,туп туура.окмоттон жакшы козомол жок.эч кимисине ишенгим келбейт.
27.07.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол куну жардырып салса, дагы сындамаксынар биздин армия жакшы иштебейт деп , террорист болбосо, балдар эмне айланганы журот дейсинерби ал уйдо,ошол уюмда болгону учун аткылашып согушушту да.
27.07.2015. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Террористтердин соогу мыйзам чегинде берилбейт,аларды эч кимге айтпай, жерин билдирбей комушот. Террорист болгону калп болсо, анда 4жарадар жоокерлер кардан келип чыккан?! Метод дедукции и индукции дегенди унутпай, анализ кылып ой жугуртсонор, ар нерсени суйлой бербей!!!!
27.07.2015. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деген закон террористин олугун бербейт деген анан эмне сурсутуп эмне кылышат??? Тем более жон эле адамдар кайдан кошулду черныйлардын разборкасына??? Деги танкаласын молодцы жардырууну токтотту десек эми башка вариант чыгып калды го....
27.07.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Намаз окуп орозо тутсале куноо иш кылбайт деп ким айтты.Сирия,Ирактарда болуп жаткан согуштарда ушуларга окшоп чала намаз окушуп,150 кун орозо туткан адамдар.Мыйзамды баарыбыз сыйлашыбыз керек,соокту бербеш керек,оз мекенине чыккынчылык кылганын ата-эне,туугандары сезиш керек.Жалган эле балдарын коргобой.сценарийн тузуп ушунча чыгым кылып не,ойлонбой эле суйлой бербегиле.бул оюн эмес,бул чыккынчыларга жаза
28.07.2015. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
hello.kg,кошулам. Тоханын апасы казылган корго Озум жатам деп опузалавай, уулун туз жолдо жур деп тарбиялаш керек болчу. Кантип эле туз жургон адамдардан курал жарак табылсын, кантип вор в законе атка конду. Альфанын балдарына терен ыраазычылык билдиребиз.
28.07.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AlbertEnshtein, апасы коркутуп озу барып жатып алса да жакшы болмок терротистер азаят беле бир адамга болсо да.
27.07.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар эле болгонуна ишене албай жатам да себеп игил болгондо албетте башка улуттунда болот эле . анан аларда келесоо эместип укмк билгичейн журо бепбей. Кыргызтанды кафурлар олкосу . дептир макул бирок айт намазда эмес соода борборлорунда же консертерде жардырмак. 10 адам дон эле кара болуп олуп кетти. Алахх озу сактасын.
28.07.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aza96, бекерчи колунан эчнерсе келбеген балдарды жалдашат да сосуз башка улуттан болуш керек эмес да.кыргыз казак болсо анча элдерге кумон жаратпайт да .
27.07.2015. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмк азамат олко копсуздугу баарынан бийик.
Ата мекенге кызмат биз учун улук.
27.07.2015. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ИГИЛби башкабы олкого кыянат кылгандар биз учун террористтер ж.а алар аесуз жазаланышы к.к. Тообо кылдым мусулманбыз дегендери м.н мен аларды дин жолунан чыккандар, адашкандар деп эсептеймин! УКМК молодец! Разведчиктер да жакшы иштептир! Мындан да мыкты болуш керек!
27.07.2015. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге менин коментарийим чыкпай жатааат
28.07.2015. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chingiz1987, саламатсызбы!
Сиздин комментарийиңиз өйдө жакта жарыяланып турат.
27.07.2015. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окмот буларга айтпай эле жерге берип койушкандыр качан эле.
28.07.2015. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллах баарына кубоо
эмне болуп жатканын акырет бар .
28.07.2015. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куноосу жок болсо, сопу болсо курал кармап атышып не куч келди анда, бейтааныш бироонун короосуна барып алып. Намазын окуп, орозосун кармап, кудай деп уйундо отурбайбы? Же Алла деген адам ошентип оз элине душмандык кылабы? Олгондорду эле эмес, ошолорго туруштук берип, атышып, жараат алгандарды деле карап койсонор. Мекени учун майып болуп жатышат.
28.07.2015. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура кылышат сооктору берилбесин кылмыш кылгандардын.
28.07.2015. 07:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок террористердин суроттору жок экени жалган болуп турат. Далил болуш учун суротору менен коргозуш керек болучу.
28.07.2015. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сөөктөрү берилсе эмне алар кайра тирилмек беле,өлгөн соң аны бербей эмне кылышат.
28.07.2015. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай жашасан ошондой кетесин
28.07.2015. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жерде комментарий жазып жаткандардын айрымдарын дагы УКМК текшерүүгө алса жакшы болмок. Ке бирөөлөрдүн комментарийлери дагы шектүү.
28.07.2015. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ээ туугандар, бул болгон окуя таза эмес, мен биринчи укканда эле ишенбегем. Олгон адамдардын туугандарына барып иликтеп коруу керек. Бир эже ишенбейм деп ыйлаганынан журогум канап кетти, бул жерде дагы бир нерсенин сасытканы турушат да, бейкуноо адамдардын канына забын болушуп. Аллах (субхъана ва таъла) озу териштирип алат го. УКМК ушундай эле оперативдуу иштейт экен, Оштогу тополондун алдын алышпайбы
28.07.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
каракчылардын соокторун бербегендиги эн туура кылышыптыр аны да тируулойкармагандын эмне пайдасы бар эле .тируу турмодо копко жатмак эмес баарибир чыгарып алышмак.же болбосо шайлоодо жакшы корунуп дагы бир чиновник бошотуп жибермек да озунун кызыкчылыгы учун .анан канчалаган адамдардын омуруно заласын келтирмек каза болгону да жакшы болуптур
28.07.2015. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
укмк 10 адамды кармай албай ошончо уйду куйгузуптур же тируулой кармай албагандан кийин. Дагы 4 жоокер жарадар болсо бул эмне деген шалаакылык. Террорлорду жок кылганы туура болду мындан ары алдын алуу керек ушундайга жеткирбей. Игл дегендин иштери дуйного маалымго айт намазда жардырбайт алар дегендер ойлонгулачы алардын максатын билбей туруп эмнеге антип жатасынар.
28.07.2015. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Терроризм деген тушунук жооттор тарабынан ойлонуп табылган дуйнолук политика... Бул нерсеге укмк озу эле ишенбесе...
29.07.2015. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айт намазда жардырбайт деп эмнеге ишенуу менен айтып атасынар? Алардын айынан канча адам каза болушу мумкун эле, анан куралдуу он адамды кармай албай шалаакылык кылыпсынар дегендер жакшыраак ойлонуп коргуло, ок атпай туз кирип кармайбыз десе унчукпай туруп берет бекен алар, тобо
30.07.2015. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тогун жерден орт чыкпайт"дегендей го.айылда бироонукундо отуруш болуп атат десе братандар бара калышат эмеспи.эгер намаз окуп туз журушсо кечке атышпай эле хендихох дегенде эле чыга калышпайбы анан.Тиги альфанын жоокерлери да биздин иничектер да.алар мекен астында сени мени озун коргойм деп присяга берген.так что ар ким озуно жооп берсин!тиги дуйнодо болсо кылган куноолорубузго по полной программе жооп беребиз!бир ууч кыргызга тынчтык эле керек!
30.07.2015. 07:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соогун туугандарына бербей мамлекеттик статьяда кандай жазылса ошондой кылыш кк,если берсе,Кыргызстанда дагы деле карупция жоюла элек экени белгилуу бт,и 150 кун орозо кармап деп...ал болбогон соз,орозо кармап жатканда кудайдан озундун амандыгынды тилейсин дагы башкаларды дегендей кудай соссуз кайтараары анык.эми энеси да ага да тушунууго болот баласы учун мумкун калп айтып соогун алганга аракетидир.
30.07.2015. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык эле адамдар коп да коруп билип койгонсуп суйлошот бейкуноо деп,бейкуноо деген кочодо бараткан жеринен бироо атып салса олгон адамды бейкуноо дейт,тигилер куралданган адамдар болуп жатпайбы,куралданып УКМК менен атышып жатса деле бейкуноо боло береби.
31.07.2015. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Игил айт намазда жардырбайт.Жанылыктарды окууп турасынарбы айт куну иракда ошол игил жардырбадывы базарды
31.07.2015. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче жакшы эле кылды.Тоха деген ат мн белгилуу бул тремщикти мурда эле атып салыш керек болчу.ушул комент жазгандардын ичинде да ИГИЛге жан тарткандар бар экен.ушулар Игилчилер эмеспи туугандар.этият бололу.чыккынчылардан кудай сактасын
02.08.2015. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
N.mira,корккудай алар эме чынгызхандын пиаласына чай ичишет бекен
28.09.2015. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар жоокерлер!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: