Төрт эмдин атасы Уланбек: «БЕРЕБИЗ ДЕГЕН БАТИРДЕН ДАЙЫН ЖОК»

№665 31-июль-6-август, 2015-ж


2013-жылдын 30-декабрында Уланбек Абдырахмановдун үй-бүлөсүндө толуктоо болгон. Тагыраак айтканда, 2014-жылдын босогосун аттаар алдында Абдырахмановдун келинчеги Бактыгүл Молдотаева Бишкек шаардык №4-перинаталдык борбордо төрт эм наристени жарыкка алып келген. Балдардын учурдагы абалы, үй-бүлөнүн шарты тууралуу Уланбек мырза буларга токтолду.

«БАЛДАРДЫН БИРИ ЧАРЧАП КАЛГАН»
-2013-жылдын 30-декабрында келинчегимдин толгоосу маалынан эрте келип, Бишкек шаардык перинаталдык борборунда кесарево жолу менен төрт эм төрөдү. Балдардын экөө уул, экөө кыз экен. Тилекке каршы, уулубуздун бири толук өсүп жетилбегендиктен өлүү төрөлдү. Ошентсе да өкмөт бизди төрт эм тапкан үй-бүлө катары эсептешет. Ага чейин 1 кыз, 1 уулду тарбиялап жатканбыз. Учурда кичинекейлерим 1 жаш 7 айга толду. Уулубуздун аты Амир, кыздардын бирине Амира, экинчисине Амина деген ысымдарды ыйгарганбыз. Башында депутат Роза Акназарова Жогорку Кеӊештин атынан деп 100 000 сом тапшырды. Президенттин фондунан 100 000 сом, андан кийин ошол кездеги премьер-министрдин фондунан дешип 200 000 сом беришти. 1-Май райондук акимиатынан 68 000 сом, жерлигибиз Чаткалдан болгондуктан, Чаткал районунун акими элден каражат топтоп 100 000 сом алып келип берди.

«БАТИР АЗАБЫН ТАРТЫП ЖАТАБЫЗ»
-Бишкекке келгенден бери балдар менен батирден батирге көчүп жүрөбүз. 600 000 сомду эмне кылып короттуӊуз деген суроо берет чыгарсыз. Ошол маалда жер тилкесин алып койсом деле болмок. Бирок 3 баланы келинчегим жалгыз бага албайт болчу. Үйдө иштеген жалгыз мен. Балдарды караш үчүн жумуштан бошодум дагы, айына 10 миӊ сомго бала багуучу жалдап, балдар торолгуча үчөөлөп карадык. Келинчегим үчөөнү теӊ тойгуза албагандыктан кошумча тамак бердик. Ымыркайлар үчүн деген аралашманын 1 коробкасы дүӊүнөн 1030 сом турат. Үчөөнө 1 айга 15 коробка кетчү. Учурда жашап жаткан батир туугандарыбыздыкы болгондуктан арзаныраак кылып 3500 сомго беришти. Былтыр кышында өкмөт 2 жарым тонна көмүр берген. Ошону жагып кыштан чыктык.

«ҮЧ АЙ МУРУН ТӨРӨЛГӨН ТӨРТ ЭМГЕ БАТИР БЕРИЛИПТИР»
-Жакын арада эле силердин гезиттен ушул жылдын апрель айында төрөлгөн төрт эмге мамлекет 2 бөлмөлүү батир бергенин окуп калдым. Ал эми биздин төрт эмдин төрөлгөнүнө 1 жыл 7 айдын жүзү болду. Депутат Акназарова маселени өз жоопкерчилигине алып, аягына чыгам деген. Ага 2 ирет кайрылсам, экөөндө теӊ «Бишкек шаардык мэриясына бул боюнча буйрук берилген» деп жооп берди. Мен кечке эле суранып кайрыла бергенден да тартынып калдым. Жакында айылдагы тууган-урук президентке, өкмөт башчыга үй маселесин көтөрүп дагы кайрылышыптыр. Азырынча жооп келе элек.
Биз шарты бар батир берсе экен деген жокпуз. Жер тилкеси болсо, эптеп 2 бөлмөлүү времянканы өзүбүз чүргөп алат элек.

«2 БӨЛМӨЛҮҮ БАТИРГЕ ЭЭ БОЛДУК»
2015-жылдын 9-апрелинде Зарнаевдердин үй-бүлөсүндө да төрт эм жарыкка келген. Төрт эмдин атасы Нурлан батир маселеси боюнча буларга токтолду:
-Төрт эмге чейин биздин 3 уулубуз бар болчу. 9-апрелде 4 эркек балалуу болуп, жалпысынан 7 уулдун ата-энеси болуп калдык. Башында бардык шарты менен чоӊ жер там куруп беребиз дешкенинен, шарты бар эле көп кабаттуу үйлөрдөн батир берүүлөрүн сураганбыз. Июнь айында президенттин фондунан бөлүнгөн 2 миллион сомго Бишкектен көп кабаттуу үйлөрдөн 2 бөлмөлүү батир беришти. Батир толук оӊдоодон өткөн, бирок жашап жаткандар аз экен. «Жашоочулар көбөйгөн соӊ лифт ишке берилет» дешти. Буга чейин 3 балам менен батирлеп жашап келгенбиз. Учурдан пайдаланып бизге көӊүл буруп, үй маселесин чечип берген президентке, өкмөткө чоӊ ыраазычылык билдирем. Батирден сырткары Бишкек шаарынын мэри 100 миӊ, премьер-министр 300 миӊ, Жогорку Кеӊештин төрагасы 50 миӊ сом акчалай жардам кылышты. Ал эми балдардын абалын Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башчысы Камчыбек Узакбаев бекер көзөмөлдөп жатат. Уулдарыбыздын аттарын президенттин урматына Алмазбек, Жогорку Кеӊештин төрагасынын урматына Асылбек, Бишкек шаарынын мэринин урматына Кубанычбек жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башчысынын урматына Камчыбек деген ысымдарды ыйгарганбыз.

Уланбек мырза: "Кызымдын биринин башында гематома бар болчу. Анын азабын тартып, ооруканалап көп жүрдүк. Ошол себептен бир аз кичирээк".

Нурлан мырза: "Балдарыбызды Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун адистери ар дайым көзөмөлдөп турушат".

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



3, 4 эмдерге берилген убадалар аткарылдыбы?

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Эрмек Райымбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(52)
03.08.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коз тийбесин наристелерге,кичине эгиз кыздар аябай ширингооо
03.08.2015. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо, супер дегендей эле барсынар!!! Супер инфосуз канча нерсе комускодо калып кетмек. Силердин жардамынар менен канчалаган жабык беттер ачылып.... Азаматсынар!!!
Медиа-портал
03.08.2015. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baaryna ele jakshy jardamdar beriliptir. Ushuga toboo desh kerek ele. Alkymybyz chonojup bara jatat.
03.08.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызынын башында гематомасы болсо бишкектеги врачтарга кайрылсын.керек болсо бекер даарыолап бериш керек.врачтвр кабыл албай андай мындай десе ошо жерге керек болсо туноп болсо да конул бурдуруш керек.байкуш кызды карачы. 1чи кезек кызынын денсоолугун каратпайбы анан уй боло берет
03.08.2015. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
менин оюмча туруктуу каттонуз Бишкек болбосо, кимдин эшигин жыртсаныз да пайдасыз. Бир гана президент эле чечпесе, ал тургай материалдык жардамды алуу да кыйын. Ошондуктан тезинен Бишкекке катталып, анан мэриянын эшигин жыртыныз.
03.08.2015. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Урматтуу Уланбек мырзанын айткандары кызык экен мен деле эки эгиз кыздарды торогом, ага чейин бир уул, бир кызым бар эле.эгиздеримди торор убакта жолдошум экообуз ажырашып кеткен элек.сизге калп мага чын торт баламдын ырыскысын Аллахым берип жатат.раазычылык айтабыз.сиз дагы Аллахтан сурансаныз жокту айтпай, эч кимге нааразылык айтпастан ишиниз илгерилеп озунуз бакмаксыз.сиз эркексиз да.3 баланы аялыныз озу эле бакмак да ото эрке аял окшобойбу? Биздин чон энелер 10-12-14доп удаа тороп эле бакка
03.08.2015. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Уланбек мырзага баракелде акчаны окмот жардам катары берсе, керек нерсесин сатып албай акча моол деп эле иштен бошоп жеп ичип эле жатып алыптыр да 600 мин тугонгончо, анан арызданып чыгат экен го
03.08.2015. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Egiz torogondor naristelerin ozdoru ele jyrgatyp karap alatko,emi ishten boshop,eshe nianka alyp 600000di ketiruu kerek bele?Oshondo ele jer tilkesin alyp koiboibu,maidalaap ar kunun aralashma algychakty,kudaiym ozu karyndaryn achka koibos ele deim.A naristelerge uzun omur,ar biribizge ushundai jojolor nasip kylsyn.
04.08.2015. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдан тилениз.
04.08.2015. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Германия , Австрияда , дегеле Европада айлыктары мин. 1000 евро. Аларда мынчалык чачышпайт . Нянка алса да часовой алышат.Жанталашып оздору же чон энелери карашат. Кыргызстан кедей олко эмес, акчаны туура пайдаланса эчак алдынкы олколорго кирмек.
04.08.2015. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жадакалса мен окуган жерде бир студентка баласы менен лекцияга келчу. Баласы ыйлаганда баарыбыз укчубуз. Чыгып сооротуп, уктатып кайра сабагына кирчу. Баласы болсо кошо лекция угуп уктай берчу.
04.08.2015. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
6оо 000 сом алса, айылынан кенен там алып, шарт тузуп, мал бакса деле болт эле го. Бишкекте эле жыргал болгонсуп, жакшы жардам алыптыр, озу жалкоо окшойт!
04.08.2015. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
100000 sombu je andan kop akchaby,baaryn bir berbei,ai sayin bolup berip tursa jakwy bolmok da.Kunumduk chygymga jaramak,bir bergen akcha bir jogolot.3-4 em iskustvenno jol menen bolso da torop,men da kvartiram alsam okwoit.Mamleket jakwy ele jardam berip jatyptyr go
05.08.2015. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Обещать эткенден кийин кылышпайбы?
05.08.2015. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzdardyn kobu akchany PeRa aitkandai tuura paidalsngandy bilishpeit.Akchasyn toi -ashka, shmotkaga, kymbat telegongo salyshat.Kuru namys!!!
05.08.2015. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол 600мин акчага жер тилке алып албайт беле, аман эле болсун да, жумуштан чыгып уйдо бала караштыыыыыым дебей, балдарынын омурун берсин
06.08.2015. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тиги бу ал жуз мин эки жуз мин ден берген акчаны ичип жеп алып эми артынан суу айдаганы кандай иш эркек деген эркектей эле болбойбу.Эгиз балдары жок болгондо эмне кылмак ошондо деле ушинтип батирде жашамак ушунчалыгына шугур келтирип жашаса болмок
06.08.2015. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сегизди торогон кундо да баары бир балдары учун эркек кам коруш керек да тиги бу дей бербей берген акчаны жеп алып кайра суу куйду кылбай.Кайсы убакытка чейин эгиздерин бетине кармайт экен бизде да бар учту торогондор окмоттон кобу элуу мин алып башка кынк этпей эле уй булоосун багып жатат эркектей эле болсо болмок шугур келтирип
06.08.2015. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Толук эсимде жок жылы менимче 2013жылы 3эм торогон орус улутундагы уй-булого сразу эле кв.беришкен а россияда биздин жарандарга карап да коюшпайт,а буларга да 2к.квартира берип койсо болмок кантсе да кыргыздын санын кобойтуп жатат:)
06.08.2015. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А ошол 600минге чек сатып алса балдарын кантип багат да уйду кандай акчага салат?аны да тушунуш керек
06.08.2015. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
300 000 Сомго деле жер тилкесин алса болмок, он минге бала багуучу жалдаса, озу иштеш керек болчу. Жатып жегенге тоо да туруштук бербейт деген соз бар эмеспи э. Уланбек мырза озу жалкоо окшойт да. Ал эми кызы жакшы болуп кетсин.
06.08.2015. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1030 сомдон жасалма сутту Народныйдан алып жургон го. Дунунон бир пачкасы 300 сом го........
06.08.2015. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1030 сомдон сиз сутту народныйдан алып жургонсуз го. Дунунон эмес,чекене ош базарында 300 сом эле тооба... акча тугонду да....Аллах таала ар бир пендени ырыскысы менен берет.
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-07 14:17:55
06.08.2015. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх Тууганым аз берсе да коп берсе шугур дешин керек ошого да. Аша чаап кеткенда болбойтко негизи. Бир тууганым сен биздин жепжутаарлардан эмес Аллахымдан сура!
07.08.2015. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улан мырза уят уят уят!Эркек деген атыныз кайда калды?Оозунузду ачып отура бербей,иштесениз болмок.Оо кудайым жалкоо адамдар азайып,мээнеткечтер кобойсо экен.Балдарыныздын омурун берсин!
07.08.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
600000 сомду жеп коюп анан окмоттон умут откону кандай тушунобуз. Ар Ким оз уйбулосун озу багыш керек. Бекер оокатка ообой. Элдер эмгектенип 10 баланы деле багып атышат. Эркек деген уй булосу учун башым менен жер казганга даяр болуш керек. Окмоттон умут отпой. Ушундай бекерчилер кыжырды кайнатышат да. Уят! !!
07.08.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир бала айына ошондо 5 коробка смесь ичкен болобу. Ушулар эле бала багып смесь берет окшойт. Же чон кишинин нормасы менен берчу бекенби? ??? Азыраак калпты айтса болмок.
07.08.2015. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тең карабай, бирине берип, бирине батир бербей койсо ич күйдүлүк болуп атат окшойт. Кийинки төрт эмге акча да, батир да берилиптир да.
08.08.2015. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошончо акчага участок алып койсо болмок.нянька жалдабай.кыргыздарда эже синди деген толтураго бала карашканга.Улан капа болбо го лох экенсин.иштен чыгып албац наборот эки эсе иштегин
28.09.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондорго подхалимдер жагат да ))). Балдарына чондордун атын ыйгарса батыраак жардам беришмек.Заманын бору болсо, бору бол дегендей.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: