«КҮЙӨӨМ МЕНИ ЗОРДУКТАП, ТЕРИДЕЙ ИЙЛЕП САБАЙТ»

№667 14-август-20-август, 2015-ж


Күйөөсүнөн токмок жеп, зордук-зомбулукка кабылган Айзада Мырзалиева Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунан Бишкекке качып келген. Айтымында, азыр барарга жери жок, үч баласы менен туугандарынын үйүндө турат. Ал 2 баласын үйүнө таштап, ашкананын терезесин сындырып качып чыккан. «Эми мени трактор менен сүйрөтүп алып кетсе да, күйөөмө кайтпайм» деп боздойт 27 жаштагы келин.

«ҮЙГӨ ЗААРА КЫЛЫП, ЗАӉДАЙБЫЗ»
– Сегиз жылдан бери көзүмдөн көк кетпей, запкы жеп келем. Мага «ата-эне, бир туугандарыӊ алып кетпей эмне кылып жүрүштү?», «милиция кызматкерлерине эмнеге кайрылган жоксуӊ?», «качып кетпейт белеӊ, кантип эле ушундай болсун?» деген суроолорду жаадырышыӊыз мүмкүн. Бирок менде андай мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал мени, кайненемди, балдарды, баарыбызды камап кетчү. Элестетиӊиз, дааратканага барбайбыз. Үйгө чоӊ алюминий бидон коюп коёт. Ошого заара кылып, заӊдап туруп оозун бекитип коёбуз. Кечинде келип өзү төгөт.
Борбордогу тигүү цехтеринин биринде иштеп жүрүп, Ак-Талаанын Тоголок Молдо айылынан бир кыз менен таанышып калдым. Ал мага «менин аябай жоош, колунан баары келген, үйлөнө элек агам бар. Аны менен таанышып көрсөӊ, балким, мамилеӊер келишип калса, мага жеӊе болуп каларсыӊ» деп көп айтчу. Бир күнү мени агасы менен тааныштырды. Ал менден 10 жаш улуу экен. Экөөбүз үч айдай сүйлөшүп, 2008-жылы баш коштук.
Башында анын терс кыял-жоругун байкаган деле эмесмин. Ур-токмогу 3 айдан кийин башталды. Мага колу тийип, сабап, көчөдөгү көрүнгөн кишилерден кызганып, көк талпактай эле ийледи. Бара-бара бул нерсе адатка айланды. Жөн эле сабап койбойт да. Бир туугандарыма, тукум-уругума, ата-энеме бүт асылат. Ар бирине ат коюп алган, улуу эжемди «чанач», дагы бирин башкача атайт. Ага өзүнөн башка билимдүү, акылдуу адам жоктой сезилет. Мени болсо такыр эле сойкуга чыгарып койгон. Бул адаттарынын баарына кызганычты шылтоолочу. Же мен эле бир айыл аралап басып, көрүнгөн короодо, көрүнгөн аял менен ушакташкан жан болсомчу?!

«АЙ-КҮНҮМӨ ЖЕТИП ТУРСАМ ДА ТЕПКИ ЖЕЧҮМҮН»
– Ортодо 5 балабыз бар, улуусу 7де, эӊ кичүүсүнө 1 жаш 1 ай болду. Үйдө эле жатсаӊ, эч кайда чыкпасаӊ, тууган-уруктун өлүм-житим, той-топурунан эчак чыгып бүткөм. Анан аял болгондон кийин бойго бүтөт экен. «Сактан, ден соолугуӊду кара, өзүӊдү ая» деген апам менен такыр байланыш үзүлгөн. Өз канынан жаралган балдарды «ар кимисин ар башкадан тууп келдиӊ» деп мени сабап, анысы аз келгенсип чиедей балдарга да колу тиет.
Улуу балам төрөлөрдө ай-күнүмө жетип турганымда аймактык дарыгер «биринчи төрөтүӊ экен, райондун борборуна барып көзөмөлдө болуп тур» деп Баетов айылына жиберди. Барсам врач «али төрөтүӊ жакындай элек экен» деп кайра үйгө жөнөттү. Келерим менен «кайда жүрдүӊ темселеп, кимдер менен жатып келдиӊ?» деп тепкилеп кирди. Караӊгыда көчөгө чачтан сүйрөп алып чыгып, белге тепти. Көзүмдөн от чагылышып, катуу чаӊырып жибердим. Ошондон баштап таӊ аткыча кан кетти. Эртеӊ менен коӊшу эже келип, «ооруканага бар, бул нерсе абдан коркунучтуу» дегенинен эптеп райондун борборуна жеттим. Толгоом күч болуп, жаным көзүмө көрүнүп кыйналганымда облустан врач чакыртышты. Ары барып, бери келип жатып акыры көз жардым. Врачтар баланын моюну кайрылып, башы кыйшайып келип калган дешти. Буга кошумча баламдын башында шишик бар экен. Ыйлаганда көпкөк болуп эрип калчу. Анысы чоӊойгондо гана калды.

«АЛ МЕНИ ЗОРДУКТАЙТ»
– Башында аябай иччү. Бизди камап коюп жоголуп кетет. Сыртымдан бекитип, улуу балам менен кызымды короого калтырып, «кайтарып тургула» деп койчу. Байкуштар ысыкта кечке ачка, суусап эшиктин алдында жүрүшөт. Малга бергенсип жанына бир көмөч нан, анан чакага суу коюп койчу. Терезелерди сыртынан мыктап, пардаларды да дубалга кагып салган. Кечинде ичип келет да, кайра жаӊжал чыгарып, балдарды чилче таратып кубалайт. Мени жалгыз алып калып тепкилеп кирет. Ал мени кыйнагандан ырахат алчу. Кийинчерээк ичпей эле сопсоо туруп сабап калды. Төрөттөн кийин 40 күн жыныстык катнашка барбаш керек экенин баары билет. Ал менин мындай абалымда да жөн койгон жок. Мени зордуктачу. «Болбойт, түшүнчү!» десем, «анда башка жактарыӊа» деп болгон жериме зордоп, кыйначу, түшүнүп жатасыз да (ыйлап). Бир күнү желим бөтөлкө тыгам деп кыйнады...
Мен булардын баарын эч кимге айта алчу эмесмин. Турмушка чыкканы телефон колдонбодум. Апама өзүнүн телефону менен чалып, үнүн катуу чыгарып коёт. Мурда мас болуп жатып калган күндөрүндө бир нече ирет терезеден качып чыгып, өз айылыма, Кош-Дөбөгө баргам. Ошондо апам бирин-экин чатактарыбызды билип калган эле. Бир ирет телефон менен сүйлөшүп жатканда апамдын «күйөөӊ тепкилеген жокпу?» дегенин угуп калып, кайра баса калып сабап кирди. Ал «үй-бүлөлүк маселелерди сыртка эмнеге чыгарасыӊ? Бул нерсе нормалдуу көрүнүш. Аялды ушинтип тепкилеп туруш керек» дейт.

«АКЫРЫ КАЧЫП КЕТТИМ»
– Өзү мергенчиликке, балык уулоого, башка жактарга эс алууга кетет. Менде мынча эмне өчү бар экенине түшүнбөйм. Угушумча, мени алганга чейин күйөөм айылдагы бир келин менен мамиле түзүптүр. Анысы бүт айылга билинип, тиги келин күйөөсү менен ажырашып, муну да таштап кетип калыптыр. Мени балким, ошол келинге салыштырып, «бул деле ар ким менен жүрөт» деп ойлойбу, түшүнүксүз. Чыдамым жетер чегине жетти окшойт, качып кетүүнү ойлодум. Бир жума балдардын кийим-кечесин камдап, даярданып жүрдүм. Күйөөм талаага чөп чабыкка кеткенде 5-6 жаштагы эки кызымды жана 1 жаштагы уулумду алып, ашкананын терезесин талкалап качып чыктым. Ыйлай-сыктай 7 жана 3 жаштагы эки уулумду кайненеме таштадым.
Эми аны мыйзамдын негизинде жазалатууга бүт жанымды үрөйм. Балдарымды багам, эки баламды да соттун жардамы менен колума алсам дейм. Трактор менен сүйрөтүп барса да, эми күйөөмө кайтпайм.
Айзада Мырзалиеванын арыз-муӊу, айтып отурган тагдыры кинолордо эле болуп, жашоодо ишене алгыстай туюлат. Биз анын жолдошуна байланыштык. Телефонду алып, өзүн Айзаданын кайын сиӊдиси болом деп тааныштырган кыз «байкем жок эле, жеӊем экөөнүн жашоосу тууралуу эч нерсе дей албайм, өзү келгенде силер менен байланышат» деген жооп менен чектелди.
Окуя тууралуу бир нече кризистик борборлорго жана ИИМге кабарладык. Кийин кайра кайрылып ИИМдин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Улан Рыспековдон жооп алдык. Анын билдиргенине караганда, Ак-Талаа РИИБинин кызматкерлери жабырлануучунун күйөөсүн издеп үйүнө барып, аны таппай коюшкан. Жабырлануучуга милиция кызматкерлери Ак-Талаа РИИБине барып арыз жазышы жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүсү керек экендигин түшүндүрүштү. Нарын ОИИБинин башчысы бул боюнча атайын жыйын уюштуруп, ал эми Мырзалиеванын коопсуздугун Ак-Талаа РИИБинин кызматкерлери камсыздамак болушту.

6 АЙДА 1822 АДАМ ЗОМБУЛУККА КАБЫЛГАН
ИИМ билдирген маалыматка таянсак, 2015-жылдын акыркы 6 айынын жыйынтыгы боюнча үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып арыз жазгандардын саны 1822ге жеткен. Анын ичинен физикалык зомбулукка 1276, психикалык зомбулукка 541 жана сексуалдык зомбулукка 5 адам кабылган. Булардын ичинен зомбулук көрсөткөн адамдардын 96 пайызын эркектер түзөт.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"8 жыл үйдө бидонго заара кылып, заңдап жашадым" дейт күйөөсүнөн зомбулук көргөн айым

Автор: Гүлжамал Полотбек кызы
Оператор: Эрмек Райымбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(153)
18.08.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
бул жерде еч кандай суйуу болгон емес суйгон адам андай иштерге барбайт кайсыл еркек аялын кочодогу кыздардай пайдалансын егер ушул созодордун баары чын болсо анда куйоосуно еки дуйно ошолордун азабын тартып отсун демекмин
18.08.2015. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
эээх журок оорута турган окуя экен. Мындай тагдырлар кездешкенин мен да коруп угуп журом. Мындай уруш талаштардан кудай сактасын. Эженики туура эле кетип калганы, бирок балдары кичинекей экен кыйналып калатго...
18.08.2015. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аялга боорум ооруду.
Куйоосу психикалык жактан оорулуу окшойт э чамасы?!
18.08.2015. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялы кандай болбосун, чыныгы эркек эч качан колун которбойт. Озуго ишенбеген, коркок эркек гана аялына кол которот. Озуно тек менен урушуп корсон болмок. Уяты жок, адам эмессин сен. Оз балдарын аябаган адам беле. Кудайм сенин жазанды берсин!
18.08.2015. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу Супер-инфо бул окуя кандай иликтенип атат, аягы кандай бутту маалымдап турсаныздар жакшы болмок, рахмат!
19.08.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazya5, саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
18.08.2015. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнеге аялдар ушундай кор болуп жатышат. Кой уят балдарымды жетим кылбайын ата энемди жер каратпайын деп журо берген да. Али да кеч эмес жаш башын кордукта откорбой качып кеткени да жакшы болуптур.
18.08.2015. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ислам менен жашаш керек, жанагы уй булоону бузганда келин ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-19 11:58:20
19.08.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
elijan,
Эскертүү! Провокацияга жол жок!
19.08.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тобо кылдым,ушундай эркектерден кудай сакта мин наааалатт!!
19.08.2015. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аял аялдай болбой калдык,эркектер менен тен тайлашып,кобуроок акча тапсак кыйын болуп кетебиз,а эркектерибизге соз жок,кобуроок акча тапса аялын кордойт жаш кыздар менен журот.. Айта берсе соз толтура, просто аял аялдай-эркек эркектей оз ордуларын билсе мынчалык айбанчылыктар болбойт беле.
19.08.2015. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ ХХХ озунун балдарынын апасын бир омурлук жаарын ошенткени кантип колу барды ХХХ ХХХ сени кантип жер которуп журот байкуш келин алахым сага сабыр берсин силергеда жакшы ун келет алах меримду сени ала озу сактасын
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-20 11:07:44
20.08.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
sherxan, - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
Медиа-портал
19.08.2015. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
адамдар кайда баратабыз? ойлонолучу,бири бирибизди сыйлай журолу,суранам мыкачылыка барбагылачы
20.08.2015. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
астахфиралла
20.08.2015. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялын кимден кызганса ошол эркекке барып кучун корсотпойбу,!
Куйоосу коркок,озуно да ишеналбагнан кишиге окшош экен.
Медиа-портал
20.08.2015. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушундай зоокурлорду эл ортосуна салып олтуруп койсо жакшы болмок
20.08.2015. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы ушундай заманда да,арабызда мындай адамдардын болушу тангалдырат.Окурмандар мага кошулаарына ишенем.Коп тукурсо кол болот дейт..мумкунчулугубузго жараша бир аздан жардам берип турсак,жардам болмок.Телефону жазылса ,байланышып колумдан келишинче жардам берип турууга даярмын.
SUPER.KG видео
20.08.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай ай не деген шумдук бул эже писхалык жактан чындап жабыркаптыр чаманда башы ооруйт суйлоп жатканда башын улам улам кармап жатты.Куйоо соройдун жазасын бериш к.к
SUPER.KG видео
20.08.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркек атын которо албаган ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-20 14:52:57
20.08.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ииий ушу озун сыйлабан аялдарга тан калам да, Эмнеге куйоосу зоокур болсо деле 5 баланы быжыратып тууп салат. Эмне 10 кылымда жашап жатабы, сактанбайбы кичине. Озун да кыйнап,балдарды да кыйнап. Куйоосу 3 айдан кийин эле ур-токмокко алса,ошондо эле ойлонсо болмок да, бул эргулдан балалуу болуунун кереги барбы же жокпу деп. Аялдар биринчи кезекте озун сыйлап,коргобосо,копчулук эркектер басмырлап аялан,балдарын тебелешет ушинтип. Азы орто кылым эмес да,жолдошу кааласа аялын олтуруп салгыдай..
20.08.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
журогум ооруп кетти,озу кыргыздарда копчулук эркектер алсыз,албетте аялды сыйлаганы да бар бирок аз,бекерчи эркектер жумушу жок кыларга анан балдарды кобойтуп салып бага албай аялга эле басым откорот,мен айылыбызда копчулугун билем ушундай жашагандар коп аялдарын суйлотпойт,иштетпейт аял байкуш балдарын ойлойт,соз тийбесин дейт балдары учун баарына чыдайт.Аял-сенин апан,карындашын,эжен.Аялдарга бир ооз жылуу соз суйлоп корунуз ал сизден жакшылыгын аябайт эркектер.Аял уйдун куту,балдарга эне,суйуктуу жар.Ага алсыз адам гана кол которо алат.
21.08.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйман-ынсап берсин баарына.Журокту оорутат.
21.08.2015. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айтканына караганда оруулу окшойт,акыл эс жактан
22.08.2015. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sultan777kg, чыдабай калганда коомчулукка баарын айтып жатат да. Жаап жашырып көбүн айтпай койсо коомчулук үй бүлөдө боло берет деп коймок! Тигил күйөөсүнүн кылган иштери коомчулукка билингени туура! Же эмне ошол канкордун колунан өлгөнү туура беле!!! Дагы кеч кетиптир! Акыл кирээр күйөмө деп жакшылыкка ишенип жүрө бергенда байкуш!
29.08.2015. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurluujan16,Сиз тушунбой калсаныз керек ,мен куосун айтып жатам
SUPER.KG видео
21.08.2015. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой тобооо адамдар эмне болуп баратат Жакшы жанылыктар аз баары эле кордолгон зордукталган болуп кетти
22.08.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
акыркы убак жакшы кабарды кееде эле укпасак жалан журоктун ушун алган кабарлар.Кыргыздар мындай болбочу эле,эмне болуп баратат заманыбыз?
22.08.2015. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Артка барсаңыз Айзада өлүм күтүп турат сизди! Барбаңыз!
23.08.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул адам психикалык оруулуу болсо керек нормальный адам мындай кылбайт
24.08.2015. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш келин же сойко жок. Же шакек жок. Кийгени жонокой гана халат. Айтпаса да коздорунон окулуп турат кордук коргону. Кенешим эч качан кайтпа. Куйон психикалык жактан оорулуу, балдарындын келечеги учун эч убакта кайра барба.
Медиа-портал
27.08.2015. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул эже мн кандай байланышсак болот колубуздан келген жардамды кандай кылып берсек болот кандай кунду коруп жаты экен ким билет жардам берем дегендер мн байланыштырып койсонор дагы бироо жазыптыр го балдарын мектепке киргизем деп кайдыгер карабасанар силер да рахмат
Медиа-портал
27.08.2015. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айланайын не деген шумдук.
Медиа-портал
16.09.2015. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу супер инфо ушул айымдын азыр жашоосу кандай уланууда?
Медиа-портал
17.09.2015. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazya5, саламатсызбы! Маалымат алууга аракет кылабыз.
SUPER.KG видео
20.11.2015. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба кылдым.
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: