МАЛАЙЗИЯЛЫК ЖУРНАЛИСТТЕР КЫРГЫЗСТАНДЫ ТААНЫТЫП ЖАТЫШАТ

№673 25-сентябрь-1-октябрь, 2015-ж


Кыргызстанга туристтерди тартуу, бул тармакты кирешелүү деӊгээлге чыгаруу боюнча сунуш айткандар өтө көп. Сөздөн ишке өткөндөр саналуу гана. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов бул жаатта жемиштүү иш баштады. Дегенибиз, быйыл жайында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчисинин демилгеси менен өлкөгө малайзиялык «The Star», «TV3 Malaysia», «Bernama» аттуу ири медиа-мекемелердин журналисттери келип, Кыргызстан менен таанышып кетишкен. Алар мекенине кайткан соӊ биздин өлкөбүз тууралуу репортаждар Малайзиянын алдыӊкы телеканалдарынан көрсөтүлүп жатты. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата кыргыз жергеси тууралуу түрдүү видеотүрмөктөр Малайзиянын мамлекеттик «BERNAMA TV» телеканалынан көрсөтүлдү. 8-9 мүнөттүк роликтер кыргыз, англис жана малай тилдериндеги ырлар менен коштолуп, күнүнө эки жолудан көрсөтүлүп, эфирден миллиондогон көрүүчүлөр Кыргызстан жөнүндө маалымат алып жатышты. Малайзиянын алдыӊкы NTV7 телеканалынан да Кыргызстандагы туристтерди кызыктыруучу жайлар, кереметтүү Ысык-Көлүбүз тууралуу кенен маалыматтар берилди
    Мындай иш-аракеттер башталган соӊ үстүбүздөгү жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов Кыргызстандагы Туроператорлор ассоциациясынын президенти Анвар Юсупов менен жолугушту. Анвар Юсупов Кыргызстандагы туроператорлордун атынан элчиге малайзиялык журналисттерге пресс-тур уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да Кыргызстанды жакындан таанытууга жана туристтик мүмкүнчүлүктөрдү Малайзиянын маалымат каражаттарында чагылдыруу өӊдүү иш-чараларды уюштурууга өзүнүн жардамын сунуштады. Буга катар жолугушууда өлкөгө Түштүк-Чыгыш Азиядан туристтерди тартуу мүмкүнчүлүктөрү, Кыргызстан менен Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкөлөрдүн туризм тармагындагы кызматташуусун өнүктүрүү талкууланды. Элчи Кылычбек Султанов туризм боюнча эки тараптуу мамилелердин мындан аркы өнүгүшү үчүн кызматташууга даяр экенин, эки өлкө ортосунда түз аба байланышын ачуу боюнча Малайзиянын Маданият жана туризм министрлиги менен жолугушууну уюштурууга аракет кыларын билдирди. Ошондой эле ассоциация президентин мусулмандар маданияты жана кол өнөрчүлүгү даӊазаланып, Малайзияда өтүүчү фестивалга активдүү катышууга чакырды. Фестиваль быйыл октябрь айынын соӊунда Малайзиянын Путраджая шаарында өткөрүлөт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg



Малайзиялык NTV7 каналында Кыргызстан тууралуу

Кыргыз жергеси тууралуу видеороликтер Малайзиянын телеканалынан көрсөтүлдү

Автор: Максат Орозумбетов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(20)
SUPER.KG видео
16.09.2015. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыска тартылыптыр. мен украиналык "орел и решка" программасындай болот дедим эле
SUPER.KG видео
16.09.2015. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жагымдуу репортаж , Кыргызстаныбыз онуп , оссун !
Медиа-портал
17.09.2015. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Просто класс!!!
Медиа-портал
17.09.2015. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанды Малазия элине таанытып жаткан Кылычбек байкнин эмгеги.Бирок, тарткандыры монтажы сапатсыз болуп калыптыр.
Медиа-портал
17.09.2015. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eraly___, саламатсызбы!
Азырынча ал тармакта биздин канал жок.
Медиа-портал
17.09.2015. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Видеону жакшы тарта алышпаптыр, оператору чабал окшойт да. А так сонун! Кыргызстан өнүгүп өссүн! Кылычбек Камчиевичке ийгилик! Бир да элчи мындай иш кыла элек. Туристтерди ушинтип тартыш керек, башкаларга үлгү болуңуз.
Медиа-портал
18.09.2015. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
deva,мен да сага кошулам,сонун кооз жерлерибиз көргөзүлбөй калганбы дейм. Анан да эң кооз капчыгайыбыздын аты Семёновский. Кыргызстаным деген ыр "Нон Стоптун" аткаруусунда таптакыр жакпайт, муну кыргыз ырчылары ырдап жатат деп айтууга мүмкүн эмес го,акценти, айрыкча Чолпонайдын, кулакка жат угулат.Омар ырдаган ырды сунушташса болмок экен. Аягында ырдаган кыз малай тилинде ырдадыбы?Бул кыздын аты-жөнүн жазып тааныштырса болмок экен.Жана эмне жөнүндө ырдады болду экен?
Медиа-портал
17.09.2015. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жагымдуу болот экен чет элдик телеканалдан Кыргызстан жөнүндө маалымат угуп-көрсөң. Тезден ушундай репортаждарды берип турушса-кыргыз элин баары таанып калат буюруса.
SUPER.KG видео
17.09.2015. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруп алып ото кубандым .Мындан ары да коп корсотсун биздин мамлекети .
Медиа-портал
17.09.2015. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Идея абдан жакшы, олкобузду корсотуп биз жонундо маалымат бергендерине чон рахмат.
Бирок видеосюжетти анчейин тарта алышпаптыр, биздин Кыргыздын операторлоруна баар бердим!!
Медиа-портал
17.09.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эң артында ырдаган айым кайсы тилде ырдап жатат???
SUPER.KG видео
17.09.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малай тилинде ырдап жатат окшойт
SUPER.KG видео
17.09.2015. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун. Кыргызстан онуго берсин.
SUPER.KG видео
17.09.2015. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колдун жегиииии деп ырдаган Ким ырды кайдан тапса болот
Медиа-портал
18.09.2015. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ашыралы Айталиевдин "Көлдүн жээги" деген ырын аябай көп ырчы ырдаган: Нуржамал Табалдиева,Асылбек Өзүбеков, Кундуз Таштаналиева,Жылдыз Осмоналиева, Малика Дина, Дилшат Кангелдиева ж.б.
Каалаганыңызды издеп таап уга берсеңиз болот...
Медиа-портал
28.09.2015. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыгоо ушунтип жакшы эле жактарыбыз менен таанылалычы
Медиа-портал
28.09.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малайзиянын каналдарынан тез тез берип калды... Жакшы жанылык
30.09.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ушул байкени сыйлайм...иштеген Жумушу чет жерде болсода елим деп Жакшы программалар м,н таанытып,тааныштырып атат ,ийгилик каалайм
01.10.2015. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кылыч азамат бала. кылычта мээ бар. кылыч оратордукту уйронушу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: