Казакстанда 7 жыл кул болгон Бактыгүл Кошонова: «КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛГЕНДЕ ТОЛКУНДАНЫП ЫЙЛАДЫМ»

№675 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж


7 жыл мурун Бактыгүл Кошонова аттуу айым 1 жаштагы баласын колуна көтөрүп «иштеп акча табам» деген илгери үмүт менен Казакстанга кеткен. Бирок куру убадаларга алданып сатылып кеткенин билген эмес.

«КҮЙӨӨЛӨРҮМ ИЧИП КЕТИШТИ»
–1982-жылы Араван районундагы Ынтымак айылында төрөлгөм. Апам 5 жашымда эле каза болгон. 2-классымда токко урунуп, оң колум жакшы иштебей калды. Мектепте кыйратып окуган жокмун, дарыгерлер оң колумдун сөөмөйүн кесип салышкандыктан жаза алчу эмесмин. Сабатсыздыктан убагында паспорт албай калгам.
23 жашымда Эрмек аттуу жигит Ноокаттын Көк-Бел айылына ала качып кетти. 2005-жылы уул төрөп, ошол жылы Бишкекке көчүп келип тигүүчү болуп ишке орноштум. Күйөөм көп ичип, мени сабаганды адат кылып алды. Акыры 1 жаштагы уулумду ага таштап ажырашып тындым. 1 жылдан кийин Назар деген жигитке турмушка чыгып уулдуу болдук. Назар да ичип, мага кол көтөрө баштады. Балам 1 жашта, күйөөм иштебейт, өзүм Бишкектен ылайыктуу иш таба албай кыйналып жүргөм. Орусияда иштеген иним «кем-карчыңызга жаратыңыз» деп 400 доллар салды. Анын 8 миңин бир келинге берип, балама туулгандыгы тууралуу күбөлүк, өзүмө паспорт жасаттым.
Бир күнү жумуш издеп «Ош базарындагы» радиотүйүнгө барсам, бир байке «Казакстанга жумушка алып кетебиз, шейшеп-жууркан тигесиңер» деп жүрүптүр. «Келишимдин негизинде алып кетесизби?» десем, «мен аскердик кызматта иштегем, подполковникмин. Баары мыйзам чегинде болот» дегенинен күйөөмдү таштап, баламды алып Казакстанга кетүүнү чечтим. Анын аты эсимде жок, көлдүк болчу, богок оорусу менен ооруп, алкымы шишип, кышылдап сүйлөчү.

«ТИГҮҮЧҮ БОЛОСУҢ ДЕГЕН»
– Тигил киши чек арага жеткенде «чек арачылар менен сүйлөшүп өткөрөм» деп уулум экөөбүздүн документтерибизди алган. Казакстандан бизди Жолдош деген казак кишиге алып барып, документтерибизди бербестен таштап кетип калды. Жолдош бизди Алматы облусундагы Кара-Ой деген айылга алып барды. Ал жакта тооктордун жумурткасын чогултуп 6 ай иштедим. Бир күнү «кетем, айлыгымды бериңиз» десем, ал «нааразычылыгың болсо, сени алып келген кишини таап эсептешип ал, силердин акчаңар, документиңер ошол кишиде. Башымды оорутпа!» деп койду. «Өлтүрсөңүз да кетпейм!» деп көгөрүп туруп алсам, акыры 25 миң теңге берип чыгарып салды.
Андан кийин Мухит деген кишинин колунда 1 жарым жыл иштеп, ал болгону 15 миң теңге карматып койду.
Кайра Алматыга келип, ал жактан Давлеткелди деген кишиге жолуктум. Ал «мен шаардык кеңештин депутатымын. Айына 60 миң теңге төлөп, документтериңди жасатып берем» дегенинен жашай турган жерим жок араң турган жаным «жарайт» дедим. Бизди Нарынкол деген жактагы сарайына алып барды. Ал жакта мал багып, кыгын чыгарып, айтор, колумдан эмне келсе, ошону жасап жүрдүм. Айлыгымды болсо «документ жасатканга коротуңуз» деп сураган жокмун.

«БИЗДИ КУЛ ДЕЧҮ»
– Давлеткелдиге Гүлнур деген кыргыз келин кыргыздарды алып келип таштап кетчү. Давлеткелди болсо аларды иштетип айлыгын бербей, сабайт. Өзү олбурлуу киши, жаш жигиттерди күрөк менен башка чапканда камгактай эле учуп түшүшчү. Келиндерди тааныштарына зордуктатып, ит көрбөгөн кордукту көрсөтөт. Мени да, кээде кичинекей уулумду да сабачу. Бизди кул деп атачу.
Бир жолу Гүлнур келгенде «мындан ары бул жакка кыргыздарды алып келбе. Алар акчасын албайт, таяк жейт» десем, ал мени Давлеткелдиге жамандап коюптур. Давлеткелди мени чакырганынан барсам, «балаң экөөң Казакстанда курсагыңарды тойгузуп жүрүп кайра мени кулдарга жамандап качырып жүрүптүрсүң!» деп мылтыктын кундагы менен сабап кирди. Ал дайыма тапанча асынып жүрөт, бөлмөсүндө мылтыктар илинип турчу. Тапанчаны чекеме такап туруп атып жибергенде чекемден кан сызылып кетти. Чыныгы ок эмес, шарикпи, бир нерсе экен. Жанында Ахат деген бирөөсү бар, ал «ур, сок!» десе баарын жасай берет. Жан соога сурап жатып араң токтоттум. Ошол окуядан кийин да 7 ай мал бактым. Ал жерде баш-аягы 4 жылга жакын иштеген соң акыры качып чыгып, Алматыда курулушчулар иштеген жерге ашпозчу болуп ишке орноштум.
Бир күнү сыналгыдан Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин телефон номерин көрүп чалсам, Бекзат деген бир жигит алды. Ал Кыргызстанга келүүмө жардам берди. Мен ага бул жардамы үчүн өмүр бою ыраазымын.
Акыркы кожоюнум 1 ай иштеткен соң Бекзат менен байланышып, Алматыдагы консулдукка мени өзү алып барып «чындап эле бул келинди алып кетүүгө жардам бересиңерби?» деп тактап, ынанган соң мага 40 миң теңге айлыгымды төлөп берди. Андан кийин уулум экөөбүздү базарга алып барып баштан-аяк кийинтип, узатып келип «аман-эсен элиңерге жетип алгыла. Буга жолдон тамак ичкиле» деп дагы 5 миң теңге берип кетти. Кыргызстандын чек арасынан өткөндө толкунданганымдан көзүмдөн кубанычтын жашы агып жатты.
Кыргызстанга келгенде бул жакта иштегендер атама, туугандарыма телефон чалышса, алар «күйөөсүн таштап Казакстанга качып кетип бизди элге шерменде кылды. Андай кыздын бизге кереги жок» деп коюшуптур. Ошентип алардан үмүтүм үзүлдү. Мен ал жакка жыргаганымдан эмес, кыйналганымдан кеткем. Мени адамча мектепке окутуп, паспортумду убагында алып берип коюшса болмок да. Эми менин максатым – документтеримди бүтүрсөм, кайрадан Казакстанда мага окшоп кул болуп жүргөн кыргыздар көп, аларды куткаруу. Балам Казакстандан 1-класста окуду, азыр 2-класс болмок, бул жактан окубай калды, аны окутам.

«ПАСПОРТУН АЛЫП БЕРЕМ»
Каарманыбызды куткарууга жардамдашкан КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери БЕКЗАТБЕК КАЗАКОВго байланышып, мындай жооп алдык:
– Бир күнү кызматтык телефонума бир аял чалып «Бул Кыргызстанбы?» деп калды. «Ооба, Кыргызстан. Сиз кайдан чалып жатасыз?» десем, «мен Казакстандан чалып жатам» деп туруп телефонду коюп салды. Кайра байланышып, андан окуя тууралуу билдим. «Араван районундагы Ынтымак айылынын тургуну Абил Кошонов дегендин кызымын» дегенинен аталган айыл өкмөткө байланышып, туугандарын таптым. Атасы тоодо экен, байланышууга мүмкүн болгон жок. Алысыраак туугандары Бактыгүл 2008-жылы Казакстанга кеткенин айтышты. Анан Тышкы иштер министрлигине, ИИМге бул маалыматты билдирдим. Алматыдагы Кыргызстандын консулдугуна да чалып бул тууралуу айтып, эженин телефон номерин бергем. Алар «чалсак албай жатат» дегенинен кайра өзүм эжеге чалып, тигилер менен байланыштырдым. Азыр эженин туугандарына, айыл өкмөтүнө байланышып «күбөлүгүн алып бериңиздер» деп жатам. Жок дегенде күбөлүгүн жасатып беришсе Ошто паспорт столдо тааныштарым бар, аларга айтып мыйзам чегинде паспорт алууга жардам бермекмин.

«АТАСЫ КЫЗЫНА ТААРЫНЫП ЖҮРӨТ»
Каарманыбыздын атасынын карындашы Малика Кошоновага байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Бактыгүл апасы каза болгондон кийин 2 жылдай бир туугандары менен менин колумда чоңойду. Кийин агам башка аял алып, аларды өгөй апасы бакты. Чындыгында, мектепти бүтпөй калганына, документи жоктугуна атасы күнөөлүү. Бактыгүл жакшы жерге турмушка чыккан. Жакшынакай эле жашап жүрүп Бишкекке качып кетип, ал жактан башка күйөөгө тийип, андан соң аны менен да ажырашып Казакстанга кетип калыптыр. Атасы ошого таарынып жүрөт. Азыр Бишкектеги, Орусиядагы туугандарыма телефон чалып «кантсе да тууганыбыз, жардам берип үйгө алып келгиле» деп айттым.

«ТЕРГӨӨ ИШИНЕ ЖАБЫРЛАНУУЧУ КЕРЕК»
Андан соң Алматы шаарындагы КРнын башкы консулдугунун консулу Насип Рыспековго байланышып, бул окуя тууралуу кандай чаралар көрүлгөнүнө кулак төшөдүк:
– Бактыгүлгө ИИМдин Алматыдагы атайын өкүлдүгүнө арыз жаздырдык. Ал «башка кыргыздар да кулчулукта жүрөт» деп айткан даректерди 2 күн машина менен кыдырдык. Чындап эле бир жерде 1 кыргыз аял, экинчисинде 1 кыргыз байке иштеп жатыптыр. Алар «бизде баары жакшы, бул жактан кеткибиз келбейт» деп коюшту. Анан биз аларды «Кыргызстанга кеткиле» деп кыйнай албайбыз да. Аларга «жардам керек болсо байланышкыла» деп байланыш телефондорубузду таштап келдик. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигине кат жолдогонбуз. Алар өз кезегинде Ички иштер министрлигине кат жиберишет, анан кылмыш иши козголушу мүмкүн. Көрсөтмө берүү үчүн жабырлануучунун өзү сөзсүз керек болот. Жабырлануучу өз колу менен арыз жазып, окуя кайда болгондугун көрсөтүп бериши керек. Бактыгүлдү документтериңди бүтүрүп, кайра келип тергөө иштерине жардам бер деп Кыргызстанга жибердик.
ИИМ болсо жабырлануучу арыз жазганын, азыр бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



7 жыл кулчулукта жүргөн аял: “Мен көргөн кордукту эч ким көрбөсүн"

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Мелис Маматкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(45)
SUPER.KG видео
03.10.2015. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эжеге боорум ооруду.
SUPER.KG видео
03.10.2015. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии байкуш эже, бирок ар ким озуно тын болуш керек го!!
Медиа-портал
03.10.2015. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын. Бул да болсо бир адамдын тагдыры.
Медиа-портал
03.10.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
95-2010 жылдар аралыгында коптор билбей сатылып кетишкен, азыркы менен салыштырып болбойт. Аман эсен жетип келгени жакшы болуптур, кыргыздарды куткарам деген жакшы тилеги бар экен... Биздин МЧС да жардам кылыптыр, азаматтар.
SUPER.KG видео
03.10.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кызык кыргызча суйлобойтко. Чон эле аял кантип оз тилин унутуп салсын
Медиа-портал
03.10.2015. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
10жылдан бери Европада жүрүп кыпкыргызча эле сүйлөп жүрөм! Кыргызча сайттарга кирип, кыргызча китеп окуп туруш керек. Бул байкуш казакча эле сөздү угуп анан казакча эле сүйлөп жүрүп казакча сүйлөп калат турбайбы.
Медиа-портал
03.10.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстандан эле Гүлнур деген адам саткыч кыргыздарды кошунага сатып жиберет турбайбы!!! Ошондой кылымышкерлерди кармабайбы милициялар! Тыкпайбы тбурмөгө!!!
Медиа-портал
03.10.2015. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өкмөт жардам бериш керек бул эжеге!!! Документ берип колуна, психологдун жардамы керек! Документи болсо Кыргызстандан эле жумуш таап иштеши керек эже! Орто кылымда боло турган иш 21.кылымда болуптур!!! Кул кармоо деген эмне шумдук 21-кылымда!!!
Медиа-портал
03.10.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул эжего 7 жыл журуп казакча суйлоп калыптыр балким кожоюндары мажбурлап журуп суйлотуп койгондур кенже дуйшоева куйоого тийип эле казакча суйлой баштаган го
Медиа-портал
03.10.2015. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Казактар ачарчылыктан балдарын жеп баштаганда кыргыздар жардам берген эмес беле эми минтип кутуруп жатышат кулдар деп ото начар калк экен казактар
SUPER.KG видео
03.10.2015. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-10-05 10:41:53
SUPER.KG видео
04.10.2015. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тили бурулуп калыптыр , тушунсо болот . Орусияда иштеп жургон адам болуп , орусча аралаштырып тантырагандар толтура . Эмнесине кыжырынар келет , байкуш эже 7 жыл мал жана казактын колунда журсо .
SUPER.KG видео
04.10.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу казактардан кудай сактасын кайда барба озулорун кыргыздан кыйын коруп басынткандан башканы билишпейт!!!
SUPER.KG видео
08.10.2015. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле казахтардан кордук корсо эмне казакча кошуп суйлоп жатат тушунбойм мен 12 жыл москвада журуп орусча так суйлой албадым
Медиа-портал
08.10.2015. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aerforce,
Башкалардын улутун, динин кемсинтүүгө тыюу салынат!
10 күн БАНга!
Медиа-портал
08.10.2015. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай тагдырды,кордукту душманыма да каалабайм биз озубузду сындатып эле отургузуп койсо
12.10.2015. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга келгени жакшы болуптур баласы да бир жакшынакай экен эми баласынан корсун жакшылыкты
12.10.2015. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз кыргызды сатат кудай Сакта
12.10.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каерде болсо кыйналган эле кыргыздар окунучтуу
12.10.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshoncho korduk korup , eptep jetip alyp Kyrgyzstanga , kaira baram deit kazakstanga. Mandem bar go. Kegigemdin chunkuru korsun debeibi.Balandy Kyrgyzstandan idish juusan da bak da. Bizde dele birjalar bar, kyiyn ele tabyshat akcha.
12.10.2015. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nurluujan16 озу кул болуп иштеп кыйналып журсо кайдагы кыргызча сайт ойлонуп жазсанар баарынар эле кыйын болбой
17.10.2015. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
murgab2014,мен ошону түшунуп жазып жатпаймынбы ошол мүмкүнчүлүк жок болгон үчүн укканы дагы , сүйлөгөнү дагы казакча болсо казакча эле сүйлөп калат турбайбы деп! Кичине жазган сүйлөмдөрдү аягына чейин окуп туруп, маанисине тушунүп туруп анан жооп жазсан!
12.10.2015. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын мындай жамандыктан
12.10.2015. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактар казактар дейсинер кыргыздарды сатып жаткан кыргыздар.казактар кыргызтанга келип сатып алып кетип жаткан жок.кыргызга кереги жок болса казакка тем более ....
17.10.2015. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gumaomar,Ичтен чыккан ийри жыландар казактарга алдап жумушчуларга укмуштай айлыкты аласың деп сөз берип өткөрүп беришет турбайбы! Андайлар акча үчүн өз бир тууганын, мекенин деле сататго! Киши негизи өлгөндө эле көзү кара топуракка тойбосо бул дүйнөдө көзү акчага тойбойт окшойт!!! Албетте Кудайга шүгүр руханий байлык издеген адамдарыбыз дагы бар!!!
13.10.2015. 06:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен деле бир жыл толук жашагам Казахстан да. Тилин бат эле бурулуп кетет. Тем более айылда кул болуп журсо айылдыктар казакча суйлосо бурулат да. Создорубуз окшош. Кыргызча китепти кыргызча сайтты кайдан алып коротот. Кичине нарыдан бери болсонор. Россияда журом коп жылдан бери дейсинер. Чогуу жашагандардын баары кыргыз да. Квартирада оз тилибиз мн кенен суйлошобуз. Корот элем орустар мн жашап кыргызча суйлогонунорду
13.10.2015. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эже жакшы жерге турмушка чыкса качпай шугур кылып жашаш керек болчу. Анан качты , кордук корду, бул сабак болуш керек башкаларга. Таш тушкон жеринде оор болот.
13.10.2015. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип унутуп калсын озунун тилин! Ал жакта суйлосун макул, оз мекенине келгенде кыргызча эле суйлосо болмок. Айтып атпайбы кыргыздар бар экен башка да.
17.10.2015. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sher.,Кишинин тили жана мээси башка тилге деле көнүп кетет! 4 жылдан кийин Германиядан Кыргызстанга барганда ар бир айткан 1-, 2-сөзүм немисче болгон. Өзүмө өзүм таң калгам! Өзүмдөн өзүм аны күткөн эмесмин! 4-5 кундөн кийин жалаң кыргызча сүйлөп калгам бирок.Күндө башка тилде сүйлөсөн канча бир убакыт өткөндөн кийин ошол тилде ойлонуп баштайсың. Керек болсо ошол тилде түш көрүп каласың кээде.Бул менин өзүмдүн практикамда болгон опыт.
14.10.2015. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин элчиликтин аты эле бар заты жок
14.10.2015. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казакча суйлойбу, орусча суйлойбу кандай айырмасы бар? Ошто, Баткенде жашагандардын деле тилдери таптакыр бурулуп калган го. Баары жакшы болуп кетсин эми.
15.10.2015. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
orhidea, айырмасы бар! Казактан кордукту коруп келиптир, Бул элге айтканы гана, айтпаганы да бар чыгар, ошончо кыйынчылык коруп аран мекение келсе- кыргызча эле суйлобойбу. Журналист суроо берип корсо болмок, эмне унутуп калдынызбы Кыргыз тилин- деп.
17.10.2015. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
orhidea, Ошону айтсаң!Жүрөгү кыргыз деп соксо болду! Кыргызстанга келиптир эжебиз. Эми бат эле кыргызча сүйлөп калат.
15.10.2015. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилди гана кычыштырат экенсинер да.ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-15 10:10:10
15.10.2015. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bintu.Ibrahim, аймактык бөлүнүүчүлүк маанидеги билдирүүлөргө тыюу салынган! 10 күн БАН!
07.11.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде ОКМнин кызматкери Бекзаттын жардамы чон экен азаматсыз консул кош карабай артынан тушуп жардам берипсиз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: