Александр Крестинин, Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу: «ЖЕҢИШ КИЙИНКИ ОЮНДАРГА ИШЕНИМ БЕРЕТ»

№676 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж


Улуттук курамдын башкы машыктыруучусу АЛЕКСАНДР КРЕСТИНИН жана улуттук курамдын чабуулчусу Ильдар Амиров өткөн оюндар тууралуу өз пикирлери менен бөлүштү.
Башкы машыктыруучу АЛЕКСАНДР КРЕСТИНИН өз тайпадан чыгууга акыркы оюндарга чейин күрөшөрүн белгиледи:
– Тажикстан менен болгон беттешке кайрылсак, андагы оюндун 1-бөлүгү боюнча менде футболчуларга эч кандай суроо туулган жок. Бирок экинчи бөлүктө эмне болуп кеткенин өзүбүз да түшүнө албай калдык. Жөн жерден эки голду киргиздирип жибердик. Бул бошоңдуктун белгиси болду. Футболчуларыбыз чаалыгып чуркабай калды экен десем, оюндун соңунда кандай чуркаганын өзүңөр көрдүңөр.
Ал эми Бангладеш менен беттеште ишенимдүү түрдө 3 упайга ээ болуп, күйөрмандар алдында актангандай болдук. Атаандаш коргонууга гана ыктап ойноду. Андыктан биздин футболчулар атаандаштын майданында ойноого туура келди. Биздин команда эки канатта жиреп кирүү менен оюн алып бардык. Бирок гол киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн текке кетирип жатканыбызды моюнга алыш керек. Бул жааттагы кемчиликтерди жоюуга аракет кылабыз. Эң негизгиси, бул жеңиш Тажикстан менен тең ойноп, маанайы чөккөн футболчуларга ишеним берет. Алдыда дагы эң олуттуу оюндар күтүп турат. Тайпадан чыгуу үчүн акыркы оюнга чейин күрөш жүргүзөбүз.

Ильдар Амиров, чабуулчу: "АВСТРАЛИЯДАН УПАЙ АЛУУГА БАРДЫК КҮЧҮБҮЗДҮ ЖУМШАЙБЫЗ"
Оюндун 65-мүнөтүндө Мирлан Мурзаевди алмаштырып, талаага чабуулчу, 17-катардагы Ильдар Амиров чыкты. Ал сол канатта оюн тизгинин колго алып, үй ээлеринин дымагын күчөттү. Жыйынтыгында оюн бүтөрүнө аз калганда дал ушул чабуулчу коргоочуларды жазгырып, эсепти 2:0 кылганга жетишти. Буга чейин туруштук берип жаткан Бангладеш курама командасы дал ушул голдон кийин жеңилгенин даана сезишти.

– Жеңишиңер менен куттуктайм! Бангладешке алмаштырууга чыгып, гол киргизе алдыңыз. Алгач кандай сезимдер курчады?
– Албетте, абдан кубанычтуу сезимдер болду. Валерий Кичиндин соккусун дарбазачы тосо албай, колдон чыгарып жиберди. Ал жакта мен кошумча сокку узатып, гол киргиздим. Өз үйүңдө, миңдеген күйөрмандардын алдында жеңиштүү гол киргизүү – ар бир эле чабуулчунун кыялы болуш керек.

– Алдыда олуттуу беттештер орун алат. Футболчулар Австралия менен конокто ийгиликтүү ойной аларына өздөрү ишенеби?
– Чындыгында, алдыда Австралия менен конокто жана Иордания менен өз үйүбүздө болчу оюндар бар. Бирок Бишкектеги Австралия менен болгон беттештен соң футболчулар кайсы гана команда болбосун ал менен ойноого даяр экенин көрсөттү. Андыктан Австралиядан упай алууга бардык күчүбүздү жумшайбыз.

Оюндар убагында башкы машыктыруучу бир да мүнөт жөн турбай, футболчуларга насаатын айтып турду.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg



Азамат Байматов: "Курамды Азия чемпиондугуна чыгаргыбыз келет"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Максат Орозумбетов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(14)
SUPER.KG видео
14.10.2015. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жок дегенде Австралия менен тең чыкса жакшы болмок эле
Медиа-портал
15.10.2015. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай буюрса Австралияныда Иорданияныда женищке жеткирсин Алла.Таала! Стадион соонун курулган,бирок баратасы эмнеге анча жакшы болбой калган айылда ушундай барата жасап футбол ойношотго ошого окшоп калган,колдон келсе жакшыртып башка олколордукуно окшотуп койушса жакшы корунмок эле демекчимин!
Медиа-портал
15.10.2015. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alga jigitter alga
SUPER.KG видео
15.10.2015. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Кыргызстан Мен футболчулардан Азамат Байматовдон башка эч кимди таанычуу эмес экем Эми таанып баштадым Мага Байматовдун ойногону жагат буйруса Ийгилик биз жакка жылмаяр кун аз калды
Медиа-портал
16.10.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атына заты жарашкан Азамат)Ута белгиле Аллах колдосун!
SUPER.KG видео
16.10.2015. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Кыргыз футболчулары дайыма ийгиликтер коштосун....
SUPER.KG видео
16.10.2015. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Алга Алга Кыргызымдын кымыз жыттуу жигиттери.
Медиа-портал
16.10.2015. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Крестинин азамат!
Медиа-портал
16.10.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Австралия менен Иорданияны утабыз!!!!! Жаратканыбыз бизге жар болсун!!!!!
SUPER.KG видео
16.10.2015. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат качан голь киргизет?
SUPER.KG видео
18.10.2015. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Австралия менен Иорданияны утушубузга аз калды! Алга Кыргызстан кудай колдосун!!!
19.10.2015. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мыкты машыктыруучу кийинки оюндарга ийгилик
SUPER.KG видео
24.10.2015. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай темп менен кетсе... Кыргызстандын желеги бийикте желбирейт... Бирок биздин оюнчуларды башка клубтар эле "сатып" алышпаса.

Ийгиликтер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: