ДАСТАН ЛЕПШАКОВ – ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ!

№678 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж


25-октябрь күнү Финляндиянын Иматра шаарында бильярддын «динамикалык пирамида» дисциплинасы боюнча Дүйнөлүк чемпиондук аяктады. Ага кыргызстандык кий чеберлери да катышып, 18 жаштагы Дастан Лепшаков Дүйнө чемпиону аталды.

ЛЕПШАКОВ ДАСТАН ДАСТАНОВИЧ

Жашы – 18
Жетишкендиктери – Жаштар арасында Дүйнө чемпиону («Курама пирамида», 2014-жыл), Дүйнө чемпиондугунда коло байге ээси («Командалык курама пирамида», 2014-жыл), Дүйнө чемпиону («Динамикалык пирамида», 2015-жыл)

КЫРГЫЗСТАНДАН 5 СПОРТЧУ КАТЫШТЫ
Финляндияда орун алган бул мелдеш 21-октябрда башталып, ага өлкөбүздүн атынан жалпы 5 спортчу катышты. Алар Зайлан Адамов, Дастан Лепшаков, Ызатбек Раатбеков, Канат Садыков жана айтылуу Каныбек Сагынбаев.
Санкт-Петербургда ойлонуп табылган «Нева пирамидасы» же «динамикалык пирамида» аталышындагы Дүйнө чемпиондугу 5-ирет өткөрүлдү.
Аталган мелдешке жалпы 16 өлкөнүн мыкты делген 61 спортчусу катышты. Белгилүү орусиялык Никита Ливада, Беларустун мыкты бильярдчысы Евгений Салтовский жана башкалар кызыктуу таймаштарды биринчи оюндан баштап тартуулай башташты.

КАНЫБЕК САГЫНБАЕВ 1/8 ФИНАЛДА ЖЕӉИЛДИ
Дастан Лепшаков aлгачкы беттештеринде орусиялык жана беларусь спортчуларын катары менен утуп, 1/8 финалга жолдомо алууга жетишти.
Дастандан кем калбай Каныбек Сагынбаев да эки атаандашын удаасы менен утуп, 1/8 финалга жетти. Ал эми калган спортчуларыбыз алгачкы беттештерин уттуруп, мелдештен четтеп калышты.
Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Каныбек кийинки беттеште казак бильярдчысы Алибек Омаровго 2:7 эсебинде уттуруп жиберди. Ал эми Дастан Молдова өкүлү Сергей Крыжановский менен болгон кыл чайнашкан беттеште 7:6 эсебинде жеӊишти тиштеп чыкты.

ДАСТАНДЫН ИЙГИЛИК ЖОЛУ
Чейрек финалда 18 жаштагы Дастан Лепшаков менен Павел Родионовдун (Украина) беттеши жалпы мелдештин эӊ мыкты беттештеринин бири болду. Алгач украиналык спортчу 4:3 эсеби менен алдыга чыга алды, бирок Дастан катары менен 4 партия жеӊди. Андан кем калбаган атаандашы эсепти теӊеп, жыйынтыгында кошумча партия ойноого туура келди. Кошумча партия. Ким ката кетирсе утулду дей бер. Родионов алгачкы шарды таамай киргизип, кийинки жөнөкөй соккудан ката кетирип алды. Ушуну эле күтүп турган Дастан 8 жолу катары менен шарларды таамай киргизип, жарым финалга чыга алды.
Эӊ татаал беттеш ушул болду деп эсин жыйгыча спортчубуздун жарым финалдагы атаандашы дүйнөнүн эӊ мыкты кий чеберлеринин бири орусиялык Никита Ливада болду. Бул беттеште Ливада оӊой эле жеӊишке жетет деп көпчүлүк ойлошкон. Бирок бул оюнду бир гана Лепшаков ойноду. Эсеп 7:1. Кыргыз бильярдчысы финалда!
Дастан финалдык таймашта Беларустун өкүлү Евгений Салтовский менен кезикти. Мында бири-бирине окшобогон оюнчулар беттешти: оор басырыктуу, өзүн бир калыпта алып жүргөн Дастан жана кыймылдуу, шогураак Евгений. Бул оюнда кыргыз спортчусу башынан аягына чейин ишенимдүү оюн жүргүзүп, атаандашына эч мүмкүнчүлүк берген жок. Лепшаковдун акыркы эки партияда 16 жолу катары менен таамай сокку узатышы буга далил. Эсеп 7:1. Дүйнөнүн жаӊы чемпиону Дастан Лепшаков аталды.

«ЖЕӉИШТЕН КИЙИНКИ СЕЗИМДЕРДИ СӨЗ МЕНЕН ЖЕТКИРЕ АЛБАЙМ»
Жаӊы чемпион беттештен соӊ бир нече суроолорго жооп бергенге үлгүрдү.
– Жеӊиш кут болсун! Кандай сезимдер болуп жатат?
– Чоӊ рахмат! Жеӊиштен кийинки сезимдерди сөз менен жеткире албайм. Абдан толкунданып жатам.
– «Бул оюндарда Каныбек Сагынбаевдин жардамысыз жеӊишке жетмек эмесмин» деп билдирдиӊ...
– Ооба, тилекке каршы, Каныбек Сагынбаев мелдештен эрте эле утулуп калды. Ал өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, жардам берип жатты. Акыркы беттеште дем берип колдоп турбаса утулуп калмакмын.
– Сен үчүн кайсы беттеш татаал болду?
– Мелдеште бардык оюндар оор болот. Жаштар арасында Дүйнөлүк биринчиликке даярданбай чыгып утулуп калган болчумун. Ал мага сабак болуп, эми бул мелдешке катуу даярдык көргөм.
– Келечекке кандай максаттарды коюп жатасыӊ?
– Жакынкы аралыкта Ростов-на-Дону шаарында орун алчу мелдешке жана престиждүү мелдеш эсептелген «Кремль кубогуна» катышып, ийгиликке жетишсем деп үмүт артуудамын.
– Ийгилик каалайм!

Спорт жаӊылыктары
Футбол
«АЛАЙ» ЧЕМПИОН, «АБДЫШ-АТА» КУБОК ЭЭСИ
Футбол боюнча өлкө чемпиондугу Топ-Лиганын быйылкы чемпиондук наамын Оштун «Алай» командасы 25-октябрь күнү өз үйүндө Нарындын «Ала-Тоосун» 3:2 эсебинде жеӊип, 2015-жылдын чемпиону аталышты. Ал эми Бишкектин «Дордой» футбол клубу «Алганы» 1:0 менен жеӊип, күмүш медалга гана ээ болду.
Ошондой эле 24-октябрь күнү өлкө кубогунун финалы өтүп, анда «Абдыш-Ата» «Наше Пивону» 4:2 эсебинде утуп алды.

Бокс
УРМАТ РЫСКЕЛДИЕВ ТЕӉ ЧЫКТЫ
АКШда машыгып, өнөрүн көргөзүп келген кыргыз мушкери Урмат Рыскелдиев 24-октябрь күнү Бүткүл дүйнөлүк бокс кеӊешинин (WBU) чемпиондук куру үчүн ямайкалык Натаниэл Галиморго каршы беттеш өткөрдү. 69 килограмм салмак ченинде орун алган 9 раунддук беттештин жыйынтыгында тейлеген 3 калыстын бири жеӊишти Урматка ыйгарса, бири Натаниэлге берди. Ал эми үчүнчү калыс теӊ чыгууну каттады (78-74, 75-77, 76-76). Жыйынтыгында бул беттеште теӊ чыгуу катталды.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg



Бильярдчы Дастан Лепшаков: "Дүйнөнүн 2 жолку чемпионун утуп алдым"

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Эрмек Райымбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(22)
Медиа-портал
31.10.2015. 05:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Молодец!
Медиа-портал
31.10.2015. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын. Суйлогон созу да жонокой. Коптогон ийгиликтерди багынта турган экенсин.
SUPER.KG видео
31.10.2015. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жонокой адамга ийгилик жылмаят !
SUPER.KG видео
31.10.2015. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын, ийгилик!!!
Медиа-портал
31.10.2015. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец ошончонун арасынан аракетин менен кыргыздын намысын коргоп чемпён болгонуна.
SUPER.KG видео
31.10.2015. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
01.11.2015. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сыймыктанчу кыргыз уулу. рахмат женишине
Медиа-портал
01.11.2015. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Azamatsin biz siymiktanabiz Bakai Ata jawtari abdan kuchtuu!
Медиа-портал
01.11.2015. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Орус же кытай болбогон соң, мамам, школада, папам деген сөздүн ордуна энем жана атам, мектеп деп кыргызча эле сүйлөйлү, кытайлар да мама дейт экен. Мекенчилдиктин белгиси ушундан башталат эмеспи. Мен азыр бир орусту же кытайдын энем, атам, мектепте деп сүйлөп жатканын элестете албай жатам. Дедушка, бабушка дебей чоң атам, чоң энем же чоң апам деген жакшы угулат эмеспи. Ал эми чемпионду куттуктаймын жана мындан аркы иштеринде ийгилик каалаймын. Азамат!
Медиа-портал
01.11.2015. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KG_barsbek,орус же кытай эмес, анан да кыргыз да эмес турбайбы улуту. Бирок Кыргызстанда торолгон жигит экен, ата энеси коптон бери Кыргызстанда жашап, кыргыз эле болуп калышыптыр.
Медиа-портал
01.11.2015. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
KG_barsbek,koro albagan adamdar kaisyl jerinen bolso da jaman jerin oilop tabywat
Медиа-портал
03.11.2015. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
saipi,Кыргызстанда жашаган сон Кыргыз тилинде суйлоо абзел,силер деле Россияга барып кыргыз тилинде суйлогулочу ме дээр экен озунордун тилди эмне учун барктабайсынар кыйын болсонор кытайды да орустуда Кыргызстанда болсо кыргыз тилинде суйлоткуло!
Медиа-портал
04.11.2015. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sandrana,kyrgyz4a birda soz bilbegen kyrgyzdar jurboibu birin4i owolordu uirotup algyla4y
Медиа-портал
01.11.2015. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат! Ийгиликтер! Аты жонунду кийин Озгортуп сал!!! Озу даагы Бакай Ата дан экенсин!!!
SUPER.KG видео
02.11.2015. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен да бильярд ойноп турам, чымыным бар чемпион болот окшойм))))))
02.11.2015. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!
02.11.2015. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талас шаары, Бакайата району Бакай ата айыландагы жашаган Дастан лепшаков дуйдолук чеппион, жердешибиш айылдаш!!!Ааламга жол айылдан башталат деген соз эн туура!!!
Медиа-портал
04.11.2015. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мастер класс коргозуп койбоптурдаа
05.11.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын ийгилик каалайм!
05.11.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talasbek туура айтасын Бакайата жаштары таланттуу,спорт суйгон калк!
Медиа-портал
06.11.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
онорунуз оркундой берсин.
07.11.2015. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бильярдка мешать этпеген дегени жакты)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: