ДҮЙНӨНҮН ЭӉ СУЛУУ АЙЫМДАРЫНЫН БИРИ КЫРГЫЗСТАНДА ЖАШАЙТ

№680 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж


«Сулуулук атласы» – бул дүйнө жүзүндөгү 37 мамлекеттен тартылып алынган айымдардын сүрөтү камтылган фотодолбоор. Аталган долбоордун өзгөчөлүгү – анын тизмесине тиркелген айымдар адаттагы сулуулук сынактарынын катышуучуларынан кыйла айырмаланышат. Себеби «Сулуулук атласынын» негиздөөчүсү румыниялык фотограф Михаэла Норок дүйнө жүзүн кыдырып жүрүп ар кандай кесипти аркалаган айымдарды сүрөткө тартат. Жыйынтыгында анын колунда ар кайсы мамлекеттен түрдүү келбеттеги айымдардын сүрөттөрү чогулат. Дал ошол сүрөттөрдүн арасынан «Сулуулук атласына» татыктуулары гана тандалып, дүйнөнүн эӊ сулуу айымдарынын тизмесине кошулат.

Биздин каарман дал ушул долбоордун тизмегинен орун алып, Жер шарындагы эӊ сулуу айымдарынын бири деп табылган мекендешибиз 10-класстын окуучусу Канышай. Аны ушул жылдын жай мезгилинде Михаэла токоч сатып иштеп жаткан жеринен сүрөткө тартып кеткен. Канышайды түшкөн сүрөттөрүнөн улам назик, уялчаак кыз элестетип жолугушууга барсам, мени өктөм сүйлөгөн, эч нерседен тартынбаган ачык айрым кыз тосуп алды.
Экөөбүз шаар аралап, ал жайкы эс алууда иштеген токоч сатчу жерге баш бактык.

– Сен бул жерде иштебей калдыӊ беле?
– Ооба, токоч сатып 1 ай гана иштегем. Жайкы эс алууда үйдө бекер отурбайын деп ойлогом да. Анан эле бир күнү Михаэла токоч сатып алып «сени сүрөткө тартып алайынчы?» деди. Мен ал айымдын атактуу фотограф экенин да билген эмесмин. Турист болсо керек деген ойдо макул деп бир-эки сүрөткө түшүп койгом.
– Өзүӊдүн «Сулуулук атласына» киргениӊ тууралуу кабарды кимден уктуӊ?
– Бир досум «сенин сүрөтүӊ интернетте жүрөт» деп калды. Кийин башка тааныштарым да айтып башташты. Анан интернетке кирип, өзүмдүн сүрөтүмдү, дүйнөнүн сулуу айымдарынын бири болгонум тууралуу маалыматты окудум. Алгач ишенген жокмун, үйгө келип ата-энеме айтсам, башында алар түшүнүшпөдү. Ошондо аларга «Сулуулук атласы» деген долбоор, Михаэла тууралуу баарын айтып берген соӊ апам ыйлап жиберди. Андагы сезимдеримди азыр айтып түшүндүрө албайм. Үйдө 3 бир тууганбыз. Улуу агам, анан сиӊдим бар. Эми агам сабактан келсем «биздин жылдыз келе жатат, жолду бошоткула!» деп болушунча шылдыӊдайт.
– Досторуӊчу? Эки эсе көбөйсө керек?
– Социалдык тармактардан жолугушууга чакырып, мектепке чейин издеп келген жигиттер пайда болду. Ишенесизби, үйүмө да издеп барышат. Бирок андай жигиттер менен дос болмок тургай, алысыраак болууга аракет кылам. Досторум болсо мени менен сыймыктанышат.
– Бул окуя сенин жашооӊо кандай жаӊылыктарды киргизди?
– Журналисттердин көӊүл бурганы, интернеттеги жигиттерди эске албаганда жашоом мурункудай эле.
– Балким, фотомодель катары иштөөнү сунуштагандар чыккандыр?
– Баса, унутуп калган турбаймынбы. Ооба, алгачкы жолу жакында эле фотомодель катары иштеп көрдүм.
– Сыр болбосо биринчи гонорарыӊ канча болду?
– 1000 сом эле (күлүп).
– Бул башталышы эле да. Демек, фотомодель болбойм деген оюӊдан кайткан турбайсыӊбы?
– Подиумга эч качан чыкпайм. Бирок фотомодель болууга мүмкүнчүлүк болсо жок дебейм.
– Мектепти бүтсөӊ кайсы кесипти аркалоону каалайсыӊ?
– Стюардесса болгум келет. Ал болбосо өзүм бийлеп жүрөм, бий мектебин ачсам дейм
– Бийлөөдөн башка эмне менен алектенесиӊ?
– Француз тили боюнча кошумча сабакка барам, футбол менен машыгам. Бирок бул тууралуу айткандан уялам. Кантип кыз бала футбол ойносун дешип эл жаман көрсө керек, ээ? Анын үстүнө спорттун бул түрү менен алектенген кыздар аз. Ошого машыктыруучум экөөбүз эле алектенебиз.
– Михаэла менен байланышып турасыӊбы?
– Жакында Инстаграмдан өзү жазды. Экөөбүз жайында жолугуп, «Ала-Тоо» аянтынан сүрөткө түшкөн элек. Ошол сүрөттөрдү мага жиберди эле, бирок алардын баарын кокусунан өчүрүп албадымбы.
– Иштериӊе ийгилик!
– Рахмат!
Ошентип шаар аралап жүрүп курган маегибиз Совет жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде акырына чыгып, экөөбүз эки тарапка жөнөдүк. Канышай үйүнө, мен болсо бул маекти кагаз бетине түшүрүүгө кеӊсеге жол тарттым.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg



Кыргыз кызы дүйнөнүн эң сулуу айымдарынын катарын толуктады

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Максат Орозумбетов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(61)
16.11.2015. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менимче озун чырайлуу сезгендер гана бул кыздын сулуулугун коро албай жатышат.
17.11.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tokyo...95, Туура айтасыз, сулуу эмес дегендер озун сулуу сезгендерго....))
16.11.2015. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул форумдагы Kursanai эжеге окшоп кетет экен
16.11.2015. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз билген бетине тонналап чаптап "сулуу" атыгып жүргөн кыздарды, "табигый сулуулугу" менен жыгып кетчү кыз экен..
16.11.2015. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени мн тен турбайбы)) Ийгилик!
SUPER.KG видео
17.11.2015. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа озуно жарашкан сулуулугу бар экен
Медиа-портал
17.11.2015. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуулук атлас кайсыл интернет барактарынан тапса болот. ким коргон?
Медиа-портал
17.11.2015. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бут сайттарды тинтип чыктым эмнеге биздин сулуу корунбойт.башка мамлекеттин 37.25 сулуулары гана .бироо жарым барбы коргондор. жее оо сулуукен деп комментарий жазып тим болобу.
SUPER.KG видео
17.11.2015. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
баардык адам озунчо сулуу анан эле суротко тартып койсо мактап эле жатып каласынар да
Модератор admin_media түзөттү 2015-11-18 10:29:57
18.11.2015. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу болгону менен кыргызча суйлобогондон кийин баары бекер!
18.11.2015. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыргыз кызынын сулуулугун байкабадым бул кыздан
18.11.2015. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татынакай кыз экен
18.11.2015. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коздору алып качат гоооо
19.11.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мени корбой калган го турист айым. Тамаша.
19.11.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунчо бир сулуулугу бар кыз экен, фотографтар фотомодель болууга сунуштаса болот. Дагы бир айтып кетчуу нерсе, Михаэла Норок тарткан кыздардын копчулугу бири-бирине окшош( узун чачтуу, коздору) менимче фотографтын идеал,ындагы сулуу айым ушулардай болуш керек.
19.11.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу кыз экен!!! Бактылуу болсун!
19.11.2015. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Скрипка мн кайсы музыка? Билгендер болсо айтып койгулачы...
19.11.2015. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коз тийбесин.
19.11.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нукура кыргыз кызы экенда! Илерки Энесай(Енисей) кыргыздары ушундай болушкан. Ийгилик кантсе да!
08.12.2015. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tavanova.sarah,ооба, бирок өз тилибизди барктап, ал тилде сүйлөбөсөк, тилибиз менен сыймыктанбасак, анда бизди кыргыз десе болобу?
19.11.2015. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
видиосун кантип корсом болот яяя
коро албай атам гоооо
20.11.2015. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Apesh91, саламатсызбы!
Катачылык оңдолду. Рахмат.
21.11.2015. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,чоон рахмат
Медиа-портал
20.11.2015. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
как обычная девушка как мы просто удача))))
20.11.2015. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KblCHASS, мазактоодон алыс болуңуз! Эскертүү!
20.11.2015. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныдыгында бул кыз кыргызымдын катардагы кыздарындай эле экен. Бирок, кыргызда сулуу кыздар коп. Эч кандай боёгу жок эле сулуу кыздарды кочодо баратып эле коп эле жолуктурууга болот. Бирок, мен бул кызды "Азаматсын!" дегим келип турат. Анткени, мага анын суроолорго берген жообу жакты. Анан да сулуулугун пайдаланып, модель болгусу келбегендигин бааладым.
20.11.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз копсо орусча суйлойт. Качан кыргызча суйлогонду уйронобуз. Качан кыргызча суйлоп сыймыктанабыз Кыргызым!!!!
21.11.2015. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу кыз экен..
21.11.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катардагы кыздардай элего.Же мен озгочолугун коро албадымбы))
22.11.2015. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуно жараша сулуулугу бар туура,кен келечек каалайбыз.
13.12.2015. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Admin_superstan скрипка мн кайсы музыка айтып койгулачы?Таппай жатам((
SUPER.KG видео
21.12.2015. 06:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баштагы минутадагы музыканы айтып койгулачы, сураныч.
17.01.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат.чырайлуу кыз экен,табиятынан эле.макияжсыз же чач жасалгасыз,кашынын бир талын дагы тербей эле.чаптанып алып боекту,сулуумун дегендерден алда канча сулуу.
20.04.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татына кыз экен, бирок орус тилинде сүйлөгөнү жаккан жок.Баягы бири кем дүйнө дегендей...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: