SOS! МОСКВАДА ТАШТАЛГАН БАЛДАРДЫН САНЫ 50гө ЖЕТТИ

№681 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж


Социалдык өнүктүрүү министрлигинин берген маалыматы боюнча, акыркы 5 жылдын ичинде Орусиядан Кыргызстанга 50 бала алып келинген. Булар ата-энеси тарабынан кароосу жок калган, же төрөлүп ташталган балдар. Наристелердин мындай тагдырга туш болушуна эмнелер себеп жана алар учурда кандай жашоо кечирип жатышат, иликтеп көрдүк.

«КӨБҮ ПАТОЛОГИЯ МЕНЕН ТӨРӨЛГӨНДӨР»
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Жаӊыл Жумабаева төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 50 бала бир гана Москва облусу менен Москва шаарынын аймагынан алынып келинген балдар. Аялдар ар түрдүү себептер менен балдарынан баш тартышат. Камсыздай албагандыктан, планда жок бойго бүтүп калганда же никесиз бала төрөп койгондугун тууган-уругунан жашыргандыктан жана башка. Аялдардын чет жерде жүрүп мындай абалга туш болгондорун бул жакта туруп талкуулоого укугубуз жок. Бирок өкүндүргөн жери – бейкүнөө балдар толук кандуу үй-бүлөдө чоӊоюу укугунан ажырап жатышат. Балдардын 99 пайызы патологиясы барлар же кандайдыр бир оору менен төрөлгөндөр. Себеби алардын энелери бардык эле мигранттар туш болгон документация маселеси, каттоодон өтпөгөндүк, жумушта иштөөгө жарактуу кагаздары жок болгондуктан каттоого турушпайт. Мындан улам алар көз жарганга чейин медициналык текшерүүдөн өтүп турушпайт. Натыйжада жогорудагыдай көйгөйлүү ымыркайлар төрөлөт.

«ТУУГАНДАРЫН ИЗДЕП ТАБАБЫЗ»
– Балдарды 2011-жылдан тарта алып келе баштаганбыз. Ал жылы 6 бала келген. 2012-жылы 18, кийинки жылы 3, 2014-жылы 17 болсо, быйыл 6 бала алынып келинди. Орусиядагы төрөт үйлөрү бала төрөлгөн соӊ аларга апасынын фамилиясын берип, өздөрү ар кандай ысым коюп күбөлүк жазышат.
Алып келгенден кийин алгач балдардын апасынын туугандарын издейбиз. Бул жагдайда бизге укук коргоо кызматкерлери жардамга келишет. Биздин социалдык кызматкерлер ар бир баланын туугандарын таап, эшигин каккылап, баланы багып алууга үндөшөт. Арасында таӊ калып, уялып, ыйлап же сүйүнгөндөрү да болот. Алардын дээрлик бардыгы кыздарынын же тууганынын чет өлкөдө жүрүп төрөп койгонунан кабардар эмес. Айрымдары кескин түрдө «биздин андай кызыбыз жок, бул жаӊылыштык» деп баш тартып коюшат. Акыркы мүмкүнчүлүгүбүзгө чейин баланын туугандарын багып алууга көндүрөбүз. Эгер болбой калса, анда Бишкектеги адистештирилген балдар үйүнө же Токмоктогу, Беловодское айылындагы балдар үйүнө жайгаштырабыз. Мындан кийин бала багып алабыз деген жарандарга атайын комиссиянын чечими менен асыроого уруксат берилет. Бүгүнкү күндө 8 баланы туугандары алып кетишкен. 12 бала абалы начар төрөлгөндүктөн атайын балдар үйүндө күн кечирип жатышат. Ал эми 30 баланы жарандар асыроого алып кетишкен.

«КҮЙӨӨМ ТӨРӨГӨНҮМДҮ БИЛБЕЙТ ДЕГЕНДЕР БАР»
Таштанды балдарды өлкөгө кайтаруу маселесине Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин түздөн-түз тиешеси бар. Элчиликтин өкүлү Айымкан Кулукеева маселе боюнча буларды айтат:
– Балдардын дайынын Москванын соцкызматкерлери аркылуу билебиз. Биз Кыргызстан менен байланышып, балдарды жеткирүүгө кам көрөбүз. Төрөп таштап койгон аялдар «төрөгөнүм билинбей калды, эч ким кабардар эмес» деп ойлошот. Бул жаӊылыштык. Кыргызстанда соцкызматкерлер алардын үйлөрүнө чейин издеп барышат.
Бир мисал келтире кетейин, жакында эле 1 кыргыз аял келиптир. Өзү 40ка таяп калган. «Баламды убактылуу таштай турганга Москвадан балдар үйүн таап жайгаштырууга сүйлөшүп бергиле, кийин кайра алып кетем» дейт. «Эмнеге таштайсыӊ?» десек, «багууга шартым жок. Жаӊы эле төрөт үйүнөн чыктым. Батирде жашагандар батырбай жатышат. Кечке чарчап иштеп келишет, түнү балам ыйлап чыгат. Анын үстүнө иштеп акча таап баламды багышым керек» деди. Биз ага «өзүӊ деле жаш эмес экенсиӊ, пландап туруп төрөсөӊ болмок экен» десек, «жалгыз эркек балама шерик болсун деп эле төрөп алдым» дейт. Көрсө, Кыргызстанда 2 кыз, 1 уулу бар экен. Аларды жолдошу карап багат имиш. «Кыргызстанга барып жолдошуӊа түшүндүрүп, балдарды бирге асырагыла» дедик. Ал болбой койду, бул жактан төрөгөн баласынан жолдошу кабардар эмес экен. Бул мындай окуялардын жүздөн бири.

«БАЛДАРДЫН КӨБҮ АСЫРООГО АЛЫНДЫ»
Жаӊы төрөлгөн ымыркайлар 4 жашка чейин Бишкек шаардык адистештирилген балдар үйүндө тарбияланышат. Аталган балдар үйүнүн врач-педиатры Кымызай Худайбердиева 4 жылдан бери атайын топ менен Москвага барып, балдарды алып келүүгө катышып келет.
– Азыр бизде 4 жашка чейинки 4 бала бар. Жакында эле бирөөсүн апасы алып кетерин билдирди. Учурда ал Орусияда. Ал жактагы милиция кызматкерлери келинди төрөп таштап койгондугу үчүн камап койгон экен. Баладан бул жактагы таякелери келип кабар алып турушат. Апасы кайтып келсе, алып кетет деп турабыз.
Балдарын таштай качкан энелердин жаш өзгөчөлүктөрү 18 жаштан 40 жашка чейин. Мисалы, азыр бизде багылып жаткан балдардын биринин энеси 40тан өтүп калган аял. Ал Москвада уурулук кылып укук коргоо кызматкерлеринин колуна түшүп, камалып кеткен. Мөөнөтүн өтөп бүтүп эркиндикке чыккан соӊ кош бойлуу болуп калат. Баласын төрөп, төрөт үйүнөн алып кетиптир. Бирок кайра эле уурулукка барып абакка түшүп калган. Соцкызматкерлер баланы алып, бизге өткөрүп беришти. Мындай окуялар толтура.
Улуттун уӊгусу болчу кыздардын, аялдардын турмуш-шартты түздөйм деп чет жакка агылышы өлкөнүн экономикасынын абалынан кабар берип турат. Жогорудагы маек куруп берген адистердин ар бири ичинен толгонуп, «качан кыргызда аялдар баласын таштачу эле?» деп жатышты. 5 жылдын ичинде 50 бала деген жөн гана цифра болсо, көз жаздымда калып, төрөлбөй жатып өлгөн, таптакыр тааныш эмес адамдардын колунда калган балдардын саны канча дейсиз? Балдардын көзүнөн бакыт көрүш үчүн алардын апаларын камкордукка алалычы. Түркүн оюнчукка көӊүл бурбай, көздөрү муӊайым тарткан балдарды көрүп, балдар үйүнөн чыгып кеткиче жүрөк ооруп турду.

«Супердин» сурак бурчу
ЧЕТ ЖЕРДЕ ИШТЕГЕН КЫЗЫӊЫЗДЫН КАНТИП АКЧА ТАБААРЫНАН КАБАРДАРСЫЗБЫ?

Элиза Кызалакова, Бишкек шаары:
– Эки сиӊдим Орусияда иштейт. Турмушка чыгыша элек. Ошондуктан алардан ар бир баскан-турганын чалып, сурап турабыз. Кандай жерде иштешет, эмне менен алектенишет билебиз.

Динара Турусбекова, Нарын облусу:
– Кызым Москвага кеткен. Алгач кетишине каршы болгонбуз. Бирок жолдошу менен кетем дегенде макул болдук. Кыз-келиндер жолдошу же ишеничтүү жакын адамы менен кетсе гана жибериш керек.

Атыркүл Абдрахманова, Чүй облусу:
– Кызым Түркияда окуйт. Бөтөн жерде жүргөн соӊ кошумча жумуш таап, тиричилик кылыш керек экен. Окуусунан сырткары жумушу да бар. Интернет аркылуу сүйлөшүп турам.

Гүлүмкан Карыбаева, Ысык-Көл облусу:
– Кызым алдыга койгон максаттарыма жетем деп Орусияга иштеп кеткен. 4 жылдан бери мени сарсанаага салбай жакшы иштеп жатат. Анын максат-тилектерин сыйлап, чет жакка чыгууга уруксат бергем.

Акылай Рахманбердиева, Бишкек шаары:
– Жаш кыздарды, турмушка чыга электерди акча табуу үчүн жибербей койсок. Ал жакта баарынын эле жашоосу ойдогудай боло бербейт. Жагымсыз окуяларга тушугуп калгандар толтура.

Чынаркүл Анарбекова, Жалал-Абад облусу:
– 2 кызым Орусияда иштейт. Кайын сиӊдим, уулдарым ал жакта болбогондо кыздарымды жалгыз жибербейт болчумун. Соксоюп жалгыз кеткен кыздардын ата-энелерин түшүнбөйм.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



Москвада кыргыз кыз-келиндери таштаган 50 ымыркайдын тагдыры

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Темир Абиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(52)
SUPER.KG видео
21.11.2015. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте, колдош керек!
Медиа-портал
21.11.2015. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин канчалаган тааныштарым балалуу боло албай журушот.Ушул балдарды ошолорго бербейби десен кудайым.Балан кичине жыгылып кетсе Канча болосун,балдарын таштап кеткендердин жолу болсун эй
SUPER.KG видео
22.11.2015. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай Кудайым ай кандай эне озунун жанынан жаралган баласын таштап кетет (((((((( журогум ооруп кетти , ийлап да алдым балдарды коруп (((((((
23.11.2015. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон манеждин ичиндеги балакайларды коруп журогум бырчаланып,козумо жаш алдым.Балада эмне куноо?..Таш боор ата менен эне ушуларды ойлойт болду бекен.Ээ жаратканым,ушул балдарды мээримине ала кор!!!
Медиа-портал
23.11.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарыбызга кудайым ыйман берсин.
23.11.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум ооруп кетти..Кандай таш боор энелер таштады экен оз канынан жаралган баласын.....Оо Аллахым ушул куноосуз наристелерден мээриминди аяба.
Jazim93 түзөттү 2015-11-23 12:48:44
23.11.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москва ХХХ ХХХ ХХХ. Сыймыктанып жургуло
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-23 13:55:24
23.11.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
gerodot, этика нормаларын сактабаганыңыз үчүн 3 күн БАН!
23.11.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым эч бир пендени кор кылбасын, ошол эле баласын таштагандар аргасыз таштап жатса керек, ошону тороткон эркек соройлор дагы ойлонуп кадам ташташ керек. Жаш кыздар алданып калат.
23.11.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен бир бала багып алат элем оз каалосу менен бере тургандар болсо номеирин калтырса кабарлашат элем. Талаага таштагыча мага бергилечи
23.11.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироого кор бироого зар.ошол кыздардын бироосунун ордуна мён тороп калсам гана
23.11.2015. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул балдардын аталары кимдер экен? Ошолордун да Эшиктерин каккылагыла. Алимент , вйып пул толошсун. Кыз келиндер да, бир аз татыктуу эркектен торосонор болмок. Бомж, аракечтер менен, жоопкерчилиги жок жаш, шок балдар менен эмнеге мамиле курасынар.
Туугандары да кызыктай экен. Иштеп акча жонотуп турса менин кызым деп, небере тороп берсе шерменде менин андай кызым жок деп, куру наамыстангандарына жол болсун. Жарабаган низкий адамдар экен.
23.11.2015. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аталары да куноолу.бир эле эне эмес.баласынан бакчу тын эркек болсо кайсы аял.косого таштайт баласын
23.11.2015. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
москвада бир эже айтты эле: баарына толпа жашаган куноолу. анткени 1 комнатада эркек аял аралаш жатасын. жанындагы бала тийишсе мага окшогон ХХХ ХХХ ХХХ ажырашкандар жата коет да анан деп.. Аллахым ыйман берсин баарына!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-23 15:31:38
23.11.2015. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zara-919, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! Эскертүү!
23.11.2015. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
диндин жоктугу бул жашоого эмнеге келгенибизди билбегендик. биз ислам менен гана туура таза туз бактылуу боло алабыз. бул дуйнодо 3 гана идеалогия бар комунизмди кордунор кандай экенин, демократияны коруп атасынар кормок турсун запчы чегип атасынар эн туура бул ислам идеалогиясы ушу менен жашайлы
23.11.2015. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
к.... журушсо бундай болбойт эле.
23.11.2015. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 2жылдан бери бала кутуп журом балалуу болбой зар болуп кудайдан тилеп,а бул акмактар балдарын таштап кетип.
25.11.2015. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mars55,буюрса болот биз да 3 жылдан кийин балалуу болгонбуз азыр 7 балам бар
24.11.2015. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо кылдым,мин мертебе!... Кудайым ыйман бере кор аялзатына да,эркек затына да... Эсин барда этек жый деген соз бар... Баланы каалабасанар сактанбайсынарбы ыя?! Сактаныш учун атайын окмот чыгарып койгон (п.........в)аптекада турунон сатылат! Эне учун бакыт бул бала эмеспи?! Бала жытына зар болгон канча?! Аккан суунун кадыры жок деген ушул да... Багууга шарт жок имиш,кайф кылып жатканда кайдан таптынар шартты...?! Ар бир бала оз ырыскысы менен торолот,наристеге эн кымбат памперс,эн кымбат кийим кече керек эмес,аларга эненин гана мээрими керек. Мээриминерди ботон эркекке бергенче баланарга берсенер боло...уяты жок акмактар...
24.11.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул балдарды таштаган ата эне убалына калат балдардын ушул кылган иштери созсуз турдо жазаданышат кудайдын алдында.уяты жоктор .балдарды коруп аябай боорум ооруду аларга ден соолук бер кудайым мээриминди аяба
SUPER.KG видео
24.11.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуулук байлык бийлик душман болот,
Качандыр бир кезде алдынды коёт тоноп,
Баландын таштабастан ойлонсон сен,
Аллахым намысынды коргоп коёт,
Ар бир баскан кийинки жолуна,
Жыты анкыган гулду бак болот.
SUPER.KG видео
24.11.2015. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай эне?? боор ооруп ыйладым коруп бутуп да ,ушунчалык мэрээз болушабы ,жаны торолгон баласын орусча айткандай на произвол судьбы таштап,кантип наны тамагынан отот экен. Муздак жерде жормолошуп, Алла бир сенин колунда бобоктор ,иншаалах эн сонун омур сурушсун.
Медиа-портал
24.11.2015. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх бироого зар,бироого кор деген ушул экен да.баарыбызга ыйман берсин!
Медиа-портал
24.11.2015. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким тороп таштаса да бир болбосо бир кун наристенин убалы урат.кандай таш боор адамдар ээ.оз баласын кантип кантип таштап кетишти.
25.11.2015. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын кыздары дуйного ХХХ кылдынар кыргыздарды.Кайсы улутту карасан кыргыз кызы менен таанышкысы келет эмнеге? ХХХ КАЧАТ БАКПАЙТ без проблема.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-25 13:50:20
25.11.2015. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ago, этика нормаларын сактоону сунуштайм!
SUPER.KG видео
26.11.2015. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх бирого зар,бирого кар деп ушуну айтатда,кудайым ушундай наристелерди бизге насип этсинчи
SUPER.KG видео
27.11.2015. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын.
27.11.2015. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи куноо кобурок кыздарда, этегин жаап этият болсо эмне эркек аны мажбурламак беле!?
10.01.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала багып алсамбы деп коптон бери ойлонуп келем?Балким бала аркасынан бала ээрчитип келээр бекен деп?
Медиа-портал
13.01.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум сайгылашып кетти. Куноосуз наристелерди Кудай озу мээримине алса экен. Жаштарга кайрылаарым: Кыз-келиндер, жигиттер! Бир аз ойлонгула! Оюндун арты аянычтуу окуя менен жыйынтыкталаарын тушунгуло. Балдардын убалынан, жашоонордо баланын жытына зар болуп калуудан корккула! Айбан да баласын оз тамагын таап жегенче таштабайт. Айбандан томон болбогула! Кудай сактасын!
17.01.2016. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш кыздарды чет жакка жонотуу койгойлуу Маселе
"Кызга кырк уйдон тыйуу" деген кыргыз элим
18.01.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркекта аялда кунолуу азыр капа болбосун кыздардын копчулугу кунолуу оздору эрге тийгизи келип зорго журуп балдардан мурун балдар менен таанышып суротун коруп суйдум дейт суротко кыздар кеминде он жолу тушуп бироосун тандап ошону жонотот жолугушса суротко вопше окшобойт балдар деле ошентет кыздар силерди куноолобойм жок деп алданбасанар жакшы болот эгерде бала ойуна карабай иш кылса аны темир тор кутот кыздар силердин бешененерге бироосу бар ал силерди табат сен издебей эле кой сабыр кылсан баары болот
Svoboda83 түзөттү 2016-01-18 19:00:06
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: